Кыргыз гезиттери


п»ї
 "НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ

Шер
Боке кимдин куйругун басты?
Кыргыздын керемет жерлеринин бири, улуу "Манаста" айтылган Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосунун бир капталы казактарга кетип жатканда: "Казактар тарыхыбызды тартып алды" деп Бокем жер муштаган эле. Кийин дал ошол Каркыра маселеси менен Түпкө бир эмес, бир нече жолу барып, жер, Мекен деген түшүнүктөн алыс, жумуртка менен "куралданып" бийлик айдактаткан "адамдардын" соккусунда калган…
Боке демекчи, учурда азыр журтубуздун бычакка сап болчу жигиттеринин бири - Болот Шерниязовго да бийлик тараптан куугунтук башталыптыр деген кабарды угуп, кабыргабыз кайышкан абалда калдык. Балким, бул эл деген эрендерди сыртка кууган азыркы системанын кезектеги "азоого чалмасыдыр". Анан калса "Ата Мекен" партиясынын атынан Ө.Текебаев менен бирге Шерниязов Швецияга (курултайга) сапар алаары жөнүндө ММКларда маалымат тараган. Демек, жогоруда белгилегендей коркутуу ыкмасы менен Бокени Швециядан кайра Ала-Тоосуна келтирбей, андан ары, балким океандын ары жагына кетүүгө мажбур кылган саясат эмеспи?




Эмнеге?
Масимов келди
Кечээ Кыргызстанга Казакстан Республикасынын премьер-министри Карим Масимов жана президенттин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин атайын жумушчу сапары менен келди. Бүгүн Казакстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен жолугушуп, эки тараптуу экономикалык маселелерди талкуулашат, алардын ичинде энергетикалык коопсуздук маселеси да бар.


Общий дом
Кыргызстан аскер полигонуна айланабы?
Франция жана Испания кыргыз бийлигинен "Манас" аэропортундагы аскердик эмес жүктөрдү ташуучу транзиттик борборду колдонууга уруксат берүүнү суранышууда. Бул боюнча маселени кечээ Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык комитети карады.
Жогорку Кеңештеги аталган комитеттин төрага орун басары Кабай Карабековдун айтымында, Европадагы бул эки өлкөнүн Кыргызстанга келүүдөгү максаты-Афганистанга гуманитардык жардам берүү жана терроризм менен күрөшүү.


Кечээки кыялдар бүгүн жок…
Оппозиция чилче тарайбы?
Даракта жалгыз калган жалбырактай, күз башталганы оппозициянын басыгы да уламдан-улам азайып барат. Сүйлөөргө сөзү, жасаарга иштери да калбай калгандай. Убагында "улуттук лидер болот" деген уулубуз Ө.Текебаев өз ден соолугу менен алек. Партиянын башкы кеңсесинде кирген-чыккандар жокко эсе.
А.Атамбаев эптеп Балыкчыдагы камалган балдарды чыгарып алса, андан кийин өз оокатын кылып чет өлкөгө кетет экен деген күбүр-шыбыр күч. А.Бекназаров болсо бекинип алгандай. Уюлдук телефону да өчүк.
Бери жактагы далайлары өткөн шаңдуу күндөрдү эстеп, шампан эмес, ак суу ичип отурат дейт. "Табаарыңар ушул беле" деп айтаар киши жок. "Акайыптын академиктик айкөлдүгүнөн эле бакырып жүрүшкөн го, булар" дегендер да жок эмес. Кыскасы, оппозиция бүгүн "бар-жок" абалда калган кези.
Ал учурда дагы бир оппозиционер Сариевдин маанайы майрамдагыдай. Бүгүн-эртең "Ак шумкардын" республикалык жыйынын өткөрөм деп теминип жүргөн кези…
Ошентсе да, ушул өңүттө "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурдагы оппозициянын абалына таптакыр башкача көз карашта экенин айтып, төмөңкүдөй пикирин билдирет:
- Өмүрбек мырза, соңку кезде коомчулукта өлкөнүн саясий айдыңында кырдаал курчуп жатканы айтыла баштады. Буга социал-демократтар партиясынын депутаты Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажырашы, Бакыт Бешимовдун АКШга кетүүгө аргасыз болушу, Алмазбек Атамбаевдин, Болот Шерниязовдун суракка алынып жатышы жана башкалар себеп болуп аткансыйт. Бирок, ошол эле учурда оппозиция алсызданып жатат деген пикирлер да жок эмес. Сиз буга кандай жооп берет элеңиз?
- Элди коркутуп кул кылууга мүмкүн эмес, өзгөчө Кыргызстанда, өзгөчө Бакиевдердин кланы. Анткени алардын ким экенин, даремети кандай экенин эл билди, алардын авторитети чектелүү. Бүгүнкү бийлик коркутуп-үркүтүү жолу менен гана өзүнүн талаасын сактап калышы мүмкүн. Оппозиция канчалык куугунтукталбасын, камалбасын, чет элге кетпесин, алардын баардыгы өз көз караштарынан, өз пикиринен, өз ишениминен кайткан жок. Мына ушунун өзү оппозицияны чыйралтат жана ага болгон элдин ишенимин көтөрөт. Кандай гана ишеним болбосун, мейли биринчи христиандарды, мусулмандарды алалы, алар өз ишеними үчүн куугунтук жеген. Керек болсо өлгөнгө даяр турушкан, ошондуктан гана алардын ишеними, алардын сөзү күчкө ээ болгон. Ошон үчүн алардын эл алдында баркы болгон.
Эгерде сөздү айтып коюп, башыңа кыйынчылык келгенде андан тансаң, анда андай партиянын, андай саясаттын күчү болбойт. Мына ушул планда оппозицияга чоң сынак келди, ал сынакка оппозиция туруштук берип жатат. Мен ойлойм, оппозиция моралдык планда ого бетер бийик көтөрүлүп жатат.




  Кримсап

59 адамдын өмүрүн алган кырсык
Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында 59 адамдын өмүрүн алган 205 түрдүү кырсык болуп өткөн. Алардан келтирилген чыгымдын көлөмү 156354029 сомду түзгөн. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Өзүн сабап, машинасын айдап качышты
3-октябрдан 4үнө караган түнү саат 12.30дар чамасында Бакыт Осмоналиев аттуу адамга эки белгисиз европа улутундагы адам бычак менен кол салышып, "Нисан-Бюлберд" маркасындагы автомашинасын айдап кетишкен.

Кой терисин жамынган милиционер
2-октябрда Бишкектеги Москва-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен Калмат Кадыралиев аттуу жалган милиционер кармалды. Ал өзүнө милициянын полковниги деген "17515" номурлуу документ жасап алып, мамлекеттик авто инспекциянын кызматкерлерин жумуштан кетирем деп коркутуп жүргөн.

Мүшөк акчаны бөктөрө качып
1-октябрда "ЭкоБанктын" Чолпон-Ата шаарындагы бөлүмүнөн А.Г аттуу кассирден 20-25 жаштардагы азиат улутундагы адам, бүкүлү акчалардын даяр таңгагын коркутуу аркылуу тартып алган.
Бул боюнча кармалган адам учурда сурак берүүдө.

Адам өлтүрөм деп өлтүрө алышпай...
Укук коргоо органдары Жалал-Абад облусунда даярдалып жаткан оор кылмыштын алдын-алууга үлгүрүштү. Бир нече кылмыш иши боюнча мурда соттолгон Аксы районунун тургуну Б.А. 1-октябрда ошол эле Аксы районунун тургуну башка бир кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө даярданып жаткан жеринен кармалды. Кармоо учурунда алар чечкиндүү каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада, милиция кызматкерлери курал колдонууга аргасыз болушкан.

Базардагы өрт
"Кудайберген" авто базарындагы машиналар токтоочу жайдан "BMW" маркасындагы D1542J мамлекеттик номурлуу машина күйүп кеткен. Учурда машинанын ээси жана күйгөн себептери такталууда.

Героин менен кармалды
1-октябрда Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүндө 1971-жылы туулган борбордун тургуну Х.А кармалган. Аны тинткен мезгилде 500гр.героин табылган.

"Сасык" салыкчы
2-октярда Бишкек шаарынын тургуну О.Р салык инспекциясынын кызматкери
"2000 сом талап кылып жатат"-деп укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.
Учурда бул кылмышка шектүү "сасык" салыкчы кармалып сурак берүүдө.

Гашиш ташыгандар
3-октябрда "Бишкек-Свердлов" багытындагы поездден Кыргызстандын жараны баңги затын жашырып бараткан жеринен кармалган. Анын жанынан 6 кг 785 гр шашиш табылган.
Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.
Ушуга окшогон эле факт 2-октябрда Казакстандын Ауыл станциясында да катталган болучу.

Мектепте өрт чыкты
Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү "Якаут" орто мектебинде кампада сакталган көмүр күйүп кеткен. Өрттүн чыгышына көмүрдүн өзүнөн-өзү күйгөнү себеп болгон деп айтылууда.





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??