Оюндан от чыкты

29-октябрда Бишкектеги "Спартак" стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы менен Ош шаарынын "Алай" командалары беттешти.
Оюн учурунда жаңжал чыгарган Оштун "Алай" командасына 30 миң, машыктыруучусуна 10 миң сом айып салынып отурат.


"Дордой" спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касеновдун айтымында, алгач эрежесин бузгандыгы үчүн "Дордойдун" капитаны Руслан Сыдыковго калыс сары кагазын көрсөтүп, эскертүү берген.
- Андан кийин эле "Дордойдун" чабуулчусу Мирлан Мурзаевди "Алайдын" дарбазачысы айып аянтынын четинде бутка тээп жыккан.
Оюндун 20-мүнөтүндө эле эрежени одоно бузган "Алайдын" дарбазачысы Едгор Маматбаевге башкы калыс кызыл кагаз көрсөтүп, футбол талаасынан чыгып кетүүсүн талап кылды.
Тилекке каршы, Оштун "Алай" командасынын башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавлянов оюнчуларын футбол талаасынан алып кетип, Кыргызстандын чемпионатынын кезектеги беттешүүсү жаңжалдан улам үзгүлтүккө учурады.
"Алайдын" башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавлянов калыстардын мындай чечимине макул эмес:
- Оюндун эрежеси бузулганын моюнга алам. Айып аянтында биздин дарбазачы чабуул коюп келаткан Мирлан Мурзаевден топко мурда жетип, кармоого аракет кылып, болбосо топту бут менен тээп жиберүүгө умтулган Едгор Маматбаевге чалынгандан улам Мирлан томолонуп гана жыгылган. Мындай учурда оюндун эрежесин бузгандыгы үчүн калыс сары кагаз гана көрсөтүшү керек болчу. Кызыл кагазды көрсөтүп, оюндан дарбазачыны кууп чыкканына макул эмеспиз. Мындан башка бизде дарбазачы да жок болчу. "Дордойдун" гана таламын талашып, алардын эреже бузгандыгына көз жумуп, калыстык болбой жатат.
Өлкөнүн футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаевдин пикиринде ,Жогорку Лигада ойногон командалардын деңгээли төмөн. Мындай жаңжал үчүн Оштун "Алай" командасына федерациянын тартип комиссиясы 30 миң сом айып салып, башкы машыктыруучуга да чара көрүүсү зарыл.
Мындай пикирге футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов да кошулуп, чемпионат өткөрүүнүн тартиби, жоболору сакталбай, эрежелер бузулуп келгендигин билдирди.
Өлкөнүн футбол федерациясынын тартип комиссиясынын чечимин федерациянын бөлүм башчысы Нурдин Букуев бул окуя боюнча төмөндөгүчө маалымдады.
- Ошентип, футбол федерациясынын тартип комиссиясынын чечимине ылайык жаңжал болгон беттешүү Нарындын "Дордой-Динамо" командасынын пайдасына 3:0 эсебинде чечилип, Оштун "Алай" командасына 30 миң сом айып салынды.
Тартип комиссиясынын чечими менен "Алай" командасынын башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавляновдун өзүм билемдиги, тартипсиздиги үчүн ал 5 оюндан четтетилип, ага да 10 миң сом айып тагылды.
Бирок, Оштун "Алай" командасы Жогорку лигадагы кезектеги беттешүүлөрүн улантууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кабыл Макеш