Көчө маек

Кышка даярдыктар кандай?
Толгонай Бектемирова,
жеке ишкер:
- Быйыл кыш суук болот деп жатышат. Даярдыктар начар. Электрэнергияны өчүрө башташты. Көмүр кымбат. Чындыгында, карапайым калктын абалы оор. Кыштан кантип чыгаарыбызды билбейм. Жок дегенде светти өчүрбөй турушса болот эле. Жайы менен Токтогул суу сактагычында суу көбөйүп атат деп какшап атышпады беле. Ал суулар кайда агып кетти?

Каныбек Сүйүналиев,
айдоочу:
- Чындыгында эл арасында абал оор. Мына кыш дагы жакындап келатат. Көмүрдүн баасы асмандын башы, свет болсо түнкүсүн өчүрүлө баштады. Кээде светтин жоктугунан, баштаган ишиң аягына чейин чыкпай калат. Балдарыбыз сабактарын аткарганга жетишпей калышат. Светти түнкүсүн өчүргөндөрү аз келгенсип, кээде күндүз дагы өчүрүп жатышат.

Элдияр Ажыбаев,
фирма кызматкери:
- Ачыгын айтканда, эл кышка азырынча даяр эмес го. Нааразы болгондор көп. Электрэнергия, газ кымбаттайт деп жатышат. Эл араң күн көрүп атса, кымбатчылык ого бетер кыйын абалга кептеп жатат. Октябрь айынан баштап жер-жерлерде светти өчүрүп башташты. Албетте, бул жагдай элди тынчсыздандырбай койбойт. Анысы аз келгенсип, өзбек туугандар газга болгон карызды төлөмөйүнчө көгүлтүр отунду берүүсүн токтотушту. Мындайча айтканда, элибиз үйдөгү светтен, үйдөгү көгүлтүр отундан кол жууп отурат. Көмүрдүн баасы болсо асмандын башын чапчыйт. Мындай даярдыктар менен элибиз кантип кыштайт, билбейм.

Мирлан Курманалиев,
жеке ишкер:
- Элибиз азырынча кышка даяр эмес. Айрыкча, айыл жергесинде жашаган элибизге оор болуп жатат. Түнкү саат 12ден 5ке чейин свет өчүрүлөт. Анысы аз келгенсип, кээде күндүз дагы жарыкты өчүрүшүүдө. Албетте, мындай жагдай элге терс таасирин тийгизмекчи. Анын үстүнө өзбек тарап өлкөбүздүн түштүгүнө газды бууп салды. Ошондон улам калк электрэнергияны көбүрөөк колдоно баштайт, электрстанцияларда ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар пайда болот. Анткени, электрстанциялардын бүгүнкү абалы кубандыраарлык эмес. Ошентип, толугу менен жарыгы жок калабызбы деп чочуркайм.

Дүйшөмбү Айылчиева,
убактылуу иштебейт:
- Азыркы күндөгү элди тынчсыздандырган негизги маселелердин бири - кышка даярдык. Быйыл кыш суук болсо эл кантип кыштан чыгат, билбейм. Анткени, даярдыктар эң начар. Светти өчүрүүлөр башталды. Анын үстүнө светке болгон төлөм кымбаттайт деп уктук. Айыл жергесиндеги адамдарга кыйын эле болууда. Ал эми үйүндө кичинекей балдары бар үй-бүлөлөргө эки эсе кыйын. Көмүр болсо кымбат. Айлыкты кайсыл бирине жеткирээриңди билбейсиң.. Электрэнергиясын казактарга сатат экенбиз. Өзүбүзгө жетпей атса, эмне үчүн башкаларга сатышыбыз керек? Буга мен түшүнбөйм. Эл өкмөткө нааразы. Бийлик дегендин элдин жашоо турмушу менен такыр эле иши жок болуп калды.

Самарбек Сардарбеков,
айыл тургуну:
- Жашырганда эмне, эл азыр кышка даяр эмес. Былтыркыдай тезек терип чыгабыз го. Анысы да бир арабасы 500 сомго чыгып кетиптир. Айылда бак-дарак аттуу нерсе калбай баратат. Быйыл телевизордон Токтогул суу сактагычына суу толуп атат дегенинен, свет өчпөйт го деп ойлогом. Тилекке каршы, светти күндүр-түндүр өчүрүп жатышат. Анан баягы суулар кайда агып кетти деп ойлойсуң. Эгерде сатышса - өзүбүздөн арткандан кийин сатышпайбы. Бийлик эл кандай жашап жатканы тууралуу ойлоп да койбогонуна акыркы жылдары биротоло көзүм жетти.

Михаил Алексеевич,
ардагер:
- Мен шаардын кичи райондорунун биринде жашайм. Азырынча бизде светти өчүрүшө элек. Бирок, башка аймактарда өчүрүлүп жаткандыгын угуудамын. Мындай жагдайда кыштан чыгуу кыйын. Мен аскер ардагери катары алган пенсиям тамак-ашыман деле артпайт. Анан телевизордон эле "пенсияны көбөйтүп, кыйратып атабыз" дегендерине түшүнбөйм. Свет кымбаттайт деп угуп жатабыз. Эгерде кымбаттаса кантип тиричилик кылабыз, билбейм. Ардагерлердин чөнтөгү жука эмеспи.

Гулиза Атамбекова,
убактылуу иштебейт:
- Кыш быйыл кандай болот белгисиз. Бирок, кандай болгон күндө да, айла жок бирдеме кылып даярданышыбыз керек. Азыркы күндө бирөөгө-бирөө жардам берген, бийлик элдин камын ойлогон замандан өтпөдүк беле. Азыр өзүңө-өзүң гана ишенген заман эмеспи.

Вера Колесникова,
ардагер:
- Азыркы заманда жашаш кыйын эле, балам. Пенсиябыз эч нерсеге жетпейт, суук түшсө кантип оокат кылабыз, билбейм. Көмүр алганга каражат жетишсиз. Светти өчүрүп жатышат. Мен жалгыз жашагандыктан светтин жоктугу мага көп деле билинбейт, бирок көп балалууларга абдан эле оор болуп атса керек.

Ляляхан Масалиева,
айыл тургуну:
- Айта турган көйгөй көп. Кышта кантип жан багабыз, азыр айта албайм. Убакыт көрсөтөт да. Кудай деп эле турабыз. Элибизге кыйын эле болду. Эптесек да бир оокатыбызды кылабыз да. Башка айла барбы?

Суроо салган
Данияр Өсөров