Кыргыз гезиттери


п»ї
  сот залынан

Кайрадан петровка
Петровка башаламандыгы боюнча күнөөлөнүп жатышкан Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаевдин, "Болуш" коомунун лидери Сапар Аргынбаевдин, укук коргоочу Уран Рыскуловдун иштери Москва райондук сотунда каралып, 30-сентябрда соттолуучулардын жактоочулары келбей калганына байланыштуу сот процесси 1-октябрда башталды.

Ишти карап жаткан судья - Феликс Марлес.
Мамлекеттик айыптоочулар - Чукулдаев, Токтомамбетов, райондук прокурор Малдыбаев.
Соттолуучулар - Эркин Булекбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов, Коляшов, Хасанов, Маматканова, Бердибекова.
Соттолуучулардын жактоочулары- Нина Зотова, Асел Аргынбаева, Типеров, Мукар Чолпонбаев.
Коомдук жактоочулар - Топчубек Тургуналиев, Асия Сасыкбаева, Бөдөш Мамырова.

УККнын белгисиз кызматкери

Алгач сот процессинде жактоочу Типеров судьядан процесске катышып жаткан массалык маалымат каражаттарына сүрөткө тартканга жана диктофонго жаздырганга макулдук берип коюусун өтүндү. Бул өтүнүч көптөн бери айтылып келген. Бирок, судья эмнеден экени белгисиз, сот процесси ачык жүрүп жатса да макулдугун бербей келген. Жактоочу Типеровдун өтүнүчүн бардык кесиптештери жана коомдук жактоочулар, процесске катышып жаткан күрттөр дагы колдошту. Тилекке каршы, мамлекеттик айыптоочулардын каршы болгонуна байланыштуу бул ирет да судья жактоочунун жана жалпы элдин өтүнүчүн четке какты.
Фемиданын суз жообуна нааразы болгон жактоочулар ошол учурда арт жакта жашырынып видео тасмага тартып жаткан эки жигитти көрсөттү. Зал ичи ызы-чуу болуп, "Булар СНБнын шпиондору" деп кыйкырып жатышты. Өзүн Акималиев деп тааныштырган белгисиз жигит эч камырабастан процесске жөн эле катышып жатканын айтты. Көпчүлүк элдин жарга такаганынан улам акыры ал УККнын кызматкери экенин айтууга мажбур болду. Бирок ал УККнын кызматкери экенин тастыктаган документин көргөзгөн жок. Таң калычтуусу, залда отурган милиция кызматкерлери судьяны тоготушкан жокпу же УККнын кызматкерлерине каршы кадам жасоого болбойбу, айтор процессти алып барып жаткан судьянын "бул жигитти кармагыла" деген буйругу жоопсуз калды. Акырында элдин ызы-чуусу күчөгөндө гана белгисиз жигит сыртка чыгып көздөн кайым болду. Бул жерде УККнын кызматкерлери биринчиден, сотту сыйлабаганын, экинчиден, өздөрүн ээн-эркин сезип, керек болсо эч кандай документсиз бардык жерге кирип, өз билгенин жасап жатышканын ачык көрсөттү десек болот.

Күрттөр суралды

Сот процессинде 2009-жылдын 26-апрелинде жабырланган күрттөр суралды.
Жабырлануучу-күрт улутундагы Хасанова сотто 26-апрелде болгон ызы-чуу тууралуу суралып, ошол убакта уулу Сулейман Хасановду бирде "Кара-Балтадан жаңы келген"-деп, бирде "үйдө чай ичип отурган" деп эки башка көргөзмө берип жатты.
Ал эми жабырлануучу Коляшова 26-апрелде ызы-чууну угуп, туугандарыныкына качып кеткенин, үйүндө сандыкта 6000 доллар акчасы калганын айтып өттү. Коляшованын канча сомго жабыр тартканын угуп, залдагы эл эмес мен таң калдым. Күрт улутундагы Коляшова 6 000 АКШ долларынан сырткары 13 люстрасынын сынганын айтып, алардын ар бирин 2000 сомдон, чай ичкен столун 25 000 сомго, сегиз стулун 1 500 сомдон 2000 сомго чейин, эки телевизорун 25 000 сомдон 50 000 сомго баалады. Андан сырткары 20 000 сомдук идиш-аягынын сынганын, балдарынын бут кийимдеринин жоголгонун кошумчалап, бир короодо заңгыраган үч үй тураарын айтып залда отургандардын оозун ачырды. Коляшованын чыгымдарын уккан жактоочу Нина Зотова анын үйүнө барып көрөөрүн билдирип, жоголгон буюмдарынын документтерин сурады.
Ушул кезге чейин Петровкадагы күрттөр "биз жөнөкөй жашаган байкуштарбыз"-деп келишкен. Эгерде жөнөкөй жашаган күрт 25 000 сомдук столго чай ичип, сандыкка 6000 АКШ долларын салып койсо, анда байларын элестетүү мүмкүн эмес. Коляшова үй кожейкеси, жолдошу экинчи топтогу майып, бир баласы чарбачылык менен алектенет.
Коляшовадан кийин жабырлануучу күрт диаспорасынын төрагасынын орун басары Усеин Халилов суралып, ал 700 000 сомго чыгым болгонун айтты. Бул жерде калыстыкты айтуу керек, анын "Лексус 470" маркасындагы автоунаасынын күйүп кеткени чын. Бирок, Усеин Халилов 4 жаштагы наристе кыз Настяны күрт улутундагы Абдулло Осмонов зордуктаганын 20-апрелде эле билген. Бул тууралуу 22-апрелде өткөн айылдагы жыйынга катышкан эмес. Кыскасы, күрт диаспорасынын башчысынын орун басары болуп, ошол кездеги кырдаалга кош көңүл мамиле жасаган. Балким, Халилов кылмышты угар замат Абдулланы укук коргоо органдарына айтып, чара көрүүсүн өтүнүп койгондо бир кылмышкердин айынан кыргыз деп күйгөн жигиттер бей күнөө камалып, тынч жашап жаткан башка күрттөр жабырланбайт эле.
Мамлекеттик айыптоочулар 2009-жылдын 26-апрелинде болгон тополоңдун чыгымдарын чемичке чаккандай айтып бергени менен кимдер жасаганын далилдеп берише элек. Алар негедир бул ишти далилдөөнү көздөбөгөн сыяктуу. Анткени 26-27-апрелде тартылган бир нече видео тасмалар ошондо эле жок кылынганы белгилүү болду. Видео тасмага тарткан балдарды милиция кызматкерлери кармап, УККнын кызматкерлери тарткан тасмаларын алып, "Булекбаевге, Аргынбаевге, Рыскуловго каршы көргөзмө бересиңер. Эгер андай кылбасаңар камайбыз"-деп коркутушканы тууралуу ошол балдар өздөрү айтып жүргөнүн соттолуучулардын жактоочулары жана коомдук жактоочулар билдиришүүдө.

Назгүл МАМЫТОВА,
Бишкек-Петровка-Бишкек

P.S. Сот процесси кечээ 5-октябрда уланды. "Назар" гезити бул тууралуу маалыматтарды үзбөй берип турат.






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??