Демократия аралчасынан

Кыргыз Республикасынын Президенти
К.С.Бакиевге

Кеминдиктердин Кайрылуусу

Урматтуу Курманбек Салиевич!

Биз, жалпы эле Кемин жергесинин жумурай журтунун атынан сизге ушул кат жүзүндө кайрылууга мажбур болуп отурабыз.
Анын себеби "Кыргыз Республикасынын туңгуч президентинин китепканасы" аттуу коомдук маданий борбордун тегерегиндеги төрт жылдан ашык убактан бери созулуп келе жаткан чуулгандуу соттук талаш болуп турат.
Бул тууралуу сиз кабардарсызбы же "бармак басты, көз кысты" кылып сизге жеткирбей тегерегиңиздеги чиновниктер өздөрү билгендей чечип жатышабы, аныгын билбейбиз. Ошондуктан ошол китепкана чатагынын чоо-жайын дагы бир жолу сизге да, коомчулукка да маалымдап коелу.
Өзүңүз билгендей дүйнөдөгү өнүккөн цивилизациялуу өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө мамлекет башчысынын атындагы китепканалар бар. Бул коомго сиңген, мыйзам ченемдүү көрүнүш.
2001-жылы "Кыргыз Республикасынын туңгуч президентинин китепкананасы" деген коомдук Фонд түзүлгөн. Фонддун негизги максаты, мамлекеттен каражат сурабай, жалпы коомчулукка, ишкерлерге, чет элдик уюмдарга кайрылып алардын берген жардамдарын топтоп, бибилиотеканы түптөп куруп келечекте аны билимдин, илимдин очогу болгон тарыхый - маданий борборго айландыруу эле.
Ошол китепкананын имаратынын негизин түзүү максатында 2003- жылы президент Аскар Акаев Раззаков көчөсүндөгү №8а дарегиндеги өзүнө салдырып жаткан бүтө элек үйүн фондго өткөрүп берген. Үйдүн жанындагы Раззаков көчөсүндөгү №8 дарегиндеги эски имаратты убагында нарколог Ж.Назаралиев приватташтырып алган экен. Ал дагы ошол имаратты фондго өткөрүп берген. 2003-2004 жылдары коомдук Фонд чогулган спонсордук жардамдардын эсебинен ошол эки имаратты реконструкция жасап, капиталдык ремонт жүргүзүп, архитектурасы, функциялык багыты, көрүнүшү боюнча талаптарга жооп берген ажайып имаратка айлантат. Бир эле убакта Фонд Кытайдын, Россиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн уюмдары менен байланышып тарыхий, маданий маанилери чоң экспонаттарды чогултат, кино-фото, видео документтерди топтойт, керектүү техникалык жарактарды, компьютерлерди алат. Китепкана ишке киргизилүүгө даяр болуп калган. 2005-жылдын 24- мартынан кийин китепкана генпрокуратура тарабынан арестке алынып, мөөр басылып жабылган. Бир жылдык текшерүүдөн кийин, бул имаратты курууга бюджеттен бир тыйын дагы кетпегени аныкталып козголгон кылмыш иши жабылган.
Бирок 2007-жылы генпрокуратура кайрадан имаратты тартып алуу иштерин баштайт. Эмки доосу - Назаралиев Ж. убагында Раззаков көчөсүндөгү №8 имаратты туура эмес приватташтырган; акционердик коомдор жана мамлекеттик уюмдарда иштеген жарандар берген жардамдар мыйзамсыз деп сотко берген. Сот процесстеринин жүрүшүнүн баарын айтуунун кажети жок.
Биздин дагы, билимдүү, тажрыйбалуу юристтердин дагы пикири боюнча Бишкектеги райондор аралык сот, шаардык жана Жогорку сот Назаралиев Ж. менен Мамлекеттик мүлк фондунун ортосундагы сатуу-сатып алуу келишими жокко чыгарылсын деген мыйзамга каршы чечимди чыгарышкан, Соттун чечимин аткарып, коомдук Фонд 2009-жылы 2- сентябрда Раззаков көчөсүндөгү №8 дарегиндеги имаратты сот аткаручуусунун катышы менен маммүлк фондуна өткөрүп берген. Бул учурда сот аткаруучусунан да, имаратты кабыл алып жаткан Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлеринен да эч кандай доомат болгон эмес. Бирок, эки жума өткөндөн кийин мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери бир-топ милиционерлер менен 50-60 киши болуп күч колдонуп, зордук менен коомдук фондго Аскар Акаев иштетүүгө берген Раззаков көчөсүндөгү №8а дарегиндеги үйдү тартып алыптыр.
Бул үй боюнча соттун чечими да жок, бул үй боюнча эч качан маселе да көтөрүлгөн эмес. Анысы аз келгенсипө. үйдө сакталып турган китепкананын баалуу экспонаттарын, техникалык каражаттарын, Акаевдин үй-бүлөсүнө тийиштүү китептерин, иш документтерин, буюмдарын да бербей жатышыптыр.
Бул кудайга да, мыйзамга да жатпаган жорук болуп жатат.

Урматтуу Курманбек Салиевич!

Кыргыз эли эзелтеден өзүнүн руханий маданиятын, тарыхын сактап, сыйлап келген, анын аркасынан элибиз өсүп-өнгөн. Китепкананы талкалоо Аскар Акаевдин атын, буюмун талкалоо эмес, келечекке өсүүнүн бир булагын талкалоого барабар деп түшүнөбүз. Аскар Акаевди өзүбүз баалай албаганыбыз менен, улуу Орусия баалап, үй-жай, кызмат берип, Илимдер Академиясынын академиги кылып шайлашты. Таланттуу, улуу окумуштуу Аскар Акаев Орусиянын илимине өзүнүн салымын кошуп жатат.
Китепкананын илимий, тарыхый- маданий маанисин түшүнгөн Россиянын көрүнүктүү окумуштуулары, коомдук ишмерлери сизге китепкананы сактап калуу боюнча бир нече жолу кайрылганын массалык маалымат каражаттарынан билдик.
Сиз Кемин жергесине келип, эл менен жолугуп, суусун ичип, сыйын көрүп жатканда сүйлөгөн сөзүңүз баарыбыздын эсибизде. Ошондо биз, төрт жылдан бери созулуп келаткан чыр-чатак токтоп, Кыргыз жерине бейкутчулук келет деп үмүттөндүк эле. Үмүтүбүздү үзө элекбиз.

Урматтуу Курманбек Салиевич!

Сизге жалпы Кемин тургундарынын атынан дагы кайрылабыз: "Кыргыз Республикасынын биринчи президентинин китепканасы" аттуу коомдук маданий борборду сактап калыңыз. Бийликте турган чиновниктердин мыйзамсыз жолдор менен тартып алган имараттарын, экспонаттарын кайтарып бердириңиз. Мунун баары сиздин колуңузда, сиз кийлигишип көзөмөлгө албасаңыз чечилбейт.
Бул сиздин Кемин элине эле эмес, жалпы Кыргызстандын калкына, өзгөчө жаштарга кылган белегиңиз, жакшылыгыңыз болсун.
Катыбызды аппаратыңыздагы чиновниктердин элегинен өтүп, сизге жетээрине ишенбегендиктен, массалык маалымат каражаттары аркылуу да кайрылып жатабыз.
Сизден аракет болуп, туура чечилет деп ишенебиз.

Кемин районунун тургундары





Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти, Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, профессор
Аскар Акаевдин билдирүүсү
Бүгүн кыргыз бийликтеринин Бишкектеги мага таандык турак үйдү басып алуу боюнча акыркы кадамдарга барууга ниеттенип жатышкандыгы тууралуу маалымат алдым. Мен бийликтин бул иште орой ээнбаштыкка жана ырайымсыз мыйзамсыздыкка жол берип жаткандыгын кескин айыптаймын. Бийлик бул маселеде ушул сыяктуу кандай гана кадамдарга барбасын, мунун бардыгы өлкө Конституциясында мурдагы президенттин жана анын үй-мүлкүнүн кол тийгистигине карата белгиленген ажыралгыс укуктарына түздөн-түз каршы келет.
Мен бийликтердин акылына келип ойлонушун, мага менчик укугунда таандык болгон үй-мүлкүмдү бүтүн бойдон сактап калтырышын кайталап жана катуу талап кыламын. Өлкөнүн Баш Мыйзамына карата мындай зомбулук, менин конституциялык кол тийгистик укугумдун коргоосундагы үй-мүлкүмдү күч менен басып алууга батынгандарга абийирсиздик гана алып келет.

Кыргызстандын тунгуч Президенти,
профессор Аскар Акаев.
Москва шаары, 16-ноябрь.





Генпрокурор обещал не задерживать Аскара Акаева в случае его возвращения в Кыргызстан
Бывший президент Кыргызстана Аскар Акаев не будет задержан на территории Кыргызстана, если он захочет вернуться на родину, заявил генпрокурор Кыргызстана Эльмурза Сатыбалдиев
Выступая 18 ноября на пресс-конференции, он сказал, что задерживать его никто не собирается, так как Акаев, как экс-президент, обладает неприкосновенностью.
Но генпрокурор отметил, что он может вызван как свидетель по уголовным делам, возбужденным с 2005 года в отношении приближенных к А.Акаеву лиц.

"АкиПресс"