Роза Рымбаеванын
52-күзү
Казак эл артисти, легендарлуу эстрада ырчысы Роза Куанышевнанын сахна секисинде жүргөнүнө 25 жыл болду. 25 жылдык юбилейин утурлай, 28-октябрь туулган күнүнүн алдында Кыргызстанга келип, жеке концертин өткөрүп кетти.

Концерттин жандуу өттү. Роза айым фонограммасыз ырдап, 7 жаштан 70 жашка чейинки күйөрмандарын кошо ырдатып, элди жандуу кыймылга салды. Ырчынын репертуарындагы казак, орус жана чет тилиндеги ырлар жаңырды. Албетте, кыргыз тилинде да ырдады. Роза айым өзгөчө СССР убагындагы популярдуу, хит ырларга басым жасады. Отуруп, тура калып, кол чаап жаткан күйөрмандарына: "Мен биринчи кезекте башкалардан аялзат катары жылуу мамилени күтөм. Лирикалык ырларды ырдаганга жакынмын. Бүгүн жан дүйнөмдөн ырлар башкача чыгып жатат. Себеби, ар бирин ырдап жатканда ар бир нотага, сахнада айтылган ар бир сөзгө чын ыкласымдан тынчсызданып мамиле кылам. Анан албетте, көрүүчүлөрүм ар дайым мени сүйүп турушун каалайм" деди.
Андан тышкары, мурдагы күнү 52 жашка толгон, 52-коңур күздү тоскон Роза Куанышевна жаш көрүнгөнүнүн, аялзаттык бактысынын бирден бир табылгасы, сыймыгы балдары экенин айтып, "Эки балам тең пианист, алар мени чыгармачылык жактан колдоп, айрым концерттерде коштоп чыгып калышат" деди.
Концерттин соңунда, сахнаны таштабастыгын, Бишкекке дагы кайрылып келээрин айтып, кыргыз элине ден соолук, ийгилик жана тынчтык каалады.
Назира СААЛИЕВА,
Сүрөттөрү Т.Досалиевдики


Өмүр баяны

Роза Рымбаеванын кичи мекени - Казакстандын Семипалатинск облусу, Жангиз-Төбе бекети (1957-жыл, 28-октябрь). 19 жашында эле чыгармачылык жолго түшүп, алгач (1976-1979-ж.ж.) республикалык жаштар-эстрада "Гүлдер" ансамблинде, андан кийин жубайы Т.Окапов директор жана көркөм жетекчи болгон "Арай" (1979-ж) ансамблинде солистка болгон. Ага катар Алматыдагы театралдык-көркөм институтунан билим алып, аны 1984-жылы бүтүргөн. "Казак концерт" республикалык концерттик бирикмесинин солисткасы катары кабыл алынган күндөн бүгүнкүгө чейин орун алмаштырган эмес. Ал ортодо республикалык эстрада-цирк колледжинде сабак берип, бир канча эл аралык ыр сынактарынын жеңүүчүсү да болгон. Роза репертуарында казак ырлары эле эмес, чет элдик композиторлордун чыгармалары да орун алган. Татаал дагы, катаал дагы тагдыр сабактары менен коштолгон өнөр сапарынын 25 жылдык мааракесин белгилеп отурат. "25 жыл ичинде көп ырдаган экем, концерттик программамда баарын камтып алып чыгам деген убаракерчиликте болдум",- дейт ырчы. Жыйынтыгында чектеп, тандап отуруп, 30 ырдын тизмесине токтолгон. Баса, 25 жылдык чыгармачыл өмүрүн, анын ичиндеги турмуштук окуяларды жеке айтып берүүсү негизделген "Роза" даректүү тасма да тартылган.
Роза Рымбаеваны Алла Пугачева менен салыштырып сөз кылышат. Албетте, эки ырчыда стиль, имидж, жүрүм-турум жаатында айырмачылык көп. Алардын эмгекчил, өжөр, татаал тагдырга сынбаган, анан таланттуу аялзаты жагынан окшоштугубар.