Кыргыз гезиттери


п»ї
  КМШнын келечеги барбы?

Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
Белгилүү болгондой, эл аралык альянстар обьективдүү зарылдыктан келип чыккан ар кандай маселелерди чечүү үчүн мамлекеттердин аракеттерин бириктирүү максатында жаралат. Маселен, Батыш цивилизациясы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аскердик тарыхый сабактарын жакшылап өздөштүрүп, курулушка катуу киришкен. 1949-жылы АКШ-нын демилгеси менен Түндүк атлантикалык уюм - НАТО түзүлгөн. Мына ушундан улам, өз алдынча мамлекеттердин аракеттери аскерий-саясий уюмга бириктирилип, анын эсебинен жамааттык коопсуздук системасын бекемдөөгө жана чыңдоого мүмкүнчүлүк пайда болгон. 1954-жылы СССРдин НАТОго кошулуу сунушу четке кагылган. Ошондуктан, Түндүк атлантикалык блокко карама-каршы салмактуу Варшава келишимине кол коюлуп, ага чыгыш европалык социалисттик өлкөлөр кирген. Ошентип, натыйжада дүйнө бири-бирине ыкыс берген эки лагерге бөлүнүп, ортолорун темир көшөгө бөлүп калган. Чыгыш менен Батыштын ортосунда жан талашып жарыша куралдануу күч алып, кансыз согуш (холодная война) башталганы баарыбызга эле белгилүү. Бирок, акырында СССР жана ага ымалалаш өлкөлөр жеңилүүгө дуушарланып, социалисттик система кум сепилдей куюлуп жок болду. Варшава макулдашуусуна мүчө болгон айрым өлкөлөр НАТОго өтүп кетишти.

Ошентип, СССРдин урандысынан жана постсоциалисттик лагерден эл аралык жаңы бирикмелер пайда болду. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук макулдашуу уюму (ЖКМУ), Евроазиялык экономикалык кызматташтык (ЕвроАзЭк) жана да терроризмге каршы ар кыл борборлор, бажы союздары жана башка уюмдар түзүлдү. Мындай уюмдардын пайда болушу бир караганда мурунку учур менен кийинки учурдун ортосунда пайда болгон боштукту биргеликте кайра толуктоого жана пайда болгон маселелерди чечүүгө шыктандырган үмүт менен толукталып жаткансып көрүнөт. Бир чети аны менен катар эле өлкөлөр аралык жаңы бирикмелердин ишмердиги коомдук пайдалуу мүнөзгө ээ болушу мүмкүн экенин элестетүү кыйын. Себеби, шериктеш мүчө-өлкөлөрдүн арасында карама-каршылыктар, келишпестиктер ашыкча көп.
Саясий режимдердин ачык эле байкалган айырмачылыгы, экономикалык өз алдынчалык, айрым учурда обочолонгондук зарыл биригүү процесстерине өбөлгө боло албай жатат. Бул жерде, анан калса аймактык талап коюулар да бар. Алар көп учурларда андан ары масштабдуу кагылышууларга өсүп жетиши мүмкүн болгон локалдык чек аралык конфликттерге алып келүүдө. Айрым өлкөлөр ичинде терроризм жана экстремизм актылары менен коштолуп турган сепаратисттик маанай да өкүм сүрүп турат. Мисалы, Борбордук Азия республикалаларынын баарында демократия беткебинин алдында автократия жашырылып турат. Бул чындык. Ал - үй бүлөлүк-кландык башкаруу менен айкалышып, алардын кызыкчылыктары ички, тышкы саясатта да басымдуу күч катары калып келет. Коррупция, протекционизм, жердешчилик ар кандай көрүнүштө болуп көрбөгөндөй гүлдөп өсүүдө. Буга катар болуп көрбөгөндөй зор байлык жыйнагандыгы менен негизги эл катмарынан өзгөчөлөнгөн чиновниктер да аз эмес. Бирок, кеп алардын санында эмес - терс таасиринде, эл арасында жаратып жаткан нааразылыктын деңгээлинде болуп жатпайбы. Жалпысынан ала келгенде, бул белгиленген факторлор аймактагы саясий туруктуулукту козуткан олуттуу күч болуп эсептелет. Албетте, Борбордук Азия республикаларындагы мындай абал узакка кармалып тура албайт. Демек, кандайдыр бир өзгөрүүлөр болбой койбойт. Бирок кандай масштабда болот жана ал эмнеге алып келет - бул чоң маселе.
Мындай абалда, албетте, көп сандаган суроолор пайда болот. Тагыраак айтканда, өз ара шайкеш келбеген саясий түзүлүштөгү мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүнбү? Алардын ортосундагы терең жана кооптуу келишпестиктер кантип жок кылынат? Өлкөнү демократиялык монархия жолунан чыныгы демократия жолуна кантип алып чыкса болот? Жеке аскердик-саясий мейкиндикти сактап калып, Батыш менен алаканы кантип шайкештикке келтире алабыз? Шериктеш өлкөлөрдүн НАТОго жылып кирүүсүн кантип токтотсо болот? Дагы ушул сыяктуу суроолор толтура. Бирок, бул суроолор канчалык оор жана опурталдуу болбосун ага ишенимдүү, ынанымдуу жооп тапса болот. Болбосо, бардык аракеттер обочолонгон экономикасы жана ички коопсуздук системасы бар өздүк субкультураны калыптандыруу жолу менен тышкы дүйнөдөн обочолонуу катары кайрадан каралып калышы мүмкүн. Мунун ички маңызында ага кайрылып баруу мүмкүн эмес экенин, өткөндүн рудиментардык мурасы экенин билүүбүз абзел.
Жаңы шарттарда Совет бийлиги тутунган эски принциптерге таянууга болот деп жаңылбашыбыз керек. Мунун өзү шериктештиктин негизин талкалаганга жөндөмдүү куру кыял. Утопия. Эл аралык уюмдардын ишмерлери учурда эски элестердин туткунунда жашап, жогорудан белгиленген эрежелерди аткаруучулардан болушуп, утурумдук пайда үчүн өз ар-намысы менен келишимге барганга да даяр экендиктери айныксыз чындык болгондуктан, өзүнчө токтолуп сөз кылууга туура келет.
Кыргызстанда, Аскар Акаевдин мезгилинен тарта добуш берүү жыйынтыгын уятсыздык менен бурмалоо практикасы калыптанды. Одоно жана бети жоктук менен шайлоонун ыплас технологияларын колдонуу бардык плебисциттердин айрып алгыс бөлүгү болуп калды. Анын айынан шайлоочулар шайлоо системасына, дегеле жалпы бийлик институттарына ишенимин эчак эле жоготуп коюшкан. Бул күндө өлкө жарандары шайлоо жана шайлануу деген конституциялык укуктарынан ажырап калышты. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Жакында эле, июль айында бизде президенттик деп аталган шайлоо болуп өттү. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы тарыхындагы эң бир ыплас жана уят-сыйытсыз өткөрүлгөн шайлоо болду. Бул боюнча ОБСЕ байкоочулары аталган шайлоону "ОБСЕ белгилеген стандартка шайкеш келбеген" деген өкүмүн чыгарган. Бул жыйынтыкты Евробиримдик колдоого алган. Ушул эле учурда КМШнын байкоочулар миссиясы КМШ уставынын принциптерин жана негизги максаттарын эл аралык жалпы укук нормаларын көңүлгө албастан, шайлоо жыйынтыгын таанып эле тим болбостон, добуш берүү процедурасын мактоого алышкан. Бул бардык кылык-жоруктардын күбөсү болгон Кыргызстандын элин ачыктан ачык мазактагандык катары угулганын жашырбайм. Ошондуктан, КМШ адам укуктарын жана эркиндигин коргобой эле, альянстын мамлекеттеринин башчыларынын эч кимге жооптуу болбой, жыргап башкарууну каалаган корпоративдик кызыкчылыктарын коргоону гана көздөгөнү толук ишенимдүү негизде эле деп айтса болот.
КМШ ички табияты боюнча демократияга бөгөт жана эл аралык жоопкерчиликсиз структура болуп калды. Деги эле КМШ мамлекеттеринин башчылары шайлоолордогу кезектеги жеңиштери менен бири-бирин кызуу куттуктап жатышканы эч кимди деле таң калтырбайт. Көпчүлүк бул көрүнүштү жалпы жоопкерчиликсиздиктин актысы катары баалашат.
Эртеби-кечпи бул жосунсуз алкакты шериктеш өлкөлөр ичинде үзгүлтүксүз демократиялык ыңкылап жолу менен бузууга туура келет. Мындай процесстер көпчүлүктүн аң-сезиминде бышып-жетилип келатат. Дал көрүнүштөрдүн өзөгүндө алып карасак, Россия Шериктеш өлкөлөр арасында башчы, алдыңкы өлкө болуп саналат. Бүгүн Россиянын алдында олуттуу тандоо турат. Ал - эл аралык саясатта альянстын мамлекет башчыларынын ыргагы менен гана иш алып баруу. Экинчиси, алардын кызыкчылыктарын гана коргоого албай, жалпы эл пикирин, мүдөөсүн эске алып, алака-мамилелердин жана кабыл алынган чечимдердин коомго пайдалуугун, ачыктыгын талап кылышы керек. Ооба, эки вариант тең ыңгайсыз. Бирок, кандай болгон күндө дагы эл аралык жаңы уюмдардын кийинки тагдыры Россия кабыл алган чечимге байланыштуу болот...

Мирослав НИЯЗОВ,
коопсуздук кеңешинин экс-катчысы,
коомдук ишмер





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??