талкуу: Келинби же канышабы?

Гүлия Тажиева, коомдук ишмер:
"…Балдарымдын багы ачылсын…"
...Эмдигиче эсимден чыкпайт. Улуу агабыз ыраматылык Асылбектин үйлөнүү үлпөтү болуп жаткандагы ата-энебиздин кубанычы ай, жарыктыктарым. Энекем ушундай терисине батпай Жаратканга жалынып, уул-келинине үйрүлүп түшүп, элеп-желеп боло, берээрге эч нерсе таппайт. Бапырап төгүлүп-чачылып, тойго келген элге кубанычтан көзүнө жаш келип, айтып жатпайбы: "Теңиримдин ушунусуна тобо, балдарымдын багы ачылсын, өздөрүнчө түтүн булатып үй-бүлө күтүп жатышат. Теңирим оң көзүн салып, мээримин чачып, жолун ачсын, Жараткан тойго келген элдин баардыгынан жакшылыгын аябасын, дасторконум дайыма эле ушинтип жакшылыкка жайылса экен...". Ичимден ойлоп коем: "Капырай, энекем өздөрү үйлөнүп жатканда ушинтип толкунданды бекен?"


...Үйлөнүү, үй-бүлө күтүү, бул - эки жаштын узак сапарга аттанар астанасы. Алардын алдында сүзөөр багытын, учаар чабытын аныктоо маселеси кабыргасынан коюлган мезгил. Бул узак сапарда жаш жубайлар турмуштун ачуу-таттуусуна, ызгаар-бороонуна, дайрасына чабак урууну билбесе чамындыдай же күзгү сары жалбырактай желпилдетип алып кетчү агымына туруштук бере алар бекен? Мунун баардыгы алардын ушул куракка чейин топтолгон рухий байлыгына, тактап айтканда, көргөн-өскөн башатына - ата салтына, эне адебине байланыштуу "Алган эри жарашса кара катын ак болот", "Келин жаман эмес, келген жери жаман", "Алганьң сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуусунан не пайда", "Ашыгың көпсө, ачылып муштум түйбөгүн, акыльң жетсе, айымдын ачуусуна тийбегин", "Күйүмдүү болсо сүйгөнүң, жыргалы сендик дүйнөнүн", "Оболу абройлуу уул болуп өссөң, кийин абройлуу ата болоорсуң", - деген накыл сөздөр түрмөгүнөн турган рухий казына сапар алдында турган жаш жубайларга тиешелүү ибаратын алда качан тактап койгон.
Эсиңиздедир, урматтуу окурман, таланттуу жазуучу Антуан де Сент-Экзюперинин "Кичинекей канзаада" деген жомогу бар эмеспи. Ал китепти окуй берүүдөн тажабоо керек. Жомок болгону менен камтыган окуялары жашоо-тиричилигибиз үчүн керемет санат-насаат сандыгы катары кызмат кыла алат. Ошол китептеги кичинекей ханзаада түлкү менен сүйлөшкөнүн эске салалычы.
- Түлкү, түлкү, кел экөөбүз ойнойбуз, - деди кичинекей канзаада, - болбосо көңүлүм чөгүп, абдан зеригип кеттим.
- Жок, жо-ок, балакай, мен сени менен ойной албаймын. Анткени, сен мени өзүңө үйүр алдырган эмессиң да.
- Ой, кечирип койчу, - деди кичинекей ханзаада, анан азга ойлонуп туруп, - а үйүр алуу деген эмне? - деди тандана.
- Сен али билбесең керек, балакай, ал деген - ынактык, бизди бири-бирибизге жакындаткан ысык мамиле. Болбосо, сен мен үчүн жүз миңдеген балдардын бирөө болсоң, мен сага тоо-ташты аралап жүргөн миң сандаган түлкүлөрдүн бири катары эле сезилемин. Ал эми экөөбүз үйүр алышып кетсек, бири-бирибизге ынактыгыбыз артып, бирибизсиз бирибиз жашай албоочудай эңсешип, жүрөгүбүздөн чыккан эң аруу, эң ыйык сезимдерди бири-бирибизге арнашат элек.
- Менин бир түп роза гүлүм бар эле, менимче ал экөөбүз ынак болсок керек...
...Түлкүнүн осуятын ойлоп көрсөк:
- Мына менин купуя сырым, жүрөк менен туйганды көз менен туя албайсың. Роза гүлүңдүн сага кымбат сезилгени - ал үчүн сен бүт жандүйнөңдү арнап койгонсуң, роза үчүн жоопкер өзүң экендигиңди эсиңден чыгарба, балакай.
- Ооба, мен розам үчүн жоопкермин, жоопкермин, - деди кичинекей ханзаада ушул сөздү унутпаш үчүн улам-улам кайталап.
Ал эми турмуш жолун дагы ушундай аруу тилек, асыл үмүттөр менен баштоо кандай сонун болоор эле, атаганат. Илгертеден эле даанышмандар: "Жакшы аял жаман эрди бий кылат, жаман эркек жакшыны алса кут кылат", "Жакшы зайып - жарым ырыс, жаман зайып - уруш", "Жакшы болсо алганың, табыла берет акылың, куусаң да кетпейт жакының", "Жакшы катын - капкалуу шаар, жаман катын - ичи толгон заар", "Жаңжал уланып турган үйдө береке болбойт", - деп айтып келгендей, жашоодо жакшы жашап өтүш үчүн эң башкысы ордолуу шаарың болгон үй-бүлөңдө ынтымак-ырашкерлик орун алуусу керек.
...Ошентип баш кошкон эки жаш узак сапар аттанууга бел байлады дейли. Жол алыс, жаңылып-жазсаң артка кайтуу табигый мыйзамда жок көрүнүш. Эриш-аркак жан үрөө жадымыңдын борборунда болбосо, томуктай толкунга томкорулуп, ойт берген куюнга омкорулуп калуу турган иш, окурманым. Тагдыры тартуу кылган эчен тоскоолдукту жеңип өтүп, өмүр жолунун ашуу-белесине чыгып, артына көз чаптыргандар байкаса керек: ар бир курактын айтып болгус санатын, өмүр жолун кыялай кырчып, кырт чыктым десең, алдыңдан кызыгы кымбат сезилген дагы бир кыраңы тартып тураарын.
Бул беш күндүк жалган өмүрдө эң башкыларынын бири -айланаңда өтүп жаткан окуялардын, ар түрлүү көрүнүштөрдүн түпкү маани-маңызын туура баамдап, көркүнө көңүл алдырып танапташуудан, ачууга оңой алдырып араздашуудан сак болуу керек. Турмуштук майда-барат нерселерден жогору туруп, жан-дүйнөңдү ыпластыктын чаңына бастырбоого умтулуу - сизди абийир-абройго алып баруучу ак жол.

"Боорукердин сыр сандыгы" сериясынан

Бетти даярдаган
Нурбүбү БӨДӨШОВА