спорт дүйнөсүндө


Дзю-до боюнча алдыдабыз

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Казакстандагы Усть-Каменогорск шаарында өткөн эл аралык турнирге катышып, алдыңкы орундарга татышты. 90 кг салмакта Чынгыз Мамедов алтын медалды тагынса, кыздар арасындагы 63 кг салмакта Мээрим Момунова биринчиликти утуп алган. Ал эми 100 кг салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан Юрий Краковецкий коло медалдын ээси болуп табылган.


Футбол беттешүүлөрү кызуу өтүүдө

Өлкөбүздүн футбол боюнча чемпионатында оюндар кызуу өтүүдө. Өткөн жумада Бишкектин "Плаза" командасы, жердештери "Ата Спорт" менен кезигишип, атаандаштарын жер каратышты. Оюн 4:1 эсебинде аяктап, "Плаза" утуш жүрүшүн улантууда.
Ошондой эле жалал-абаддык "Камбар-Ата" футбол клубу "Кант" командасы менен кезигишип, "канттыктар" 1:3 эсебинде оюндун жеңүүчүлөрү аталышты.


Топ тоголок

Кыргызстандын "Ак-Барс" баскетбол клубу Ташкенттеги Өзбекстандын көз карандысыздыгына арналган турниринде төртүнчү орунга татышты. Биздикилер биринчи оюнда Ташкенттик "ТГТУ" командасына 57:52, "Нукус" баскетболчуларын 93:52 ири ажырымы менен утса, өзбекстандык "МХСК", казакстандык "Каспий" жана "Южанин" командаларына жеңдирип, байгелүү орундардан кол жууган. Спортто топ тоголок демекчи, биздин баскетболчулардын ийгилиги али алдыда деп ишенебиз.

ТАРга баргысы келгендер көп

2010-жылдагы Түштүк Африка Республикасындагы футбол боюнча дүйнөлүк мелдешине катышуу үчүн тандалма оюндарынын кийинки айлампасы башталды. Ишемби күнү Венгрия курама командасы Италия менен беттешип, 3:2 эсебинде оюн венгрлердин жеңиши менен аяктады. Ал эми Беларустун командасы Казакстан командасынын айласын таап, жеңишке жетишсе, Германия Москванын Лужники стадионунда Россия командасын жер каратты. Оюн эсеби 1:0 менен аяктап, Германия алдын-ала ТАРда өтүүчү дүйнө чемпионатына жолдомо алды.


Это'о "Барселонаны" эңсейт

Өткөн жумада "Миландын" чабуулчусу Самуэль Это'о испандык спорт кабарчылары менен маек куруп, "Барселонага" кайтып келүүгө бир мүмкүнчүлүк түзүлсө, аны колдон чыгарбай тургандыгын билдирди. Ал эми шакиртинин мындай кырс сөзүн уккан "Миландын" машыктыруучусу К.Анчелотти Это'ого эскертме берип, мындан ары кабарчылар менен маектешкенде орундуу сүйлөөрүн айткан. Анткени, анын айтымы боюнча бул жагдай "Миландын" аброюна шек келтирет имиш. Эске салсак, Это'о буга чейин "Барселонада" ойноп, клуб аркылуу Испания чемпиону, чемпиондор лигасында чемпион аталып, эң көп голду жараткан оюнчу даражаларына жеткен.




  келечек...

Жаш талапкер
Кыргызстанда кийинки убактарда күрөш залдарына барып,машыккан жаш өспүрүмдөрдүн агымы жанданууда. Буга бир четинен 2008-жылкы Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын бекем коргогон балбандарыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин ийгиликтери түрткү болсо, экинчи жагынан азыркы жаш өспүрүмдөр бир кездеги байкелерине окшоп, дүйнөнүн тактыларын багынтуу максатын көздөшүүдө. Ошон үчүн, келечектен көптү үмүттөндүргөн, грек-рим күрөшү менен машыккан жаш талапкер Аскар Курбанов менен тааныштырууну туура көрдүк.


- Аскар, спорттун бул түрү менен кандай машыгып калдың, ким түрткү болду?
- Мен башында бокско катышчымын. Бирок, анымды апам жактырчы эмес. "Мурдуң сынат, барба" дегенинен бокско барбай калдым. Менден улуу Кираз байкем бир күнү мени жетелеп алып, грек-рим күрөшү боюнча машыктырган Хаким Махмудовичтин күрөш залына алып барды. Негедир, спорттун бул түрүн өзүмө жакын көрүп, күрөш менен машыгууну чечтим. Анын үстүнө, машыктыруучунун шакирттерине жасаган мамилеси да жакты. Ал бардык шакирттерине ыйман жолун үйрөтүп, сабырдуулукка тарбиялаган адам экен. Бирөөнө кол көтөрүп, обу жок кыйын болбоону айтат. Ошонусу менен мага жаккан. Ошентип, мен күрөшкө баш отум менен кирип, машыгып калдым. Анын үстүнө машыктыруучум да менден бир нерсе чыгаарын байкаса керек, өзгөчө мамиле жасады.
- Биринчи жолу мелдештерге катышып, уткан күнүң эсиңдеби?
- Албетте, андай күндөр эстен кетпейт. Анда менин күрөш менен машыкканыма 6 ай гана болгон. Спорт ордосунда эл аралык мелдеш өтүп, 66 кг.салмакта чыгып, биринчи орунду багындыргам. Ошондо, мага машыктыруучум абдан ыраазы болгону эсимде.
- Биздин атактуу балбандарыбыз менен бирге машыккан күндөр болобу?
- Ооба, биздин залга кээде Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев ж.б атактуу балбандарыбыз келип, биз менен чогуу машыгып калышат. Негизинен алар спорт мектебинде машыгышат. Ошондой эле Жанарбек Кенжеев жана Данияр Көбөнов менен бир залда күрөшчүбүз. Азыр алар спорттук тажрыйбаларын жогорулатыш үчүн АКШда жүрүшөт.
- Азыркы күндө күрөшкө жакшы эле көңүл бурулабы? Дегеним, спорт залыңар кандай жабдылган, тренажерлор жетиштүүбү?
- Ал жактан бизде маселе жок. Негизинен спорттун бул түрүнүн келечеги кең экенин билишти окшойт. Буга Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин олимпиада оюндарындагы жетишкендиктери далил болмокчу. Залыбыз эң жакшы жабдылган, маттарыбыз жаңы, тренажерлорубуз жетиштүү, керек болсо бизге башка залдардын балдары да келип машыгышат. Быйыл ремонт жасалды. Кудай буюрса, ушул айдын ортолорунда ачылышы болот.
- Негизи, ар бир спорттун түрүндө спортчунун өзү ишенген адамы болот эмеспи. "Отработканы" ар дайым бир адам менен кыласыңбы?
- Ооба, Кушназаров Таалайбек деген, бирге "отработка" кылган, ишеничтүү досум бар. Ал экөөбүз залга чогуу барып, бирге машыгабыз. Жада калса туулган күндөрүбүз дагы бир күнү. Ага мен ишенем, ал дагы мага ишенсе керек.
- Аскар, жакын арадагы максатың?
- 2010-жылдагы өспүрүмдөр арасындагы олимпиадага катышуу. Андан ары, Кудай буюрса олимпиада оюндарына катышууну алдыга максат кылып койгом.

Бетти даярдаган
Данияр ӨСӨРОВ