Тагдыр

Сапарлаш баяны
(Уландысы. Башталышы өткөн санда)

- Мен эмне, жыргаганымдан алыс жолго сапар алып баратыптырмынбы?! - деп кабагын чытып сөзүн баштады Жамал. - Болгондо да, эч ойлонбой отурганда жолго чыгууга туура келгенин карасаң...
Өзүнчө күрсүнүп алды. Кечээ, жок, андан наркы күндүн кечинде уккан жаңылыгына дал ушул азыр каны кайра дүргүп чыга келди.
******
Күндөгүдөй эле үй жумуштары менен алпурушуп, кичинекей Жорону жаңы эле жуунтайын деп олтурган. Аңгыча, эшик кагып, курбу кызы Камила келип калбаспы. Көптөн бери көрүшпөй кеткен эки курбу бири-бирине улам "свежий" жаңылыктарды айтып берүүгө ашыгып атышты.
- Алсаң, Какин, жесең... - деп берерге аш таппай, Жамал катуу сүйүндү. Анан эмей, мына эки жыл болуп баратат, үйүндө бала менен отурганга... Тим эле думугуп, жалгызсырап кетет экенсиң. Күйөөсү Эркин Барнаулда жүрөт, акча табамын деп. Өзүнүн эже-сиңдилери, Эркиндин ата-энеси үйгө байма-бай каттап турганы менен, көбүнчө баласы экөөсү жалгыз. Анан калса, бу Камила менен эчен кызыктуу кыз күндөрүн чогуу өткөрүп, жакын, жакшы санаалаш болуп калышкан. Мунун келбегенине деле бир жылдай болуп калды өңдөнөт...
- Тиги кантип атат, бу кантип атат? - деп сурап Камиланы тажатып жибергендей да болду. Жердигинен ачык, болгон нерсени бетке айткан Камила бир караганда орой адамдай да көрүнүп кетер эле. Ошол адаты кармай түштү анын.
- А сен тигилердин, булардын жаңылыгына неге анча куштарланасың? Өзүңдүн башыңдан өтүп жаткан жаңылыгың азбы?! - деди.
- Өзүмдө эч деле жаңылык жок. Эркин дале баягы жакта иштеп жүрөт, мен болсо, мына өзүң көргөндөй отурам балам менен... - деди Жамал эч нерсени байкоос албай.
- Сен качантан бери мага сыр ачпай калгансың. Койчу, бөөшсүнбөй?! - деп эми чындап корсулдады Камила.
- Какин, сенден кайсы сырды катмак элем. Эркиндин салып жиберген акчаларын алып, уулум экөөбүз "Кудай" деп отурабыз. Эми, Жокиним кичине чоңойгуча дагы отурамын го...
- Ии, ошентип отура бер, кемпирге окшоп "кудай деп"... Сен чын эле эч нерсе билбейт турбайсыңбы, шоркелдейим, - деди кыйкыра.
- А эмнени билбейт экем?
- Эч нерсени билбейт экенсиң!
Курбусунун чын эле эч нерсени укпаганына жаны ачыган Камила өзүнүн билгендерин ошол замат эле ортого төгүп салды. Анын сиңдиси азыр Барнаулда соода жасап жүрүптүр. Эркинди жакшы тааныйт экен. Ошо сиңдиси өткөндө келгенде көп нерсени айтып кетиптир. Атүгүл атайылап келген ал Жамалдын үйүнө - эмне болуп жатат, эмне кылып жатат, билейин деп келген. Келсе, жан курбусу минтип "мурдуна бок сыйпатып" коюп отурат.
- Ошол. Сенин Эркиниң, дагы бир баланын атасы болуптур! - деп келатканда эле Жамал этегине өрт жабышкансып секирип кетти.
- Эмне дейсиң, ай! Кандайча, кантип?!
Өңү бозоруп, эриндери диртилдеп кетти.
- Ушинтип эле. Ай, баса! Сен Гүланда менен достошуп жүрбөйт белең!
- Ооба. Дагы эле досмун. А эмне?..
- Ошол Гүланда төрөп бериптир ага балканактай баланы...
- Койчу, сенин деги акыл-эсиң ордундабы?!-деп силкинип Камиланы тикирейе, жактырбай карады.
- А эмне, мени акылдан адашыптыр деп уктуң беле? Мына, сенин акылың ордунда эмес, эриңди ар кимге тарттырып, минтип отурасың, ичкен-жегениңе ыраазы болуп... Же, сенин курсагың тойсо эле болдубу! Мен канча жолу айттым эле го, сага : - Ушу, Гүланда деген немени жаныңа жуутпа-дебедим беле. Эптеп сенин башыңды имерип, анан сенден Эркинге өткөнүнө, мына, дагы ишенбей турасың...
Эки колу менен башын мыкчып кайра жерге отуруп калды Жамал. Кулагы шуулдап чыкты. Камиланын айтканы чындык болучу. Мурда бир- эки эле жолу көргөн айылдашы Гүланда ага алгач "эже" деп жабышкан. Анан, бара-бара сырдакана болуп "сенге" өтүп кетишти. Улам-улам үйүнө келип, алды-артына түшүп жатып Жамалга жагып алган. Акыркы ирет былтыр келип:
- Жамал, сенин күйөөң көптөн бери сыртта жүрөт. Бу Кыргызстандан чыгып, башка жакта иштегендердин жашоосу жакшы. А биз болсо бирин-бирине жеткире албай отурабыз. Эркин аяш келгенде мени кошуп берчи ага. Мен да сыртка барып иштеп, акча таап келсем жакшы болот эле... деп өтүнгөн.
Жердигинен боорукер, жароокер мүнөзү бар Жамал Гүландага чын дилинен жардам бергиси келген. Анан калса, сырдашып отурганда Гүланда эчен жолу көз жашын көлдөй төгүп, бул турмуштан бакыт таба албай, жолу болбогонун айтып берген. Анан, колунан келсе бир жардам берип коюуга эмнеге болбосун. Эркин үйгө келгенде, Жамал ага Гүланда жөнүндө айтып, "ошого жардам берип койчу" деп аябай табыштаган. Кичинекей баласын көтөрүп алып темир жол вокзалынан Эркин менен Гүланданы өзү узаткан.
Андан бери бир жылдан ашты. Алты ай мурун Эркин келип кеткен үйүнө. "Гүланда өзү теңдүү келин-кыздарды таап, өзүнчө соода кылып кетти. Жакшы эле болсо керек, кезикпейбиз деле" деп койгон сураса. "Жакшы болсо-болуптур да" деп койгон Жамал.
Эсин кичине жыйгандан соң:
- Деги, эмне болуптур?-деп сурады Жамал кайра.
- Ошол, болоору болуп, боёосу каныптыр. Тиги, Барнаулга жетип-жетпей эле Эркинди торуна түшүрүптүр, тиги ойсокең! Ал тиги жакка барганда өзүнчө иштеп кетпей эле, Эркиндин этегине эрмешип, жакасына жармашып, биротоло чогуу бир батирге кириптир. Башта "Жамалдын айылдаш сиңдиси" болуп көпчүлүккө сыр бербей жүрүшсө, улам кийин өздөрүнүн мамилелерин эч кимден деле катпай калышыптыр. Бири-бирине көпчүлүктүн көзүнчө эле үзүлүп түшүшүп, акыры, экөөсү өзүнчө батирге чыгып кетишиптир. Көп өтпөй курсагы челкейген Гүланданы ачык эле ээрчитип жүрчү болуптур Эркин... Жакында Гүланда төрөп, ошол эле жердеги топ кыргызга тойчук беришиптир.
- Ушу айткан сөзүң чынбы, мени тамашалап жаткан жоксуңбу? - деп Жамал Камилага ишеңкиребей карады.
- Ой, мен укканымды айтып жатам. Сага күйгөнүмдөн айтканы келгем. Сен таптакыр эле эмне болуп калгансың, же башта эле ушундай энөө белең? Кызык... - деп ийинин куушуруп койду өзүнчө Камила.
А Жамал өзүнөн-өзү алдастап, чөнтөк телефондун номерин тере баштады.
- Алло, Жакинтай, кандай...
- .....
- Алло - оо, Жамал, кандай жатасыңар? Жоки жакшыбы? ..
Эркиндин үнүн укканда Жамалдын мууну титиреп кетти. Эмне деп сөз баштаарын билбеди. Аялдык албууттугун карматып кыйкырып-өкүргөндөн пайда жок экендигин акылга салып калчап турган, бирок ага болбоду.
- Жакшы, жакшы! Бешик бооң бек болсун, Эркин! - деди заар чачып.
- И-ик!
Эркин тилин тиштеп алгандай болду.
- Эмне, тилиңди тиштеп алдыңбы?! Гүландаң күүлүү-күчтүү жүрөбү? - дегендей бир топ кыжырга тие турган сөздөрдү айтып-айтып алды. Андан ары өзүн-өзү токтото алмак эмес. Кыйкырганга өттү...
Ошентип ал күн кантип өтүп кеткенин деле билбей калды. Экинчи күнү таң заардан чөнтөк телефон чырылдады.
- Жамал... Мен - Гүландамын... - дегенде эле телефон колунан учуп түштү. Кайра алды.
- Эмне! Сага эмне керек, шуркуя, бирөөнүн күйөөсүн бузуп тийип алып мөрөй алдыңбы?!
Жамал албууттана кыйкырып атты.
- Жамал, урушсаң-уруш! Мен жерге кирейин... Башкага кара санасам да, ушу сенин алдыңдан кыя өтпөсөм болот эле... Өзүбүз деле билбей калдык, пендечилик... Мени кечирип кой, Жамал...
- Эми түштөн кийинки сөздүн кимге кереги бар?
- Жамал, Эркин реанимацияда... Кечээ кечинде көчөдөн машине уруп кетти, билбейм, же өзү урундубу... үү-үү-үү...
Телефондун тиги учунан Гүланданын үңүлдөгөнү угулду. Жамал эмне кылаарын билбей калчылдап чыкты.
- Жамал, келчи эптеп, келип калчы... - деп үңүлдөгөн Гүланда Жамалга жалына сүйлөп жатты.
******
Баласын Эркиндин апасына таштап, ошол эле күнү жолго чыккан Жамал өзүнчө эзилип келаткан. Эркинди жек көрүүсү күч алып турганы менен кичинекей Жорону атасыз элестете албай, бир Кудайдан Эркинге өмүр тиленип да тиленбей жан дүйнөсү жанчылып бараткан...

Нурбүбү БӨДӨШОВА




  муундар

Өкүт
Аталар менен балдар ортосунда кандай тыгыз байланыш болсо, ошондой ажырым болуп келгенинин өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алсак, улам илгерки муун өзүнөн кийинки өсүп келе жаткан муундагы жаштардын иштеп жаткан ишине, окуусуна, күнүмкү жашоо-тирлигине алымсынбай келет.

Чоң аталар, аталар
Улуу Ата Мекендик согушту баштан кечирген аталардын муунун көрүп калдык. Алар дайыма: "Оо, силер бактылуу замандын балдарысыңар да. Мына, биздин жаштыгыбыз согушка туш келип, кызыл өрттү кечип келбедикпи" дешчү. Алардын балдары айылда ач-жылаңач калып, болгон жыйган-тергендеринин баарын фронтко жиберип, өздөрү ырыстуу деле балалыкты өткөрүшпөптүр. Мына ошондой ачкачылык - жокчулукка кайыл болуп, билим алууга умтулушуп, өлкөнүн экономикасын өстүрүүгө жанын үрөп келишкен.

Биз
Чоң аталарыбыз жана аталарыбыз ушундай иштери менен сыймыктанышат. Андан кийинки муунга болгон өкүтү ичинде. Бирок, кийинкилер деле терең билим алууга умтулуп, өздөрүн илим-билимде сынап көрүүгө далалаттанып келишкен. Анын акыбети кайтып, биз тегиз терең билимдүү, маданияттуу, саясий жактан каныккан, жалпы коом үчүн аракеттенген, түшүнүктүү муун болуп кала бердик го деп ойлойм.

Жаштар
Ал эми азыркы жаштардын портретин: эсепчил-рыноктук, өзүмчүл, жалакай деп айтышат көпчүлүк. Булардын баары коомубуздун өзгөрүшүнө карай шартталып жаткан көрүнүш экени анык. Эгер алар эсепчил болбосо, бүгүнкү базар мамилеси салтанаттап турган маалда талаада отуруп калышпайбы.
А бирок, жаштарга билим берүүдөгү көптөгөн көйгөйлөр көкүрөктү ачыштырып келет. Мектептерден жакшы эле бүтүп келгендей болушат да, ордо шаарга келип Жогорку окуу жайына тапшырганда эле этек толо акча менен өтпөсө, өтө алышпайт. Өткөнү да мейличи, а бирок андан ары 5-6 жыл окуусунда ата-энесинин сөөгүнө чейин шылып бүтүшөт! Ар бир зачет-экзамендерге олчойгон гана акчалар кетет. Сен сабакка келдиңби-келбедиңби баары бир. Реферат, дипломун да акчага жаздырып алып жакташат. Ошентип билим алган бала кандай кадр болот?! 10-15 жылга созулган окуу процессинин аягында ушундай суроо турат. Жооп бериш кыйын.
Мындай жасалма жалган (псевдокадр) кадрлардын армиясы азыр өлкөбүздү каптап кетти, албетте бирин-экин чыккан чыныгы билимдүү жаштарды кошпогондо. Өлкөбүздө окуу жайлар ондоп саналганы менен, тескерисинче сабатсыздык сазына батып баратканыбызды мойнубузга алгыбыз келбейт. Азыркы жаштарга болгон биздин муундун бир өкүтү ушул экенин айткым келди.

Нурбүбү Бөдөшова