мода, мода, мода

Адамдын көркү чүпүрөк
Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында 6 жаштагы бөбөктөн 18 жашка чейинки кыздар мода көрсөтүшүүдө.
Тагыраак айтканда, "Мода жумалыгы - 2009" аттуу конкурс жүрүүдө. Мыкты дизайнерлердин кийимдеринин үлгүлөрүнүн катарында Кыргыз-славян университетинин, И.Арабаев атындагы университетинин жана КМУнун студенттеринин да мезгилге жараша тиккен кийимдери ат салышууда. Калыстар тобу он эки адамдан турат. Калыстар тобуна Казакстандын, Санкт-Петербургдун дизайнерлери чакырылган.

Азырынча бардык катышуучуларга ийгилик каалап туралы. Ким утуп, ким калаары 9-ноябрда билинет. Кененирээк материалды конкурстун жыйынтыгында окуй аласыздар.