Кыргызды коргогон Манасты кыргыз коргой алабы?

"Манас" деген - океан, ал изилденип бүтпөйт
"Назар" гезити кечээ жакында "Кыргызды коргогон Манасты кыргыз коргой алабы?" деген темада элибиздин аттуу-баштуу адамдарынан сурамжылоо жүргүзүптүр. Бир тобу күйүп- бышып, туура эмес иш болгонун айтса, бир тобу "чала болот, өзүбүз кыймылдап аракет кылбасак, оозубузду ачып олтура берсек, ошону көрөбүз да" дешип, кер какшык ыргытышыптыр. Ал эми Сооронбай Жусуев аксакалыбыз түз эле "… Илимдер академиясы кыймылдаш керек эле, "Манас" алигиче изилденип, аягына чыкпай келет. Кол тийбеген кол жазмалар Тил, адабият институтунда жатат" деп бизди күнөөлөптүр. Андай дооматтын жөнү жок.


Кыргыз эли жер жүзүндө эл катары жашап турганда, "Манас" эпосу эч качан жоголбойт, аны бизден талашууга эч бир элдин укугу да жок. "Манас" эпосу кыргыздарга гана таандык экендигин дүйнө эли билет. "Манастын" 1000 жылдыгында БУУ баш болуп, ЮНЕСКО төш болуп, эпосубуздун кадыр- баркын асманга көтөрүп, жер жүзүнө жар салып, Федерико Майор, Чыңгыз Айтматов, Нурсултан Назарбаев, Сулейман Демирель, Ислам Каримов, Гейдар Алиев, Сапармурат Ниязов жалындуу сөздөрүн айтышпады беле. Ошентсе да кайдыгерликке салбай, өкмөттүк деңгээлде ЮНЕСКОго маселе коюп, акыйкаттыкты ордуна келтириш керек. Ооба, "Манасты" бир кездерде "биздин уруулардын да аттары жүрөт" деген шылтоо менен казак академиги Элкей Маргулан да "казакташтыргысы" келген. Чындыкка жакындабаган ал аракет ошо максатсыз аракет боюнча суу кечпей кала берген. Көркөм дөөөлөт катары дүйнөлүк алтын казынаны толуктап турган "Манастын" кадыр- баркын түшүнгөн ар бир эл "атаганат, биздики болуп калсачы" деп, суктана беришсин, бирок, аны менчиктештирүүгө эч бир элдин акысы жок…
"Назар" гезити кечээ жакында "Кыргызды коргогон Манасты кыргыз коргой алабы?" деген темада элибиздин аттуу- баштуу адамдарынан сурамжылоо жүргүзүптүр. Бир тобу күйүп- бышып, туура эмес иш болгонун айтса, бир тобу "чала болот, өзүбүз кыймылдап аракет кылбасак, оозубузду ачып олтура берсек, ошону көрөбүз да" дешип кер какшык ыргытышыптыр. Ал эми Сооронбай Жусуев аксакалыбыз түз эле "… Илимдер академиясы кыймылдаш керек эле, "Манас" алигиче изилденип, аягына чыкпай келет. Кол тийбеген кол жазмалар Тил, адабият институтунда жатат" деп бизди күнөөлөптүр. Өкмөт, ЮНЕСКОнун жергиликтүү уюму, маданият агенттиги дегендер бар. Ириде ошолор козголуп, мамлекеттик деңгээлде иштиктүү чараларды көрүшүп, ошолор жооп бериши керек эле да. Илимдер академиясынын кандай күнөөсү бар бу жерде? Биздин мекеме иликтөө иштерин жүргүзө турган, өзүнчө багыты бар мекеме. "Манас" алигиче изилденип бүтпөй жатат деп айтканы эмнеси? "Манас" деген океан, ал изилденип бүтпөйт. Он кылым өтсө да эч ким аны аягына чейин изилдеп чыга албайт.
Коом өзгөрдү, ошого жараша коомдук мамилелер да өзгөрдү, "Манасты" изилдөө эми жаңы багытта жүргүзүлүшү керек. Манастаануу илими жаңы гана башталды, ал эчендеген муундардын эбегейсиз күчүн талап кылуучу өтө чоң жумуш. Исаак Ньютон айткан экен: "Илим деген океан, мен болгону анын жээгинде кум менен ойноп олтурган балтыр бешик баламын" деп. Анын сыңарындай "океан- "Манасты" изилдөө, аны бүтүрө салуу оңой- олтоң иш эмес. Андыктан, "Эмгиче "Манасты" изилдеп бүтпөй койдуңар" деген дооматтын жөнү жок. Анан да "Кол тийбеген кол жазмалар Тил, адабият институтунда жатат" дептир. Туура, жатат, кол жазмалар фондусунда "Манастын" 83 варианты сакталып турат. Ошол гезитте Дастан Сарыгулов айткан турбайбы: "Сагымбай, Саякбай айткан "Манас" бүгүн да толук басылып чыга элек" деп. Туура айтат. Ал варианттар басмага даярдалганы качан. Каражаттын жогунан чыкпай турат. Казактар элдик чыгармаларынын 100 томдугун даярдап, өкмөт каржылап, алда качан эле чыгарып алышты. А бизде, өкмөт тарабынан жетишээрлик каражат бөлүнбөгөндүктөн, даярдалган тексттерибиз да жарык көрбөй турат.
М. Мукасов,
Улуттук илимдер
академиясынын Тил жана
адабият институтундагы
кол жазмалар бөлүмүнүн
башчысы