Маселе №1

Чочко тумоосунан сактаныңыз!
Жакын арада эле Орусиядан кайткан эмгек мигранттарынын арасынан эти ысып, сасык тумоонун белгилери байкалган 11 адам текшерүүгө алынып, алардын аталган вирусту жуктуруп келгени дайын болду. Он күн өтүп-өтпөй тумоолордун саны 21ге, анан 27, эми 32ге жетти делип жатат. "Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?" дегендей, өп-чап жашоо кечирген бизге туруштук берчү иммунитет, каражат барбы дейсиң...

Азыр ааламда...
Молдовада чочко тумоосу 269 адамга жугуп, төртөөсү каза тапкан. 9-ноябрдан баштап мектептер, университеттер жабылды. Саламаттыкты сактоо министри Владимир Хотиниану элди чочутуп, жүрөгүнүн үшүн албоо өтө маанилүү экенин айтты. "Кээ бир пас саясатчылар чочко тумоосун саясатка айлантып жибериши мүмкүн. Биз Молдовада социалдык жагдайдын көзөмөлдөн чыгуусуна жол бербейбиз. Элди дүрбөтүүнү каалабайбыз" деди.

Ал эми Иранда 3 миң ирандыкка чочко тумоосу жугуп, 28 адам каза болгондугун Мехр агенттиги билдирди. Тегерандын өзүндө 70тей мектеп этияттык үчүн убактылуу жабылды.

Ооганстанда болсо окуу жайлар үч жумага жабылды. Ырасмий бийликтер чочко тумоосу 700 адамга жукканын, алардын 273 чет элдик жоокерлер экенин, сегиз ооган илдеттен өлгөнүн тастыктады.
Сербияда чочко тумоосунун коркунучунан улам даки беткапка болгон талап өстү. Күнүнө 60 миң даана даки беткап чыгарган Горнжи Милановачтагы фабрика жыл аягына чейинки заказды аткаруу үчүн 24 саттык иш режимине өттү. Бул илдетке 169 киши чалдыккан, анын ичинде 35 мектеп окуучусу катталды. Мектептер каникулга чыкканын Сербиянын билим берүү министри Зарко Обрадович билдирди. Ал: "Эпидемиологдор жана Салматтыкты сактоо министри менен кеөешип, мектептердеги күзгү каникулду узарттык. Балдар келерки шаршембиге чейин эс алышышат. Анткени, илдет жукса, анын биринчи белгилери 5-7 күндөн кийин пайда болот.

Украинада сасык тумоо жуккан 32,5 миң адам катталды, өпкөсүнө суук тийип, ошондой эле чочко тумоосу жугуп, 155 киши көз жумду. Жугуштуу илдеттен каза болгондордун көбү өлкө батышындагы Львов дубанынан. Бийликтегилер 255 миңден ашуун адамга тумоо жукканын билдирди. Алардын 83 миңи жаш балдар. Буга байланыштуу Украинада 2-ноябрдан тарта үч жумага мектептер жабылып, жыйналыштарга тыюу салынды.
Премьер-министр Юлия Тимошенко облустук ооруканаларды кыдырып, "жугуштуу дарт жуккан кеселдердин саны кескин азайып, абал бир нукка түшүп калды" деп ММКга билдиргени менен континенталдык Европада Н1N1 вирусу Украинада эң көп катталды.

Азербайжанда чочко тумоосунун вирусу Украинадан келген жарандан табылган. Даки беткап демейдегиден үч-беш эсеге кымбат сатылып, менчик клиникаларда чочко тумоосуна каршы вакцина 30 доллардан сунуш кылынууда. Дүйнөлүк банк 2006-жылы Азербайжанга чочко тумоосуна каршы күрөшүүгө 5,1 млн.доллар берген. Бүгүн ал акчанын 3,6 миллиону Саламаттыкты сактоо жана Айыл чарба министрлигине берилип, калган 1,5 миллиону изсиз жоголгону айкын болду.

Белорусияда чочко тумоосу жуккан 128 кесел катталып, көчөлөрүндө даки беткапчан жүргөндөрдүн саны көбөйүүдө. Ага карабай, Белорусиянын президенти Лукашенко: "Дары-дармектерди өндүрчү жана сатуучу супер коррупцияланган жана талоончул чөйрөдө эмне болуп жатканын аябай жакшы билем. Ылаңга каршы дары саткан компаниялар учурдан пайдаланып, кирешени көбөйтүү үчүн чочко тумоосун айтып, элди дүрбөтүүдө. Бүгүн чочкочо куркулдаса, эртең мышыкча мыелойт же уйча мөөрөйт" деп аларды күнөөлөдү.

Россияда да даки беткап кийгендер көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги, дарыгерлер, иммунологдор күндө телевидениеден чыгып, бул оорудан кантип сактануунун жолун, шарттарын, кайда кайрылуу тууралуу канкакшап айтышууда. Галина Червонскаянын пикирине таянсак, жеткинчек жана өспүрүм балдарга дары-дармектер боюнча каралган педиатриялык доза жок.
Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Хабаровск регионунда чочко тумоосунан сактануу үчүн жалпы эл даки беткап тагынуу режимине өттү. Транспорт, тамак-аш дүкөнү жана ресторандарда иштегендер жумуш убактысында даки беткапчан жүрүүгө милдеттүү. Бул тартип сакталбаса, ишкана 640 доллар, жетекчиси - 130, кызматкер 17 доллар төлөйт.

А биздин өлкөдө да даки беткап тагынгандардын саны күн санап өсүүдө. Борбор калаабыздын дарыканаларында даки беткап жок. Болсо да баасы көтөрүлүүдө. Бир эле колдончу 5 сомдук даки беткаптын баасы 10, 15, 25, азыр 30 сомго чыгыптыр. Колго тиккендер болсо: "бул ыргытылбайт. Жууп, кайра тагына бересиз" дешип, 40-50 сомдон сатып жатышыптыр. Эмне кылабыз, пендебиз да. Пенделик кылып, дары саткандардан сактаныңыз!

Даярдаган
Назира СААЛИЕВА