email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак




Деги кыргыздар кайда?
Негизгиси, азыркы мезгилде К.Бакиевдин саясий потенциалы жоголгондугу айдан ачык болуп калды. Албетте, элге күч колдонсо болот, бирок тарыхтын жүрүшүнө күч колдоно албайсың да. Бакиевдерди жана алардын тегерегин тейлеген финансылык топ жаңы деңгээлге чыкты десе болот. Азыркы учурда кытайлык акча ээлери башында турган багыт күчөп, өз кезегинде орус акча ээлери абдан агрессивдүү боло баштады. Ал эми казак финансисттери Казакстанда финансылык кепилдикти күчөтүү боюнча бир катар ири саясий иш-чараларды жүргүзүүгө киришти. Мындай финансылык татаал жагдай кайдан пайда болду? Албетте, дүйнөлүк финансы айдыңында жүгүртүүчү валюта деп аталган акчалардын массасы көбөйтүлө турган учур бышып жетилди. Андыктан финансылык топтор да ушул жаңы жагдайга камылга көрүп жаткан кез, Россиялык күч түзүмдөрү россиялык акча мыкчегерлеринин бөтөн өлкөлөрдөгү иштетилип жаткан акчаларынын сакталышына алдын ала кепилдик берүүчү схемаларды, демек бийликке баш ийбеген финансылык борборлорду түзүүгө же иштеп жаткан финансылык схемаларды өзгөртүүгө белсене киришти. Мына ушундай багытта иш жүргүзгөн россиялыктар казактардын уран кендерин иштетүүчү тармагын колдонуп, ошондой финансылык топторду түзүүгө аракет кылышты эле, казактардын күч түзүмдөрү алдын ала сокку урганга жетишти. М.Аблязовдун жана М.Джекишевдин жакында болуп өткөн иштери буга күбө. Казакстанда бул багыттагы иштер кандай аяктап жатат? Кыязы эки тарап тең бир пикирге келген өңдөнөт. Себеби, уранга байланышкан иштер тынчыгандан кийин Н.Назарбаевди улуттук лидер катарында өмүр бою башкарса болот деген саясий жобо киргизүү тууралуу демилгелер айтылып, иштер жүргүзүлүп баштады. Демек, Казакстандагы финансылык топтор алдыда жүргүзүлө турган олуттуу финансылык окуяларда акчанын коопсуздугун камсыз кылуучу кепил катары Н.Назарбаевди тандашты. Ал эми бизде кандай абал? Албетте, биздин ажону өмүр бою президенттикке коюу демилгеси ишке ашпайт, анткени ал улуттун лидери эмес. Сөз үчүнчү мөөнөт жөнүндө гана жүрүшү мүмкүн. Бирок бул болгону кийинки беш жылдыкты гана камтыйт. Анын үстүнө аны үчүнчү мөөнөткө калтыруу көп ишти жүргүзүүнү, финансылык чыгымдарды талап кылат. Финансы табылган күндө да натыйжасы кандай болот, белгисиз. Ошондуктан биздеги акча ээлери жаңы багыттарды издеп жаткандай. Ханзааданын кийинки убактарда финансылык айдыңга көп чыга баштаганы финансылык топтор стратегиялык багытты тандап бүткөндүгүн айгинелейт. Максимдин аты менен бийликке баш ийбеген акча массасы чогултула баштайт. Мындай учурда акчанын коопсуздугунун кепилдигин алуу үчүн Максимди саясий аренага көтөрүп чыгуулары мүмкүн (мындай жагдай А. Акаевдин уул-кыздары менен да болуп өткөн).