Кыргызды коргогон Манасты кыргыз коргой алабы?
"Манас" кыргыз эл эпосу ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине Кытай Эл Республикасынын атынан киргизилди

Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны:
"Манасты" ким түшүнөт?
- Кыргыздын комузун, эпосторун эч ким тартып ала албайт. Кеп анда эмес, башкада. Ач көздөр, кара жемсөөлөр бизди башкарып, натыйжа чыкпай келатат. "Манаска" илгертен эле "наплевательский" мамиле болуп келген, азыр деле андан арыла элекпиз. Азыркы идеологдордун, окумуштуулардын кимиси "Манаска" кандай мамиле жасап келет? Илгери Айтматов бул тууралуу айтчу эле, азыр "Манасты" түшүнүп, кадырлап- кастарлачу ким калды? Жаңыланып келген эски жетекчилердин арасынан "Манасты" ким түшүнөт? Кытайлыктардын колунан келет экен, мамлекети майда элдерин көтөрүп, өнүксүн деп акча бөлөт экен, кыргыздын "Манас" эпосун 18 том кылып жарыкка чыгарып койду. Ошентип, колунан келсе, чыгара беришсин да.

Турдакун Усубалиев,
Кыргыз эл баатыры:
"Бул өтө олуттуу маселе"
"Манас" тууралуу маселени кылдат иликтеп, таржымалын шашпай дагы кененирээк тастыктап да берээрбиз. ЮНЕСКО уюмуна кытайлык кыргыздар тарабынан эпостун дүйнөлүк маданий мурас болуп киришинин чоо- жайын да терең иликтеп, талдап, анан бир бүтүмгө келиш керек.


Сооронбай Жусуев, акын, Кыргыз эл баатыры
"Арың болсо ардан, кыргыз"
"Манас" - жалпы кыргыз элинин байлыгы. Кыргыздардын азыраак бөлүгү Кытайда илгертен жашап келишет. Кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай 22 том "Манас" чыгарган, ал бир академиянын ишин аткарган киши. Анын эмгеги бааланыш керек.
Бирок, "Манас" эпосу кытайлык кыргыздар тарабынан ЮНЕСКОго өткөнүнө кошулбайм. Кытайларга алдырып жибергенибиз - биздин күнөөбүз. Дегинкиси, биздин илимдер академиясы кыймылдаш керек эле. "Манас" алигиче изилденип, аягына чыкпай келет. Кол тийбеген кол жазмалар тил адабият институтунда жатат. Мында биз кашаңдык кылып отурабыз. Байлыгыбыз ашып-ташып кетти дейбиз, а бирок маданият жактан наамарттык кылып жатабыз. Дүйнөлүк байлык "Манасыбызды" тарттырып жибергенибизге арданышыбыз керек.


Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер
Кытайлык кыргыздарга рахмат!
Бириккен Улуттар Уюму жана ЮНЕСКОдон кыйла кылымдар мурун, байыркы доордо эле бабаларыбыз "Манасты" айтып, адамзаттын рухий дүйнөсүнүн туу чокусуна көтөрүп койгон эле.
Дүйнө элдери байыркы заманда да, бүгүн да "Манас" эпосунун жарымына да тең келген чыгарма жарата алган эмес ("Илиада" 40 эсе "Манастан" кем, "Махабхарата" - 2,5 эсе кем).
Ошон үчүн Чыгыштан Батышка чейин даңктуу, адам суктанган даңазалуу жер, суу, чоку, көлдөр "Манас" деп бүгүн да аталып турат.
Илгери эле кыргыздан "Манасты" талашкан учурлар болгон. Бирок, бул талаш бекер эле убарачылык. Анткени, илгери, бүгүн жана келечекте "Манасты" кыргыз гана айтып келген, айтып жатат жана айта берет.
Кыргызстанда жашаган үч миллион кыргыз, миңдеген бийлик төбөлдөрү кылалбаган ишти Кытайда жашаган 160 миң кыргыз жасаганга чычалабашыбыз керек. Аларга рахмат! "Манасты" сыйлабаган биздин бийликке наалат айтылган иш болду. Сагымбай, Саякбай айткан "Манас" бүгүн да толук басылып чыга элек.


Токтайым Үмөталиева,
Өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы:
"Эгер биз тарап маселени чече албаса, анда мен ачкачылыкка чыгам!"
Бүгүн биз, кыргызстандыктар, мамлекетибиздеги жаңылануу тууралуу маселе көтөрүп жатканыбызда, биз кимбиз, кайдан жаралдык, келечек муундарыбызга кандай мурасты калтыра алабыз деген суроолор анын маңызын түзүшү керек. Улуттук реформанын өзөгү- тарыхый башаттан, тарыхый баалуулуктарды бапестеп сактай билүүдөн башталат. Мына ушунун айланасында улуттук коопсуздук, аймактык коопсуздук, улуттун генофонду, улуттун тарыхый эстелиги маселелери козголот. Биздин мамлекетибиздин жетекчилиги ириде ушул маселелерге басым жасашы шарт.
Бирок, тескерисинче кийинки кездерде биз улуттук мураска кайдыгер мамилеге, элдин кутун учурган көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз. "Манас Ордо" улуттук комплексиндеги Кароол Чокуда ар кандай максатта археологиялык казууларды жүргүзүүнүн айынан ал ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурас тизмесине кирбей калгандыгы буга күбө.
Учурда сөз болуп жаткан маселе-кыргыз элинин теңдешсиз "Манас" эпосунун дүйнөлүк маданий мурас тизмесине киргизилиши, андагы номинанттын- кытайлык кыргыздар болуп жаткандыгы. Кытайлык кыргыздар номинанттыкка Кыргызстандын көрсөтүлүшүнө каршы эмес. (Буга чейин биздин чиновник өкүлдөр Парижге барып келип, эмне иш кылып жүрүштү, ошондо эле ушул маселеге кулак кагыш болушса болмок). Эмки маселе - биздин өкмөттүн тез арада жасаган аракетине жараша болот. Эгер биз тарап буга байланыштуу маселени, эки жуманын аралыгында чече албаса, анда мен ачкачылыкка чыгууга даярмын.


Уркаш Мамбеталиев, манасчы
"Манас" эпосубузду кайрадан өзүбүзгө кайтарып алышыбыз керек"
"Манас" - бул кыргыз элинин кан-жаны менен, жүрөктүн кан-тамыры менен, эненин эмчек сүтү менен бүткөн кыргыздын шери. Канчалаган кылымдарды карытып келген "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине Кытай эл тарабынан киргизилгени чоң жаңылыштык, кыргызды кыргыз деп ааламга тараткан - "Манас". Деги койчу, салт-санаасын, үрп-адатын, кыргыз элин азаттык күнгө жеткирген мына ушул "Манас". Драматург Бексултан Жакиев манасчылар, төкмө акындар жөнүндө сценарий жазып, 15 мүнөттүк телефильмин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизген. Мына, канчалаган далилдерибиз бар, анан кайдан жүрүп "Манас" эпосу кытайдыкы болуп калат. Кыргыздын туусу болгон "манасыбызды" кытай элине тарттырып тим болбостон, буга Маданият агенттиги С.Раев, "Айтыш" коомунун негиздөөчүсү Садык Шерниязовдор тикесинен тик туруп, көз жаздымга калтырбай өкмөткө, президентке чейин кайрылышып, кыргыздын рухий байлыгын сактап калышыбыз керек.