Кылычын алып келген ким?

"ДООЛДАЙ ТИКТИРГЕН ИТТЕР"...
"13" деген санды кыргыз эмес улутундагы башка элдер "шайтан сан" деп жакшылыкка жорушпайт. Кыргыз саясатынын тизгинине ээ болгон кыргыз эмес "кеңешчилер" ушул санды атайы тандаштыбы же кокусунан болдубу - айтор 13-ноябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк банк баш болуп, Максим Бакиевдин агенттиги төш болуп "айдактаган" тапшырманы Д.Үсөнов жетектеген, "айдап кел, байлап келге" гана жараган бечел өкмөт аткарууга киришти.

Ошентип 1-январь 2010-жылдан баштап өздүк наркы 10 тыйындын тегерегинде турган 1 киловатт электр энергиясы үчүн азыркы 72 тыйындын ордуна 1 сом 50 тыйын, 1-июль 2010-жылдан баштап 1 сом 90 тыйындан төлөйбүз. От жагуу сезонундагы 5 айда 1 бөлмөлүү үй үчүн 10520 сом, 2 бөлмө үчүн 14400 сом, 3 бөлмө үчүн 18450 сом төлөшөт. Өкмөт мындай кадамга энергетика тармагындагы оор абалга байланыштуу аргасыз барууда деп жанын жеп жатат. Абал чынында эле оорбу?
Д.Үсөновдун Жогорку Кеңеште айткан кеби бул :
"Мурунку парламент айткан - "продать энергетику, это все ровно, что продать Родину" деп. Эми 1 долларга эч ким алвай жатат. ТЭЦти да эч ким алвайт 1 долларга. "Северэлектрону" да эч ким алвайт. Ошон үчүн инвесторлорду тауп, учетту даярдап, бул компанияларды прибылга чыгарып, экономически выгодный, красивый кылдырып, анан кийин сатыш керек".
Инвесторлорду ким табат? Албетте, Даниярды жумшап жаткан "байкеси" Максим Бакиев табат. Табылган инвесторлор ТЭЦти, "Северэлектрону" (балким булардын артынан "Улуттук электр тармактарын" да) күрөөгө алып,акча бериш үчүн алардын абалы, албетте Д.Үсөнов айткандай, "красивый" болушу керек. Андай "красивый" кылып оңдоого Максимдин агенттиги акча бербе-е-йт. Ал акчаларды бааны ушинтип "Бүткүл дүйнөлүк банктын талабы" деп чукулунан 2-10 эсе көтөрүп, элдин жонунан гана тилип алыш керек. Отун-энергетика тармагын кирешелүү кылуунун башка жолдорун издеп, баш оорутуп эмне кылышат?
Бирок андай жолдор бар экени да талашсыз. Алардын айрымдары туурасында айтыла баштады.
К.Бакиев тарифтерди көтөрүү, тармакты сатуу жөнүндө 2007-жылы 5-июнда мурдагы Жогорку Кеңеште маселе көтөрүп, бирок депутаттар стратегиялык бул тармакты сатууга макулдук бербей койгондугу маалым. Мына эми, ошол убактагы мыйзамдар акырындап четинен өзгөртүлө баштады. Максим бийликке келээри менен эң биринчи Камбар-Ата ГЭСтерин күрөөгө коюуга (андан ары сатууга) уруксат берилип, мыйзам оңдолду. Андан кийин акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик акциялары бар ири ишкана, кендер күрөөгө кете баштады. Алгачкылардан болуп 70 тонна алтын кору бар Жерүй алтын кени кеткени маалым.
Эми кезек тарифтерге келип жетти . Анын артынан аталган ушул тармактардын өздөрү күрөөгө коюлат да, кийин сатылат. Муну президент К.Бакиев "тезек тердирткен" ар бир кыргыз билип турат.
Жарыя кылынган жаңы кымбатчылыкты жеңилдетүү үчүн өлкө башчысы социалдык жеңилдик берүүчү бир катар Указдарды кабыл алган болду. Ал Указдарга ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 7 миң сомдон (алар арабызда бирин-серин эле калбадыбы?) , айлыгы 5 миң сомдон ашпаган бюджеттик кызматкерлерге 200 сомдон төлөнүп, жөлөк пулдун өлчөмүн 25 пайызга жогорулаткан имиш.
Бул чыгымдар үчүн 1,5 миллиард сомдун тегерегинде каражат сарпталаарын айтышты. Ал эми электр жана жылуулук тармактарынын эксперт-адистеринин айтымында, ушул 1,5-2 миллиард сомду техникалык, коммерциялык жоготууларды кыскартуунун эсебинен эле жаап койсо - жолу бар. "Ак жолчу" депутат Б.Абдрасаковдун эсебинде, электр энергетикасындагы 40 пайыздык жоготуунун жолу буулса, ал 6 миллиард сом болот. Өкмөттөн жылуулук берүү системасына ар жылы берилип жүргөн 2 миллиард сомдой дотацияны кошсо, 8 миллиард сом. Газ тармагында да 25-30 пайыздык жоготуулар бар, аларга да бөгөт коюлса, дегеле отун-энергетика тармактардагы коррупцияны, контролерлордон тартып министрлерине чейинки ичип-жегендерин жойсо, бааны көтөрбөй койсо деле болмок экен.
Өкмөттүн бул жан далбас кадамына чарба иштерин чемичкедей чаккан Бишкек шаар башчысы Н.Түлеев да каршы. Ал муну менен энергетикадагы топтолгон көйгөй чечилбей тургандыгын, биринчи кезекте бюджеттик мекемелердин кызматкерлери кыйналып калаарын, алардын арасында нааразылыктар жаралып, жакырлар колунда жоктордун катарын толуктап калышы ажеп эмес экендигин эскертти.
Энергетиктердин эсине жара чыкпаса, эл аралык каржы уюмдары мындан 3-4 жыл мурун ТЭЦтерди реконструкциялоого, энерго тармактарды модернизациялоого 300 миллион доллардан ашуун каражат берген. Ал акчалардын кумга сиңген изин эсеп палатасы баш болгон мамлекеттик көзөмөл органдары эмне үчүн териштирбейт? Жарандык коомдун өкүлдөрү ушундай талап менен ошол мезгилден бери коңгуроо кагып жүрсө да, алардын үнүн угуп койгон бирөө жок.
Энергетика менен жылуулук берүү тармагына тарифтерди көтөрүү менен өкмөттүн артында турган "ЦАРЬ" (М.Бакиев жетектеген "Центральное Агентство Развития..ны" Ак үй, Көк үйдөгүлөр кыскартып ушинтип атап алышыптыр) 2 нерседен утушка ээ болот деп жатышында чындыктын үлүшү көп.Биринчиден, Д.Үсөновдун сөзүнө ишене турган болсок, аталган тармактар баалардын көтөрүлүшү менен топтолгон каражаттын эсебинен бир-эки жыл аралыгында аздыр-көптүр реконструкцияланган болот. Экинчиден (бул эң башкысы) - тармактарды эртеби-кечпи сатып алчу бирөөлөр (албетте, Максимдин агенттиги аркылуу күрөөгө коюлуп, банкрот болгондон кийин сатылат) тарифти көтөрөбүз деп жок дегенде бир-эки жыл баштарын оорутпайт.
...Тоголок Молдо атабызга ыракмат (арбагы ыраазы болсун) - иттердин суукка үшүгөнүнө жан дүйнөсү жабыркап,аларга жылуу иткана салып бербеген "кыргызбайларга" 19-кылымда эле кулак кагыш кылган экен.
Тамсил жазылгандан бери кыргыз жеринде канчалаган кыш кычырады, бирок бир да ит ушул кезге чейин доолдай кийип кыштан чыккан жок. Доолдайларды якут туугандардын иттери гана кийишет. Эмне кылсак экен? "Тезек терип" көнгөн кыргыздар эми доолдай киебизби?

Машакбай РАХМАНКУЛОВ





 "Ыставай, страна!"

Ашырбек Болотов, "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын мүчөсү:
"Биздин максат -1993- жылдагы Конституцияны кайрып келүү"
Эл аралык бир топ эксперттердин айтымына караганда Кыргызстан жоголуп бараткан мамлекеттердин, ал эми кыргыздар жоголуп бараткан элдердин тизмесине кирип калды деп, 2006- жылкы ноябрь митингдеринен кийин кыргыз элинин патриотторубуз деген уул- кыздар "Кыргызстанды сактоо" патриоттук кыймылын түзүшкөн. Бул уюм учурунда Бириккен элдик кыймылды түзүүгө да активдүү катышкан. Биз бүгүн ушул кыймылдын мүчөсү Болотов Ашырбекти сөзгө тарттык.

- "Кыргызстанды сактоо" аттуу кыймылдын мүчөсү катары айтсаңыз, кыймыл кандай максатты көздөйт?
- Биздин негизги максатыбыз- Кыргызстанды, кыргыз улутун сактап калуу, ошондой эле ар кыл тарыхый кырдаалдарда кыргыз жерин мекендеп калган улуттардын Конституция берген укугун коргоо болуп эсептелет. Бул максаттарга жетиш үчүн биз бир канча пункттардан турган милдеттерди алдыбызга коебуз. Алсак:
Биринчиден, жеке бийликти орнотууга мүмкүндүк бербеген, мамлекеттин негизи болгон жер сатылбаган, жаратылыш, кен байлыктар, стратегиялык обьектилер улуттун кызыкчылыгы үчүн иштей турган, калктын бардар жашоодо өнүгүп- өсүшү үчүн, мал- мүлктүн, жеке адамдын өмүрүнүн, келечек муундун, илим- билимдин жана диндин коопсуздугун камсыздай турган, мыйзамсыз бузулган мыйзамдуу 1993- жылдагы легендарлуу парламент түзгөн жана кабылдаган Конституцияны калыбына келтирүү.
Экинчиден, азыркы бийликтин кемчиликтерин сындап гана тим болбостон, ошол кемчиликтерди оңдоого элге да, бийликке да Элдик кеңеш аркылуу жардам берет.
Үчүнчүдөн, коомдо ээлеген даражасына, күнөөсүнүн чоң- кичинесине карабай, мыйзамдуу 93- жылдагы Констититуцияны ордуна коюуга, Кудайды эске алып, ыйманга келип, аракет кылгандарды эл да, тарых да кечирип, акталаарына кепилдик берет.
Төртүнчүдөн, биздин максат- улутту сактоо болгондуктан ушул багытта кызматташууга бардык мекенчил, улутчул замандаштарды, саясий партияларды, коомдук уюмдарды, динге мамилесине карабай, бардык ыймандуу динчил адамдарды чакырат.

- Сиздер ордуна коебуз деп жаткан 1993- жылдагы Конституция ошондой, кынтыксыз Конституция беле?
- Эч бир жеринен кемчилик кетпеген, кынтыксыз Конституцияны азырынча адамзат жаза элек жана жаза албайт да болушу керек. Муну моюндап, ал, 93- жылдагы Конституция дагы кырдаалга жараша оңдоп- түзөтүүлөрдү Жогорку Кеңеш гана киргизе алат деп жазган. Анын негизги артыкчылыгы- мыйзамдуулугунда жана бейгам, бардар турмушта улуттун өсүп- өнүгүшүн камсыздагандыгында.

- Азыркы кырдаалга жараша, мисалы, кандай өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн?
- Биздин кыймылдын программасын окугандар туура эмес түшүнүп алып, тарыхыбызда болуп өткөн кулакка тартуу кайра башталабы деп кыжаалаттанышы мүмкүн. 1993- жылдагы Конституцияга эң биринчи кырдаалга жараша оңдоо болуп төмөнкүлөр киргизилет:
Биринчи- тоо- таш, жаратылыш кен байлыктары көп чырдын башы болгон жерибиздин чет мамлекеттерге кетүүсүнө себеп болуп жаткан жайлоолор, стратегиялык обьектилер жалпы элдин көзөмөлүнө алынат.
Экинчи- жеке менчик үлүшкө бөлүнүп берилген айдоо жерлер, чабынды жерлер, стратегиялык эмес обьектилер жеке менчикте калтырылат.

- Сиздин оюңузча ушул программа ишке ашабы?
- Мыйзамсыз жашоо мамлекеттин, улуттун жок болушуна алып келээрине көпчүлүк жарандардын көзү жетти го.

- "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын буга чейинки көзгө басар иштери кайсылар экенин айта аласызбы?
- Кыргызстанда өткөрүлгөн сансыз пикет- митингдеринин ичинде натыйжалуусу экөө гана болгон. Ошол эки акцияны уюштурган ушул кыймыл. Кыргызстанды биздин кыймыл ХИПИКке кирүүдөн арачалап калган. 2007- жылдын күзүндө ундун баасы 500 сомдон 1500 сомго көтөрүлгөндө "Кыргызстанды сактоо" кыймылы уюштурган митингдин талабынын натыйжасында ундун баасы 750 сомго түшүрүлдү. Эки жылдан бери ун ошол баада.
Эң кызыгы- ушул биз уюштурган акцияларга эч бир партиялар, коомдук ишмерлер катышкан эмес. Эркин Булекбаев гана "жашылдар партиясы" менен көмөк көрсөткөн.

- 2005-жылдагы март окуясычы?
- Ал революция болбой эле, "чылпагыбызды алабыз" деп көзүбүздү оюп алуу болбодубу.

- Улутчулдар дегенди кандайча түшүнсөк болот?
- Улутчул деп коркунучтуу сезилген бул сөздүн жакшы маанисинде түшүнүш керек. Улуттун негизи болгон кыргыздын тилин, дилин, жерин сактап калуу. Мамлекетибизде кыргыздар гана өркүндөп-өсүшү керек, калган улуттар кул болуп, ошол жакшы жашоону камсыздашы керек деген тантырак, текебер ойдон алыспыз.

Маектешкен
Айгүл Бакеева