Кыргыз гезиттери


п»ї
  Энергомазохизм

Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
Веердик өчүрүүлөр деген балакети токтотулуп, эл Кудайга шүгүрчүлүк деп топук тартып калганы бийлик өкүлдөрү "мындан кийин энергодефицит деген дегеле болбойт, андай иш ооздоруңан айлансын" дешип жооткоткону адатка айланып кеткен эле. КТРы баштаган өкмөттүн массалык маалымат каражаттарынын Кудайдын куттуу күнү оозанганы эле Токтогул ГЭСинде азыр суунун көлөмү 12 миллиард 638 миллион куб. метрге жетти, ал эми өткөн 2008-жылдын ушу мезгилинде болсо ал 9 миллиард 617 миллион кубометрге, 2007-жылы болсо 13,727 миллиард кубометрге туура келген эле" сымактагы маалыматын үзбөй какшап айтып келди. Ушунусу менен энергетика секторунда иш биротоло оңолуп бир нукка түштү, биздин алаканга деле карга чычып жатат дегенди каңкуулап элди жайгарып жатышканы байкалып турган. Анан эле кайсы кара теке сүздү, ким билет, капилеттен өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри И.Давыдов электрэнергиясында жылдагыдай эле чектөө лимити сакталып калаарын, ал дефицит 18%ды түзөөрүн, түнкүсүн саат 12ден баштап эртең мененки саат 5ге дейре массалык өчүрүүлөр болоорун билдирип калбадыбы. (Башкы энергетик сөзүнө бекем турган киши экен. Чындап эле 1-октябрдан баштап бүт өлкө боюнча веердик деген ашмалтай өчүрүүлөр башталды). Министр И.Давыдовдун айтымында мындай кадамга бийлик аргасыз барууда. Себеби Токтогул ГЭСине топтолгон 12,5 млрд кубометрдин тегерегиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилинде электрэнергиясын чектебей эркин кое берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт дейт башкы энергетик. Жалпак тилге салып айтсак эгер массалык өчүрүүгө барбасак Токтогулдагы сууну агызып жиберип, сызга отуруп калышыбыз этимал, үнөмдөбөсөк болбойт деген кеп. (Эсептеп көргөндө электрэнергиясы менен өлкөнү толук режимде жабдып туруш үчүн 7 млрд. куб.м сууну пайдалануу талап этилет экен. 12,5 милларддан 7 миллардды алып таштасаңыз 5,5 миллиарды калат. Бул деген "өлүү горизонт" деңгээли. "Өлүү горизонтунан" кийин авария болбосун үчүн Токтогул ГЭСинин ишин аргасыз токтотууга мажбур болосуң). Демек, энергочиновниктердин келечекте, 2010-жылы эл электрэнергиясы менен толук камсыз болот, өкмөттүн прессасынын Токтогулда 12,5 миллиард суу топтолду деп кан какшап жаткандары кур эле көңүл жубатып элди алдоо, тил эмизүү гана болуп чыгат. 1-октябрда башталган массалык өчүрүүлөр эч кандай иш оңолуп, ит чөп жеп кетпегенине ачык далил.
Министр И.Давыдов стратегиялык, маанилүү социалдык объектилер, ошондой эле орто-чакан бизнеске чектөө киргизилбестигин, алар өз калыбы менен иштей беришерин айтып, элди жайгарымыш этти дечи. Арийне үч жыл бою катары менен суткасына 12 сааттан электрэнергиясынан кур жалак калып, энергетикалык кризистин зомбулугуна дуушар болуп мукурап бүткөн эл "бар болгону 18% лимит киргизилери, электрэнергиясы түн ичинде 5 сааттан эле өчүрүлүп, ошону менен чектелерине" кенедей ишеним артышпаганы түшүнүктүү дечи. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичери" башынан белгилүү эмеспи. Башкысы, азыркы бийлик энергетикалык терең кризистен Кыргызстанды сууруп чыгарып кетээринен биротоло түңүлүп калганында турат. Ошондуктан, эл энергочиновниктердин айткан жылмакай сөздөрүнө, ооз толтура берген убадаларына шектенүү менен карашары айкын. Энергетиктердин айткандары ашмалтайга айланып кеткени да белгилүү. Ошондуктан коммунист-депутат Н.Байло суткасына свет 5 эле сааттан өчүрүлөт деп жаткан өкмөттүн убадасына чоң маани берип кажети жоктугун, көп узабай өкмөттүн өзү баштап убадасынан айнып, катаал чектөөлөр киргизери кадиксиз экенин белгилеп келип: "коомдук аң-сезимди жайкаган көнүмүш дезинформация кайрадан таратылып жатат. Азыр өкмөт чектөө графигин киргизгени турат, кийин ал графикти өздөрү баштап бузушат эмеспи. Светти өчүрүү иши бүт өлкөгө киргизилбейт деген өкмөткө артыкча ишеним артуу мүмкүн эмес"- деп билдирди.
Айткандай эле бийлик 2008-жылдагы терең энергетикалык кризис башталгандан бери ал кыйынчылыктан чыгуу боюнча кенедей иш-чараларды көрбөгөнү, көрүүнү ойлоп койбогондугу чын эмеспи. Кылым курулушу катары даңазаланган, Камбар-Ата-2 гидрокурулушунда финансылык тартыштыкка байланыштуу иши жылбай токтоп турат. Ал эми Камбар-Ата-1 боюнча эмдиге дейре Россия убада кылган 1.7 миллиард доллардык кредиттин башы ачыла элек. Бир сөз менен Кыргызстандын болочок гидрокурулуштары-гидроэнергетикалык потенциалы боюнча көзгө көрүнөөрлүк бир дагы иш жасалган жок. Жада калса декабрь айына пландалган Камбар-Ата-2 ге жогорку чыңалуудагы линияны тартып жеткирүү иши аткарылбай келет. Анын жакынкы келечекте аткарылып кетери деле арсар.
Бүт дүйнөдө энергетикалык кризиске байланыштуу энергосарамжалдуу (энергосберегающие) лампочкаларга өтүү иштери башталды. ( Эл аралык энергетикалык агентствонун билдиргенине караганда дүйнөдөгү электрэнергиянын 19% ы жарык берүүгө коройт экен. Жарык берүүнүн алдыңкы технологиясын өздөштүрүү аркалуу электрэнергиясынын 40%га жакынын үнөмдөсө болот). Бул багытта, коңшу Тажикстанда, мисалы, "кедейлер үчүн Рахмондун лампочкасы" деп такмазалашса да энергоүнөм лампочкаларды жасап чыгаруу боюнча реалдуу иштер жүрүп, жакынкы учурларда өлкө "сарамжал" продукцияларын чыгарып сата баштаары маалымдалууда. Ал эми биздечи? Тескерисинче. Жарык берүүнүн жогорку технологиясына негизденген продукцияларды өздөштүрүү иштерин баштоону мындай кой, аз болсо да түйшөлүп койгон кишини таба албайсың. Колдо турган Майлуу-Суу электролампочка ишканасына жаңы жабдууларды орнотуп сарамжал лампочкаларды өндүрүү ишин жолго коюуну айтпай ак кой, заводдун өзү өндүрүштүк-финансылык банкроттук деңгээлге жетип, иши токтоп калган. Эми анын кайрадан жанданышы арсар. Биротоло туулбай туна чөккөндөй. Айрым маалыматтар боюнча Майлуу-Суу чыгарган продукцияны (лампочки накаливания) традициялык негизги импортер болуп келген Россия сатып алуудан баш тартып койду. Россия Майлуу-Суунун технологиялык жагынан кечээги күндүн лампочкаларына таңсык эмес экендигин ачык билдиришти, алар жаңы типтеги энергосарамжал лампочкаларга муктаж экен.
Баарынан да опурталдуусу жылда боло келген гидроэнергетикалык кризиске каттамдалып быйылкы жылы газ дефицитинин пайда болушу. Өзбекстан 22-сентябрдан баштап Кыргызстандын калкынын жарымы жашаган түштүк регионуна газ берүүнү токтоткон. Андан көп өткөн жок, түндүк тарапка газ жиберүү 30%га чейин кыскартылды. Газ менен Кыргызстанды жабдып турган Өзбекстан өткөн кыш айларынан бери топтолуп калган 18,8 миллион доллардык карызыңарды толук төлөп бербесеңер оозуңардан айлансын, газ жок силерге, токтотобуз деп так кесе жооп беришти. Аке-жаке дегениңе көнө турган түрлөрү жок. "Кыргызгаздын" гендиректору Саламат Айтикеев Өзбекстанга сүйлөшүү үчүн барды эле, эч натыйжа чыккан жок. Колун мурдуна тыгып барып, ошо колун мурдуна тыккан боюнча кагуу жеп, шөмтүрөгөн бойдон кайра келди. "Сүйүнчүлөп келгени" карызды узартуу жөнүндө өтүнүчкө Өзбекстан тарап моюн толгоп коюшту дегени. Эми эмне болот, азыркы түзүлгөн кыйынчылыктан чыгуунун жолу барбы деп сурагандарга С.Айтикеев күңк-мыңк деген жообун берип кутулууда. Өкмөт "Кыргызгазга" кредит бериши керек, башка ылаажы жок, өлкөнүн газ секторунун башы бүтүн, аман сактап калса бир гана "Кыргызгазды" орду түбү менен сатып алам деген Россиялык "Газпром" гана сактап калышы мүмкүн деген шылтоону бетке кармайт. Ал эми "Газпром" болсо "Кыргызгазын" качан сатып алып, убада кылган инвестициясын качан салып ишке киришери белгисиз. Төөнүн куйругу жерге тийгенче күтүүгө туура келет көрүнбөйбү. Кыскасы, айласы алты куруп абдырап калган, өз алдынча чечим чыгарууга жөндөмсүз гендиректордун чаргыткан шылтоосу. С.Айтикеев 18.8 миллион доллардык карыз кайдан, кантип пайда болду деген суроого 2009-жылы "көгүлтүр отунга" болгон баанын кескин өсүп кетиши, натыйжада ири өндүрүш ишканалардын газды пайдалануудан баш тартып койгону менен түшүндүрөт. Баягы эле айтылып жүрүп ашмалтай болуп кеткен глобалдык кризистин каскагына байланышкан "объективдүү себептер". Өзбекстанга болгон карыздын жабылбай келгенине "Кыргызгаздын" жана жетекчилигинин тиешеси жок деген кеп. Экинчи себеби болсо, дебитордук карыздар. Кызыгы 18,8 миллиондун 5 миллиону гана элдин мойнунда турган карыз экен. Калгандары мамлекеттин көзөмөлүндөгү ишканаларга тиешелүү. Баарынан көп карыз баягы эле айтылуу "Электр станциялар" АККсына туура келет. "Кыргызгазга" болгон анын насыясы 15 миллион долларга чейин чаап чыгып кетиптир. Баарынан кызыгы "Электрстанциялардан" карызды өндүрүп алуу мүмкүн эмес экен. "Кыргызгаз" сотко берсе "Электрстанциялардын" мүлкү өзгөчө статуска ээ экени аныкталып жатпайбы, демек алардан насыяңды төлөтүп да ала албайсың.
"Кыргызгаз" акчыланып күнөөнү өзүнө эмес, өзгөгө оодара салууга жанталашып аракет кылганы менен ишкананын өзүнүн мандемдери толтура экени билинди. Биринчи вице-премьер Ө.Бабанов: "Моюнга алуу керек, бизде олуттуу проблема бар, "Кыргызгаз" боюнча 2009-жылы өтө чоң жоготуу болуп өттү. Республика үчүн делинип 47 миллион доллардык газ сатылып алынган. Анын ичинен 18 миллион доллардык газ дайынсыз жоголгон. Болгондо да 13 миллион доллардын ордун толтуруу азыр мүмкүн эмес" дейт. Биринчи виценин жасаган "ачылышынан" кийин басма сөз беттеринде дароо эле 13 миллионга туура келген газ кайда белгисиз жоголуп кетти, баягы эле коррупцияланган чиновниктердин чөнтөгүнө куркурап кирип кетип күм-жам болгон жокпу деген беймаза суроолор пайда болду.
"Кыргызгаздын" Өзбекстанга дебитордук ири карызы жаап-жашырылбай ачык айтыла баштагандан бери "быссымылда" дегенде эле баштаган иш-чаралары карыздарды төлөбөй жүргөн абоненттерге газ жиберүүнү токтотуу болду. Карателдик катаал чара, мисалы, "Бишкектеплоэнергонун" коммуналдык ишканаларына карата киргизилди. Алардын 25 миллион сомдук карызы үчүн газ түтүгүн бууп таштады эле коммуналдык ишканалардын жылуулук казандары иштебей токтоп калып шаардын бир катар калк жашаган массивдери ысык суудан кур калышты. Ошону менен баягы көнүп калган эмеспи, карапайым элдин башына кыйынчылык түшүп, баягы эле талаайы тайкы эл кыйналууда. "Кыргызгаз" коммуналдык чарбалар карызынан кутулмайын газ да болбойт деп өжөрлүккө салып бекем турат. Коммуналдык ишканаларга газ жиберүүнү токтотуусу карызды өз убагында өндүрүүнү же төлөп берүүнү уюштура албаган чиновниктердин шалаакылыгынан улам азап-тозокту катардагы карапайым эл тартат дегендикке жатат.
"Көгүлтүр отун" боюнча министир И.Давыдов башында турган делегациянын Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрүнүн экинчи этабы башталды деп билдирилди. Ал кандай натыйжалар менен аяктайт, азырынча белгисиз. Ошол эле Саламат Айтикеев: "эгер Өзбекстанга болгон карыз жабылбаса Кыргызстандын калкынын күнү бир гана электрэнергиясына түшөт, электрэнергиясын пайдалануу жүгү кескин жогорулайт. Ал эми бул болсо кезегинде катастрофага алып келиши мүмкүн: кыргызстандыктар газы жок, жарыгы жок, ысык суусу жок отуруп калышы этимал. Асыресе келечектен үмүт үзбөй кое туралы"--дейт гендиректор. Тилекке каршы, босогодо баш багып турган катастрофаны болтурбай коюу, алдын алуу боюнча чиновниктер кечиримсиз ыкшоолук жасап жатканын көрүү кыйын эмес. Башкалардан сабак алуу биздин коркойгон чиновниктер үчүн үч уктаса түшкө кирбей тургандай чоочун көрүнүш эмеспи. Коңшу Тажикстанга карызын төлөп бербегендиги үчүн Кыргызстан сыяктуу эле Өзбекстан газ жиберүүнү токтоткон эле (Кызыгы тажиктердин карызы менен пайдаланган газдын көлөмү биздикиндей деңгээлде экен). Карызды төлө деп "Өзбектрансгаз" доосун доолай баштаар замат Тажикстандын энергетиктери оперативдүү жооп беришти, чапчаң иштеп 6 сааттын ичинде мойнундагы карызын жабууга үлгүрүштү. Азыр газ Тажикстанга толук түрдө бериле баштады. Газ менен жабдуу Тажикстанда, ошентип, чоң үзгүлтүккө учураган жок, катастрофа кыйгап кетти. Ал эми биздин чиновниктерге келсек, алардын көчүгүн креслосунан козгоонун өзү азап, коңшуларга окшоп элдин камын ойлоп беймазага түшкөндөр жок. Андайларды күндүзү чырак менен издеп да таба албайсың. Эл отун-суусу жок кыйналып жатабы, аларга баары бир. Кыргызстандын чиновниктеринин кенебес тоң моюндугу менен кайдыгерлигин элге жасаган энергомазохизм менен салыштырса болор эле. Элди эзип кыйнабаса аларың ыраазы болушпайт эмеспи.
Үсөн Касыбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??