Кыргыз гезиттери


п»ї
  Спорт дүйнөсүндө

Биздикилер байгелүү орунда
Оор атлетика боюнча Ташкен шаарында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандык үч балбан өлкөнүн намысын коргошту.
56 кг салмакта Бекзат Осмоналиев жеңүүчү болуп табылса, 62 кг салмакта Султан Молдодосов коло медалды багындырды. Ошентип, Азия кубогунун байгелүү орундарынан биздин балбандар куру калбай, өлкөнүн намысын татыктуу коргой алышты. Баракелде!


Футбол
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында финалга жакын оюндар кызуу өтүүдө. Футбол талааларыбыз европалыктардан начар болсо да, күйөрмандар арасындагы оюнга болгон кызыгуу жогорку деңгээлде. Ишемби күнү канттык "Абдыш-Ата" бишкектик "Ата-Спор" командасы менен талаа үстүндө беттешип, канттыктар 4:0 эсебинде бишкектик футболчуларды жер каратышты. Бул оюнда Эсенкул уулу Чолпон үч голду өзүнүн эсебине жазса, ага кошумча кылып Алмаз Мирзалиев бир топту атаандашынын дарбазасына киргизе алган. Ошол эле күнү Бишкектин "Шер" командасы кара-суулук "Жаштык-Ак-Алтындын" оюнчулары менен оюн өткөзүшүп, оюн тактасы 0:0 боюнча калды.


Оюндан чыккан от
Россиянын футбол боюнча чемпионатында 18 тур өтүп, санктпетербургдук "Зенит" өз талаасында москвалык "ЦСКА" командасын кабыл алган. Бирок, көрүүчүлөрдүн көңүлүн оюндун жүрүшүндөгү "оюн" болду. "Зениттин" күйөрмандары менен "ЦСКА" күйөрмандарынын ортосунда мушташ чыгып, баш-аягы беш жүзгө чукул күйөрмандар билек түрүшүп, бири-бирин тепкилешти. Анын себепкери "Зенитке" "Спартактан" кайтып барган В.Быстров болду. Көрсө ЦСКАнын күйөрманы В.Быстров тууралуу жаман сөздөрдү айтып, кыйкырып койгону "Зениттин" күйөрманына жакпай калыптыр. Ошондон улам бул эки команданын фанаттары ким кыйын экенин ошол жерден чечүүгө белсенишкен. Жыйынтыгында, ондой адам жаракат алып, элүүгө жакын агрессивдүү фанаттар милиция тарабынан кармалышкан.


Кимден ким кыйын?
Испания курама командасынын чабуулчусу Фернандо Торрес 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзүлөрүнүн эң негизги атаандаштарын атады.
Ал, "биз оюндарга мыкты даярбыз, тандалма беттешүүлөрдө 8 оюндун 8ин уттук. Бул бекеринен эмес. Топ-тоголок демекчи, бирок бул ийгилик кураманын даярдыгына да көз каранды. Менин оюмча бул чемпионатта бизге Англия жана Бразилия чоң маселени жаратмакчы" деп билдирди. Белгилей кетсек, аталган курама командалар дагы тандалма беттештеринин бирин калтырбай утуп, Африкада өтүүчү дүйнө мелдешине жолдомо алышкан. Андан сырткары алдын-ала беттешке төмөнкү командалар чыккан:
Испания, Бразилия, Англия, Сербия, Голландия, Түндүк Корея, Түштүк Корея, ТАР, Камерун, Япония.




  Дөө-шаалар

гарри каспаров
Гарри Вайнштейн 1963-жылы Азербайжан ССРинде төрөлгөн. Атасы Ким Моисеевич Вайнштейн баласынын шахмат оюнуна кызыккандыгынан улам, аны менен күндүр-түндүр шахмат ойногондон тажачу эмес. Атасы Гаррини 7 жашында Баку шаарындагы шахмат боюнча пионерлер үйүнө тапшыртат. Бирок 1974-жылы Гарринин үй-бүлөсүн кырсык басып, атасы Ким Вайнштейн лейкемия оорусунан улам каза болгон. Ал күндөр Гарри үчүн эң кыйын күндөрдүн бири болду. Анткени, ал кичинесинен атасынан ажырабай, ар дайым жанында жүрчү. Энесине караганда атасына көбүрөөк жан тартчу. 10 жашынан баштап Гарри Михаил Ботвинниктин шахмат-мектебине тапшырып, 15 жашында анын жардамчысы болгон. 1976-жылы Гарри Вайнштейн 13 жашында СССРдин өспүрүмдөр арасында чемпиону аталган. Ошол эле жылы Гарринин энеси Клара Каспарян Гарринин келечектеги карьерасынын өсүшүнө өбөлгө болот деген таризде ысымын өзгөртүүнү туура көрөт. Ошентип, Вайнштейн ысымынын ордуна энеси өзүнүн ысымын берип, "ян" дын ордуна "ов" мүчөсүн улап Каспаров дегенге алмаштырган.
1978-жылы Гарри Каспаров Минск шаарында өткөн Сокольскийдин турнирин утуп, ага СССРдин шахмат боюнча спорт чебери деген наамды ыйгарышат. 1980-жылы Дортмунд шаарындагы өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып, чемпион аталган. Бул анын ийгилигинин башаты гана болчу. 1981-жылы 18 жаштагы Гарри СССРдин шахмат боюнча турнирин жеңип алып, СССРдин тарыхындагы эң жаш чемпион аталган. Ошондой эле ал баш-оту менен шахмат дүйнөсүнө кирип кетпестен, башка тармакта да терең изденүүлөрдө болду. Ошол эле жылы келечектен көптү үмүттөндүргөн Гарри Каспаров Азербайжан институтунун чет тилдер факультетин ийгиликтүү аяктаган.
Гарри Каспаров биринчи жолу дүйнөнүн чемпиондук наамын багындыруу үчүн Анатолий Карпов менен кез келишкен. Ошол кездеги чемпион Карповдун талабы боюнча оюндун эрежеси өзгөртүлүп, беттеш чектелбеген мөөнөттө ойнотулган. Болгону биринчи алты партияны ким утса ошол жеңүүчү аталмак. Оюндун мындай эрежесине Каспаров каршылыгын билдиргени менен, нааразычылыгынан эч майнап чыкпады. Беттеш 1984-жылдын 10-сентябрынан 1985-жылдын 15-февралына чейин созулуп, шахмат тарыхында эң узак созулган беттеш катары тарых барактарына жазылган. Эсеп тактасы 5:3 кезинде оюн ФИДЕнин президенти Флоренсио Кампоманес тарабынан токтотулуп, жеңүүчү болуп эч кимиси аталган эмес. Булардын экинчи жолку кезигишүүсү 1985-жылдын 1-сентябрынан 10-ноябрга чейин уланып, аягында 13:11 эсебинде оюнду Гарри Каспаров жеңип, 22 жашында дүйнөнүн 13- шахмат боюнча чемпиондук наамын багындырган. Ошондой эле ал андан кийин Карпов менен Лондон, Ленинград, Севиль, Нью-Йорк жана Лион шаарларында беттешип, чемпиондук наамын татыктуу сактап кала алган.
1993-жылы Гарри Каспаров ФИДЕнин жүргүзүп жаткан саясатын кескин айыптап, бул шахмат федерациясынан чыгып, Чеберлердин шахматтык ассоциациясын түзгөн. Ал эми ФИДЕ Каспаровго жооп кайтаруу максатында анын ысымын ар кандай рейтингдик сыноолордон алып салып, Каспаровдун бардык чемпиондук наамдарын жокко чыгарып салышкан. 1993-95-жылдары Каспаров өзү түзгөн Чеберлердин шахматтык ассоциациясы алкагында Найджел Шорт жана Вишванатан Ананд менен чемпиондук наам үчүн беттешип, эки оюнду тең утуп алган. Ал эми 2000-жылы Каспаров дүйнөнүн чемпиондук наамын сактап калуу максатында Владимир Крамник менен кез келишип, уттуруп жиберген. Ошентип ал биринчи жолу утулуу ызасы кандай болгонун сезди.
Гарри Каспаров бир гана шахмат дүйнөсүндө активдүү оюнчу болбостон, саясий сахнада да активдүү оюнчу катары көрүндү. 1990-жылы ал Россиянын Демократиялык партиясынын түптөлүшүнүн башатында турган адам. 1996-жылы өлкөнүн президенти Борис Ельциндин президенттик шайлоодогу үгүт иштерин активдүү жүргүзгөн. Бирок, Борис Ельцин бийликтен кетип, ордуна Владимир Путин келгенде Гарри Каспаров өзүнүн саясий көз карашын башка нукка бурду. Владимир Путиндин режимин полициялык режим менен салыштырып, Россия жана мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрүндө адам укуктары тепселенүүдө деген пикирде. Ошондой эле Каспаровдун Борис Березовский менен алакасы жакшы. Ошондон улам бийлик аны ар кандай радикалдуу оппозициялык маанайдагы адам катары кабыл алат. Анткени, Б.Березовскийдин "Россиянын бийлигин төңкөрүш аркылуу кулатам" деген сөзү бар эмеспи.
Спорт чөйрөсү менен саясатта Каспаров жолдуу болгону менен жеке турмушунда көптөгөн көйгөйлөр бар. Ал ушул күнгө чейин төрт ирет үйлөнүп, бирөө да ага түбөлүктүү жар боло албады. Гарринин төрт никесинен эки кыз жана бир уул төрөлгөн. Азыркы күндөрү белгилүү шахматист өзүнө түбөлүктүү жар издеп жүргөн кези.






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??