Салижан акенин саптарынан

Сыйлык алган чыгарма
Жакында кыргыз өкмөтү балдар чыгармаларына мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Поэзия жанрында акын Каныбек Жунушев "Жашынмак", "Бака- бака- балчак" ыр жыйнактары жана акындар Жакыпбек Абдылдаев , Сулайман Рысбаев балдарга арналган ыр жыйнактары үчүн татыктуу болушту. Котормо жанрында Абдыкерим Муратовдун түрк элдеринин "Чоң энемдин алтын сандыгы" жомогу жана Салижан Жигитов агайыбыздын котормосунда А. С. Пушкиндин "Алтын балык жөнүндөгү жомогу"татыды.
Төмөндө "Назар" гезитинин редакциясы таланттуу акын жана котормочу, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун котормосунда, Пушкин орус тилинде кандай көркөм жазса, кыргыз тилине дал ошондой көркөм которулган жомокту сунуш кылат.


Балыкчы, балык жомогу

(Которгон Салижан
Жигитов)

Жок экен да, бар экен,
Бир кемпир, бир чал экен.
Көк деңиздин жанында,
Жер төлөдөй тамында
Отуз үч жыл чал, кемпир
Өткөрүптүр тирилик,
Балык кармап бакыр чал,
Бакыр кемпир жип ийрип.

Бир күнү чал эртелеп
Деңизге тор чөгөрүп,
Тартып алса энтелеп.
Балыр чыкты көгөрүп.
Кайра торун салды чал,
Кайра тартып алды чал.
Тордон суусу шорголоп,
Тордо ныпым олжо жок!

Дагы торун салды чал,
Дагы тартып алды чал,
Карап бакса бир балык,
Жарк-журк этет нурланып.
Алтын экен ал балык!
Сүйлөп ийди жалбарып:
"Кое берчи карыя,
Сууда күнүм көрөйүн,
Кое берген акыңа,
Не тилесең берейин
Салык салсаң төлөйүн".

Чал алдастап ылжайды:
Отуз үч жыл тор салып,
Көргөн эмес мындайды!
Алтын тура бул балык,
Сүйлөйт дагы турбайбы!

Кандай момун абышка
Кое берип жатканда
Кобурады балыкка:
"Алтын балык, мен сенден
Алгым келбейт эчтеме.
Көк деңизде көйкөлгөн
Сайранда да эркеле!"

Үйүнө тез кайтты чал,
Ушул көргөн укмушун
Кемпирине айтты чал:
"Алсам кармап бир балык,
Алтын экен акетай,
Албан түстө нурланып,
Сүйлөп куду кишидей
"Кое бер!" дейт жалбарып
Кое берсең акыңа
Каалаганың берем дейт,
Канча салык буюрсаң,
Буйругуңа көнөм дейт.
Салбаймын деп салыкты
Кое бердим балыкты".

Анда кемпир жиндеди,
Айран калып делдейген
Абышкасын тилдеди:
Оңбогон чал, неге сен
Олжо таап берешен,
Сурап калбай бирдеме
Бекер кое бересиң?!
Сыртта, очок алдында
Сынып тепшиң турат, көр.
Балыгыңа баргын да
Бүтүн тепши сурап бер!"

Чал деңизге барганда,
Деңиз толкуп көбүрдү.
Чал чакырып калганда,
Балык суудан көрүндү.
Жаркып сүйлөп жарыя
Алтын балык сурады:
"Не тилейсиң, карыя?"

Чал жүгүнүп сүйлөдү:
"Балык таксыр, кайрым кыл,
Кемпир мага жиндеди,
Жан кейитип тилдеди,
Тепшим сынып калыптыр,
Жаңысын сурап кел деди".

Анда балык айтканы:
"Бара бер үйгө карыя,
Тепшиңер болот жапжаңы".
Чал үйүнө келгенде,
Эски сынык тепшинин
Жаңырганын көргөндө,
Жалгагандын ордуна
Каарып кирди кемпири:
Атайын барып балыкка,
Сураганың тепшиби?
Алжыган аңкоо абышка,
Кайра бар да балыктан
Сурап келгин сонун там!"

Деңизге кайра барды чал,
Балыкка дабыш салды чал.
Алтын балык дагы да
Адамча сүйлөп сурады:
"Не керек сага, карыя?"
Кулдук уруп балыкка
Муңун төктү абышка:
"Балык таксыр кайрым кыл,
Кемпир кайра жиндеди,
Жан кейитип тилдеди,
Сонун там сурап кел деди".

Анда балык айтканы:
"Бара бер үйгө карыя,
Үйүңөр болот жапжаңы".

Чал үйүнө келатып
Көрдү дароо ыраактан:
Жаман там жок, ордунда
Заңгыраган бир ак там,
Эшиктери эң кымбат
Жасалыптыр жыгачтан
Дубалдары -бышык кыш.
Кыналыптыр бир укмуш.
Кымындай жок кынтыгы
Кенедей жок кемтиги.
Терезенин түбүндө
Текеберлүү түрүндө
Отуруптур кемпири.

Кемпир чалын көрдү да
Жалгагандын ордуна
Ачууланып алкынды:
"Сурап келген бул үйүң
Жаза албады жарпымды!
Акылы жок абышка,
Айткын барып балыкка:
Болгум келбейт дөөлөттүү
Жөнөкөй бир жай катын,
Мени кылсын сөөлөттүү
Асылзаада бай катын".

Көк деңизге барды чал,
Кейиштүү үн салды чал.
Деңиз бети чайпалып,
Балык суудан баш багып
Сурап койду дагы да:
"Не тилейсиң, карыя?"

Чал жүгүнүп сүйлөдү:
"Балык таксыр, кайрым кыл,
Кемпир кайра жиндеди
Болбойт имиш дөөлөттүү
Карапайым жай катын.
Болот имиш сөөлөттүү
Теги жакшы бай катын".

Балык айтты: "Карыя.
Бара бергин үйүңө,
Келет баары жайына".

Кемпирине келди чал,
Келди дагы көрдү чал:
Асман тиреп шаңкаят
Аппак сарай көрктөнүп.
Турат кемпир алдында
Текеберлүү керсейип,
Кундуз тону кулпуруп
Суусар бөркү сеңселип.
Шурулары моюнда,
Шакектери колунда,
Кызыл өтүк бутунда
Кооз чачпак жонунда.
Көзүн карайт малайлар
Оңунда да, солунда.
Бир малайы алдастап
Чыга калса кашынан,
Кемпир аны төпөштөйт
Бурдай кармап чачынан.

Кемпирге чал кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
"Баракелде, байбиче,
Башыңа кут кондубу?
Көөнүң эми тойдубу?"

Кемпир чалга жулунду:
"Атканага баргын да,
Ат баккын!" деп буюрду.

Көпкөн кемпир көп өтпөй,
Чалын кайра чакырып,
Кое берди бакырып:
"Болгум келбейт бай катын,
Болгум келет падыша!
Тапсын мунун айласын,
Айткын барып балыкка".
Угуп көпкөн катынды,
Чал жинденип бакырды:
"Дени-кардың сообу, ыя?
Отурасың канетип
Падышанын ордуна?
Сүйлөгөндү билбейсиң.
Бийлегенди билбейсиң
Капкараңгы бир жансың,
Калкты кантип бийлейсиң?"

Кемпир келип каарына
Чалын чаап жаагына
Алкынды да, желпинди:
"Байбичеге каяша
Айтчу бакыр сенсиңби?
Балыгыңа барып айт
Баштагыдай жай басып,
Барбайм, десең бардырам
Байлатып же айдатып".

Көк деңизге келди чал,
Келди дагы деңиздин
Түнөргөнүн көрдү чал
Чал чакырса үн салып,
Балык суудан баш багып
Суроо берди дагы да:
"Не тилейсиң, карыя?"

Таазим кылып балыкка
Арзын айтты абышка:
"Балык таксыр, кечиргин,
Ала көөдөн кемпирдин
Алкы кайра бузулду,
Байбиче эмес, падыша
Боломун деп кутурду".

Айтты балык: "Карыя,
Кейибестен бара бер,
Келет баары жайына".

Кемпирине келди чал,
Келер менен көрдү чал:
Заңгыраган сарайдын
Салтанаттуу залында,
Отуруптур кемпири
Санжыргалуу тагында
Шарап ичип койкоюп,
Бал токочтон жеп коюп.
Кызмат кылат жанында
Байлар менен жакшылар.
Турат эки жагында
Айбалталуу сакчылар.

Көргөнүнүн сүрүнөн
Чал аптыгып калды да,
Кобурады жыгылып
Кемпиринин алдына:
"Таксыр пааша, аманбы?
Тойдуңбу да оңдуңбу,
Эми ыраазы болдуңбу?"

Кемпир чалга бу саам
Көңүлүн да бурбады.
Тетир карай күбүрөп,
"Жоготкула муну"" деп
Жан- жөкөргө ымдады.
Чалды сабай баштады
Чалагайым жакшылар,
Аз жеринен өлтүрүп
Кое жазды сакчылар.

Чал ыйласа эчкирип,
Аны көргөн көпчүлүк
Табалады:"Сендей кемпай немени
Ырас кылды!" деп күлүп.

Эки жума өтпөстөн
Кайра жиндеп карт мастан
Жөкөрлөрүн чакырды,
"Чалды таап тезирээк
Келгиле!" деп бакырды.
Чал бат эле табылды,
Кемпир чалга чамынды:
"Балыгыңа барып айт,
Болгум келбейт падыша,
Болгум келет деңизге
Кожоюн да каныша.
Океанда сайрандап
Өмүр сүрүп өтөйүн.
Алтын балык түбөлүк
Болсун менин нөкөрүм".

Кемпирине кесирлүү
Кесе жооп беришке
Жарабаган абышка
Келди басып деңизге.
Келсе, деңиз жөн турбайт,
Уйгу- туйгу толкундайт.

Улуп- уңшуп солкулдайт.
Чал жалтайлап, чочулап,
Дабыш салса балыкка,
Балык чыгып сурады:
"Не тилейсиң, абышка?"

Чал бүжүрөп сүйлөдү:
"Балык таксыр, кайрым кыл,
Кемпир кайра жиндеди.
Болбойт имиш падыша,
Болот имиш деңизге
Кожоюн да падыша.
Балык мени деңиздин
Шаасы кылып койсун дейт.
Алтын балык анан да
Мага нөкөр болсун дейт".

Алтын балык жарабай
"Ай, карыя!" дегенге.
Чаап сууга куйругун
Чөгүп кетти тереңге.
Чал деңизге үңүлүп
Күттү көпкө күрсүнүп.
Акыры чал түңүлүп
Кайтты үйүнө үңкүйүп.

Келсе жылас болуптур
Санжыргалуу сарайы,
Жепирейип туруптур
Жер төлөсү баягы.
Босогодо кемпири
Отуруптур камыгып,
Жыртык чапан жамынып,
Жаман тепши жанында
Жатыптыр тең жарылып.




ЭШЕГИНЕ ЖАРАША…

Жазуучулар Союзундагы жапма челек

Жапайы капитализм жөн-жай адамдардын гана ички дүйнөсүн өзгөртүп, адеп-ахлагына залал келтирет десек, коомдун каймагы, үлгүсү деп эсептеп жүргөн акын-жазуучуларга да таасир эткенине таң калганыбызды айтпай эле коелу. Акаев доорунда ал "каймактар" 4кө бөлүнүп, союзга мүчө кылып бизге окшоп эки сөздүн башын кошуп жазганды үйрөнүп алышкан журналисттерге чейин кабыл ала беришкен. Ошентип, мүчөлөрдүн саны 600-700 адамга жетип барып, бул жарышты 2005-жылдагы революциябы, ыңкылаппы токтоткон. Андан кийин абал оңолот экен десек Анатай акынды Бакиевге арнап "бадерке" ыр жазыптыр деп төрагалыктан шыпырып түшүп, ордуна экинчи бир акын Омор Султанов келген. Иш эми оңолот экен,карыя киши калыстык кылып, жазуучулардын иши эми түз жолго түшөр деп үмүт этип жүрсөк, кашайып каржы полициясы Омор агайыбызга "картайган кезде жолугуп", кылмыш ишин ачып жатыптыр.
Омор агайдын ырын чыгарган - кылмыш ишин козгоо жөнүндө Бишкек шаары боюнча каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, каржы полициясынын капитаны Н.Бөкөлөевдин токтому болду. 2009-жылдын 29-сентябрында чыгарылган №084-09-0208 сан коюлган ал токтомдо Омор агайдын найза бойлогон да, бойлобогон да мыйзам бузуулары жөнүндө сөз болуп келип, аягында момундай айтылыптыр: Кыргыз Республикасынын кылмыш Кодексинин 221-беренесинин 1-бөлүмү, 171-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголсун.Токтомдун көчүрмөсү Бишкек шаарынын прокуроруна жөнөтүлсүн жана кабыл алынган чечим жөнүндө кызыккан тараптарга маалымдалсын.
Мурат КАСЫМОВ

РЕДАКЦИЯДАН: Гезитибиздин кийинки санында Жазуучулар Союзундагы быкы-чыкылар жөнүндө сөз болмокчу.