Сандан-санга

Евгений Сухов
"Вор в законе"
Леватый соңку окуяларды угуп, табалагандай мылжыйды, - Макар жана анын матросиктерине андан артык жазаны ойлоп табуу мүмкүн эмес эле. Эгерде муну зектер эмес, вор артынан ок жаадырган кароолдогулар кылганда, блатнойлор өлүмгө кайыл болуп, тикенектүү зымдарга көөдөн тосуп тике барып, бир канча жыл мурунку кандуу окуя кайталанмак. Багар-көрөрү жоктор шантрапасы болсо, зонанын үшүн алып, анын каршылык көрсөтүү, биримдик эркин майтарып койду. Леватый эпке келтирип жакын кармап, керек учурда катуу баштарга карай шилтеп койгонго көп сүйлөбөс Беспалыйды колго алуу эми канчалык маанилүү экенин ойлоп турду.
Леватый бул болгон окуянын көпкө созулган уландысы бар экенин кийин толук түшүндү.
Бир айдан кийин Леватыйга анын лагери кеңейтилээрин билдиришти. Тегерекке жумушчулар кыштактары, жалданган жана кайтаруудагы адамдар иштей турган көмүр, гранит жана никель казып алуучу ишканалар куруу пландаштырылган. Лагерди карай саздак түпкүрдү шаарлар менен түз байланыштырган жолду да салып башташыптыр. Зона начальниги аймактан табылган бай көмүр жана никель кенинин арты менен акырындап көлөмдүү кен ишканасынын директорлугуна көтөрүлүп, советтик өнөр жай магнаты болуп калышы турган иш эле. Ыраактагы катуу режимдеги лагердин начальнигине өндүрүштүк камылгалардан тышкары буга чейин ойлонбогон турак жак курулушу, калк коопсуздугу сымал маселелер жүктөлдү. Бул эбегейсиз кең программаны ишке ашырууда бүтүн Россияга жарлык ташталган күндө өз каалоосу менен иштейм дегендер жетиштүү санда табылбагандыктан, куруу иши да, өздөштүрүү да зектер менен бүткөрүлмөк болду. Демек, лагерь начальниги жаза өтөөчүлөргө моюнундагы кожоюн каргысын сездирте турган күчтү зектер арасынан издеши керек.
Дагы бир жума кийин Леватый лагерь администрациясы менен кызматташууга даяр адамдарды табуу тууралуу жашыруун көрсөтмө алды. Андай адамдарга чарба иштери эле эмес, жаза өтөөчүлөрдү кайтарып баруу-келүү да табышталмак. Мындай максаттагы ишке Беспалыйдын командасы жарачудай, ал багар-көрөрү жок братоктору менен бүтүн зонаны өзүнө имерип багынтып албадыбы. Беспалыйдын болгон тапшырмасы так аткарылып, жаза өтөөчүлөр буга чейин бир канча кылмышка барган уркагандардай эмес, Кудайдан коркуп, насаатчысынын оозун карап калган кечил адамдардай алып жүрүп калышты.
Беспалый күндөн-күнгө жаңы ролуна болушунча көнүшүп баратканын Леватый байкап жүрдү. Тимоха тартипке тыкыр көз салып, тишине чейин куралданган бир кароол взводу кыла албаганды Беспалый бир сөзү менен бүткөрүп койчу болду. Жеке сакчылары саналган бир нече адамдын коштоосунда Беспалый барактарды кыдырып, зарыл деген иштердин баарын кылдыртчу: тазалоо керекпи, демек, тазалап чыгышчу; уктаар алдында тынчтык керектелсе, катуу уставы бар кечилканаларда да болуп көрбөгөндөй жымжырттык өкүм сүрчү. Лагерь начальнигинен бул кызматы үчүн Тимоханын суранычтары лагерь ичинде эркин жүрүү, өзүнө жана тобуна - спирт, зонадан чыгыш тарапта жыйырма чакырымдай аралыктагы аялдар лагерине тез-тез барып туруу менен чектелчү.
Бир күнү Беспалый башында турган блатнойлор, өздөрүн "вор в законе" атап башташканын Леватыйдын кулагы чалып калды. Николай Николаевичтин ою боюнча, ушул аталыш алардын кимдигин тастыктап тургандай - Беспалый жана анын адамдары лагерде орнотулган тартипти "закон" деп атап, анын официалдуу таянычы катары вор деп эсептелишет да. Ворлорго администрациянын колдоосу гана бардык зектерге өз принциптерин таңуулаганга жол берип, мурда көптөгөн касталарга бөлүнүп, социалдык абалы, ишеними, жашы жана башка белгилери менен айырмаланган лагерь блатнойлор закону башкарган бирдиктүү топко айланды.
Көп узабай Беспалыйдын суранычтары өзгөрө баштады. Начальниктен лагерь ичине чакан үй курдурам деп чыгып, уруксат алды, анда бир канча жаза өтөөчү кызмат кыла турган болду. Көнүмүш пайкадан баш тартып, эми ага тамакты түрмөгө түшкөнчө Москвадагы "Бристоль" ресторанында ашпоз болгон Колпак кличкалуу зек даярдай турган болду. Нарадан жийиркенген Тимофей мындан нары аппак шейшептер төшөлгөн кең керебетте уктай турган болду.
Зонада пайда болгон ача бийликке Леватыйдын каршылыгы жок эле: Беспалый миңдеген айыпкерлерге лагерь ичиндеги тартипке башы менен жооп берип үстөмдүк кылса, зектер ич ара "кум" деп атаган зона начальниги Беспалый жана ага жакын бир ууч ворлор менен гана иш жүргүзчү, бул түйшүгү аз болгону менен, кооптуу эле.
Ошентсе да Леватый абалды көзөмөлүнөн чыгарган жок, кыйтың-мыйтың байкалса, пайканы азайтып, жаза өтөөчүлөрдү пландалгандан тышкаркы иштерге жумшап, лагерде чынында кимдин бийлиги үстөмдүк кыларын эскертир койчу. Анын профилактикалык иш-чараларын "закондогу" ворлор түшүнүү менен кабылдап, тартип бузгандарды кийинки эле күнү ырайымсыз жазалоого алышчу: тепкиден да коркунучтуу - беделин сындырмайга тушуктуруп, андай зектерге сортир тазалап, башканын айткан-дегенин аткаргандан башка амалы калчу эмес.
Жарым жылдан кийин аталган лагерь бүтүн Заполярьеге "Баш бербегендердин түнөгү" деп атагы кеткен лагерь болгон деп айтууга болбой калды. Багар-көрөрү жоктордун ватагасы "ээнбаш лагерди" ушундай катуу кармап, темир тартипти орнотуп, лагерь начальнигинин эркине жана Тимошка Беспалыйдын айткандарына баш ийбеген крамольник-көтөрүлүшчүнүн жашоосу жана саламаттыгы аз убакытка кыйындай түшчү. Бир канча ай мурун лагерь Совет бийлигине жана жолдош Сталинге иштебейбиз деп "отрицаловкага" барышчу дегенге ишене албай кетесиң. Буга чейин кожоюнга көп дегенде эки күн иштеп берген кексе уркалар да кетмен чаап, омкорулган кесектерди жүктөп, ушундай далалат менен араба түртүп жатышса, сырттан караганга аларга үймөк алтын же боштондук убада кылынгандай көрүнө турган... А чындыгында уркалар гранитти коркуу сезими менен гана тешкилеп жатышкан. Лагерь ишине бел кайыштырып жатып, алар лагерь жетекчилигин, багар-көрөрү жоктор командасын, албетте, алардын башчысы Беспалыйды ичтеринен тилдеп алышчу.
Зектер чоң кесектерди дарыядагы жыгач помостко чейин сүйрөп барып, өтө оор, жабыктырып алсыздандырган жумуштан качып кутулууну өзгөчө ушул мүнөттөрдө көксөшчү. Бирок качып кайда барышат.
Жаза өтөөчүлөр бир канча жолу иштебейбиз деп чыкканы менен, Беспалый алардын каршылыгын сындырган амалды таап чыкчу. Уюштуруучулардын экөөсү эртеси колкосу кесилген, төртөөсү асылган абалда табылып, алты адам тепкиден майып болуп, баш көтөргөндөрдүн көбү Беспалыйдын сунушу менен спецбарак курулган педерасттардын катарын толукташчу.
Жогорку сапаттагы Түндүк Урал гранити тездик менен казылып алынып, лагерь начальниги Леватый обьекттерди кыдырып, иш жүрүшүнө көз салып убара тартпады. Эми Леватый жумуш маалында керебет торунун алдында чымын-чиркейден кызарган жүзүн калкалап, Ленинграддан келген коньяктан шимирип эле жата турган болду. Иш жүрүп жатабы, анын лагери Советтик Мекен үчүн керектүү гранитти бере алабы деген тынчсыздануу анда жок эле. Леватый зектер баарын ойдогудай жасашарын билчү. Өзү бош отургандан зарыгып, Кудай унутта калтырган жер бучкагына жүздөгөн бульдозер келип жер бузуп, түндүк жерин өздөштүрүү жүрүп, жолдор салынып, заводдор курулуп, алардын лагери кыштакчалар менен курчалган кандайдыр бир борборго айланар күндү күтүп жүрдү.
Ал күн да келди - кезектеги май айындагы дарыяда суу кириши менен төрт баржага толгон бир канча миң киши - жаза өтөөчүлөр, сүргүндө жүргөндөр жана жалдангандар бул түпкүргө алынып келинди. Палубалар эле эмес, трюмдар жыкжыйма келди. Леватый токтобогон чыгырыктай агылып жээкке түшүрүлүп жаткан эрке-аялдарды карап туруп, "Чоң Жерде" оорулуулар менен кары-картаңдар гана калганбы деп ойлоп кетти.
Күзгө жуук лагерге жакын жерде бир катар кыштакчалар пайда болду - түндүк дарыясынын саздак жээктеринде узун, көрүнүшү суук барактар салынып, ал жактан эркектердин сөгүнгөнү эле эмес, наристелердин чарылдаган добуштарын угулуп калчу болду.
Бул жерде, түндүк чекте жашоо секундга да токтободу. Тескерисинче, цивилдүү дүйнөдөн алыста өзгөчө интенсивдүү түс алды - жөн жактыруулар күчтүү сезимге айланып, кыйыр кароолор айыгышкан жоолашууга өсүп жетти.
Беспалыйга Леватыйдан зонадан сырткары чыгуу укугу берилди. Аялдар барактарынан Тимоха көп байкалып, бул жерде аялдар аны, эстафета таякчасындай, бир бөлмөдөн экинчисине өткөрүп беришчү. Беспалыйдын кайда барарын билишкен зектер көз артып жатышканын жашырбастан сөз айтышчу:
- Тимоша, баарыбыз үчүн жакшылап эле аракет кыл, биздин кол канча жыл көкүрөккө тийген жок, кийин эмнени кайда катышты билбей калабызбы дейм.