Шахматист чындык издейт

"Сенин намысыңды "наплевать" деди…"
Гезитибиздин 30-октябрындагы №36 санына журналист Кенжебек Арыкбаевдин "Семетейдин туусу көтөрүлбөй турат" деген макаласы жарыяланган. Анда автор Акылбек Жапаров жетектетеген шахмат федерациясынын бүгүнкү абалы, Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасынын мүчөсү, өспүрүмдөр арасындагы дүйнөнүн, Азиянын чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин бүгүнкү абалы жөнүндө баяндаган.


Макала гезитке жарыялангандан кийин Семетей Төлөгөн тегиндин машыктыруучусу, (атасы) шахмат федерациясынын вице президенти Афанасий Конга чакырылат. Машыктыруучунун айтканына таянсак кире бергенде эле А.А.Кон "Сен эмне гезиттерге даттанып жүрөсүң?" деген кекээрлүү суроосун узатат. Анда Т.Исаев болсо чындап эле бүгүнкү күндө федерацияда иш жүрбөй жатканын, чыныгы таланттар камкордукка алынбай келгенин айтып берсе,
- "Семетейди алып федерациядан кет" дейт, А.Кон. Ызаланган Төлөгөн Исаев "Сиз антпеңиз, биз Кыргызстандын намысы үчүн эч жакка кетпейбиз" десе "плевать, сенин намысыңды" деди деп, редакцияга келиптир. Бул жөнүндө Афанасий Кон дагы, "андай эмес, мындай" деп өз жообун берээр. Басма сөз мыйзамына ылайык экинчи тараптын да жообун берүүгө даярбыз. А бирок, чындыгында эле бүгүнкү күндө өлкөнүн шахмат федерациясы оор абалда экенин моюнга алганыбыз эп. Ал эми Семетей демекчи, чынында эле бул жигит таланттуу шахматист. Мындай таланттар оңой менен пайда боло бербейт. Жапарову болобу же Кону болобу гезит бетине жарыяланган макалага чычалабай, маселени оң жагына чечүүгө аракет кылышса болмок. Бир эле мисал, май айында өтөт деген шахмат боюнча өлкө чемпионаты белгисиз себептерден улам сүйрөлүп олтуруп августта өткөрүлөт. Анда биринчиликти гройссмейстер Юртаев менен Семетей Төлөгөн тегин утуп алат. Экөө тең жетиден упай топтошот. Бирок, шахматтык эреже боюнча Юртаевге биринчи, Семетейге экинчи орун ыйгарылат. Биринчи орунга 10 миң сом тапшырылып, экинчи орун үчүн 7 миң сом берилмекчи болот. Бирок, анысы да толук берилбей Семетейге 4 миң сомун берип, калган үч миң сомун кийинчерээк беришмекчи болот. Эми ошол акчаны федерация али күнгө чейин көрүнгөн шылтоону айтып, бербей жүргөнү кайсы жорукка сыят? Дал ушундай таланттарды түшүнбөй, жээригендин айынан Э.Инаркиев деген кыргыздан чыккан шахматчыбыз убагында өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Анын талантын биз баалабасак да, башкалар баалап, учурда Орусиянын курамында ойнойт. Мен деген дүйнөлүк шахматчылардын рейтинг тизмесинде ааламдагы 20 шахматчынын бири. Бүгүнкү "жапаровчулар" да Семетейди жээрисе...
Деги эле Афанасий Кон деген ким? Аты айтып тургандай эле улуту кореец. А.Жапаров экономиканы өнүктүрүү министри болуп турганда, анын кеңешчиси болчу. Ушул күздөн тарта Акылбек мырзанын шахмат федерациясындагы биринчи орун басары (вице президент дейличи). Баса, федерацияда дагы бир кызыгы, оюнчулардан да оюнчулардын үстүнөн иш алып барган "начальниктери" көп. Мисалы, А.Кондон башка, А.Жапаровдун эки вицеси, президиумда болсо 25ке жакын киши олтурат. Ал эми федерацияда онго жетпеген (мыкты делген) саналуу гана шахматисттер бар. Эми ушунча жетекчи иштеп жүрүп, үзүрү бул - Кыргызстан ФИДЕнин (эл аралык шахмат федерациясы) курамынан чыгып калды.
Шахмат демекчи, жакында Азербайжандын шахмат боюнча курама командасы Европанын чемпиону болушту. Алар мындай жетишкендиктерге жетүүгө жеке өзү көзөмөл кылган өлкө президенти Илхам Алиевге, өлкө башчысынын камкордугуна алкыш айтышууда. А, бизде болсо кыргыздын намысын көтөрөм деген Семетей сыяктуу азаматтарга жасалган мамиле тиги. Балким, акыл-ойдун падышасы болгон шахмат жаатындагы абалга ЖК спикери А.Тагаев, акыйкатчы Т.Акун, борбордун мэри Н.Тюлеев, балким ажобуз Курманбек Салиевич көңүлүн бөлөөр…




  Кримсап

Журналистти сабагандар изделүүдө
2-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМ "Ош шамы" гезитинин журналисти К.Жолдошевдин сабалышы тууралуу маалымат таратты. ИИМдин билдирүүсүнө караганда бул иш боюнча азыркы күндө Ош шаардык ИИБ тарабынан кылмыш иши ачылып, журналистти сабаган белгисиз азиат улутундагы кылмышкерлер изделүүдө. Эске салсак, журналист К.Жолдошев 1-ноябрь түнү белгисиз адамдар тарабынан уур-токмокко алынып, ооруканага жеткирилген.

Меймандарга кол салышты
1-ноябрдан 2-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын Мессароша көчөсүндө жайгашкан мейманканага белгисиз куралчан адамдардын тобу кирип, мейманкананын меймандарын тоноп кетишкен. Белгисиз кылмышкерлерге бир адам каршылык көрсөтүүгө аракет жасаган. Бирок, түнкү каракчылар аны бутка атып, качып кетишкен. Окуя болгон жерден криминалисттер Макаров тапанчасынын бир гильзасын табышкан.

Ну, сотогой!
Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну К.В 2-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын айтымына караганда ага1-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Маяковский менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз аял күч колдонуп, чөнтөк телефонун тартып алган. Арыз түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери тез арада Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде жашаган 1980-жылкы М.Э колго түшүрүшкөн. Колго түшүрүүдө кармалган айымдан чөнтөк телефон табылып, азырынча бул иштин толук чоо жайы такталууда.

Ат ээсин тапты
Ат-башы районунун А.Кожогелдиев аттуу тургуну укук коргоо кызматкерлерине арызы менен кайрылган. Анын билдиргенине караганда, ушул эле районго караштуу Ача-Кайын айылында белгисиз адам аны жана 15 жаштагы инисин сабап, жылкысын тартып алган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан бул ишке шектүү деп 1989-жылы төрөлгөн Б.А кармалган. Жылкы ээлерине кайтарылып берилип, бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

"Жигули" айдап, абакка
Дагы бир тоноочулук фактысы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталды. К.Маматов аттуу жигиттин ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаасын, азиат улутундагы, 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз адам күч колдонуп, айдап кеткен. Көп узабай, Сузак РИИБнын кызматкерлеринин жүргүзгөн издөө иш чарасынын жыйынтыгында кылмышка шектүү Сузак районунун тургуну Б.К. кармалган. Автоунаа канааттандырарлык абалда К.Маматовго кайтарылып, Б.К. карата кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.

Героин жүктөнгөн тажик
Борбор калаабызда Тажикстандын жараны колго түшүрүлдү. Ички Иштер Министрлигинин пресс-кызматы билдиргендей, коңшу өлкөнүн жараны 2 кг салмактагы героин менен Бишкектеги "Ак-Сай" мейманканасынан кармалган. Бул иш боюнча азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Даярдаган
Данияр Өсөров