Жан бүркүм

"Малай" же Астафьевди окуган соң
"Появился в селе старый киргиз с внучком. Первый вестник голода. Первый ворон" - деп артелдешүү мезгилинде Сибирде болуп өткөн окуяны жазып кетиптир жазуучу Виктор Астафьев.

"Мүшкүл эч уруксатсыз эле келди. Чоң мүшкүл, эң коркунучтуу - ачарчылык. Ал адамдарды сынай баштады. Алар кандай? Кимиси туруктуу? Ким эмнеге жарактуу. Ачарчылык деген согуштай эле, адамдарды күчтүүлөргө жана күчсүздөргө бөлүп коёт. Аны күчтүүлөр гана жеңип чыгат. Селодо кары кыргыз небереси менен пайда болду. Ачарчылыктын алгачкы жарчысындай болуп...
Кыргыз ар бир короонун алдына токтоп, эки колун жайып, бир нерселерди тез-тез сүйлөп, улам-улам жүгүнүп жатты. Кичинекей баласы көзүнүн кыйыгы менен тиктеп, унчукпайт. Адамдар короолорунун дарбазаларын жаба салышып, кыргызды шайтан- шабыр сыяктуу кубалап жатышты.
... Эртең менен ал кыргызды дарбаза түбүндө малдаш токунуп, алдына эбак денеси муздап калган баласын алып терметип, өтө кайгылуу кайрыкты созуп, көзүн жуумп отурганын көрүштү. Боорукер бир аял ага бир үзүм нан ыргытты эле, абышка бир ирмемге көзүн ачып, көз кыйыгын нанга таштады. Кайрадан көзүн бек жуумп алды.
... А түнкүсүн бүткүл кыштакты: "Аа-а-а... А-а-ай!" деген жапан өкүрүк уктаткан жок. Адамдарга ал "малай" деген сөздү айтып жаткандай сезилди. Орусча болбосо дагы, кыштактыктарга белгилүү бир гана ушул сөз болчу, ал - малай".
Астафьевди которгондо ушундай болду. Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин жана РСФСРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын калемине өткөн кылымдын башында илинген "киргиз", бүгүнкү күндө кандай абалда болду экен?-деп өзүбүзгө өзүбүз суроо коюп көрөлүчү.
...Өтө коркунучтуу! Өлкөбүздө жакындан бери эле башталган "реформаларга" байланыштуу электр энергиясынын баасынын өсүшүн көрүп туруп, эртеңки күнүбүз эмне болор экен?- деп түйшөлбөгөн адам калган жок болуш керек Кыргызстанда. Эми, жашоо-тиричиликтин бардык башка чөйрөсүндө баанын көккө көтөрүлүп кетиши мыйзам ченемдүү деп билишет баары. Ал эми пенсия-пособиелердин "мизерный" көтөрүлүшү - элди сооротуу. Бул ойду эч ким эч кимге таңуулабайт дагы. Азыркы кыргыздын башындагы накта ой ушу. Кана, ким бул ойду натуура дейт?!.
Ой, тобоо! Күндөрдөн ушу күнү Астафьев колума тийип, анын алгачкы эле барактарын окуп, Аллам оозуман түшүп калды! Кудайым кыргызымды пендем десе, экинчи ирет ушу Астафьевдей сүрөттөлбөй калалычы... "Малай", "первый вестник голода-киргиз" деген сөздөрдү кайсы кыргыз уккусу келет ыя?!.

Нурбүбү БӨДӨШОВА




  Мүрзөгүл

Экөө бирдей эки кымбат дүйнө эле...
Кечээ жакында бул дүйнөдөн өтүп кеткен профессор агайым Качкынбай Артыкбаевге жана акын Роза Карагулованын жаркын элесине арналат.

Балам калып атасынын колунда,
Барам илкип, оор тартып кадамым.
Күздүн күнүн ого бетер суук кылып,
Дүйнө салды эки бирдей адамым.

Сөздөрү сөз, акыл бойдон акылы,
Турмушумда туудай туткан күндө эле,
Эсте болоор, эх, бейиши болгурлар,
Экөө бирдей эки кымбат дүйнө эле.

Устатым бул- албан агай Качкынбай,
Адабият ансыз тузсуз сезилээр.
Жакын эле жаздай жапжаш курактан,
Кымбат эле тээ балапан кезимен.

Илим көздөп, кебин чырак кылгамын,
Ишимди окуп, шакирт кылган бир мени.
Адабият ак-карасын түшүнсөм,
Дал ошону ал аркылуу билгемин.

Экинчиси- залкар акын Роза,
Ага дагы актай кезден кезиккем.
Ыргагына дилим дароо төшөлүп,
Ырын билгем китебинен, гезиттен.

Анан ордо, ортобузга жол түзүп,
Ырымды алып, алдынан бир өткөмүн.
Жылдыздардан артыгыраак от чачып,
Акындыгы Айдай эле көктөгү.


Эки бирдей кымбатыман айрылдым,
Сөзүн укпайм, эми аларды ким көрөт?
Көөдөй кара парда тартып ушул күн,
Жүрөгүм да ооруп турат бир бөлөк.

Аида Эгембердиева, акын




АРМАНДЫН КҮҮСҮ...

(Роза Карагулованы
эскерип)

Өкүттөн бүткөн дүйнө бул,
Өкүнүп кала бердикпи?
Өрт болуп жанып бир ирет
Өкүнүч үчүн келдикпи?

Саптары күчтүү ырларың
Салмактап турчу сезимди.
Айла жок экен ажалга
Алдырып ийдик, кечиргин.

Жаз келээр, жазда жадырап
Роза гүлү ачылбас.
Өзүңдү жоктоп ар жазда
Армандын күүсү басылбас.

Мая ОСМОНКУЛОВА





  Кримсап

Агасы ушуга барат беле?

13-ноябрь күнү Веселый көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 1988-жылы туулган А.К жана 2005-жылы туулган уулунун жансыз денеси табылган. Эне менен бала балталанып өлтүрүлгөнү белгилүү болуп, кылмышка шектүү делип А.К нын 1986-жылы туулган агасы кармалды. Такталбаган маалыматтарга караганда агасы психдиспансердин учетунда турган экен.

Ажылыкка барууга жардам берем деп...

16-ноябрь күнү Бишкек ШИИБине Камракулов жана Ахмедов аттуу коңшу Өзбекстандын жарандары арыз менен кайрылышкан. Алар 15-ноябрда белгисиз адам Кара-Суу районунан ажылыкка баруу үчүн жардам көрсөтөм деп ар-биринен 1400 доллар алып, ошо боюнча из салгандыгын айтышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин башчысынын орун басары Бигалиддин Пирманов билдирди. Азыркы тапта, бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, шылуундук менен алек кылган адам укук коргоо кызматкерлери тарабынан изделүүдө.

Түнкү каракчылар эми абакта

17-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине 55 жаштагы Т.Н аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымы боюнча 27-октябрь түнү анын иштеп жаткан павильонуна маска кийген белгисиз үч адам кирип, аны сабап, акчасын тоноп кетишкен. Милиция кызматкерлери түшкөн арыздын негизинде издөө иштерин жүргүзүшүп, кылмышка шектүү делген кылмышкерлерди кармашкан. Алардын арасынан 1990-жылы туулган К.А мурда соттолгондугу тууралуу да белгилүү болду. Тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин жаран 9 жылга кесилди

Россиянын Челябинск облусунда Кыргызстандын жараны Х.Юлдашев жана Татарстандын тургуну А.Гатауллина наркотикалык заттарын сактагандыгы жана саткандыгы үчүн соттолушту. Юлдашев жыл башында "Мерседес" автоунаасында 2.8 кг салмактагы героинди жүктөп бараткан жеринен "Бугристое" бажы постунан колго түшүрүлгөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал наркотикалык заттар Гатауллинага буйрук боюнча жеткизиле тургандыгы анык болгон. Жакында бул эки адамдын үстүнөн соттук териштирүү аяктап, Гатауллина 8 жылга эркинен ажыраса, кыргызстандык жаран 9 жылга эркинен ажырады.

Кытай жарандарын тоногондор изделүүдө

Ош облустук ИИБ тарабынан кытай жарандарын тоногон кылмыштуу топ изделүүдө. 11-ноябрь түнү Ош-Эркештам автожолунда он адамдан турган белгисиз топ кытай жарандарын ташыган автобусту токтотушуп, шопурду сабап, жүргүнчүлөрдү тоноп кетишкен. Жалпысынан кылмышкерлер 3810 доллар, 56 200 сом, 2600 юань, мобилдик телефондорго ээлик кылышкан. Азыркы тапта кылмышкерлер изделүүдө.

Дардаган
Данияр ӨСӨРОВ