Андай теппей, мындай теп

Бишкек-Москва:
салкындаган саясат
Кыргызстан менен Россия аткарууну болжогон энергетика жана аскердик багытта долбоорлор кечеңдеп, эки тарап көздөгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, "Кыргызгазды" менчиктештирүү, түштүк региондо газ кендерин геологиялык чалгындоо боюнча долбоорлор кыймылсыз турат. Ал эмес түштүк региондо аскердик базаны ачуу боюнча конкреттүү датасы коюлган меморандумду аткаруу максатында бир да кадам жасалганы байкала элек.
Мына ушунун айынан быйылкы жылдын февраль айында Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин Москвадагы жолугушууларынан соң өр ала баштаган эки тараптуу кызматташуулар эмне себептен деми кайтып калды деген суроо пайда болууда.
Буга Манас аба майданындагы АКШнын аскердик базасынын аты өзгөрүп, өзү кала бериши же Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга кескин каршы чыккан Ташкендин таасири күчтүү болдубу? Же Россиянын 300 миллион доллар насыясы Кремлдин келишкис душманы болгон Борис Березовский менен байланышы бар деп шектелген менчик MGN groupтун колуна түшүүсү орус тарапты иренжиттиби? деген суроолор пайда болууда.
Ишкерлик келишимдерден сырткары түштүк региондо аскердик база ачуу боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрү да ордунан жылбай турат. Август айынын башында Кыргызстанда Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев кол койгон меморандумга ылайык базаны ачуу боюнча келишимге тараптар 1-ноябрга карай жетишиш керек эле. 1-ноябрь келди. Ал эми келишим тууралуу кабар жок.
Бул арада орустун такыр баштары кыргыз эмгек мигранттарына чабуулду күчөтүп, октябрь айынын ичинде эки кыргызды өлтүрүштү. Бул өз кезегинде такыр баштардын жогору жактан башкарылуусунан же алардын саясий мамилелерге өтө дыкат байкоо салып турушунан кабар берип тургандай.
Саясат таануучу Токтогул Какчакеев АКШ базасынын "Манаста" кала бериши кыргыз-орус мамилесинин өнүгүү динамикасына терс таасирин тийгизди деп эсептейт:
- Ошол саясаттардын ичинде биздин кылт этмелигибиз орус мамлекетине жакпай тургандыгы айгине болуп жатат.
Бирок, кыргыз бийлиги Москвага "ак чөп башта" дегендей белги берип, Испания жана Франция аскерлеринин "Манаста" кала беришине уруксат берген жок. Бул эки өлкөнүн аскерлери Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу жума башында, 26-октябрда маалымат чыкты.
Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков орус тарапты 300 миллион доллар насыяны Бишкекте менчик колдорго берилип кетиши иренжитип турушу ыктымал дейт:
- Ар бир өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдер, убадалар так аткарылып, бири-бирине ишеним көрсөткөндө эки жактуу кызматташуулар абдан жакшы өнүгөт. Эми азыр мындай карап көргөндө биз тараптан анча-мынча туура эмес иштер болуп жатат. Жанагы насыяны берип жатканда ойлонулган да, эми булардын өкмөтү эл үчүн иштетип алат деп. Биздин бийлик болсо аны жеке менчик адамдардын колуна өткөрүп атат. Ушунун негизинде айтаарым, бардык маселелердин токтошу ушуга тиешеси бар болуп жаткандай. Орус бийлигинин ичинде "Азияуниверсалбанкка" анча-мынча иштерди козгогон адамдар да бар. Мен ойлойт элем, ушунун баарын изилдеп көргөндөн кийин орус бийлиги тайсалдап, бул акчаларды туура эмес иштетишет деп, убактылуу токтотуп калса керек.
Кандай болгон күндө да стратегиялык өнөктөш болгон кыргыз-орус мамилесинин динамикасында жайлоо орун алганы айкын болуп турат. Ал кайсы тарапты карай өзгөрөт. Аны мезгил көрсөтөт.

Айданбек Акмат уулу




  Сырдуу ок

"АК ЖОЛЧУЛАР" АВТОМАТ МЕНЕН АҢЧЫЛЫККА БАРЫШЫПТЫРБЫ?
"Ак жол" деген "партия" бойго бүтпөй эле 2-3 күндө төрөлүп калганын эл билет. Никесиз төрөлгөн "шумпай баланын" (Рузвельттин сөзү) кыргыз элине кылбаганы жок го? Ошол шумпай "Ак жолдун" кезектеги бир "комедиясына" Жогорку Кеңеште чачтарын жулуп жаткан кези. ЖКнын коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана соттук -укуктук реформа бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Батырбаев кайсы бир аскер бөлүгүнөн "депутаттар ок атып машыгышат" деген шылтоо менен 200 даана күжүрмөн окту алып кетиптир. ЖК төрагасы Башкы прокурорго "текшерип берчи" деп кат берип, өздөрү да комиссия түзгөн болушту. Коммунисттердин ана башчысы И.Масалиев "Кантип эле Жогорку Кеңеш чогулуп аңчылыкка чыксын" десе, К.Исабеков "ок менен ойногонду оңколотуш керек" деген кыязда үстөл муштаган болушуптур.
ЖКнын экс-спикери Ө.Текебаевге ЖКнын токтому менен берилген куралын Текебаев Таласка барганда аңдып жүрүп "колго түшүрүп", кылмыш иш ачкан, А.Жекшенкуловго белекке берилген тапанча менен дагы эле Таластагы түрк ишкери "атып өлтүрүлгөн" деген шылтоолор менен кылмыш ишин ачкан азыркы бийлик "200 даана окту "ак жолчу" Б.Батырбаев топ таш ойногонго эле алыптыр" деп коюшу деле ажеп эмес.




  Жылуулуктан...акчабы?

Азырынча үшүбөйсүңөр
"Бишкек жылуулук берүү тармагы" ишканасынын билдиришинче учурда күн жылуу болуп жаткандыгына байланыштуу жылуулук берүүнүн так мөөнөтү белгилене элек. Азыр абанын температурасы 20 даража жылуу болуп жатат. Качан гана ал 8 даражага түшкөндө жылуулук бериле баштайт. Аба ырайынын өзгөрүшүнө карата болжол менен жылуулук 3-ноябрдан 9-ноябрга чейинки убакта берилип калышы ыктымал. Учурда ишкана жылуулук берүүгө толук даярдыкта турат.


  Эне тилим, эне сүтүм

Мыйзамга кор болгон тил
КР ЖК маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, бүгүн парламенттин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралат.
Комиссия жоюлуп, маданият агенттигине жабыштырылса, мыйзамыбыз биротоло жок болуп кетпес бекен? "Ак жолго" ишенелиби? Күтө туралы...


  Дөңгөлөк үстүндө

Кырсык каш кабактын ортосунда
1 - ноябрь күнү саат 18:10до Сокулук районунун Шопоков шаарынын аймагында жол транспорт кырсыгынын кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы төртөөсү денесинен оор жаракат алышкан. Бишкек - Чалдовар жолунун 20 чакырымында "БМВ - 520","Митсубиси - Динго", "Мерседес - Бенц - 250" жана "Фольксваген - Пассат" автомашиналары кагылышкан."БМВ - 520" автомашинасынын айдоочусу, 24 жашар Азамат Биримкулов жана анын автомашинасында отурган 25 жашар жүргүнчүсү Руслан Акматов оор жарадар болушуп, Сокулук аймактык ооруканага жеткирилишкен. Дагы бир жүргүнчү - Беловодск айылынын жашоочусу Толгонай Суйунбаева (1988 - жылы туулган) - ооруканада көз жумган.Ошондой эле, "Митсубиси" автомашинасынын жүргүнчүлөрү: Бишкектин жашоочулары Марина Землянская(1973 - жылы туулган), Татьяна Лусникова (1976 - жылы туулган), Максим Лусников (1998 - жылы туулган)- каза болушкан .