Аймактын көйгөйү

"ТЫНЧТЫКТА ЖАШАГЫҢ КЕЛСЕ, СОГУШКА ДАЯРДАН"
СССР ыдырагандан кийин мурдагы советтик аймактарда жаңы мамлекеттик түзүлүштөр пайда болду. Дүйнөлүк тажрыйбадан көрүнүп жүргөндөй, жаңы түзүлгөн мамлекеттер көз карандысыздыгын жарыялап, демократиялык принциптерди тутунаарын, эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын тааный тургандыктарын шардана кылышты. Ал эми иш жүзүнө келгенде баары башкача боло баштады.

Борбор Азиядагы мамлекеттер демократиянын терисин жамынып алып, орто кылымдык адеп-ахлактардын үлгүсүнө окшошкон монархиялык тартипке ык тарта башташты. Кимдир бирөөлөр "улуттун атасы" болууга жан далбас уруп жатса, башка бирөөлөр бүтүндөй Борбор Азия аймагынын лидери болууну кыялданат. Жаш мамлекеттер токтоо саясат жүргүзүүнүн ордуна, жаш адамдарга окшоп эмоционалдуу,өңгүл-дөңгүл саясат жүргүзүп туруп алышты. Ошондуктан буга таң калуунун деле кереги жоктой. Бирок ошенткен менен бул окуяларга кайдигер кароого да болбойт эле. Мындай кылуу кечирилгис ката болмок. Анткени бардык мамлекеттер чек ара маселелери боюнча өз ара кырды бычак абалында - капитализм менен феодализмдин чырмалышкан чынжырына оролуп калган абалга туш болгон.
"Тынчтыкта жашагың келсе, согушка даярдан" деп бекеринен айтылбаса керек. Бир караганда, бул карама каршылыктуу чакырык. Бирок ошондой болсо да анда согуш алааматтарынын көп кылымдык дүйнөлүк тажрыйбасы топтолгон жана көз карандысыз мамлекеттердин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого бир топ эле түрткү берип турат.
Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо ага сырттан болуучу ар кандай коркунучтардын мизин майтарууга жараган план ченемдүү, терең ойлонуштурулуп түзүлгөн мамлекеттик коопсуздук системасын түзүүгө байланыштуу. Бул өзүнө аскердик-саясий абалга баа берүүнү, коркунуч жаратуучу булактарды билүүнү, аскер стратегиясын иштеп чыгууну талап кылат. Жүргүзүлгөн талдоолорго таянып согуш об"ектилери, транспорттук коммуникация курулушу зарыл. Мунун натыйжасында аскер бөлүктөрү зарыл жерлерге көчүрүлүп, аларды керектүү курал-жарак, техника менен камсыз кылып турууга болот. Башкача айтканда, аскердик курулуш ар кайсы күч структураларын түзүү менен гана чектелбей, күтүлүп жаткан тышкы коркунучка татыктуу туруштук берүүчү бүтүндөй бир системанын түзүлүшүн шарттайт.
Кыргызстанда тилекке каршы коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине эч качан олуттуу мамиле жасалган эмес. СССРден мураска калып калган согуш техникасы менен мүлкү кандайча шашылыш жана жашыруун сатылганы белгилүү. Инфраструктура болсо мурдагыдай эле абалда калып, принципиалдуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Совет мезгилинде аскер курулушу согуш коркунучу Кытай тараптан болушу мүмкүн деген божомол менен жүргүзүлгөн. Бирок көз карандысыздыктын жылдарында дүйнөдөгү аскердик-саясий абал олуттуу түрдө өзгөрдү.Өлкөгө коркунуч туудуруу мүмкүнчүлүгү түштүк тарапка ооду да, аскерлердин жайгашуусу болсо сырткы коркунуч азыраак болуп калган түндүк тарапта кала берди. Бүгүнкү күндө чыңалуунун эң коркунучтуу очогу болуп Фергана өрөөнү кала берүүдө. Чечилиши өтө чырмалышкан түйүндөрдүн чордону дал ушул аймакта. Сөз суу-жер маселеси, чек ара талаштары, экстремизм жана терроризмдин, улуттар аралык чыр-чатактардын коркунучтуу очоктору жөнүндө жүрүп жатат.Чыңалуу жаратып жаткан айрым очоктор менен чыр-чатактар эртеби-кечпи системалуу мүнөзгө ээ болушу да мүмкүн. Анда кеч болуп калат да, өрт чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондуктан учурдагы проблемаларга көз жумду мамиле жасоого болбойт. Кимде- ким "булар өзү менен өзү чечилип калат" деп ойлосо, муну алардын саясий позицияга коркоктук менен, өзүн өзү алдаган мамилеси деп эсептесе болот. Мындай көйгөйлөр өзү менен өзү эч качан чечилип калбайт.
Бул жерде Фергана өрөөнүнө кирген мамлекеттердин башчыларынын саясий эрки керек. Аймактагы стабилдүүлүк ошолорго жараша болот. Тескерисинче, ишти иритсе да ошолор иритет.
Ооба, бизде бир нече күч министрликтери бар. Ар жылы эки жолу Куралдуу Күчтөрдүн катарына жаштар чакырылат. Офицерлер менен генералдардын саны самандай сапырылып эле баратат. Бирок тилекке каршы Кыргызстанда мамлекеттик коопсуздуктун бирдиктүү системасы түзүлгөн эмес. Бир сөз менен айтканда, биздин мактана турган, дердеңдей турган жөнүбүз деле жок, анткени өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү жана элинин биримдиги камсыз кылынган эмес. Бул туурасында бүгүн ачык-айрым айтышыбыз керек. Кийин кеч болуп калышы да мүмкүн.
Биз жогоруда сөз кылган көйгөйлөрдү чечүү мамлекеттин гана милдеттерине кирет. Бирок Ысак Шайбеков ырдагандай, "кайран элдин" мойнуна көзү көр, кулагы кер, бирок дайыма эле баш көтөрбөй иштеп жаткан түр көрсөткөн парламентти мингизип койсо эмне кылабыз? Колу-буту тушалган, өмүр бою эле ар кандай кризистер менен "күрөшүүдөн" башы чыкпаган жармач, жарым жан өкмөт сөрөйүбүз бар болсо эмне кылабыз?

Мирослав НИЯЗОВ,
коомдук ишмер





Чыйрыктырган суроолор
Жыгылган оогонго күлөбү же ыйлайбы?
Бүгүнкү күндүн бүк түшүрүп жаткан хан сарайдагы оюндары менен эч иши жок элеттик карыя редакцияга келип, (жыргаганынан эмес, каратып туруп укугунун тебеленгенине даттанып келиптир) "Кыш али келе элек. А биз эмитен эле электр жарыгына таңсык болуп калдык. Көмүрдүн баасы болсо асмандын башы. Анан да жаңы жылдан тарта свет, газ, жылуулук дегендериң, ага кошулуп тамак-аш да кымбаттайт" деп атышат. Өкмөтүбүз эмнени карап отурат?- дейт.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик акциялардын жападан жалгыз ээси, кожоюну - өнүктүрүү фонду болуп калганын, ал эми анын кожоюну (Шакем айткандай) Борбордук агенттик дегендин деректири экенин айтсак, "кайдагыны айтып башты оорутасыңар" дейт. Айылдын абасындай таза, көңүлүндө кири жок кайран карыя. Өлкөбүздө өкмөтүбүздүн аты эле болбосо, заты жок калганын али биле элек окшойт. Ал тургай аны колдоп жөлөп, мактап - жактап жүрчү гезиттеринен айрылганын да кайдан билсин. Ал эми ошол Кыргызстан деген өлкөнүн өнүктүрүү фондун өзүбүздүкү эмес, чет өлкөлүк фирмалардын башчылары башкарып жатканын көрүп, билип турсаң улуттун "ар намыстуу" дегендери да унчуга албай турат го. Бул жөнүндө "Аргументы и факты" гезитинин Кыргызстандагы басылмасы да ушинтип үшкүрүнүп алды. "Фонддун активине чет өлкөлүк эки компания ээлик кылат" деп жазды алар. "Өкмөтү жок өлкө эми эмне болот?" деп суроо таштады андан ары. Чынында эле ушундай да өкмөт болобу?

Нурдин АСАНОВ