Ала-Тоодон алыс жүргөндөр

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахмановдун саясий оппозициядан саясий эмиграцияга чейинки жолу өлкөдөгү оппозиция тобунун башка өкүлдөрүнө салыштырмалуу кыскараак болду. Ал саясатка кандай бат кирсе, так ошондой эле тез чыгып кетти. Азыр үй-бүлөсү менен Америка Кошмо Штаттарында, Түндүк Каролина штатында жашап жатат деген кабарды угабыз.
Саясатчынын эмиграцияга кетип калышынын себеби калың журттун эсинен чыга элек болушу керек. Ал тургай жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгүлөр да саясий негиздин чоо- жайы менен жеткиликтүү кабардар болгону маалым. Саясий эмиграцияга негиз болчу жагдай - Өмүрбек Абдрахмановдун 2007- жылдагы апрель митингдеринде массалык баш- аламандыктарга себеп болгон деген айып менен абакка камалышы, андан кийин анын жубайынын бизнесинин финансылык полиция тарабынан байма- бай текшерилиши жана кысым көрсөтүү негиз болгондугу белгилүү. Парламенттик шайлоолор үчүн күрөштө да ал "Ата Мекен" партиясына бириккендердин алдыңкы сабында турган.
Апрель митинги учурунда Өмүрбек Абдрахманов "Реформа үчүн" кыймылынын штабынын координатору болуп турду. Аны менен бирге Өмүрбек Суваналиев, Адилет Айтикеев да камалган. Булардын ичинен бийлик бутагына ыктап кеткендери болду. Мисалы, Өмүрбек Суваналиев ошентти. Өмүрбек Абдрахманов болсо бийлик жакка кылчайбагандыктан уламбы же дагы башка себеби барбы, айтор куугунтуктоолорго туш болду.
Саясатта али жеткиликтүү тажрыйба топтой электигиненби, курчтугунанбы же бизнес тарабында сандардын тапатак эсеп- чотун кагып жүргөнүнөнбү, айтор Өмүрбек Абдрахманов "оппозициянын негизги пландарынын бири- азыркы мамлекет башчысын бийликтен түшүрүү" деп айтып салганы электрондук басылмалардын биринен экинчисине өтүп жазылып жүрдү. Апрель митинги учурунда массалык баш- аламандыкты уюштурууга катышкан деген айыптын дагы түпкү максаты ушул сөздүн төркүнүндө болушу керек деп ойлоого негиз бар.
Жетишкен алдыңкы өлкөлөрдүн бардыгында колунда бар, бардар адамдар өлкөнү башкарууга катышаары белгилүү. Өмүрбек Абдрахманов да саясатка бизнес чөйрөсүнөн келген. Анын бизнеси бар. Саясий оппозицияга чейин өлкөнүн ишкерлер ассоциациясын жетектеп келген. Азыр болсо Өмүрбек мырза үй-бүлөсү менен Америкада.

Айжан Айтышева




  О-уу, ошондо

Өткөн табышмак же арзыматтар ай, арзыматтар…
Анда ал киши бизнес чөйрөсүндө жүргөн кези, биотуалеттерди сатып. Мен анын борбордун чок ортосундагы офисине жумуштап барып калдым. Ошол учурда Таласта президент катышкан жыйын болгону жатса керек эле. Тиги киши телефон менен сүйлөшүп жатат: -Ал-оо, жанагы эки биотуалетти сырын кетирип, чийдирип албай жакшылап жеткиргиле. Орноткондон кийин атыр-самындарын да койгонду унутпагыла. Аскар Акаевге кандай түстөгү биотуалетти койсок, ыя? Майрам Акаевага ачык кызыл түсүн алып баргыла. Жок, кое турчу, сен билчи, Майрам эжебиз кандай түстү жактыраарын…
Ошондо кичинекей эки биотуалет оор жүк ташуучу килейген "Мерседес" машинесине жүктөлүп, Таласка жөнөтүлгөн эле. Ошол мырза азыр өлкөнүн Жогорку Кеңешинде депутат. Бир кезде А.Акаевге кандай кошомат кылса, азыркы ажого андан дагы артык "жүгүнүп" жүргөн кези.

***
Бул киши да учурда Жокенин депутаты. Мурда да депутат болгон, "Алга, Кыргызстан" партиясынан. Азыр "Ак жолдо".
"Алга, Кыргызстан" демекчи оо, Акаев доорунда, жаркыраган жаңы жылдын алдында чоң кече болуп, Кыргызстандын картасы түшүрүлгөн чоң торт алып келет. Майрам апчебиздин тыяк-быягынан чыгып, "Тортту алгач өзүңүз ооз тийип берсеңиз" деп, бычак, тарелкасын сунуп, Майрам эже "Кыргызстан" деген тортту кесип, бир кезде торттун "автору" жана башка бир топ чиновниктер ошол тортту жеп киришти, кудум торт эмес Кыргызстанды жеп жаткандай…
***
Азыркы ажо үчүн "өлөсүңбү" десең, уялбай эле "ооба" дейт болуш керек. Ошол мырза бир кезде, 2005-жылкы парламенттик шайлоонун алдында, парламент жыйынында - ичиңер күйсө туз жалагыла, мен Акаев үчүн өлгөнгө даярмын маанисинде сүйлөп, далайлардын оозун ачырган. (Жаңылбасам, ошондогу айтканы Жогорку Кеңештин стенограммалык архивинде сакталуу болуш керек).
Көп өтпөй Акаев качып кетти. Тиги мырза болсо өлбөй этпей эле, бүгүнкү ажо үчүн да жанын "берүүгө" даяр жүргөн кези. Учурда министр.

***
2005-жылы мартта эл көтөрүлүп Ак үйдүн жанына келишпеди беле. Ошондо дагы бир мырзабыз элге каршы "ак кепкачандарды" тургузуп, Ак үйдүн батыш тарабына элди качырганы таш түшүртүп, андагы ханзаада Айдар Акаевди (өзүнөн бир топ кичүү болсо да) "атам" деп жүрсө, бүгүнкү ажону "папам" деп азыр да бийликтин майталкан жеринде жүрөт.




  жан бүркүм

Жаркылдак
… Жаркылдайт да жаркылдайт! Өчүп-күйөт, кызыл-жашыл болуп. Керек болсо, куурап калган тал-теректерге чейин оролуп кетет жаркылдактар. Түнкү Бишкекке чыксаң андай жаркырактардан көзүң уялат. Ордо шаардын чет жакаларын айтып жаткан жерим жок. Ал жактарда го, караңгы көчөлөр менен казылган жолдордон башка не бар дейсиң?!
Ал эми шаардын улам борборун көздөй баса берсең, кадам сайын - кафе. Алиги жаркылдактар дал ушул кафе-ресторан, дүкөн дегендердин жан-жагында күчөп кетет. Кыргызстанда келатып эле Индияга туш келгенсип…
Кафенин ичин биякка кой, тээ көчөлөрдөгү тал-терекке чейин алиги кичинекей "китайский" лампочкаларды тим эле жыбыратып, жыландай оролтуп илгенин көрүп ал! Анан алардын ар түрдүү түстө күйүп-жанганын айтпа… Эми андан эч кимдин деле көңүлү көтөрүлүп кетпейт. Балким, жаштарга башкача бир маанай жаратабы, билбейм.
Баарынан да, тал-теректерге оролгон жыбыраган лампочкалар ошол дарактын жан дүйнөсүн жабыркатып жаткандай сезилет мага. Жаркылдактарсыз эле улам бийиктикти көксөп, асманды көздөй суурулуп бараткан дарактын көркүн көрдүңүз беле. "Дүңк-дүңк" эткен музыка өзүнчө бой керип өсүп келаткан бул дарактын башына урулуп жаткан балкадай туюлат.
Ушундай жаркылдактарды көрсөм эле ордо шаарыбыздын мурдагысы - Фрунзе болуп турганы эсиме түшө берет. Шаарыбыз анда жашыл эле. Көк-жашыл болуп турган ордобузга сыймыктанаар элек, мактанаар элек, суктанаар элек. А мезгилде бүгүнкүдөй жасалма кооздуктар жок болучу. Табигый өсүп-чоңойгон бак-дарактар жап-жашыл болуп жайкалып, шуудурап турушчу. Алардын шуудурун тыңшачубуз. Каалгып түшүп жаткан сары жалбырактын да тынчтыгын бузгубуз келбей, алаканыбызды аяр тосчу элек…
Дегинкиси, кыргыздар табиятынан жасалмалуулукту жаман көргөн калк. Эчен кылымдап табият менен танапташ жашап келгенинен улам, табигый кооздукту биздин эл өтө жогору баалайт. Ал эми мобу жаркылдактар кыргыз баласына жөн эле таңууланып жаткандай көрүнөт. Андан көрө, дарак түбүнө бир челек суу куюп, жанына 4-5 тал тигип койсо - жапжашыл болуп чыга келмек. Көөдөн толо таза аба менен дем алып, таза ойлорду ойлоп, акыл-эс тунуп, жан дүйнөң жаркырамак… Минтип, сарысы өчүп, кызылы күйгөн сайын көзүң чарчап, андан ары мээң чарчап, өзүңөн-өзүң бүлүнүп, күйүгүп аткандай болбой…

Нурбүбү Бөдөшова