Саясий саякат

ББ - кимдин өңүндөй?
Кесиптешибиз Абдиламит Матисаков "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" деп кайсы бир жылы таасын салыштыруу тапкан. Анын сыңарындай, азыркы Кыргызстандын тарыхын 5 жылдан кийинки муундарга окутууда алардын эсинде калгыдай ушундай таасын салыштыруулар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Мисалы, "Бакиев бийлиги Балыкчы окуясындай" же "Бакиев бийлиги Текебаевдин матрешкасындай" деген салыштырма сын атоочторду колдонуп сабак өтсө, Матисаковдун ыкмасы түгөнчүдөй эмес. "Түгөнгөн сайын түтөгөн" ошондой сын атоочтордун үч мисалын алдыңарга тарталы.


"Варшава-матрешка-Текебаев"

Варшавага эл аралык жыйынга кетип бараткан Текебаевдин сумкасына матрешканы "Манас" аба бекетинен сала коюшуп, анан аны Варшавадан "колго түшүргөн" операциянын ашмалтайы ачылганы элдин эсинен кантип унутулсун. (Матрешка салуу операциясына катышкан чекист кызматкерлеринин бири кийин ал ишти майда-баратына чейин оппозициядагы жакын агасына келип айтып берип жатпайбы. Кыргыз бийлигинин оппозиция менен күрөшүүдөгү пастыгын Варшава соту да сезген го, болбосо Текебаевди ошол эле жерден кыргыз бийлигине окшоп абакка алпарып, кылмыш иш ачып койсо болмок. Ошондуктан "Бакиев бийлигинин (ББ) өңү матрешканын өңүндөй" десеңиз эле акыл-эси, ариет, намысы ордундагы ар бир адам "өң болбой куруп калсын" дээри бышык. Ариет, намыс демекчи, "матрешка" операциясында бир гана адам адамдык ар-намысы кызмат креслосунан алда канча бийик экенин көрсөтүп, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгынан өз ыктыяры менен кетип калды. Ал Бусурманкул Табалдиев болучу. (Ошол убакта анын орун басары Жаныш Бакиев эле.) Мындай эрдикти Кыргызстанда азырынча Табалдиевден башка эч ким жасай элек. Бузукеге окшогон андай уулду кыргыз эне төрөп койгондугуна азырынча күмөнүбүз бар.

"Талас-тапанча-Жекшенкулов"

"Бакиев бийлигинин (ББ) өңү Жекшенкуловдун тапанчасындай" десеңиз эле бүттү - дагы бир ашмалтайы чыккан операция көз алдыңызга келе түшөт. Быйыл 1-класска барган окуучулар 5 жылдан кийин 6-класс болуп, Кыргызстандын тарыхын түшүнүп баштаган мезгили болуп калат. Айла жок аларга да ББнын (Бакиев бийлигинин) өңү кандай экенин төмөнкү мисал менен айтып берүүгө туура келет калат. "Жекшенкуловго ал Тышкы иштер министри болуп турганда өкмөт белекке тапанча берет. Ишине тың жигиттин эл аралык аброю өсүп баратканынан чоочуган бийлик аны алгач ишинен алып, анан Кытай берген грантты ичип-жеп койду деп кылмыш ишин ачат. Териштирсе, Кытайдан келген жол килеми да, чоң килеми да, эшиги да, терезеси да орду-ордунда. "Оппозициянын башын бириктирип жатасың" деп тиш кайраган ББ (Бакиевдик бийлик) Жекшенкуловдун белекке алган тапанчасын бетке кармайт. ББ ойлоп тапкан окуяны тергөөчүлөр тезинен ишке ашырат. Талас шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн түрк ишкерине колдонулган тапанча "А.Жекшенкуловдун тапанчасы" имиш. Беш күнү беш түрлүү таза көйнөк кийип көнгөн тышкы иштер министри ошентип алеки заматта киши өлтүргүчтөр менен байланышы бар адамга айланып, абакка салынат. ББ "түрк ишкерин өлтүргөн" деген айып менен Бакай-аталык жигит И.Абдыкалыковду абакка камап жатса, ишкерди өлтүргөн чыныгы күнөөкер Казакстандан кармалып, сот жообуна тартылат".
Бул окуяны уккан окуучулар Бакиевдик бийликтин өңү кандай экенин өздөрү баалап алат чыгаар.

"Варшава-автоматтын огу-Абдрасулова"

Варшавада Бакиевдик бийликтин (ББ) өз кишилери бар окшойт. Текебаев ушул шаарга баратканда бутага алынган. Эми ББнын чекесине чыккан чыйкандай болгон укук коргоочу Азиза Абдурасулова да ушул шаардагы адам укуктары боюнча жыйынга барганда, бирок Варшавадан келатканда "балээге" кабылып жатат. Текебаевдин сумкасына матрешка кантип салынганын айтып берген абийирдүү бир чекист чыкты эле, эми эртеби-кечпи бул октун сумкага кантип салынганы деле билинээр. Чекисттердин ичинен чынчылдары, абийирдүүлөрү, кресло менен байлыкка сатылбагандары кантип эле чыкпасын?!
Азиза Абдурасулова айымдын сумкасына салынган бир ок эмнени каңкуулайт? Балким, ал ок "экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин" Жалал-Абадда жок кылынган террорчулар тарабынан атылган октордун бири болуп чыгышы мүмкүн?! Анда, сиз бийлик адамдарына каршы курал аткан террорист болуп чыга келишиңиз да ажеп эмес. Балким ал ок Р.Акматбаевди атып өлтүргөн автоматтан атылган октор менен окшош болуп калышы да мүмкүн. Анда сиз Р.Акматбаевдин көзүн тазалаган адам болуп чыга келесиз. Сиздин сумкаңыздан табылган октун учугун ушинтип ар кандай чубай берсе болот, анткени ББнын өңү ушундай.
"Ата Мекен" партиясынын жетекчиси Ө.Текебаев Социнтерндин чакыруусу менен Стокгольмга барат экен. Буга да бир "операция" ойлонулуп коюлду бекен?

Макалада "Бакиев бийлиги" деп жалпылатып, алардын биринин да атын атабай жазганыбызды байкагандырсыз. Себеби бийлик жүргүзүүдө Бакиевдердин эң улуусу Курманбектен тышкары Жаныш, Адыл, Максим, Акмат, Мараттардын да үлүштөрү үлкөн деп угабыз. Өлкөдөгү болуп жаткан ушул сыяктуу чектен ашкан иштерде тентегин тентек, жөнтөгүн жөнтөк деп ким тыйып коерун билбей баш маң. "Мына сага, билбесең!" деп эртең-бүрсүгүнү мени деле бир балээ кылып күм-жам кылып коюш азыркы Биздин Бийликтин (ББ) башкаруусунда толук мүмкүн. Себеби өлкөнү Бакиевдердин кимиси башкарып жатат болду экен?
Президент болгонго чейин үйүнө келгенде байпактарын, турсыларын туш келди жерге чече берген Барак Обама эми Мишель жеңебиздин үй тартибине көнүп, ал турмак мамлекеттик маанилүү маселелерди чечкенде аны менен кеңешип иш кылаарын бир интервьюсунда кыйытыптыр. Ошентип жүрүп ал АКШ президенти болду, эми Нобель сыйлыгына татыды. Барак Обамага караганда кыргыз эмеспизби - бийликтин битин бир туугандар, бала-чака, аялы менен биригип сыгаарыбызды ай-аалам билип калбадыбы.


Машакбай Рахманкулов