Кыргыз гезиттери


п»ї

  ТАКА - ТИКА - ТАКА - ТА.....

Артисттер айлында
"Сайранда" сайран болот
Куудул Абдылда Иманкулов 4-октябрда келиндүү болуп, кубанып турган кези. Анын жакшылыгын уккандын баары ак босогосун аттаган келинге жоолук салып бүтпөй жатышат. Келгендерге ыраазы болгон кайын ата "Сайран" кафе-ресторанында сайран болоорун айтып узатууда. Албетте, артисттин тоюн артисттер көркүнө чыгараары турган иш…

Розанын күйөрмандары ага нааразы
Дастанчы, ырчы Роза Аманованын күйөрмандары редакцияга коңгуроо кагып, анын ырдабай калганына нааразы экендиктерин билдиришти. Анын жүзүн, үнүн сагынгандарын, ал азыр кайда экенинен кабардар болгулары келгендиктерин айтышты. Жана башка дагы көптөгөн суроолорду жаадырышты…
Биз билгенден сүйүктүү ырчы кызыбыздын бүгүнкү күндөгү кесиби - мугалим. Ал Кыргыз-түрк "Манас" университетинде мугалим болуп эмгектенет. Ошондон улам, колу бошобой жатса керек… Бирок, жолугушчу күндөр алдыда экенин унутпаңыз, күйөрман…

Шеринелеш кыздардын концерти...
Шеринелеш сегиз кыз - Гүлзат Байзакова, Жайнагүл Калчаева, Дилшат Кангелдиева, Айчүрөк Султанова, Салима Балтаева, Орозгүл Токторова, Гүлбүбү Иманалиева жана Нуриса Абазова ай сайын чогулуп, шерине ойношоору жашыруун деле эмес. Алар ушул аптанын аягында жолугушуп, күзгү концерттин планын сүйлөшүшөт.

Цирктин чыры
СССР убагында цирктин жатаканасында цирк артисттери жашачу. Союз урагандан кийин, цирктен мыкты артисттер башка өлкөгө кетип калышып, жашаган жатаканасы да кароосуз калган… Азыр ал жерде 56 үй бүлө жашайт. Алардын айтымына таянсак, ээн калганда ээнбаш сойкулар кирип жашап алышыптыр. Анан алар сойкуларды кууп чыгып, жатакананы жакшынакай кебетесине келтирип коюшкан. Көзгө көрүнүп калган жатаканага көрүнгөн чиновниктин көзү түшүп, цирктин директору Исанаевге "куда" түшүп ийишкен. Атүгүл, Исанаев өзү да кызыктар болуп жаткан кези экен. Талашта турган жатакана маселеси Танаевден башталган тура… Цирктин чыры төрт жылдан бери бүтпөй келет. Учурда жатакана жашоочулары менен цирк соттошуп жатат. Учкай жазылган мындай маалыматты жакынкы сандардан кенен окуй аласыздар…

Назми менен Сапар эмнеге "ажырашты"?
"Назми менен Сапар таарынышып таркап кетишиптир" деген сөз таркады. Биз чындыкка караганда ушакка ишене турган калк болуп калбадыкпы. Назми турмушка чыкканы чыгармачылыктан бир аз алыстап, той-топурдан кыскарылып калганын кайсы бир гезитке айтканы бар. "Сапар башында турмушка чыкканыма көнө албай, "Назми, бул жердеги, тигил жердеги тойго тезинен келип калчы…" деп телефон чала берчү. "Жолдошумдан уруксат алайын" десем, бул сөзүмө таарынып калган күндөрү да болгон. Азыр көндү, көп чалбай калды" деп айтыптыр. Анын үстүнө Назми кош бойлуу. Аман-эсен бошонуп алса, кайрадан чыгармачылыгын жандандырса керек…

Артист көйнөккө оозун ачкан студенттер
"Ала Тоо" программасынын алып баруучусу айдай сулуу айым - Гүлжан Кулманбетова дикторлуктан тышкары БГУнун студенттерине кошумча сабак берери маалым болду. Студенттердин айтымына караганда, эжекесинин лекциясына эмес, анын артист көйнөктөрүнө (ушинтип атап алышыптыр) көңүл буруп, ооздорун ачып калышат экен. Атүгүл, "түрлүү-түрлүү кийинген көйнөктөрү канча турат болду экен?" деп баасына башы катып отураарларын да мактанып айтышты. Буга деги ким күнөөлүү?..

"Пираттарга" тонотпойм" дейт Борончу
"Анча-мынча ырчыларга караганда мен тытып коем" деп айткан Борончунун алгач ырдап чыкканы элдин эсинде болсо керек. Бул жигитибиздин тамадалык дагы өнөрү бар. Ошентип, үч кесипти чогуу алып жүргөн артист бүгүн 300 ырчы менен келишим түзүп, ырлардын чыпчыргасын коротпой, "пираттарга" тонотпой лицензияланган дисктерди чыгарганга бел байлап, бизнес кылганы турат.





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??