Обама Нобель сыйлыгына татыды

АКШнын президенти Барак Обама Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси болуп табылды. Ал ага "Эл аралык дипломатияны жана адамдар арасындагы кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө күч-аракетин жумшагандыгы" үчүн татыды. Чындыгында АКШ бийлигине Барак Обама келгенден кийин америкалык аскерлер Ирактан чыгарыла баштап, мурунку президент Ж.Буштун Чыгыш Европадагы ракетадан коргонуу саясатын башка нукка буруп, Араб-Израиль көйгөйлөрүн чечүүгө олутту кадамдарды жасады. Ал эми 4-июнда Обама Египетке сапар арытып, АКШ мусулман дүйнөсүнө душман эмес экенин билдирип, араб дүйнөсүнүн колдоосуна ээ болгон. Барак Обамага Нобель сыйлыгы 10-декбарда Осло шаарында тапшырылат. Азыр АКШ президенти дүйнөнүн төрт бурчунан куттуктоолорду кабыл алып жаткан учуру.

КМШнын келечеги барбы?

Өткөн жумада Молдованын борбору Кишинев шаарында КМШ өлкөлөрүнүн саммити болуп өттү. Эң таңкалычтуу-су, саммитке Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери катышкан жок. Бул жагдайдан улам саясат талдоочулардын арасында ар түрдүү пикирлер жаралууда. Анткени, КМШ уюшулган 18 жылдан бери жазбай анын ар бир олтурумуна катышып келаткан Нурсултан Назарбаевдин келбей калышы көптөгөн суроолорду туудурса, Россия президенти Дмитрий Медведевдин Украинанын президенти В.Ющенко менен жекече кезигишүүдөн баш тартуусу да түмөн түкшүмөлдөрдү жаратууда. Ошондон улам КМШ өлкөлөрүнүн мындан аркы кызматташуусу кандай өңүттө болот, белгисиз.

Каракчылар аскер кемесине кол салышты

Жекшембиде Сомалинин деңиз каракчылары француздардын аскер кемесине кол салышкан. Окуя түнкү бирлерде болгон. Деңиз каракчылары жарандык кеме экен деп кол салышкан кеме аскердик болуп чыккан. Жыйынтыгында, он бир каракчы колго түшүрүлүп, экөөсү чакан моторлуу кайык менен качып кеткенге үлгүрүшкөн. Эми кармалган деңиз каракчылары жоопко тартылмакчы. Эскерте кетсек, Сомалинин деңиз каракчылары күнүнө төрт-беш жолу кемелерге кол салганга үлгүрүшөт. Аларга бөгөт коюу үчүн Сомалинин жээктерине Франция, АКШ, Япония ж.б. мамлекеттердин аскер флоту көзөмөл жүргүзүшөт.

"Япончик" көз жумду

Россиянын белгилүү кримавторитети Вячеслав Иванов каза болду. Ал криминалдык чөйрөдө "Япончик" деген ысым менен белгилүү. "Япончик" жума күнү Москванын онкологиялык борборунда көз жумган. Догдурлардын айтуусуна караганда ал жайында алган жаракатынан жакшы болуп кеталган эмес. Эске салсак, ага үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда белгисиз адамдар ок атышкан. Ооруканадан операция жасалып, бирок курсагына тийген ок анын тынчын алып келген. Эми "Япончиктин" жакындары аны өлтүргөнгө буйрук берген адамдарды издеп, өч алышы мүмкүн, дешет серепчилер.

Даярдаган
Данияр Өсөров




  Өзгөчө кырдаал

Ачык калган трансформатор же токко күйүп эки колунан ажыраган Самат
30- сентябрда Сокулук районунун Жал айылынын 8- классынын окуучусу, 15 жаштагы Самат классташы Адилет менен келатып, мектептен анча алыс эмес жердеги трансформаторго токко күйүп, эки колунан ажырап калды. Азыр Самат Бишкек шаарындагы № 4 ооруканада жатат. Ички органдары да күйүктөн жабыркап, кыйналууда. Орто мектептин жанындагы жогорку вольттогу ток өткөн ал транформатор ошол күнү кулпу менен да бекитилбей ачык боюнча калган. Азыр анын секторлорун кулпу менен бекитип коюшканы менен ал жер тосулбай же "токтон сактангыла" дегендей эч бир белгиси жок эле турат. Сокулук районунун энергетиктери эч нерсе болбогондой, эч кабар укпагандай, жымжырт.


Султаналиева Курманбүбү, Саматтын апасы:
30- сентябрда саат- 4-5 терде уулум Самат классташы Адилет менен келатып, кайсы кырсык айдады билбейм, мектептен анча алыс эмес жердеги трансформатордогу токко урунуп калыптыр, анын айынан мына минтип, эки колунан ажырап калды. (Ыйлайт). Алты уул- кызды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай жалгыз багып жаттым эле. Балдардын атасы да кырсыктап каза болуп калган. Кайда, кимге жардам сурап кайрылаарымды билбей, баламдын жанында ушинтип жалдырап олтуруп калдым. 15 жашында эки колунан ажыраган балам мындан ары кандай күн көрөт? Дары- дармек, кан, плазма керек болуп жатат. Сокулук районунун энергетиктери ошол трансформаторду жылаңачтап таштап коюшканын барып көргүлөчү. Энергетиктердин ушу күнгө чейин балама бир басып келишпегени андан бетер ызага батырып жатат.
Балам менен алышып жүрүп, сотко кайрылган эмесмин. Эми сотко кайрылууга туура келүүдө.

Токтогулова Анархан,
Саматтын класс жетекчиси:
- Самат мындай кырсыкка өзүнүн тентектигинен кабылып калды дегидей эмес, жоош бала. Татынакай өспүрүмдүн минтип кырсыктап калышына баарыбыздын ичибиз ачышып турат.
Самат ооруканада азыр эч кимди көргүсү, уккусу келбей, кыйналып жатат. Адилет классташы экөө кайдан- жайдан ал жерге бара калышты эле деп азыр жакындарынын сай- сөөгү сыздап турат.
Биз мектептен анча алыс эмес жердеги ал трансформаторду кечээ барып көрдүк. Жол боюнда окуучулар каршы- терши өтүп жатат. Кырсык болгон күнү таптакыр жылаңач турган трансформаторду учурда бекитишиптир, бирок чет- жакасы дале ээн боюнча турат. "Токтон сактангыла" деген эч кандай белгиси жок. Бүгүн-эртең дале кырсык болсо, болуп кетчүдөй. Жанындагы мамынын чоку жагы күйүп калыптыр, ал да бирөөнүн үстүнө түшүп кетчүдөй болуп араң кармалып турат.
Энергетиктер элден светтин акысын такма- так эсептешип, өчүргөндө да такма- так эсепти алышат. Ал эми минтип мектептин жанындагы трансформаторду ачык боюнча калтырышканын кантип түшүнсө болот?
Айгүл Бакеева