email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак




  Курумушу

Шыйпаң депутаттар жана Кыргызстандагы жагымсыз инвестициялык климат
Президент Курманбек Салиевич Бакиев буйругу менен карачечекей өз уулу Максим Курманбекович Бакиевди өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агентствосунун башчылыгына дайындашы коомчулукта айыгышкан карама-каршы пикирлерди жараткан эле. Оппозиция президенттин бул кадамын үй-бүлөлүк кландык бийликтин орнотулушу, Кыргызстандын мыйзамдарынын көзгө илинбей ачыктан ачык тебеленип бузулушу деп баалады. Азыркы режимдин оппоненттери мындай кескин билдирүү менен чыгаардан мурун Максим үчүн атайы түзүлгөн президенттин кол алдындагы борбордук Агентство деп сыртынан жупуну аталган структура чынчынына келгенде республиканын бүт финансылык агымын ээлигине алаарын, мамлекеттик масштабдагы олуттуу ар бир долбоор агенствонун уруксаты менен гана ишке салынарын, М.Бакиевдин алдында Д.Үсөновдун өкмөтү колго суу куйган балага айланаарын эске тутуп жатышканын байкоого болот.(Журналисттер Камбар-Ата-2 курулушуна 27 миллион доллардык жеңилдетилген кредит бөлүү боюнча чечим кабыл алган борбордук өнүгүү агентствонун жыйынына катышкан премьер-министр Д.Үсөнов менен финасы министри М.Султанов өздөрүнүн татыктуу бийлик "ранжирине" ылайык төрага Максим Бакиевдин капталындагы орунга эптеп татышкандарын, корунган абалда болушканын белгилөөгө үлгүрүштү) М.Бакиевдин огожом кызматка дайындалышына чечекейи чеч болуп "сүйүнгөндөр" чыкпай койбогон жок. Алар негизинен "Ак үйдүн" кандай гана чечими чыкпасын, жажылдап жаалап колдоп кеткенге машташкан "штаттагы" кошоматчылары эле. Атап айтсак парламенттеги "Ак жол" фракциясынын "Ак үйдүн" алдында куйругун шыйпаңдатканга жедеп көнүп алган депутаттары Максим Бакиевдин кызматка дайындалышы таппасаң сыйпалап кал, тупадан туптуура чечим болду дешип маарап жиберишти.

(Уландысы 4-бетте)