"Вор в законе"
Бычак жана учтуу шиштер менен куралданган отуздай блатной, секилерде үргүлөгөн солдаттардан далдаланып, кармалуу зона тосмолорун жээктеп бозомук сөлөкөттөрдөй жылып баратканда лагерь уктап жаткан.
Анын алдында тосмонун так бурчундагы металл тордун бир кертими кесилип коюлган болгон. Беспалый кесик жерди барчаланган колу менен сыйпалап, торду өзүн карай акырын тартты да, тешикке биринчи жылып кирди. Артынан ал тарапка зектер Головастик деп атаган вор жөнөдү. Анын бушлаты кесик зымга илинип, бошоном деген аракетте Головастик алдыга жүткүндү. Зымтор түнкү жымжырттыкты бузуп дирилдеди. Кароол секилердин биринде прожектор жарк этип жанды. Жарык нуру тикенек зымторлор катарын аралап өтүп, үстү-үстүнө жыйылган дөңгөчтөрдү караңгыдан сууруп, барак дубалына кадалды, анан күтүүсүз жерден өчүп, түнкү караңгылык зектерге ого бетер коюуланып көрүндү.
- Бачым! Бачымырак! - Беспалый шаштырды. - Бул деген жылаңач көчүгүңөрдөн бит издегендик эмес. Башыңарды чыгарбагыла, баарыңар дубалдын түбүнө коргологула. Дед, сен кайда?! - Беспалый тешиктен баары "дед Матвей" деген арык, кары зек да өтүп келатканына таңкалганын жашырбай. - Кулак мордовороттор сени бир чертип эле жалпайтып коет.
- Э-э, Тимоша! Ал үчүн катуу аракеттениш керек! - деп, дед Матвей Беспалыйдын мурун учунан оор чынжыр үзүмүн чайпалтып койду.
Дед Матвей өз жашын эч качан эсептечү эмес. Эрмеги отуруп чыккан жылдардын эсеби болчу, а андайлар анын узак жашоосунда көп эле болду: Александр IIIнүн учурунда алгачкы он беш жылын киши өлтүрүп сүргүндө болсо, экинчи жолкусун -Николай IIнин учурунда - алдамчылык үчүн Таганск түрмөсүндө отуруп, он жетинчи жылдын окуяларына аз калганда бошонгон. Февраль революциясын Бутыркада тосуп, Октябрь төңкөрүшү Матвейди Питер Кресттеринде кезиктирди. Мындан дед Матвей бүтүн башкаруучу жана бийликтин доорунда отурган болуп чыкчу да, кайсы режимде похлебка коюу, жетекчилик жумшак болгондугун сөз кылганды сүйчү. Бирок ал ар жолу тең кожоюн камактагыларга катуу болот, ыроолонгон сөз "кума" эненин бешик ыры эмес деген жыйынтыкка келчү.
Дед Матвейде түрмөдөн башка баш калкалар жай болгон эмес, ошондуктан бошонор мезгил келгенде, ал өтө кыйналчу. Анын шылкыйган түрүн көргөндө, көптөн күткөн боштондуктун ордуна ага жаңы айып илинип жатканбы десең да болчудай.
Дед Матвей өткөн доордун бир сыныгы, ошол учурда ал жашоону өзгөчө сүйгөн, өзүнчө акылдуу болуп чыга келчү. Анын жоруктары тууралуу баяндар чыныгы лагерь эпосуна айланып бир зонадан экинчисине көчүп айтылып жүрдү. Маселен, жыйырманчы жылдардын аягында дед Матвей кезектеги мөөнөтүн отуруп бүтүп, көңүлү толгон лагерди таштап кеткиси келбей, зектер даярдап койгон үймө дарак арасына бошонордон бир күн мурун жашырынып калат. Качан аны таап чыгып, лагерь дарбазасынан кары уркаганды түртүп чыгарганга алыбеттүү беш күзөтчү араң жараптыр. Дед Матвей эки күндөн кийин эле таптакыр түшүнүксүз жолдор менен лагерге кирип, ыпыр-сыпырга толгон баягы бурчка кайра жашынат. Жакшылап издеп жатып гана, аны үшүгөн, ачка, бирок боордош зонасында дагы бир жума болгонуна бактылуу абалда бир жума кийин гана табышат.
Дед Матвей акыркы жаза мөөнөтүн саясий катары алды, бул окуя тегеректеги түндүк лагерлеринин зектерин тегиз күлкүгө салды. Өмүрүндө башкалардын капчыгындагыдан башкага кызыкпаган ууру промпартия мүчөсү катары отурду... Бардыгы өзгөчө башталыптыр - дед Матвей көчөдөн партия чоңунун кол саатын чечип алып, анысы билинип калып, берки органдардан ууруну кармоону талап кылат. Жашырынуу деген ою жок, тартуу кылынган күмүш саатты ошол эле жерден - шаар базарынан үч сөлкөбайга сатмакчы болгон ууру жетимиштеги кары болуп чыкканда, - беркинин таңкалганын көр. Дед Матвей гэпэушниктерге колундагысы менен кармалат. Ызаланган партия кызматкери күчөтүлгөн режимдеги "ондукту" алганга Матвейдин улгайыңкы жашы тоскоол болбосун үчүн болгон күчүн жумшайт. Прокурордун аракети менен дед он жылдан соң бардык эле жаш адам тирүү чыга бербеген түпкүргө тыгылат.
Бирок карыя жогорку бышык материалдан согулган экен. Улгайдым дебей, жабыктырган этаптар учурунда да чаалыкпай, бир башкача туруктуу жана чыдамкай адам организминин тирүү мисалы болчу.
...Беспалый дед Матвейди карап амалсыз жылмайды:
- Да, дед, жаш чагыңда шуулдак жигит болсоң керек. Болуптур, жанымда бол, башкаларга кордотпойм.

Кулакка тартылгандар барагынын сырты караңгыда араң эле байкалып турду. Таңдын атышына дагы узак төрт саат бар. Бирок азыркы караңгыда барак бүтүн бою болушунча жайылган жапайы исполин жаныбарын элестетип турду. Желмогуз башы кароол секисине жетип, куйругу болсо, зонанын тээ ортосуна чейин чубалып.
Беспалый тык токтоду. Кокустан эле өзүндөгү толкундоону туйду - азыр кайрадан өлтүрүүгө барат. Ал үйүр башчысы, жол башчы коркунучтуу мүнөттөрдө кармашууга биринчи атылып, муну менен бардык үйүргө, өзгөчө молоднякка үлгү көрсөтөт. Бүгүн эски законду бузганга туура келет: вор өлтүрүүгө барбашы керек эле, бирок башкача кыла албайт, бүгүн анын башка айласы жок.
Оюна Шмель түшүп, Беспалый тишин кычыратты. Азыр анда бул мужукка болгон эч кандай жек көрүү жок эле. Болгону Шмель өзүнүн дыйканчылык принциптери менен жолуна туруп алды, анын бийлигинен күмөнсүндү, демек, өлүшү керек. Ким Шмель тарапта болсо, алар да өлүшү керек.
Бир нече көз ойго чөмүлгөн смотрящийге сестенип тиктеп калды. Беспалый башка жол жок экенин түшүнүп турду, - эгер артка чегинчү болсо, ворлордун шиштери анын көкүрөгүнө сайылып, анан кансыраган дене сасыган чуңкурга ыргытылат.
Бийлик үчүн кандуу кармашта олку-солкулук белгилүү бир убакытка чейин эле орундуу болот, андан кийинки ыңгырануу башкалар тарабынан коркоктук деп бааланат.




  Тагдыр

Тумар
(Башы өткөн санда)
ХХХ
"Олда байкуш апам ай!"-деп алды дагы бир ирет ичинен. Салмоордун кичинесинен эле саламаттыгы начарыраак болчу. Ысык -суукка байымы жок, элп эткен желге туруштук бере албай тез-тез эле ооруп калчу. Үйгө киши келсе дагы чыргоолонуп колдон түшпөй ыйлачу. Жакын айылдагы молдолордун баарына барып чыкты Дарига. Өзү мугалим болуп мектепте иштегени менен элдик ырым-жырымга абдан ишенчү. Ишенбегенге аргасы да жок эле. Ага Салмоордун ойноп- күлүп турганы эле эсеп болучу да. А Салмоор андай кемпир кесекке алып барганда тып басылып, сооронуп бат эле ойноп кетчү. Ошолордун бирине чийдирген бул тумарды. Сыртынан кара тукаба менен үч бурчтук кылып кежип тигип, Салмоордун мойнуна тагып атып:
- Уулум бул тумарды мойнуңан түшүрбөй тагып жүр. Сени суук көздөн, жаман сөздөн сактайт. Жараткан өзү жар болсун,-деп келме келтирип мойнунан жыттаган. Салмоорго бул тумар апасынын колундай мээримдүү көрүнүп калган. Апасы сактагандай сактайт ал баланы...

ХХХ
Айылына жете келди каш карайганда. Үй жагы тымтырс. Бая эле шоопурга улам нааразыланып, мындан да тез айдаса болбойт беле деп обдулуп отурган. Эми, калдалаңдап канатын жайып алып чуркаганын көрүп ал. Короого кирип келген Салмоорду алгач атасы таң кала кабыл алды.
- Ай, каяктан, кантет, шашкалактап?!
- Ата, кандайсыңар, апам кандай?-дейт алактап.
- Ой, жакшы эле...-деп үй жакка баш ийкей ары басып кетти.
Салмоор учуп кирди. Жаңы эле өзүнө өзү дары сайып отурган апасы Салмоорду кучак жая тосуп алды.
- Садага болоюн, түнү менен түшүмө кирип чыктың. Эч жериң оорубай элеби?..
- Жакшымын. Апа, өзүңүз кандай, жакшы жүрөсүз?Сиз да түнү бою түшүмө кирип...
Апасынын арыктаган мойнунда кудум өзүнүкүндөй тумар тагылып турганын көрдү. Мурун-кийин көрбөптүр, көкүрөгүнөн жаш балача жыттап-жыттап алды. Канча күндүк кусалыгы таркабай турду.
- Бекер убара тартып келбей эле койсоң болмок. Акча -тыйын да тартыш болуп жатканда,-деп күңгүрөндү атасы.
- Ырас келиптир. Балама кусалыгым артып эмне кыларымды билбей турдум эле. Жытыңан айланайын кулунум...-деп Дарига ичинен жалынып-жалбарып атты. Анын мойнундагы тумарды эч ким чийип деле берген эмес. Уулу шаарга жөнөөрдө айылдагы чачтарачтан чачын алдырып келген болучу. Көйнөгүн жууйун деп алганда бир тутам кесилген чачы жеңинде жүрүптүр. Ошону этияттык менн ороп тумар кылып мойнуна тагып алган. Эч ким аны билбейт дагы...
Эртеси эле кайра жолго чыкты Салмоор. Дарбазадан чыгып:
- Жакшы жүр, уулум. Өңүңдөн аза түшкөнсүйсүң, мени көп ойлонбочу, мен жакшы элемин, кудай буюрса. Сенин келинчегиңдин колунан чай ичип, төрүңөргө отурсам арманын жок...-деп мойнунан кучактап өөп узатып кала берди Дарига.
... Салмоор кайра кечээ келген жол менен кетип баратты. Мойнунда апасы таккан тумары... апасынын колун сылагансып, аны аяр сылап көзүнө сүртүп койду...

Нурбүбү БӨДӨШОВА




  Турмуш тамчылары

Жылуу байпак
Карасам, бүгүн кыштын биринчи күнү экен. Алдыда күткөн алда кандай аяздуу күндөргө көз чаптырсам, жүрөгүм бир болк этип кетет. Ушундай ойлор ичиркентип, сыртка чыгаарда киерге жылуу байпак издештирип калдым. Колума көк түстүү, жапжаңы бир носки тийгенде, ичиркенип турган жаным жүрөгүмө жылуулуктун жибек жиптери желе болуп жайылып кетти… Ушул эле жылдын кайнаган кези эле, ооруканага жатып калгам, кокусунан кагышкан унаанын ичинде болуп. Жакын санаалаштарым самсып келиптир салам -дубайын салып алып. Кесиптештеримдин баары, ар кай жерде иштеп кеткендерине карабастан кайдан- жайдан кабар угуптур. Ал эми бир кесиптешим алып келген баштыкта тамак-аштан тышкары көк түстөгү жанагы носки жүрүптүр. Барпалаңдап баштыгын берип атканда айтып калды "балким эртели- кеч, чыйрыкканда кереги тийип калаар дегеним".
Ал байпакты карап алып, кайдадыр кайып болуп кеткен балалыгыма баргандай болуп калгам. Беш көкүл кезимде атам менен апам же балким, жигит кезинде арабыздан ажал алып кеткенинен жаратым айыкпай жүргөн, жанымдай көргөн бөбөгүм берип кеткендей болгон, чыйрыкканда бир кереги болоор деп…
Бүгүн ошол сезим кайрылып келип, жүрөгүмө жылуулуктун жибек жиптери желе болуп жайылып атты…

Айгүл Бакеева