Бир собол

2010-жылдын 1-январынан тартып электроэнергия, жылуу суу жана жылуулукка болгон төлөм жети эсеге чейин кымбаттап, асмандын башын чапчыганы турат. Албетте, мындай жагдай ансыз деле "өлбө жаным, өлбө" деп күнүмдүк оокатын кылып келаткан карапайым эл арасын дүрбөлөңгө салууда. Анткени, азыркы маалда эл кандай тиричилик кылып жатканы сокур азиз адамга да белгилүү иш. Ушул жылдын 1-сентябрында президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин трибунасында сөз сүйлөп, өлкөдө ири масштабдагы реформа, жаңылануу болоорун айткан эле. Үмүтүн үзбөгөн эл аргасыз ал сөзүнө да ишенгенсиген. Бирок, эки-үч айга жетпей, 180 градуска тетири бурулду. Мындайча айтканда, бийлик элди шакаба чегип, ансыз деле тизеси бүгүлгөн жашоо турмуштун деңгээлин биротоло көмкөрөтө койгон саясатын жүргүзүүдө. Себеби, өлкөнүн калың катмарынын жашоо деңгээли төмөн экенин билип турган өкмөт болобу, парламент болобу же президент болобу жашоо деңгээлдин сапатын жогорулатуунун жолун издегендин ордуна, тарифтик саясат аркылуу элди "муунтуп кирди". "Муунтуп" дегеним бул тармактагы тарифтик баалар көтөрүлсө, албетте, артынан күнүмдүк тиричиликке керектүү нерселердин баалары жогорулайт. Кыскасы, "кийимге акчаңар жок болсо жылаңач жүргүлө, тамак-ашка пул болбосо, өзөрүп өлгүлө" дегендей эле нерсе болуп калды окшойт.





- Жаңы жылдан кийин электроэнергияга, жылуу сууга, жылуулукка болгон төлөм кымбаттайт, анын артынан башкасынын баасы көтөрүлөөрүнө шек жок, буга пикириңиз?
- Любовь МИХАИЛОВНА, ардагер:
- Мен бул кабарды угуп алып, "эми кантип жан багабыз" деп кейип жатам. Пенсиям 1500 сом. Аны эмнеге жеткизем? Өзүм бронхиалдык астма менен ооруйм. Чөнтөгүмө минтип инголяторумду салып жүрөм. Суукта жашыма карабай жан багыш үчүн майда-чүйдө менен соода кылам. Тапканым тамак-ашыман, дары-дармектерден эле ашпайт. Ушул жашка келип, көчөдө соода кылып калам деп эч ойлогон эмесмин. Өкмөт элдин жашоо турмушун кеп дебей калды. Бардыгын эле кымбаттатып жатышат. Элдин жашоо деңгээлин оңойлу деген бир киши жок. Баары эле өз кызыкчылыктарын ойлошуп, жутунуп жатышат. Илгери Совет доорунда бийлик деген элди ойлоп, жумуш менен камсыз кылып турчу. Азыр болсо бардыгы тетири кетти. Баалардын көтөрүлүшү эң биринчи бизге окшогон кары-картаңдарга терс таасирин тийгизет.





Галина АРКАДЬЕВНА, ардагер:
- Мен жакында эле ооруканадан чыктым. Жаңы жылдан кийин төмөнкү саналып өткөн нерселерге баа беш-алты эсеге кымбаттаарын угуп алып, палатада жаткандар менен кошо чалкаман кеттим. Бул эмне деген шумдук. Мен 2060 сом пенсия алам, жолдошумду эки жыл мурун оо дүйнөгө узаткам. Эми кантип жан багарымды билбейм? Пенсиям тамак-ашыма, дары-дармегиме жетеби же жылуулук менен эле светке төлөп, томсоруп отура беремби? Жогору жактагылар кандай саясат жүргүзүп жатат, билбейм. Тарифтердин жогорулашы менен бизге жөлөк пул беребиз дешет. Анын ордуна коммуналдык тейлөөгө бааны көтөрбөгөнү эле өзү жөлөк болмок. Ошол жөлөк пулуна деле ыраазымын. Ачыгын айтканда, анысы деле болбогон акча. Коммуналдык тейлөөгө, турмуш тиричиликке жумшаган акчамдын бир бөлүгүн да жаппайт.

Нурлан БӨКӨНБАЕВ, жеке ишкер:
- Электроэнергия, жылуулук, көгүлтүр отунга баа жогорулайт деп угуп атабыз. Албетте, бул жагдай ар бир эле адамды кайдыгер калтырбаса керек. Анткени, алардын баалары көтөрүлөрү менен башка буюм-тайымдардын баалары да көтөрүлөт эмеспи. Мындай кыйын заманда жашаш кыйын болуп эле калды.

Зулайка КОЙЧУМАНОВА, жумушсуз:
- Ачыгын айтыш керек, эл арасында жашоо деңгээл аябай эле төмөндөп кетти. Канча деген адамдар жумушсуз жүрөт. Аларды ойлогон бир чиновник жок. Өзүм айыл жергесинде турам. Айылда жашоо кыйын эле. Кышында кантип оокат кылабыз, билбейм. Светке болгон төлөм 1-январдан баштап эки жарым эсеге кымбаттайт деп жатышат. Өзүбүз суунун, энергетиканын мекени болуп туруп, бааны эмне мынча жогорулатышып жатат, билбейм. Көмүр болсо кымбат. Айла жок каражаттын аздыгынан мүшөктөп алып жан багып атабыз.


Тамара ВАСИЛЬЕВНА, ардагер:
- Эл азыркы маалда абдан кыйналып турат. Айрыкча бизге окшогон пенсионерлерге, жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаштарга оор болмокчу. Мамлекет тарабынан элге көңүл бурулбай калды. Эгерде көңүл жетишээрлик бурулса, мен ушинтип көчө аралап гезит сатып жүрмөк белем? Деги жаш болбогондон кийин минтип гезит ташып сатуу мен үчүн кыйын эле. А бирок, эмне кылабыз, тирүү жан болгондон кийин айла жок, иштөөгө туура келет экен. Пенсиябыз кайсы бирине жетмек эле?

Рамис БЫКЫЕВ, жеке ишкер:
- Мындан ары баалар кайда көтөрүлөт, билбейм. 1-январдан кийин дагы жай айларында электроэнергияга болгон баа көтөрүлөт деп жатышат. Күндө эле сыналгыдан Токтогул суу сактагычында суу толуп жатат дешет. Анысы кана? Светти мурун кандай өчүрсө, азыр деле ошондой эле өчүрүп жатышпайбы. "Камбар-Атаны" куруп атабыз дешет. Анда эмнеге өзүбүз эле өндүргөн электроэнергия үчүн асмандын башын чапчыган акыны төлөйбүз? Же болбосо башка өлкөлөргө электроэнергияны экспорттоону токтотуп, Кыргызстандын электроэнергияга болгон муктаждыгын камсыз кылып туруп, ашканын экспорттошпойбу.

Анаркүл КУДАЙБЕРГЕНОВА, жумушсуз:
- Жаңы жылдан кийин электроэнергия, жылуу суу жана жылуулукка болгон баалар көтөрүлөөрүн угуп алып абдан тынчсызданып жатам. Ал дагы чек эмес деп жатышат. Июль айларында электроэнергиянын баасы 1 сом 90 тыйынга чейин көтөрүлөт дешүүдө. Менин оюмча бул баалар негизсиз түрдө көтөрүлүүдө. Элдин төлөмгө болгон жөндөмдүүлүгүн эч ким ойго албай жатат. Негизи Кыргызстан суунун, электроэнергиянын мекени эмеспи, анан эмнеге баа минтип жогорулап жатат?

Сагынбек МАМЫТКАНОВ , жумушсуз:
- Электроэнергияга, жылуу сууга, жыуулукка баа жогорулай турганын укпаптырмын. Эгерде жогорулай турган болсо, албетте, мындай жагдай элге терс таасирин тийгизет. Мен жер үйдө тургандыгыма байланыштуу жылуулукка болгон баанын көтөрүлүшү көп тынчсыздандырбайт. Ал эми светке болгон баа көтөрүлсө бизге кыйын эле болот. Анткени, ар биринин эле кампасында тонналап отун, көмүр жатпайт да. Кээде көмүр түгөнө калганда электроэнергиянын жардамы менен жылынып, чай-пайыбызды демдеп калчу элек. Эми ал да кымбаттаса эмне болот, билбейм.

Тилек ОРОЗМАТ уулу, жумушсуз:
- Андай маалыматтарды угуп жатабыз. Балким мындай чечим негиздүү болуп чыгаар. Бирок, канткен күндө да өкмөт элдин жашоо турмушун эске алып койсо болмок. Мейли, бир-эки эсе кымбаттатышса түшүнөт элек. А бирок, коммуналдык тейлөөлөргө баалар алты-жети эсе жогорулайт деп жатышпайбы. Бул эмне деген шумдук? Же чиноновниктер элдин жашоо деңгээлинин сапаты менен тааныш эмеспи?

Муса ИМАНАЛИЕВ, жеке ишкер:
- Менин оюмча коммуналдык тейлөөгө болгон баалар "жасалма" көтөрүлүп жатат. Анткени, баанын жогорулашына негиз жок болчу. Кайсы критерий менен бааларды көтөрүп жатышканын билбей жатам. Бир нерсе болсо эле "түтүктөрдүн, электр өткөргүчтөрдүн сапаты начар, ошондуктан авария көп болуп жатат, ремонттошубуз керек" дешет. А азыр биз коммуналдык төлөмдөрдү эмнеге төлөп жатабыз? Кантип эле ошол төлөп жаткан акчаларыбыз ошол түтүктөрдү, электр өткөргүчтөрдү ремонттогонго жетпесин? Анын үстүнө электроэнергияны чет-жакка сатып атышпайбы. Ал каражаттар каякка жумшалып жатат? Ошондуктан мен ойлойм, баанын көтөрүлүшү негизсиз.

Суроо салган
Данияр Өсөров