Тагдыр

Ыраазычылык
Дайыма таблетка ичип калган. Антпесе болбойт. Төрт-беш саат өтүп-өтпөй эле муштумдай жүрөгү тикилдеп, сол көкүрөгү сайгылашып кирет. Мындайда кочуш-кочуш дары ичип жаны калат… Ошентип ай-жылдарды тизмектете өткөрүп келет.
Бу жүрөк ооруну каяктан тапканын деле билбейт. Жашоосунда анчейин деле кыйналбагандай. Мезгил агымы менен калкып кетип бараткандай.
Антсе да, мобу түбү бир, жашоо-тиричилиги бир дүйнөдө ар бир адамдын түйшүгү өзүнчө болуп жалгыздап кетет тура. Ал баарыбыздын башыбызда бар. Сыртыбыздан керек болсо кийген кийимибизге, ичкен тамагыбызга чейин окшошуп турганыбыз менен түркүн түйшүгүбүз түркүн ойго жетелеп, түркүн алекетке салат. Эл ичинде жүрүп жалгыз калганыбыз да ошондон.
Мына ушундай жалгыздык менен өмүр бою алышып келаткандай сезет өзүн. Үйү - үй болуп, балдар-кыздары өз алдынча түтүн булатып кеткенине шүгүрчүлүк кылганы менен отуруп-отуруп эле ой түбүнө түшүп кеткенде жаман сезип кетет өзүн.

***
Бир үйдүн эркеси болду. Беш эркек баланын ичинде жалгыз кыз болгондуктанбы, атасы менен апасы Жибекти тим эле алаканына салып багышты. Өмүрү төмөн отуруп көргөн жан эмес. Дайыма тээ төрдөгү сексен жаштан өткөн чоң атасынын оң тизесине чыканактап отуруп, дасторконго коюлган тамактардын эң даамдуусун ээлеп келген кыз болчу. Кичинесинде го анча билинбеди, ал эми чоңоюп эс тартканы анын эрке-талтаң болуп калганы алаканга салгандай көрүнүп турчу. Өзүнүн эле классташ кыздары апаларын тыныктырып оо далай иш жасап берсе, Жибектин колунан бир тырнактай иш бүтчү эмес. Керек болсо, бир чыныны чайкап койгон жан эмес болучу.
- Тим кой,-дечү чоң атасы,-кызым жакшы окуп, Боронзого барат. Ошондо көрөсүңөр, менин кызымдын кыйындыгын!
Анын айтканындай эле бар эле. Колунан иш келбегени менен окуу жагынан Жибекке бир мектептин балдары тең келе алчу эмес. Кайсы сабактан болсун семичкедей чагып турчу, зиректигин айтпа. Мындайларды кыргызда "куйма кулак" деп коюшат. Агай-эжейлердин бир айткан сөзү көкүрөгүндө жатталып калаар эле. Мектепти жалаң "5"ке бүтүп, чын эле борборго умтулду. Анда Фрунзе деп аталчу ордобуз.
Фрунзеге Жибекти атасы алып келди. Поезд менен келип түшүштү. Биринчи жолу көрдү шаарды. Айылдан чоң айырмасы бар экен. Шаар адамдарынын кийген кийими, сүйлөгөнү, баскан-турганы, деги койчу, кыбыр эткенинин баарында айырмачылыктар даана эле көрүнүп турду. Анда республикада бир эле университет - Кыргыз мамлекеттик университети болоор эле, калгандары институт-техникумдар. Жибек университеттин математика факультетине тапшырып, эң чоң баллга ээ болуп өтүп кетти.
Паракорлуктун анык күчөп турган мезгили - ошол 70-80-жылдар болчу. Университетке таанышсыз эч ким өтчү эмес. Чөнтөгүнө бапыраган акча салып, "эптеп тааныш таап өткөрүп алсам" деп кудайдан тилеп келген атасына:
- Мен акчасыз эле өтөм,-деди Жибек.
- Абайла, кызым. Кокус өтпөй калып элге шерменде болбойлу, "баланчанын "5"ке окуган кызы окуудан кулап калыптыр" деп…
- Жок, ата, тааныш издебей эле кой. Өзүм өтөм дебедимби, эгер тааныш издеп акча бере турган болсоң, мен экзаменге келбей коем…
Эрке кызы айтканын берчү эмес. Атасы аргасыз ичинен тынды. Жатакана алып берип, документин тапшыртып кайра айылга кетти. Бирок, ичкени-ирим, жегени-желим болуп жүрдү. Санаасы тынбай, экзамен башталганда кайра келди.
Көрсө, Жибек өз дараметин билген экен. Бир тыйын бирөөгө бербей конкурска чейин жетип, бир орунга 6дан бала туура келген конкурстан да өттү. Ошондо бир баа берген кызына атасы. Андан кийин университетте да жакшы окуду. Сүрөтү Ардак тактага илинди. Бул - окуу жагынан эле, ал эми окуудан башка да бой жеткен кыздын көптөгөн көйгөйлөрү болот да.
Алгач, окуудан башка эч нерсени билбей жүрдү. Улам кийин айланасындагы кыздарды көрүп кийимин, баскан-турганын өзгөрттү. Баарынан да, кыз жүрөгү сүйүү дартына чалдыкканы кыйын болду. Кимди сүйүп калды дебейсиңби? Агайын. Өзүнөн оо бир топ жаш улуу ушул адамды жан-дили, жаштыгы менен өрттөнүп сүйдү. Мурда деги эле мындай сезим башынан өтпөптүр эй! Мектепте балдар кат жазчу. Аларга абдан жини кайнап чыгаар эле. Бүткүл класстын алдында андай каттарды төрт айрып туруп ыргытып басып кетчү. Эми андан күчтүү сүйүүгө өзү туш келип отурганын карасаң...
Баягы "жүрөккө жүрөк жол салат" деген сөздүн чындыгы бар экенине ишенген оң. Мугалим - адам эмес бекен?! Илимдин кандидатында жүрөк жок бекен? Мелт-калт сүйүү толгон көздөргө туруштук бералбады агайы. Акыры, кантип бу эрке-талтаң кыздын туткуну болуп калганын өзү да билбей калды.
- Мен өзүмдүн жашоомду сизсиз такыр элестете албайм,-дейт кыз агайынын ак чалып бараткан чачтарын аяр сылай.
- Мм… мм…
Агайы унчукпайт. Болгону, ичинде бугуп жаткан бугун чыгарып айта албайт. Алоолонгон сүйүүдөн тапкан жубайын балдары менен кыйып кете албай турган жүрөгү ичинен онтойт. Антсе да, мобу эрке кыз боор этинен бүткөндөй мынчалык ысыктыгына таң калат.

***
- Мен башкача болуп жүрөм,-деди бир жолу Жибек агайына.
-Экөөбүз үйлөнө албайбыз-деди агайы.
А кезде моралдык жактан "бузулгандар" коомго батпай куугунтукталчу. Универистеттен айдалып кетмек, ошондон коркту.
- Анда эмне, боюмдан алдырайынбы?-деди ыйламсырап Жибек.
- Жок, жок!- дагы коркуп кетти агайы. -Башка жолун издейли.
Ошентип "жол издеген" агайы Жибекти бир күнү өздөрүнүн эле факультетинде ылдыйкы курста окуп жүргөн Эсен менен тааныштырды. Жердигинен жоош-момун, жалтаң өскөн Эсен агайынын айтканына макул болуптур. Атасыз өсүп, апасы байкуш "ушу уулум окусун" деп тааныштан тааныш издеп жүрүп эптеп университетке өткөргөн. Эми, андан ары окуп кетиш Эсендин өзүндө калган. Окуй албаса - апасына убал!
- Окуйм десең, ушу кызга үйлөнөсүң. Үйлөнбөсөң - эртең эле кулатам!-деген шартты аткарбаска аргасы жок болучу жигиттин.

***
Алгач Эсен экөөнүн турмушу ыр-чыр менен башталды. Эптеп бетин ачып алуу үчүн турмушка чыккан Жибек Эсенге деги эле бой салган жок. Эсенди байкуш, мажирөө көрүп туруп алды. Өзүнүн башкадан кош бойлуу болуп тийгенин мындай кой, "менин артымдан адам болуп окуп жүрөсүң" деген принципти карманып туруп алды кыз. Айлар-айга жалгашып отуруп, акыры Жибек көз жарып эркек төрөдү. Эми басып кете берсем болот деп ойлогону менен, баласын кимге таштайт…
Тилин тишине каткан Жибек эч сүйүү-күйүүсүз эле Эсен менен жашоосун уланта берди. Кантип жашап жатканына башы деле жетпейт. Ошентип жүрүп экөө тең окуусун бүтүп кетишти. Арада дагы бир уул, бир кыз төрөдү. Эми каякка кетмек. Сыртынан караганда "үй-бүлө" деген коомдун ичиндеги бир мүчөсүнө айланды да калды…
Жибекке Эсендин бир мүнөзү таптакыр жакчу эмес. Өмүр бою ошол мүнөзүн жек көрүп өттү Эсендин. Ал - жалтаңдыгы, ошонун айынан Эсенден кеталбай байланып калбадыбы. Эмесе, убагында "жетишет сеники" деп башын өйдө көтөрүп басып кетсе болот эле да. Ошондо Жибекке да оңой болмок, болгон нерсени ортого таштап чечишип алышмак…
Айтор, бир жашоо өттү да! Эсен байкуш өзүнөн-өзү чүнчүп жүрүп эрте жашында эле ажалга моюн сунду. Жибектин деле агайына деген алоолонгон сезиминен эч нерсе калган жок. Баары көр тиричиликке тебеленип кала берди. Балдар-кыздары бой жеткени өздөрү менен өздөрү болуп, Жибек өзүнүн жалгыздыгы менен алышып кала бергени Эсенди көп эстечү болду. "Олдо куруган жан эй! Ушу сага бир мээримимди төкпөй мен адамкерчиликсиз кылган экенмин ээ… Балдарың го билбейт. Аларга - атасың, а сенин баркыңа жетээр мен элем го. Бул өмүрдө бир кишинин баркына жете албай отурган мен - макоо. Менин катачылыгымды айкөлдүк менен көтөрүп кеткениңе ыраазымын.
Балдарың менден көргөн кордугуңдун бирин билбейт ээ. Балдар деп жүрүп менин басынтканыма да чыдадың. Жада калса, тунубуздун кимден экенин билип туруп оозуңдан бир жолу да аны жериген сөз укканым жок. "Садага болоюн" деп аталык мээримиңди аябадың. Ошонуңа ыраазымын! Балким, менден бир жылуу сөз укпаганыңа ичиңден нааразы болуп кеткендирсиң.... Ооба, көз жумардын алдында менден ыраазычылык албай кеткениңе ичимден тынып эле калгам. Маңдайыңдан сылап "ыраазычылыгыңды берип кой!" деп айтууга менин да дитим барбады. Эми минтип өзүм сенин арбагыңдан ыраазычылык сурап отурам. Ошону менен бирге эле сага өз ыраазычылыгымды билдирем…"
…Бул күнү кочуш дарыны ичпей койду. Ары, огород жакка алып барып коробкасы менен ыргытып жиберди. Өзү келип акырын төшөккө башын койду да, көзүн чылк жуумп алды. Ошону менен кете берди тиги жакка - Эсенден кечирим суроо үчүн, жалгыздыктан кутулуу үчүн кетти…


Бетти даярдаган
Нурбүбү Бөдөшова