Окурмандар жазышат

"Четтен келгендер эмес, өзүбүздөн чыккан каапырлар коркунучтуу"
Ойдо жок ойлор...

Акмакка "алтын" заман,
Нааданга "жыргал" заман.
Даанышманды өкүнткөн,
Жакшыга куурал заман.
***
Жалаң калпты ышкыртып сүйлөп күн өткөрүү үчүн да адам "өлө чоң таланттуу" болуусу зарыл. Мына ошондуктан да биздин коом "таланттууларга" бай.
***
Саясатты "ыплас оюн" деп айтышат. Бирок, ошол "ыплас оюн" үчүн жан алып, жан бергендерге таң калам.
***
Кыргыз сөздү чукугандай таап: "Аткаминер" деп айтат го, чиркин! Аларды "дипломдуу паракор, жемекор" деп айтса капа болуп калат, деген ойго барган го элдик акылман.
***
Четтен келгендер эмес, өзүбүздөн чыккан каапырлар коркунучтуу.
***
Жетимиш жыл адашкан "кулдар", дагы жетимиш жыл ийри жолдон чыкпайт окшойт.
***
Кудай сени акмак кылып жаратып койгон болсо капаланба, демек, сен өзгөлөргө ибрат (үлгү) болуп күн өткөрүүдөсүң.
***
"Күн өткөрүү" менен "Жашоо"нун арасында эшек менен аттай айырма бар. Болгону аны эшек эшектей, ат аттай чечмелейт.
***
Дүнүйөкор менен "паракор"дун айырмасы - биринчиси чогулткан дүр-дүнүйөсүн жанындай сүйсө, экинчиси, ичинен үркүп турат.
***
"Ууру карыса молдо болот" деп айтышат, анда паракор карыса ким болот?..

Эргаш Абдурахмон,
Карасуу шаары





Төрт саптар
Дил эңсеген ашууга жете албадым,
Наадан, акмак чөйрөдөн кете албадым.
Урпак болуп татыктуу Манасыма,
Элиме бир куттуу сөз айта албадым.

Адамдар - оолуккан дайрадай агат,
Кээ бири тебелеп-тепселип барат.
Келесоо турмушта келесоо болуп,
Жашоо да эрдикпи? Ай, атаганат...

Жакшыларга жанашкын балам,
Жамандардан адашкын балам.
Аттиң айы келгенде балам,
Падышаң да бералбайт жардам.

Бул эски дүйнөнүн оорусу жаңы,
Замандын сырдуу сандыгы жаңы.
Эшек- эшек бойдон калыптыр кара,
Болгону, белинде жабдуусу жаңы.


ПРОКУРАТУРА мыйзамдын кулубу
же "Ак Жолдукубу"?

Укмуштуудай реформалар башталат деп, ажо убада кылганына бир айдын жүзү толду. Жумушчу топтор деле иштеп бүттү, бирок азырынча кандайдыр бир конкреттүү реформалар, же өзгөрүүлөрдүн жыты жыттанбай турат. Эмнеси болсо да ажо айткан сөзүнө туруп чынында эле мамлекетти, эң башкысы элдин жашоо турмушун оңой турган шарттарды түзгөнгө кудурети жетип берсе дурус болмок, же кезектеги "убадалар" сериалыбы көрө жатаарбыз. Буга окшогон убадаларынын канчасын угуп, ишенип келген карапайым элибиз эми деле ишенип калды окшойт. Реформа деген жаңылануу, өзгөрүү, айтор жыргал жашоо-деп мамлекеттик ММКлар аркылуу байма-бай жарыяланып жатат. Бирок ушул өзгөрүүлөрдү өздөрүнөн баштаса жакшы болоор эле. Мисалы, бийликте тургандар өздөрү көз көрүнө мыйзамды бузуп жатса, катардагы атуулдар кантип ошол бийликке ишенип, мыйзамды сыйласын?
Бир мисалды келтире кетейин. Бүгүнкү күндө ким бийликте турса ал үчүн мыйзам да жок, тартип да жок болуп калган бейм. Мына, борбор калаабыздын Свердлов райондук прокуратурасы туурасында учкай гана кеп улайлы. Шопоков көчөсү ... деген имараттын экинчи кабатында Свердлов райондук прокуратурасы жайгашкан, алардын алдыңкы кабатында ажонун "Акжол" партиясы орун алган. Баардыгы тең бир эшиктен кирип, бир эшиктен чыгып, бир күндө жүз көрүшөт. "Акжолчулардын" "Нива" деген унаалары прокурорлорго орун бербей короонун ичинде тизилип токтоп турат. Терезелеринин баардыгы тең кап-кара (тонирока) болуп чапталган. Бирок, (мыйзам) боюнча бир дагы унаа минтип кара түстүү терезе койдурганга укугу жок. Демек, "акжолчулар" мыйзамды бузуп жатышат. А, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырган түбүндө турган прокуратура буга көзүн жумуп байкамаксанга салып жүрөт. Буларга прокурорлор гана эмес, МАИ дагы унчукпайт. Болбосо ошол Шопоков көчөсүндө инспекторлор таңкы саат 8ден баштап турушат, башкаларды көрөт да, ушул "ниваларды" байкабайт. Эми реформалар башталса ушуга окшогон кошоматчылыктар да жоголоор деп, калп да болсо үмүттөнөм.

Таалай Аскеров,
Бишкек шаары


Ажомо кат

Олтурсам терең ойго батам,
Ойлонуп ар нерсени, санаа тартам.
Акыл-эс, акыйкат, намыс деген,
Бийликке, кашайгыр келет качан?

Эси ооду, аргасы жок элибиздин,
Пайдасын көрө албастан жерибиздин.
Бийлигиң жеп, жулгандан уялбады,
Кайыш алып жонунан, өз элинин.

Эл бийлеген ажону "хан" деп коет,
"Хандын" сөзү эч качан эки болбойт.
"Аныбыздын" калп убада бергенине,
Көпчүлүктүн көңүлү деле тойбойт.

Ажобуздун сөзүнө карасаңар,
Маңыздуубу, чындыкпы бааласаңар.
Иш жүзүнө келгенде ал сөздөрү,
Сапырылып жок болот куюн сымал.

Терикпестир жол башчыбыз бул чындыкка,
Атаганат, андай эмес болсо гана.
Айткандары аткарылбай кала берет,
Илингенби чыга албаган "кир" кылтакка.

Ажобузга дегим келет аз болсо да:
Кызмат кылчы, элиңе кеч болсо да.
Кутулсаңчы жаныңдагы көркоолордон,
Билинбестен казып жаткан көрдү сага.

Бу турмушта бардыгы дале астыда
Кыргыз деген намысты кой алдыга.
Ишке өтсөң акыйкатты бириктирип,
Бир Кудай, элиң болот тирек сага.

Жуман Асгазиев,

Алматы шаары.


Көкөтай кыргыз беле,
казак беле?

Бокмурун Көкөтайга аш берчү эле.
Эгерде Бокмурунуң казак болсо,
Көкөтайдын ашына кошконум деп
Кан Манас Каркыраны берди беле?

Ысык- Көлдүн тең жарымын казактарың,
Кыргыздан зордук менен алды дешет.
Кайран эл алсыздыгын билип туруп
Кек санап калган экен колду кезеп.

Билесиңер Ала-Тоонун барчындарын
Соо койбойт кууп жетип качырганын
Эсирбей карт тарыхты ачып көрсөң,
Окуйсуңар душманынын асылганын.

Эч качан бөтөндөргө колтук ачпа,
Кыргызым мына бүгүн канча жашта?
Ата-бабаң белек кылып берген жерин
Сапырып туш тарапка бербе, чачпа.

Кут куюп бак даарыган жерибизге
Сугун артып Кенесары келген экен.
Кыл чайнашкан ошондогу чоң урушта,
Бабалар кадам жерди берди бекен?

Кенесары, Ноорузбай дөө-шаалары
Чөгөлөшүп колго түшүп берген экен.
Миң сандаган кумурскадай казактарды
Бириккен бир ууч кыргыз жеңген экен.

Абдысатар Чоноев,
Бакай-Ата району.