Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сөз сурайм

Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
Президент К.Бакиев бийлик менен коомдун ортосунда мамлекетти башкарууда, диалог жана биргелешип иштөө зарылчылыгы туурасында маселени козгоодо. Ал өзүнүн реформасынын башкы маселеси (милдети) катары коомдун иш алып баруу негиздеринин жана механизмдеринин бийлик жоопкерчилигиндеги компетенциясынын катышуусун белгилейт. Мамлекеттик маанилүү маселелерди кабыл алууда өлкөнүн беделин көтөрүү үчүн түрдүү топтордун кызыкчылыгын эске алуу менен маданий жана профессионалдуу коомдун пикирине таянуу зарыл деп эсептейт.


Учурдагы бийлик жүргүзүп жаткан партия жана бийлик системасы бул маселени канааттандыра албай жаткандыгын көрсөттү. Бийлик жүргүзүп жаткан партиянын өлкөнүн башка алдынкы партияларынын арасында саясатта алдынкы катарда экенин көрсөтүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар туруп, аны колдоно албай, тескерисинче, өз оппоненттеринин ортосунда кандайдыр бир ортомчулук милдет аткарып жаткандай сезилет. Ошону менен катар эле өлкөнүн парламенти оппозициянын пикирин угууну каалабастыгын жана бир пикирге келүүгө, биригүүгө каршы экендигин ачык эле жарыялоодо. Бийлик фракциясынын өкүлдөрү жогору жактан келген көрсөтмөлөргө байланыштуу өздөрүнүн көз карашын оңой эле алмаштырып турушат. Мисалы авиабаза, салык кодекси ж.б суроолор боюнча. Балким, аларды мындай иштери үчүн баалап жатышкандыр, бирок бул баалоонун артында сыйлоо бар деп айтуу кыйын.
Реформага байланыштуу К.Бакиевдин сунуштары мамлекетти куруунун негизги маселелеринде макулдашуу жана курч позициясын ээлөө менен азыркы учурдагы бийликтин конституциялык институттары өлкө президентинин чечимдерине керектүү деңгээлде таасир тийгизбей жаткандыгын белгилейт. Коомдук ар кандай топтордун пикирин жактоочу катары Жогорку Кеңеш да бул милдетин аткарбай жаткандай. Дал ушундай баа Кыргызстан Эл ассамблеясынын жакында эле түзүлгөн коомдук палатасынын ишмердүүлүгүнө берилет деген ой-пикир пайда болот. Мамлекеттик органдар өздөрүнө берилген тапшырмаларды аткарууда атайын атуулдук коом институттары менен макулдашылган өз ара кызматташтыкты аткарышпайт.
К.Бакиевдин жаңы багыты Президенттик Институт аркылуу мамлекеттик бардык институттар менен граждандык коомдун институттарынын өз ара иш алып баруусу мамлекеттик бийликтин эң жогорку деңгээлге багытталгандыгын билдирет. Учурдагы мамлекеттик органдардын президентке болгон сунуштары жана пикирлери азыраак мааниге ээ болуп калды. Мурда администрацияда президенттик чечим кабыл алууда макулдашуу процедуралары керектүү деңгээлде макулдашылбай, айрым инсандардын кызыкчылыгы үчүн бузулчу экен. Пландаштырылып жаткан иштер атуулдук мекемелерге эмес, бийликтин мамлекеттештирүү функциясында атуулдук сектордун гана өкүлдөрү менен өз ара иш алып баруусуна багытталып калбаса болду.
Президент Бакиев мамлекеттик катчынын жана кеңешчилердин ишин алып барган адамдар эмес, дал ушул мамлекеттик катчынын жана кеңешчилердин иши эффективдүү эместигин далилдөө менен бирге алардын ээлеген кызмат орундарынын зарыл эместигин көрсөттү. Президент бул тууралуу "жөн гана орган бар, ал эми коомчулукка керектүү болгон анын чыныгы функциялары жок. Мен мамлекеттик катчылык жөнүндө кеп кылып жатам. Бул институт жоюлат, ошондой эле президенттин туруктуу кеңешчилеринин институту да жоюлууга тийиш" деп, айтты. Мындай ойдон кийин аргасыз төмөндөгүдөй суроо келип чыгат: Президентке ушул кызматтардын ордуна жалпыга керектүү функцияларды ыйгаруусуна эмне жолтоо кылат?
Эгерде азыркы убакта идеология түзүү чөйрөсүндө жакшы иш алып баруу болбосо, ал мамлекеттик катчынын ишинин күнөөсү деп айтууга болбойт. Конституция боюнча президент мамлекеттик катчыны дайындайт, анын статусун жана ишин аныктайт. Ал идеология тармагы менен гана чектелбейт. Өз учурунда Россияда (1992-жылы) Г.Бурбулис РФ президентинин алдындагы мамлекеттик катчы катары түзүлүп, ал мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинде президенттин өкүлү катары кызмат аткарып, кийинчерээк президенттин бардык кеңешчилеринин ишин көзөмөлгө алуу каралган. Кыргызстанда мамлекеттик катчы өзгөчө тапшырмалар боюнча кеңешчинин же президенттик администрациянын жетекчилик функциясын деле аткарса болмок, себеби анын статусун жана ишин президент өзү аныктайт эмеспи. Бул кызматка туура кандидат тандоо, ага керектүү иштерди жана жоопкерчиликти жүктөө маселеси тыянактуу болоор бекен? Чындыгында эле мамлекеттик катчы президенттин ишин жеңилдетүүгө өз салымын кошо алат. Ойлонулбаган кадамдарга баруу алдында бул тууралуу дагы бир жолу терең анализ жүргүзүү зарыл болчу. Ошондо Конституцияны өзгөртүүнүн кереги жок болмок.
Премьер-министр Путин өткөн жылы Ак үйдө ички революция жүргүздү. Путин мамлекеттик аппаратта өзүнүн жеке катчысын кыскартты жана аппарат башчысынын жоопкерчилигин күчөттү. Ушуну менен бирге ал бийликтен көз каранды эмес премьердин жана референттердин жардамчыларынан баш тартып, ошондой эле мамлекеттик аппараттын жетекчисине түздөн-түз РФ президенти Медведев менен иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Жүргүзүлгөн кайра түзүүлөрдүн жыйынтыгында, ички жана тышкы саясатты аткаруудагы өкмөттүн негизги иш багыты боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, өкмөт башчысына сунуштоо жана баш ийген өкмөттүн күч блогу менен иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Ушинтип, орус өкмөтүндө премьер-министрдин секретариатынын жана өкмөттүк аппараттын ортосундагы буга чейин созулуп келген атаандашуу токтоп, Ак үйдүн аппараттык жашоосунун негизги сюжети - өкмөт башчысына таасир тийгизүү болуп калды. Ошондой эле аппараттын өз ара иш алып баруусундагы көйгөй чечилди.
Реформанын дал ушундай тажрыйбасын колдонуу пайдалуу, бирок ал жакта премьер-министр болуп калган мурунку президент менен учурдагы президенттин ортосунда таптакыр башка иш алып баруу системасы бар экендигин, башкаруунун жана мамлекеттин масштабы, ошондой эле бюрократиянын деңгээли түп тамырынан бери башка экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Президент Бакиев президенттик администрациясынын иши жемеге татыктуу экендигин акыйкаттуу түрдө белгилөөдө. Ошон үчүн президенттин азыркы учурдагы администрациясы структура катары кайра түзүлүшү зарыл деген билдирүүсү чындык. Ушунун негизинде мүмкүнчүлүгү күчөтүлүшү керек болгон админстрациянын функциялары өкмөттүк аппаратка өтөт. Бирок, көпчүлүк нерсе президент жана премьер-министр кандай бийлик жүргүзүп, кандай жоопкерчилик аткарат, ошондон көз каранды. Эгерде бул жогорку кызматтардын бийлиги астында бекитилген жана аткарылган кырдаалдар калтырылса, анда администрациянын, өкмөттүн аппараттык функциялары негиздүү түрдө реформага дуушар боло албайт.
Президент өзүнүн ишинде секретариат менен администрация да өкмөткө таянышы керек, бирок аталган органдардын укуктук түзүлүшү ар башка. Эгерде өкмөт мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп эсептелсе, президенттик администрация негизинен мамлекет башчысына кызмат кыла турган иш органы. КР президенитинин администрациясы тууралуу жободо, администрация "Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана мамлекет башчысын ишин камсыз кылуучу мамлекеттик орган" деп, белгиленген.
Бул жерде көрүнүп тургандай, администрациянын негизинде камсыз кылуу функциясына эмес, тескерисинче, мамлекет башчысынын бийлигин ишке ашырууда бир жактуу болуп, ашыкча иш алып баруу фронту түзүлүп, же тагыраак айтканда "баш ал десе бөрк алуу" болуп бараткандай. Мамлекет башчысынын бийлигин ишке ашырууда бир гана президенттик администрация же секретариат эмес, ошондой эле министрликтер, ишканалар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана мамлекетти башкаруунун бүтүндөй системасынын катышышы зарыл. Ошондуктан, администрациянын жоопкерчилигин өкмөттүк аппаратка жана коомдук институттарга өткөрүп берүү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Ошондой эле түздөн-түз президентке баш ийген мамлекеттик органдардын басымдуу саны унутта калбоого тийиш. Алар менен ким иштешет? Демек, аларды өкмөттүн юрисдикциясынын алдына өткөрүп берүү талап кылынат. Ошондуктан, реформанын максатын мындан дагы масштабдуу жана комплекстүү коюу керек эле.

Асылбек БОЛОТБЕКОВ





 "Иду к ИДУ"

Элчи китеп жазды
Турсунбай Бакир уулу Баткен окуясынын он жылдыгына карата китеп жазды. Автордун айтымында анда кээ бир адамдарга жакпаган маалыматтар бар. Тукебиз "Иду к ИДУ" деген аталыштагы китеби тууралуу маалымат берип жатып: "Бул окуяларга байланышкан бардык маалыматтар бүгүнкү күнгө чейин жашырылып келет. Ошондуктан, мен күбө жана окуянын катышуучусу катары андагы адамдардын аттарын, цифраларды жана башка жагдайларды жакшы билем" дейт.
Китеп азырынча орус тилинде экенин, аны кыргыз тилине которууга котормочу издеп жатканын да билдирди.

  Уктуңбу?

Дааватка тыюу салынбайт
Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында дааватка чыгуунун жаңы шарттары жана талаптары иштелип чыгууда. Мындан тышкары, Кыргызстанда канча дааватчы бар экенин билүү үчүн алардын саны эсептелип жатат. Ошондой эле, алардын кийими дагы талапка ылайык болушу керек деп кошумчалады К. Осмоналиев.






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??