Кыргыз гезиттери


п»ї

  Анна болот, мына болот

Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
Натыйжасыз реформалардан тажабаган учур бийлиги дагы бир реформанын босогосунда турат. Андан майнап чыгабы же чыкпайбы? Мурдагыларга окшогон эле чампалаган реформа шекилдүү бир нерсе бойдон калабы? Буга азырынча так жооп берүү кыйын. Антсе да, Бакиев убада кылган реформа улам арылап эле жылап баратканына караганда, бул жолку деле реформасы майталкан эмес деп күбүрөнгөндөр андан көп. Анан калса убада бериш башка, иш башка экендигин президент да сезип аткан өңдүү сыяктанат.
Президенттик админстрация тараптан алынган маалыматка таянсак К.Салиевич 20-октябрда мамлекеттик башкаруу системасындагы толук масштабдуу реформасын баштайт. Ал күнү Өкмөт үйүндө атайын республикалык жыйын болуп, анда Курманбек Бакиев алдыдагы кайра түзүүлөр боюнча чыгып сүйлөйт экен. Буга чейин президент башкаруу системасында реформа жасай тургандыгын мындан бир ай мурда, Жогорку Кеңештин күзгү сессиясынын ачылышында шардана кылган. Андан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да, убадаланган реформа "ана болот, мына болот" экен дегенден башка эч нерсе жасала элек. Албетте , эми коомчулуктун зарыгуусун баскан, курулай эле алаксыткан иштер болуп келди дечи. Маселен, президенттик кещешчилердин кызматтарынан бошотулуусу сыяктуу. Арийне, "түп тамырынан бери жасалган реформаны" байкай элекпиз. Элдин көңүлүн ирээнжитип, калайыкка "суук тумшук" болуп көрүнгөн чиновниктер дагы эле камыраабай өз ордуларында иштеп келатат.
Атүгүл, алардын айрымдары кызматтарында түбөлүк кала тургандай батыл кадамдарды жасаганга аркеттенишип жатканын байкоо кыйын эмес. Маселен Суталинов менен Мадумаровдун Кыргызстанга кайрадан өлүм жазасын киргизебиз дегени эле эмнеге татыйт.
Бүгүнкү бийлик моюнга алыш керек болгон, кайсы бир шылтоо менен, көз жаздым кылууга такыр эле болбогон иштер дал ушул президенттин реформасына удаалаш эле Кыргызстанда болуп кетти. Ал окуялар Кыргызстандын полициялык өлкөгө айланып баратканын көптөн бери ың-жыңсыз кеткен тунгуч президент Аскар Акаев да "Эхо Москва" үналгысына берген интервьюсунда айтып жиберди. Ал өзүнүн Алатоосунда калган жападан-жалгыз үйүн мамлекеттик мүлк фондунун жана президенттин иш башкармалыгынан келген адамдар мамлекетке алып жатканына байланыштуу пикир айтып жатып ушундай деди. Өлкөдөгү аянычтуу окуялар бир эле Акаевдин үйү менен чектелип калган жок. Депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестигинин алынышы, ошол эле депутаттын партиялашы, бир жылдан бери дайынсыз жоголгон Руслан Шаботоевдин сөөгүнүн табылышы сыяктуу окуялардан Бакиевдин реформасы коомчулукту жазгырып кеталбайт.
Ал аралыкта Балыкчы окуясы, Петровка окуялары боюнча соттордун качан кантип бүтөөрү белгилүү болуп баратат. Бийлик бул окуялардын катышуучуларына ыракым кылбай турганы белгилүү боло баштады. Эгер эле азыркы бийлик чындап реформа кылам десе, ушул окуяларды чечүүдөн баштаса болмок, карапайым элдин кагаздагы реформа менен эмне иши бар.
Айрымдар оппозициянын учурдагы алсыздыгына карабастан жакынкы күндөрү Кыргызстанда саясий кырдаал курчушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Заирбек Бактыбаев





  Учур собол

Бийликке ким келип, ким кетсе дейсиз?
Бийликтин тээ чокусунан орун алган кээ бир эр азаматтар ордуларынан акырындап оодарылууда. "Быссымылда" дегенде эле президенттин бир топ кеңешчилери орундары менен кош айтышып, "настроениелери" бутунун таманында болуп жүргөн маалы. Ал эми тагдыры чечиле элек чиновниктер азыркы күнү "шыбыр" эткенден коркушуп, "эмне болуп кетет экен" деген таризде, көз боемочулук кылып, тынбай иштеп жүргөн убактары. А чындыгында жогорку жакта "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" ар убакта кандай жагдай болбосун караңгы үңкүрдөн жарык жолду таап кеткендер бар эмеспи. Бирок, мунунсунда кандай болот, кимиси келип кимиси кетет, аны бир гана убакыт көрсөтмөкчү. Ал эми бийликтеги тазалоолор жана орун алмашуулар тууралуу ойлорун билүү максатында эл арасына төмөндөгүдөй суроо менен кайрылдык.


Эрнист Шабданалиев, программист:
- Менин пикирим боюнча өтө кардиналдуу деле өзгөрүүлөр болбойт. Анткени, буга чейин деле өзгөрүүлөр болот деп айтылып жатпады беле. Тилекке каршы, олуттуу өзгөрүүлөр деле болгон жок. Бизде болгону, ишин жакшы алып баралбаган жетекчини ордунан алып, кайра эле башка майлуу жерге отургузуп коет эмеспи. Андай мисалдар биздин өлкөдө толгон-токой. Ал эми эгерде менин оюм чечүүчү болсо, анда мен бийликке азыркы убакта чет өлкөлөрдө билим алып жүргөн жаш улан-кыздарды алып келмекмин. Анткени, алардын аң-сезими, менталитети бир аз болсо да өзгөрүүгө дуушар болуп, жаңыча, азыркы замандын талабына жооп бере турган идеялары көп деп ойлойм.

Аскат Сулайманбеков, жеке ишкер:
- Мен өзүм саясатка абдан кызыгам. Мага башынан эле Өмүрбек Текебаевдин саясий позициясы жагат. Ары-бери ойноп, сатылып кетпегендей өңдөнөт. Ошондуктан, ушул кишинин бийликке келүүсүн туура көрөт элем. Ошондой эле Т.Сариев, А.Бекназаров, А.Жекшенкулов, М.Абдылдаевдин бийликке келип, эл үчүн иштеп берүүсүн каалайм. Ал эми кете турган катарга М.Эшимканов, К.Карабеков, А.Мадумаров, Д.Үсөнов жана "Ак Жол" партиясынын көпчүлүк депутаттарын кошмокмун.

Гүлжамал ТҮЛӨБЕРДИЕВА, кожейке:
- Президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге ишенип, ошол кишиге добуш бердим эле. Тилекке каршы, ал биздин ишеничибизди актабай койбодубу. Бийликке каршы күпүлдөгөн саясатчылар бириге албай, карапайым элди бийликтин колуна салып берди. Анан кимиси бийликке келгенге татыктуу болсун? Ал эми кете тургандардын катарына азыркы бийликтеги бардык жетекчилерди кошмокмун. Алардын ордуна куугунтукталып, чет жакада жүргөн тың чыгарларыбыздын келишин каалайт элем. Мисалы: Бакыт Бешимов, Бермет Акаева, Байболов, Равшан Жээнбеков ж.б.

Аскар ТОКТОГОНОВ, ардагер:
- Менин оюмча, бийликке Кыргызстандын коргоо министрлигин убагында жакшы оңоп-түзөгөн Исмаил Исаковдой кишилер келсе түзүк болмок. Ал кишинин армияны оңдогону көзгө даана эле көрүнгөн. Ошондой эле бийликке келсин деп Т.Сариев, Ө.Текебаев, А.Атамбаев, Б. Бешимов, А.Бекназаровдун ысымдарын атамакмын. Кете турган катарга Ж.Рустанбеков, И.Чудинов, Билим берүү министри Мусаевди жана башка дагы көптөгөн чиновниктерди кошмокмун. Ал эми Н.Түлеев, Камчыбек Ташиев жана башка кээ бир жетекчилер иштеп турганы жакшы болмок. Анткени, бул адамдар менин оюмча жакшы иштеп жатышат.

Рахат МУКТАРОВ, айдоочу:
- Мага саясатчылардын арасынан Бакыт Бешимов жакчу. Бирок, ал куугунтукталып өлкөдөн чыгып кеткендигин угуп капаландым. Анткени, бул адамдын сүйлөгөн сөзү орундуу, ар кандай болоор-болбос интригаларга катыша берчү эмес. Убагында мыйзамдуулук өлкөдө орун алып, Кыргызстанга кайра кайтып келет деген ойдомун. Ошондой эле бийликте Урмат Барыктабасов, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаковду көргүм келет. Кетсин деп көп эле жетекчилерге айтмакмын. Анткени, кимисин бийликтен шыпырып түшпө, бардыгы ошого татыктуу деп ойлойм.

Назгүл АБДЫЛДАЕВА, жеке ишкер:
- Ачыгын айтсам, саясатка көп деле кызыкпайм. Бирок, биздин өлкөнү, айрыкча батыш жакта окуп, ал жерден тажрыйба топтоп келген адамдар башкарса деген ойдомун. Азыр биздин бийликтеги адамдарды карасаң, бардыгы бир кездерде Советтер Союзунда билим алып, убагында пионер болуп жүргөн адамдар. Мындайча айтканда, совет доорунда калыптанган ой жүгүртүүсү менен өлкөнү башкарышууда. Ал кездерде демократия, саясатта таза атаандаштык деген жок, анын ордуна авторитардык, полициялык режим болчу. Мына ошондон улам азыркы учурда ошол кездердеги ыкма биздин өлкөдө колдонулуп жатат. Ошондуктан кичине болсо да батыштын менталитетинин даамын татыган адам гана бийликке келгенде абал өзгөрөт. Андай адамдардын катарына Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаеваны кошмокмун.


Данияр Өсөров




кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??