Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бийлик формуласы

Франклин Рузвельт
Рузвельт ХХ кылымдагы Американын эң көрүнүктүү, күчтүү жана ийгиликтүү саясатчыларынын бири. Ал согуш мезгилинин президенти болгон жана экинчи дүйнөлүк согуштун улуу жеңүүчүсү катары эсептелип келет. Анткени, Рузвельт дүйнө салган мезгилде Америка дүйнөлүк супердержавага айланып калган эле.
Рузвельт Франклин Делано (1882-1945), АКШнын 32-президенти. Бул кызматка төрт ирет катары менен шайланган (1933-1945 ж.ж). Ал бийликке 30-жылдардагы улуу депрессиянын маалында социалдык революциядан чочулаган буржуазиялык катмардын колдоосу менен келген. Антигитлердик коалициянын түзүлүшүнө, БУУнун жана согуштан кийинки эл аралык кызматташтыктын чыңдалышына чоң салым кошкон. Анын ичинде Советтер Союзу менен мамиле түзүүнүн жеке формасына ээ болгон саясатчы эле.
Ал аристократиялык үй бүлөнүн жалгыз баласы, апасы Сара уулун абдан жакшы көргөн. Ошондон улам кийин деле анын жеке турмушуна тынымсыз аралашканын токтоткон эмес. Гарвард университетин аяктагандан кийин юрист кесибине ээ болгон Рузвельт саясат менен активдүү түрдө алектене баштайт.
1905-жылы ал Элеонаро Рузвельтке баш кошот. Ал күйөөсү үчүн үй бүлөдөгү гана эмес, саясаттагы жолдошуна, атүгүл өнөктөшүнө айланат. Рузвельт профессионал саясатчы катары өз ишмердүүлүгүн 1921-жылы баштаган. Бирок, ошол эле жылы 39 жаштагы Франклин Рузвельт полиемелитке чалдыгып, белинен ылдыйкы жагы кыймылдабай калат. Ал ооруга моюн сунуп калбастан, кадыресе кыймылына келүүгө эч бир күчүн аяган эмес. Тилекке каршы, өмүрүнүн акырына чейин дене мүчөлөрүнүн айрым жерлери кыймылга келген жок. Ал кол арабада (коляска) отурганы менен өз алдынча каалаган жагына жылып кете берээр эле.
Американын келечектеги президенти кайсы бир күтүлбөгөн окуяда, маселен, өрттө жалгыз калып, өлүп калуудан абдан корккон, ошого жараша, кереги тиет деп өз алдынча жерде сойлогонго, жылганга үйрөнгөн. Ал салмагы 10 фут, болоттон жасалган тирегичсиз өз алдынча бутуна тура алчу эмес. Буга карабастан ал турмушка үмүттүү көз караш менен карап, өзүнө абдан ишенимдүү болгон . Ал аны аяп, боору ооругандарды тыйып, антүүгө такыр уруксат берчү эмес.
1928-жылы Рузвельт өзүнө ылайыкталган атайын машина менен Нью-Йорк штатынын губернаторлук кызматына ат салышат. Ал өзүнүн шайлоочуларына "экономикалык пирамиданын эң төмөнүндө калган, унутулган жөнөкөй адамга жардам берем" деп убада кылат. Натыйжада, жеңишке жетет.
Төрт жылдан кийин, тагыраак айтканда 1932-жылы 8-ноябрда болуп өткөн президенттик шайлоого ат салышып, бул аеосуз күрөштөн учурдагы президент Герберт Гуверди утуп чыккан. "Шайлоодогу бул күрөш эки эрдин күрөшүнөн, эки партиянын күрөшүнөн, бир максатка жана өкмөткө карата эки башка көз караштын күрөшүнөн дагы чоң күрөш болду" деп Рузвельттин атаандашы Гербер моюнуна алган. Ал президенттик биринчи мөөнөтүндө тарыхта "жаңы багыт" деген ат менен калган экономикалык кайра түзүү программасын ишке ашырат.
Американын тарыхында төрт ирет президенттик кызматка шайланган жалгыз гана Рузвельт болгон. Ал өзүнүн ден соолугунун начарлыгына карбастан аялзатын магниттей тартып турар эле. Бир нече айымдар менен болгон романтикалык окуялары айтылып келет. Белинен төмөн жагы иштебей шал болуп калганына карбастан, бел кубатынан карыганга чейин тайган эмес. Бул бүгүн дагы окумуштууларды кызыктырган меселе.
Ал улам карып, ден соолугу начарлаган сайын алдыдагы жасалуучу иштерди максаттарды ойлоп беймаза болгон. Буга байланыштуу, ошол кезде көзү ачыктыгы менен жаңыдан атактуу боло баштаган Дин Жиксонду чакыртып, дагы канча жашай тургандыгын сурайт. Көзү ачык айым жооп берүүдөн тайсалдаган, бирок, көшөргөн президент андан жоопту ачык айтуусун талап кылат. Президенттин тамырын кармап көргөн Диксон "алты айдан ашык эмес убакыт" деп жооп берет. Жооп Рузвельтти абдан өкүндүргөн. Ал бир нече мүнөттөргө чейин унчукпасатан ойлуу отурган. Өзүнө келген соң президент эмоционалдык абалда Орусия тууралуу сурай баштайт. "Кандай, эмне кылыш керек? Эбегейсиз, табышмактуу жана чыгыш тиранынын колу менен башкарылып турган Орусия менен ишти кантип жүргүзүү керек" экендигин билгиси келген. Көзү ачык Орусия Америка үчүн өнөктөш боло албасын айтат. Бул 1944-жылдын ноябрь айы болучу.
Согуштан кийинки дүйнөлүк тынчтыкты камсыз кылуу маселесине Рузвельт биринчи Квебек конференциясында өзгөчө көңүл буруп, өз долбоорун сунуштаган, андан кийин бул маселелер Москва, Тегеран конференцияларында улантылат.
Төртүнчү мөөнөткө кайрадан шайланган Франклин Рузвельт Крым конференциясынын чечимдерине чоң салым кошуп, БУУнун негиздерин түптөөгө көп аракеттерди жасаган.
Ялтадан кайтып келгенден кийин Рузвельт чарчагандыгына жана алсыздыгына карабастан мамлекеттик иштер менен алектенүүсүн токтоткон эмес. 23-апрелде Сан-Францискодо боло турган БУУнун ачылыш аземине даярданып жаткан эле. Бирок, 12-апрелде Американын дагы бир улуу президенти пайгамбар жашына бир жыл жетпей мээсине кан куюлуп, жан берет. Анын сөөгү Гайд паркка коюлган. Тарыхчылар Франклин Рузвельтти Ж. Вашингтон, Т.Жефферсон жана А.Линкольн менен бир катарга коюп жүрүшөт.

Заирбек Бактыбаев





  Дания

Рио-де-Жанейро - олимпиада борбору
Өткөн жумада Копенгаген шаарында Эл аралык олимпиада комитети 2016-жылкы жайкы олимпиада оюндары Бразилиянын Рио-де Жанейро шаарында өтөт деп тапты. Рио-де Жанейронун инфраструктурасы менен тааныштырганы келген Бразилиянын президенти Лула да Силва жана футболдун падышасы Пеле жыйынтык чыккандан кийин сүйүнүчтөрүн койнуна батыра албай толкунданышканынан жашыңкырап да жиберишти. Ал эми тандоого катышкан төрт шаардын инфраструктурасы, эң өнүккөн Чикаго шаары биринчи айлампада эле Мадридге жеңилип калган. Чикагого жада калса Барак Обаманын жалындуу сөздөрү да жардам берген жок. Эми 2016-жылы Латын Американын тарыхында биринчи ирет жайкы олимпиада оюндары өткөрүлмөкчү.

  Индонезия

Сулавеси аралында жер силкинди
Индонезияга дүйнөнүн ар тарабынан гуманитардык жардамдар келип түшүүдө. Жекшемби күнү Индонезиянын Сулавеси аралында жер силкинип, кубаттуулугу 5,3 баллды түздү. Көптөгөн имараттар урап, керектен чыгууда. Ал эми өткөн жуманын шаршемби күнү Суматра аралында болгон жер силкинүүнүн натыйжасында канча адам жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар азырынча ар кандай. Соңку маалыматтарга караганда 1.4 миң адам набыт болсо, 2.5 миң адам жаракат алышкан. Кырсык болгон күндүн эртеси эле Индонезиянын өкмөтү дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, жардам сураган эле. Бүгүнкү күнү Кытай тарап жабыркаган тарапка 500 миң доллар, ал эми АКШ тарап 300 миң доллар гуманитардык жардам бөлгөн. Башка мамлекеттер болсо кырсык болгон жерге медицина жана куткаруучу кызматкерлерин жөнөтүшүп, жардам берүүдө.

  Италия

Сицилия жер көчкүдөн жабыркоодо
Эгерде Индонезия жердин силкинүүсүнөн жабыркап жатса, Италиянын Сицилия аралы сел жана жер көчкү сыяктуу табият кырсыгынан катуу жабыркап жатат. Нөшөрлөгөн жаандын тынымсыз жаашынан Сицилия аралынын Мессина районунда сел жүрүп, жыйынтыгында 18 адам көз жумган. Ал эми жер көчкүдөн улам ушул эле райондо жергиликтүү бийликтин такталбаган маалыматына караганда 40тан 60ка чейинки адам набыт болгон. Италиянын өкмөт башчысы Сильвио Берлускони жергиликтүү бийликтин ишин кескин сынга алып, "кырсыктын кесепетин алдын алууга мүмкүн болчу, анткени аталган райондо жаан-чачын ушул айларда байма-бай болуп тураары баарына белгилүү" деп билдирди.

  Чили

Баласы үчүн атасы өч алды
Сантьяго шаарынын тургуну 56 жаштагы Винсенто Браго баласы үчүн казинодон өч алды. Баласы бойго жетип, үйлөнөр алдында, үйлөнүү тоюна жылдап топтогон 7 миң долларын бир түндүн ичинде казиного уттуруп жиберген. Эртеси жагдайды сүйлөшкөн кызына түшүндүрүп, тойду башка убакытка жылдырууну өтүнгөн. Бирок, сүйлөшкөн кызы анын ата-энесинин элдин алдында ар-намысы кетерин айтып, башка жигитке турмушка чыгаарын айткан. Мындайды күтпөгөн бала үйүнө келип, коштошуу катын жазып, мойнуна аркан орогон. Кудай жалгап, жаңы эле асынганда атасы үйгө кирип келип, баласын аман алып калууга үлгүрөт. Коштошуу катына көз жүгүрткөн Винсенто ачууланып, үйдөгү мылтыгын алып, казиного барып кыргын салып, баласы уттурган акчаны кайра кайтарып келген. Бирок, ошол эле күнү Винсентону полиция кызматкерлери колго түшүрүп кетишкен.








кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КМШнын келечеги барбы?
2-бет
"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
3-бет
Демократиянын алдындагы "АВТОКРАТИЯ"
4-бет
Баягы эле таз кейипти кийген кербезибиз
5-бет
Миң окко татыган бир ок
6-бет
Манаке, Манаке, минген атың канаке… же күттүргөн реформа үзүрүн качан берет?
7-бет
Өлкөнүн өнүгүүсүнө ким жооп берет?
8-бет
Кайрадан петровка
9-бет
Ала-Тоодон алыс жүргөндөр
10-бет
Журналисттик иликтөө
11-бет
Бийлик формуласы
13-бет
Сапарлаш баяны
14-бет
Биздикилер байгелүү орунда
16-бет
Артисттер айлында










??.??