Журналисттик иликтөө

Дөңгөлөк алдында калган кыз
Талас облусунун Бакай- Ата районунун Маданият айылында 2009-жылдын 20-июлунда болгон автокырсыкка кабылган Мадияр кызы Шириндин операциядан кийин эки колунан айрылганы тууралуу факты коомчулукка кеңири белгилүү болду. Кырсыктаган айдоочу Анаркул Керималиев машинасын айдап алып, окуя болгон жерден кетип калса да, козголгон кылмыш иши кылмыштын составы жогуна байланыштуу делинип, Бакай- Ата райондук ИИБ тарабынан жабылып калган. Айдоочу жабырлаган тараптагыларга "ишти жаптырыш үчүн райондук милиция кызматкерине 50 миң сом бергем" деген. Учурда жабылган иш областтык ИИБ тарабынан кайра ачылып, тергелүүдө.
Биздин кабарчыбыз бул окуяны болгон жеринде иликтөөгө алды.



2009- жылдын 20- июлу дүйшөмбү эле. Бакай- Ата райондук ички иштер бөлүмүндө кырсык кечки саат 20. 30 чамасында болду делинсе, айылдаштар андан эртерээк саат кечки алтылардан кийин болгон дешет.
Ойноп жүргөн Ширин өзүнүн үйүнүн маңдайындагы көк дарбаза там тараптан чыккан. Жүк ташуучу "Даймлер- Бенц" маркасындагы машинанын айдоочусу Керималиев Анаркулдун беш жаштагы Ширинди коюп кеткен учурун көргөнбүз дегендер боло элек. Айылдаштары машина токтогондо, кыз дөңгөлөк алдында калган жеринен көрүшөт. Окуяны ошол учурда көргөн Маданият айылынын жашоочулары буларга токтолушту:
Эшеналиев Таласбек:
- Ойноп жүргөн балдардын арасында менин жана инимдин балдары да бар болучу. "Жолго чыкпагыла" деп айтып үйгө киргем. Кызым менен инимдин балдары обочороок басышкан. Үйгө кирип, чай ичип олтурсам, тормозду катуу баскан машинанын үнү угулду. Эшикке чуркап чыксам, бир кыз машинанын алдында калыптыр. Көйнөгүн дөңгөлөк басып туруптур. Айдоочуга "артка айда" деп кызды сууруп чыктым. Ал Ширин экенин тааныдым. Кыз көзүн кыймылдатып атты, бир колу кайрылып шалактап калыптыр. Мен болгону оозун тазаладым. Анан кишилер көбөйүп кетти. Жеңем (Шириндин таенеси-авт.) бакырып кулап калыптыр. Анан Такендер кызды ооруканага алып жөнөштү.

Султаналиева Айша:
- "Тарс" деп катуу чыккан добуштан улам көчөгө чуркап чыксам, ак түстөгү КАМАЗ турган. Таалай кызды көтөрүп алыптыр. "Ширинди таенеси Розага көрсөтпөй, ооруканага алып баргыла" деп айттык.

Сариев Таалай:
- Кызды Бакай- Ата ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирип кайра келсек, коюп кеткен машина ордунда жок экен, койгон айдоочу машинасын айдап кетип калыптыр.

"Кесилген колдорун салуу үчүн целлофан керек"

Үмөталиев Азиз,
Шириндин таятасы:
- Бакай-Ата райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндөгүлөр кызым Шириндин абалынын оор экенине байланыштуу өздөрү дарылабай, врачты жана медайымды кошуп берип, Талас областтык ооруканага жеткиришти. Областтык ооруканадан кызымды хирург Үркүнбаев Жолдошалы көрдү. Кызым көзүн ачып-жумуп кыйналып атты. "Колун карачы, шалактап атат" деп хирург операцияга алып кетти. Биз күтүп калдык. Медайым келип бизге "кесилген колдорун салганга целлофан мүшөк алып келгиле" дегенде гана эки колунун кесилгенин уктум. Хирург алдын- ала "кызыңдын колдорун кескени жатабыз" деп бизге айткан эмес болучу.

Үркүнбаев Жолдошалы,
Талас областтык оорукананын врач-хирургу:
- 20-июлда кечки саат ондордо Бакай- Ата райондук ооруканасынын медиктеринин коштоосунда оор, шок абалында, эси- учу жок 5 жашар кызды (Ширинди-авт.) алып келишти. "Аппарат амбу" аттуу жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алдырып алып келишти. Пульсу такыр билинбейт, пульсун артериядан гана билдик. Таңуучу бөлүмгө алып келип карап, реаниматолог- врачты чакырттым. Биздин областтык оорукананын директору Жумашалиев, реаниматолог Асымбаев, хирург Койчубеков келди. Азизге ( таятасы-авт.) "абдан жанчылып калыптыр" деп колдорун көрсөттүм. Операцияга киргенден кийин чечебиз, балким ампутация кылыш керек" дегем. Убакытты созбош керек болду. Кан- тамырлары жетеби- жетпейби, көбү жерде калып калыптыр. Операцияда ампутация кылыш керек болуп калды. Ошондо да колдору узунураак калсын, эптеп кыпчып кармаганга жарасын деген ойдо дагы ылдыйраак кескендегибиз болучу. Бишкектеги №3 балдар ооруканасынан дагы өйдөлөтүп кесүүгө туура келгенин уктум.
Арт жагындагы териси сыйрылып , чаң-топурак болуп калыптыр. Ал жакка да териге "пересадка" керек экен. Тезинен санавиация менен Бишкекке дарыланууга жиберилген эле.
Баарыбызда эле бала бар. Менин деле балдарым бар. Бул окуяга биздин да жүрөгүбүз ооруду. Ким эле наристени мунжу болуп калсын деп ойлосун?

Жумашалиев Шаршенбек,
Талас областтык борборлоштурулган оорукананын директору:
- Жолдошалы Үркүнбаев 26 жылдан бери хирург болуп иштейт, айына орто эсеп менен 5-6 операция жасайт, бирок ушундай эки колун кескен оор окуя биринчи жолу болду. Кыз "чудо" менен эле аман калды десек болот.

Айдоочуну айылдаштары
качырдыбы же милициябы?

Үмөталиев Азиз,
Шириндин таятасы:
- Ооруканадагы кызымдын ден соолугу менен алышып жүрүп, 15-20 күндөн кийин Таласка келсем, Бакай-Ата райондук милициясынын тергөөчүсү Ниязбеков Равиль кырсыкка кабылган айдоочу Керималиев Анаркул экөөбүздү беттештирип сүйлөштүрдү. Мен айттым "Кырсык болду, бул да Кудайдын жазганы. Дары- дармекке кеткен чыгымдарын төлөп, кызым ооруканадан чыкканча жакшылап каралашып тур. Кийин тууган деле болуп калабыз" деп айткам. "Айдоочу дары- дармегин төлөсө, келишем" деген арызды мен эмес, уулум Фархад менин атыман жазып бериптир.
МАИнин жол кырсыгын чийген чиймесин көрсөм, машина түптүз эле келаткандай сызылып калыптыр. Инимдин кырсык болгон жерди сүрөткө тартканы бар эле, аны МАИчилерге көрсөтүп, кайта чиймесин чийдирттим. Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү "кылмыш иши жок" деп ишти жаап, жолдун биз чийдирген кийинки чиймесин жана ал жердин фотоаппарат менен тартылган сүрөтүн жок кылып жиберишиптир.

Жумабеков Эстебек,
Бакай- Ата ички иштер бөлүмүнүн начальниги:
- Бул жол кырсыгында айдоочу А. Керималиевди, күбөлөрдүн айтуусунда, жол кырсыгына кабылган кыз ооруканага жөнөтүлгөндөн кийин жергиликтүү тургундар "кыздын туугандары уруп койбосун" деп кетирип жиберишет. Аталган иш боюнча 21- июлда кылмыш иши катталган. Мадияр кызы Шириндин ата- энеси ажырашып кетип, таене- таятасынын колунда өскөнү аныкталган. Таятасы Азиз Үмөталиев менен коюп кеткен айдоочу Анаркул Керималиев бири- бирин тааныгандыктан, А. Керималиев ооруканада керектелген алгачкы дары- дармектерин төлөгөндүктөн, А. Үмөталиев тосмо (встречный) арыз менен кайрылып, айдоочунун үстүнөн арыз жазган эмес.
2009-жылдын 31- июлунда жол кырсыгы боюнча жабырлануучу тараптан арыз болбогондуктан, жабыр тартуучу тараптын тосмо арызынын негизинде жана автотехникалык экспертизанын корутундусунда айдоочунун жол кырсыгын болтурбоого техникалык мүмкүнчүлүгү болгон эмес" деген корутундусунун негизинде 2009-жылдын 31-июлунда кылмыш ишин козгоодон баш тартылат. Бишкек шаарынан айдоочу менен жабырлануучу тараптын дарыларга акча төлөө боюнча келише албай, кыздын таятасы Азиз Талас областтык ички иштер башкармалыгына автотехникалык экспертиза менен макул эместигин жана айдоочуга чара көрүү үчүн арыз менен кайрылып, Талас областтык прокуратурасы тарабынан 2009-жылдын 28-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 281-беренесинин - 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, Талас областтык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши тергелди.
Жол кырсыгы боюнча Талас областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Бакай- Ата РИИБинин тергөөчүсү А. Кокоев ээлеген кызматынан бошотулган. Окуя болгон күнү оперативдик тергөө тобунун жетекчиликтен жооптуу болгон кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Ж. Дербишалиевге катуу сөгүш берилип жана ээлеген кызматынан төмөндөтүлгөн, тергөө бөлүмүнүн башчысы Р. Ниязбеков тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөнү үчүн катуу сөгүш алган.

13 миң сомдон чыккан чыр

Мукадилова Роза,
Шириндин таенеси:
- Бишкекте ооруканада жатканыбызга бир айдай болуп калганда айдоочу Керималиев Анаркул иниси Жакшыбекти ээрчитип келиптир. Анда да бизге кайрымдуулук кылып, ишибизге акы албай иштеп жаткан "Статут" компаниясы жана ал компаниянын адвокаты Нуридин барып айткандан кийин келди. Жок дегенде чырпыктай кыз менен чыркырап атканыбызды көрүп туруп, айдоочу ооруканага бир басып келбеди.
Ооруканага келгенде кызымдын абалын көрсөтсөм, "саксайып өзү чыга калбадыбы" деп айтат. Дарыга "13 миң сомдон ашык төлөш керек" десем, "эми дагы кайсы акчаны төлөйүн, бакайаталык тергөөчүгө 50 миң сом бердим" деп айтты. Буга чейин айдоочу Керималиев санавиацияга 13 миң сом, дарыга 4 миңден ашык сом төлөгөн болучу.
Айдоочу Керималиев Анаркулду биз, кабарчылар, Талас областына барган 30-сентябрь күнү таба албадык, Бишкекте "ооруканада экен" дешти. Бирок, ооруканага жатпай эле, эртеси биз кеткенден кийин милицияга барып жүргөнүн айылдын жашоочуларынан уктук.

Акышев Талантбек,
Талас областынын прокурору:
- Аталган факты боюнча Бакай- Ата райондук тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А. Кокоев тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иши мыйзамсыз болгондугунан областтык прокуратура тарабынан бузулуп, КР Кылмыш кодексинин 281-беренесинин 1- бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Талас областтык ИИБинин тергөө бөлүмүнө тапшырылган.
Мурдагы кылмыш ишинен баш тартуу токтомдору боюнча кемчиликтерди жоюу үчүн төмөндөгүдөй көрсөтмөлөр берилген:
1. Айдоочу Керималиевди жана окуянын катышуучуларынын катышуусунда окуянын кырдаалын жана жагдайларын калыбына келтирүү. Бул факты боюнча КР Адилет министрлигинин алдындагы комиссиялык -соттук автотехникалык экспертизаны кайра дайындоо.
2. Мындан тышкары, Мукадилованын арызындагы көрсөтүлгөн жагдайларды ар тараптуу, толук, адилеттүү жана обьективдүү текшерүү үчүн арызды тиркеп, ИИБге жиберүү.

Субанов Самат,
Талас областтык ИИБдин ага тергөөчүсү:
- Азыр аталган кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүп жатат. Айдоочу Керималиев Анаркулга КРнын Кылмыш кодексинин 281- беренесинин 1- бөлүгү менен кылмыш иши козголуп жатат. Эгер кылмыш иликтөөдө күнөөсү аныкталса, аталган берененин 2- бөлүгү боюнча айып тагылышы мүмкүн.
Бул берененин 1- пункту боюнча транспорт каражатын айдаган адам коопсуздук эрежелерин бузгандыгынан улам жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, 2 же 3 жылга эркинен ажыратылат. 2- пункту боюнча ушул эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же саламаттыгына оор зыян келтирилсе, 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссия мүчөлөрү Абдыкул Дүйшеев менен Жылдызбек Муканов бул окуядагы врачтардын иш-аракети боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын айтышты.
КРнын Башкы прокуратурасы, бөлүмдүн начальниги Х. Хилоу Роза Мукадилованын арызы боюнча айдоочу А. Керималиевди жазага тартуу жана Мадияр кызы Шириндин эки колун кесүү чечимин алган врачтардын жоопкерчилигин кароо, эгер жаңылыштыгы, күнөөсү болсо, аларды да жоопко тартуу тапшырмасын областтык прокуратурага жүктөгөн.

Цифралар жана фактылар

"Статут" укуктук компаниясы коңгуроо кагып, жабылып калган бул иштин чоо- жайы учурда аныгына чыга баштады.
Кантсе да "Каш кабактын ортосунда" болгон кырсыктан сактасын. Ширин азыр дарыланып жаткан Бишкектеги №3 оорукананын башкы врачы Өмүркулов Таланттын билдиргенине караганда 2009-жылдын башынан бери эле аталган оорукананын травмалык жайына 1.5 миң бала медициналык жардам сурап кайрылган.
Республикалык МАИнин расмий маалыматына караганда 2009-жылдын 8 айында автомобиль кырсыгында травмага чалдыккан балдардын 4.7 пайызы каза болуп калган. Ушул жылдын 20-августунан 10- сентябрга чейинки "Сак болгула-балдар" аттуу бир айлык рейддин жүрүшүндө балдардын 56 жол- транспорт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырганда 6.6 пайызга аз. Анда 6 бала каза тапкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 14.2 пайызга аз. 61 бала жабыр тарткан. Бул өткөн мезгилдин ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 1.6 пайызга аз дегенди билдирет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, травманын айынан дүйнөдө күнүнө 2000ден ашык бала каза болот экен. Анын негизги 5 себеби бар: автомобиль кырсыгынан, чөгүп кетүүдөн, күйүктөн, кулап түшүүдөн жана уулануудан. Дүйнөдө жол кырсыгынан жылына 160 миң бала кайтыш болот, 10 млн. бала кырсыкка учурайт. Эң көп көрсөткүч Африка өлкөлөрүндө катталат. Европа өлкөлөрүндө акыркы 30 жылда балдардын өлүмү 30 пайызга кыскарган.
Кандай гана кырсык болбосун, адилеттүүлүк керек. Бул иш адилет тергелип чыгаар деп ишенели. Өкмөт Шириндин мындан аркы тагдырына көмөк болуп, дарыланганга ыңгайлуу болгон Бишкек шаарынан ыңгайлуу квартира берүү жагына көңүл бурса жакшы болоор эле.
Ар тараптуу тергөөнүн жүрүшүндө бул окуянын ак- карасы кайрадан укуктук элекке салына баштады. Анын жыйынтыгын да күтө туралы. Ушул жерде жабырлануучу тарапка кырсыктаган айдоочу "Бакай- Ата райондук милиция кызматкерине ишти жаптыруу үчүн 50 миң сом бергем" деп айтканы да эске алынаар.
КР ички иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү буга чейинки болгон ушул сыяктуу окуяларга комментарий берүүдөн, райондук ИИБдин жаап койгон фактылардын санын айтуудан баш тартышты.
Бакай- Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Эстебек Жумабеков: -Эгер биздин милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш иши жок экендиги үчүн эмес, кырсыктаган айдоочунун пара бергендигине байланыштуу кылмыш ишин жаап койгону аныкталса, анда ал кызматкер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш,-деп айтканын эскере кетели.

Бул ишти тергеп жаткан адвокат
Гаипов Нуридин мындай дейт:

- Азыркы тапта Талас областтык ички иштер башкармалыгы комиссиялык экспертиза жүргүзүүгө токтом чыгарды. Мен да тиешелүү суроолорумду таштап келдим. Экинчиден, врачтын кабыл алган чечими боюнча да маселе коюлуш керек болуп атат. Тергөөдө кыздын колун кесүү же кеспөө маселесинин аныгына чыгуу керек. Саламаттык сактоо министрлигинин комиссия мүчөлөрү "кыздын абалы оор болучу" деп эле жазып коюшуптур. Аныгын билүү үчүн Бишкектен экспертизадан өткөрүү керек.

Айгүл БАКЕЕВА,
Бишкек- Талас- Бишкек