Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бул, неси ия?

Миң окко татыган бир ок
"Кылым шамы" укук борборунyн жетекчиси Азиза Абдырасулова Варшавадан эл аралык конференциядан келе жатканда, Москвада аба майданындагы бажы көзөмөлүнүн кызматкерлери анын кол сумкасынан автоматтын огун таап алышты. Бул окуя туурасында укук коргоочуга собол салдык.


- Азиза айым, сизди Москванын бажы көзөмөлүнөн эки жарым сааттай убакыттай кармап турушкан экен.Себебине токтоло кетсеңиз?
- Себеби, түшүнүксүз бир жагдай болду. Мен 28-сентябрда Бишкектен Москва аркылуу Варшавага адам укуктары боюнча жолугушууга барган болчумун. Анан кайра Варшавадан Москвага кечээ 1-октябрда саат сегиздерде учуп келдим. Учуп келгенде эле колумдагы көтөрүп жүргөн сумкаман ок чыгып калды, кадимкидей эле автоматтын атылбаган огу.
Кайдан, качан менин сумкама түшкөнүн өзүм дагы билбейм. Ал сумканын ачык жеринен эмес, түбүндө катылган жеринен чыгып атат. Өзүм дагы таң калдым. Ушундай түшүнүксүз жагдай болду. Анан Москванын милициялары, албетте, өзүлөрүнүн реакциясын жасашты. Мен болгонун болгондой, өзүмдүн ким экенимди, кайсы жактан келатканымды айтып бердим.
Бир жагынан Москванын аэропортунун кызматкерлерине ыраазылык билдирдим. Аябай жумшак, түшүнүктүүлүк менен мамиле кылышты. Эптеп саат 10:50дөгү учакка мени жеткиргенге өзүлөрү аябай аракет кылышты. "Биз ишендик сизге, кимдир бирөө аркылуу салып, провокация болгондой нерсе болуп атат" дешти.
Ошол ок менин сумкама качан, кайдан түшкөнүн билбейм. Себеби эки саат мурун Варшаванын аэропортунан ошондой эле бажы көзөмөлүнөн өткөм, сумкаларым ошондой эле текшерүүдөн өткөн. Варшавадан эч нерсе табылган эмес, Москвага келип ал чыгып калып атат. Жөн эле сала койду десек, ичинен чыкты дешти.
Бирок, сумкаман аны тапкан убакта сумканы мага көрсөтүшкөн жок. Сумканы четке алып туруп, анан эң түбүнөн чыкты деп айтып атышат. Бирок, кайсы жеринен, сумкадан алдыбы, албадыбы көрбөй калдым. Ошон үчүн мага да түшүнүксүз болду.
- Сиз учакта келатканда жаныңызда кандайдыр бир шектүү адамдарды сезген жок белеңиз?
- Учакта шектүү адамдар деле болгон эмес. 1-2 мүнөткө эле өзүмдүн керегим боюмча ордуман турганым болбосо, сумка дайыма эле жанымда болгон. Эми бул жерден түрдүү версияларды ойлоп атам. Балким мурун эле Бишкектен чыгып баратканда түбүнө катылганбы, мени Варшавага киргизбей коюш үчүн. Ким билет…
Же болбосо чындап эле учактан салдыбы, же Варшавада салындыбы. Себеби, Варшавада адам укуктарына байланышкан чоң-чоң маселелер козголгон болчу. Чынын айсам, азыр дагы ойлонуп ушунун чегине жете албай атам.
Эгерде Бишкекте салган болсо, мен башка посттордон кантип өтүп кеттим? Эгерде тиги жакта салган болсо, кайсы убакта качан, ким салды деген ойлор болуп атат. Автоматтын огу дешти. Мен андай атылбаган жаңы окту мурун, кийин да көргөн эмес экемин. Бирок, сумкамдан чыгып жатпайбы.
- Бул сиздин укук коргоочу катарындагы ишмердигиңизге байланыштуу эмеспи?
- Ошого эле байланыштуу деген ой бар. Бирок качан, кандай болгонун билбейм. Кыргызстандын укук коргоо кызматтарына арыз менен кайрылайын десем, бул окуя Москвада болуп атат. Булар кантип териштиребиз дешет, жообу белгилүү да. Кандай кылышты азырынча чече элекмин. Бирок бир жыйынтыкка келип атам, өзүбүз абдан этият болушубуз керек экен.
- Азиза айым, Варшавадагы жыйын тууралуу да токтоло кетсеңиз. Анда эмне маселелерди козгодуңуздар?
- Мен өзүм жөнүндө айтсам, жарандардын эркин жыйындарга, эркин жүрүүгө, эркин бирикмелерге болгон укугу, ошол эле убакта кыйноолор, өлүм жазасы, анан терроризм боюнча, жалпысынан 6 маселе боюнча сүйлөдүм. Ар бири боюнча фактылары менен видео-материалдарды ала барган болчумун. Ошол эле убакта айрыкча, Кыргызстанда акыркы кездерде өлүм жазасын кайра кайтаруу жөнүндөгү демилгени, анан терроризм боюнча мени менен эл аралык уюмдардын өзүнчө жолугушуулары болду.
- Ошондо Европа коомчулугу, эл аралык уюмдар сиздин Кыргызстан тууралуу адам укуктары боюнча айтып бергениңизге кандай маани беришти?
- Ал жерде Кыргызстан адам укуктары боюнча артка кеткен өлкө катары кайра-кайра белгиленип атты.
Ар бир адам укуктары боюнча, багыттары боюнча дагы артка кеткен, проблемалар бар өлкө катары белгиленип кетип атты Кыргызстан.
Ал жыйынга кошуна Казакстандан расмий делегацияда 17 мамлекеттик кызматкер барыптыр. Ал эми Кыргызстандан болсо жалгыз гана Тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова отурду. Бир жагынан өлкөбүз үчүн дагы ыза болдум. Себеби, бардык суроого Тышкы иштер министрлиги жооп берүүгө милдеттүү эмес, жооп бере албайт дагы. Ал эми биз кине койгон ошол эле Юстиция министрлиги же болбосо Улуттук коопсуздук кызматы же Ички иштер министрлигинен бир да адам басып барып, Кыргызстан ушундай дооматтарга калып атканы менен иши да болуп койгон жок.


Аманбек Жапаров




  Өй...

Коррупция Акаевден эмес, Жумагуловдон башталганбы?
""Назар" гезити бир канча сандарынан бери президенттик шайлоо алдында президент Курманбек Бакиевге Чүйдөн опол тоодой добуш алперебиз деп "алтын шилекей" чачыраткан чүйлүк "18 комиссар" тууралуу жазып келатат. Шайлоодо кайсы жерден канча добуш берилгенин коомчулук өзү таразалап алаар.
Биз болсо ошол "комиссарларыбыздын" бейнесин окурмандар менен чогуу көз алдыга тартып көрөлү деп өткөн сандарда Бакирдин Субанбеков, Чубак Абышкаев, Жаныш Рустенбеков, Феликс Кулов тууралуу сөз кылсак, бул ирет чүйлүк "чүйгүндөрдүн" дагы бири Апас Жумагулов тууралуу айрым адамдарга собол салдык

Турдакун Усубалиев,
мамлекеттик ишмер:
- Апас Жумагулович кайсы гана кызматка келбесин, өзүнүн иш билгилигин, терең билимин көрсөтүп келатат. Ал Москвадан Губкин атындагы академияны бүтүрүп келгенден баштап партиялык- советтик- чарбалык жооптуу кызматтарды аркалады. Союз тарагандан кийин Чүй областынын губернатору, өкмөттүн бир нече жолку башчысы, Кыргызстандын Германиядагы, андан кийин Россиядагы элчиси катары элине ак кызмат кылып келаткандыгын айтсак болот.

Мамбет Мамакеев,
академик:
- Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганымда ал кездеги премьер- министр Апас Жумагуловдун дээрлик энциклопедиядагыдай эс тутумуна таң берээр элем. Кайсы депутат кандай маселе менен кайрылбасын, цифралар менен жообун ошол замат айтаар эле. Анын өтө эмгекчилдигин баалайм.

Садырбек Чериков,
саясий аналитик:
- Апас Жумагуловичтин иш билги, тажрыйбалуу партиялык- чарбалык ишмер экенинде талаш жок.
Тилекке каршы, дагы бир нерсени айта кетүү керек- Кыргызстандагы коррупциянын гүлдөп- өсүшү Апас Жумагуловдун премьер- министр учуруна туш келди. Экс-президент Аскар Акаев "Коррупция 7- кабатка жетти, жетишет, токтоткула, силерди Манастын арбагы урат" деп "үстөлдү муштап" айтканда Апас Жумагуловичти карап сүйлөгөн болучу. Буга өзүм күбө болгом. Ошол учурда мен Ак үйдүн биринчи кабатындагы чыгыш залында синхрондук котормо кабинетинде олтуруп, өз көзүм менен көргөм.
Апас Жумагулович кезегинде "кызыл директорлор" менен иштешип калгандыктан, кийин да аларды кызматка көтөрүп бийликке алып келген.
Кыргызстандагы коррупция Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнөн эмес, адегенде Апас Жумагулов премьер- министр болуп турган кезден башталгандыгын калыстык үчүн айта кетишибиз керек.

Собол салган
Айгүл БАКЕЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??