Бир бүркүм

"ЧЕРНАЯ КАССА"
Бу, "Черная касса" дегенди тээ илгертен эле айымдар "ойночу", СССР кезинде эле. А кезде деле беш-алтоо улам кезек менен акча чогултуп, ал акчага алтын сөйкө же шакек алып салынышчу. Анан "жууп", ой да майрамдашчу да!
Биз да кошуна келиндер менен бул оюнду жаздан бери "ойноп" келатабыз. Августта бир келинге чогултуп берсек, ал: "И-ии, жакшы болбодубу! Аябай сүйүнүп атам. 1-сентябрга карата балдарымды мектепке кийинтем!" деп тим эле бекер акча алып жаткансып кубанычы ашып-ташыганын айтпа! Дагы, "кассаны" экинчи алган эжебиз: "Кызымды жакында күйөөгө узатам, ошого төшөнчү камдайм" дейт. А мага кезек келип, акча чогултуп бергендин эртеси күнү эле көчөдөн "ЗИЛ" машине менен көмүр сатып өтүп калбадыбы, "бипилдетип". "Эми качан менин колума мынча акча чогулмак эле" деп ошол замат көмүрдү түшүртүп, кечке чейин ташып киргизип алдык. Ошо, көмүр ташып атып ойлонуп жатпайымбы: "мурдагы кез болсо, жакшы алтын сөйкө-шакеги менен алып алат элем" деп…
"Эч нерсе эмес дейт" экинчи оюм. Кылычын көтөрүп келе жаткан кыш ызгаары ай-ааламды тоңдуруп турганда - кичинекей үйүм жылуу болот.Свети өчсө - отко тамак жасайм. Кызым үшүбөйт, курсагы да ачпайт… Ошондо алиги келиндерге ыракматымды айтып отурармын. Анан калса, көмүр кийин дагы кымбаттайт деп үрөйдү учурушпадыбы. Мен эртерээк, арзаныраак алып алайын дедим да. Алтынды тагынбай ак койдум! Алтын башым аман болсо, дагы далай "черная касса " ойноормун.
Бирок, бир нерсени айрый албай отурамын: Ошондо, алтын - көмүргө теңелип калып жатабы же көмүрдүн алтынга айланып отурганыбы, бул…





  Жөп-жөнөкөй эрежелер

ТАРТИП - ТАМАККА ДА КЕРЕК
Тамак ичкенди тээ бөбөк кезден эле үйрөнүп алганбыз дечи. Антсе, тамак ичүүнүн кай бир тартиптерин сактабай деле келебиз. Алар эң жөнөкөй эле эрежелер:
o Эч качан тое тамактанбагыла, ошондой эле өтө аз да тамактанбашыңар керек.
o *Эч качан тамакты өтө ысык ичпегиле, ошондой эле өтө муздак да ичпегиле.
o *Кайнатып бышырылган тамакты бышырбай эле жей турган азыктар менен алмаштырып тамактануу пайдалуу.
o * Бардыгын аз-аздан, ченем менен ичип-жеген оң.
Эмесе, тамагыңыз даамдуу, ден соолугуңуз чың болсун!

Көп жашагың келеби?
Эгер адамдын денесинин температурасын 2 градуска ылдыйлатса, анда адам 200 жашка чыга жашамак экен! Ушундай маалыматты уктуң беле? Муздактык менен ден соолукту чыңдоо ыкмалары бар экенин билесиңби? Алсак, ысык эмес, муздак бөлмөдө жатып уктоо адамдын ден соолугуна оң таасирин тийгизет экен.
Кандай гана суук күн болбосун, терезени ачып уктоо керек. Эгер өтө эле үшүп баратсаң - үстүңө калың жууркан жамынып, башыңа жылуу бир нерсе кийип, а өзүң чечинип алып жата берсең болот. Муздак абада уйку тез канат. 8 сааттык уйкунун ордуна 5-6 саат уктасаң эле уйкуң канып, сергек тура келесиң. Себеби, муздак абада уйку терең болуп, бүткүл сезимдерди тазалайт. Жүрөгүнөн жапа чеккендерге ушинтип уктоо - табылгыс дары. Тибеттик монахтар бийик тоолордо таштардын үстүндө эле укташкан… Демек, бийик тоонун муздак абасы, муздак таштар адамдын ден соолугун кандайдыр бир деңгээлде чыңап келет…

Даярдаган Нурбүбү Бөдөшова




  Тагдыр

САПАРлашбаяны
Тажап кетти. Така-тука-така-так-так-так… Болоор-болбос күүлөнтүп, бир эле жадатма үнү менен кулактын кужурун алган поезд менен кошо жарышып чуркап кеткиси келди. Ойлогону менен антүүгө болбой турганын билип эле турат. Мобу, казактын сары талаасы бүтпөй койду го, деги! Эртерээк эле жетер жерине жетсе экен…
Көзү илинип кетиптир. Жанындагы, бир купеде сапарлаш болуп кетип бараткан орто жашап калган аял ойготту аны ийнинен булкуп.
- А-аай, көзүңүздү ачыңыз. Сизге эмне болду?!
Жамал көзүн ачып маңдайында турган аялды көрүп "Эмне болуп кетти?" дегендей эки жагын карап, анан гана жол жүрүп баратканы эсине түштү.
- И-ии, рахмат сизге… Өө-үүф! -деп катуу үшкүрдү.
- Эмне, жаман түш көрдүңбү?- деп сурады сапарлашы.
- Билбейм…-деп көңүлсүз жооп берген Жамал оңдонуп жатты. Сүйлөшкүсү келген жок.
- Сиңдим, аябай кыйналып бараткандай көрүнүп жатасың мага, сары санаа адамды жеп коет. Кел, андан көрө чай-пай ичип, сүйлөшүп отуралы, кел…
Ары карап жатып алган Жамал ордунан араңдан зорго козголду. Тиги аял менен маңдайлаш отурду.
- Кел, алсаң...-деп бирпастын ортосунда кичинекей дасторкондун бетин жайнатып жиберди. Жамал эми гана өзүнүн ачка экенин сезди, кечээ Бишкектен узап баратканда алган тамак-ашын пакеттен чыгарып, дасторкон үстүнө кошту.
- Кечетен бери наар ала элексиң. Жатасың-жатасың... алгач, аябай чарчаган неме го, уктап жатат го дегем, Уктабай эле сарсанаага малынып, биротоло ойго чөгүп кеткениң байкалат. Кандай кыйынчылык болсо да, аны адам көтөрбөскө чара жок. Бул жашоонун өзү ошол, жалаң түйшүк…-деп ал аял да үшкүрүп койду. Жамал селт эте түштү. Бул аял да ага окшоп оор үшкүрүнгөнүн карасаң. Кайсы бир философтун айтканы бар эле го: "Сезимдин туу чокусу - үшкүрүк" деген. Демек, орус түспөлдөнүп турган бул аялдын деле сезими жанчылып, санаасы сапырылып турган го. Жамал кайра ойго чөмүлдү.
- Каякка баратасың?-деди тигил аял.
- Барнаулга,- деп кыска жооп берип, тигил аялдын сүйлөгөнүн өзүнүн ичинен талкуулап кирди: Кыргызча сүйлөгөнү менен акцент бар, татар окшойт.
- А мен Новокузнецкиге баратам. Мен түндө түшүп калам, андан ары бат эле жетесиң,-деп койду тигил аял. "Бат эле жетсем экен" деп жол жүрүүдөн тажаган Жамал ичинен тиленди.
Анын оюн кайра тигил аял бөлүп кетти:
- Апама баратам. 90го чыккан апам бар. Өткөндө телефон чалыптыр. "Мен эми болбой калдым. Кыргызстанга алып кетчи, Ысык-Көлдү бир көрүп, анан өлсөм арманым жок" дейт.
Жамал таң кала тигил аялды карады. Баятан берки булуттай чулгаган оор ойлор тарай түштү. Аял күлүп жиберди.
- Мага таң калып жатасың го. Улутум - орус. Кыргызстанда төрөлгөм. Апам байкуш…деп келатып кайра токтоду. -Эми, анын баарын айтып отурса - сөз көп!
- Сөзүңүз кызык экен. Мен сизди татарбы деп отургам. Кыргыз тилин аябай жакшы билет экенсиз. Өмүр бою Кыргызстанда жашаган орустар көп го, а бирок алардын баары кыргызча биле бербейт… Жамал сөзүнүн артын кимгедир таарынгандай бүтүрдү.
- Апамдын кыргыз тилинде сүйлөгөнүн уксаң тим эле таң каласың. Мен апамды туурап эле үйрөнүп кеткем.
- А сиздин апаңыз Ысык-Көлдү неге анчалык жакшы көрөт?
- Оо, бул сөздүн башы тээ илгерки СССР дегенге барып такалат. Ал убакта бир мамлекет эмес белек. Анда апамдын жаш кези экен. Жаңы эле турмушка чыгып, күйөөсү аскер адамы болгондуктан аскердик бөлүккө көчүп барышат. Ал убакта Союздун бүт республикаларынан армияга кызмат өтөөгө алыс жакка жиберишчү эле го. Ошентип, Кыргызстандын Ысык-Көлүнөн бир жигит Новокузнецкиге, апамдар турган бөлүккө түшөт. Билбейм, мен азыр апамды күнөөлөй албайм. Жаштыкта боло турган албуут сезим кимдердин башын айлантпаган… Алиги кыргыз жигитин бир көргөндө эле өзүнүн чыныгы сүйүүсүнө жолукканын түшүнөт апам. Аябай кыйналат. Өз сезимин ооздуктаганы менен анын жолдошу Сергей өтө кызганчаак адам болсо керек: "Сен эмнеге Жаннатты башкача көз менен карайсың, сен аны сүйүп калдыңбы?!" деп эле кулагын тынч койбой, керек болсо урганга чейин барат. Биротоло ызаланып, эрегишкен апам алиги Жаннат деген жигит менен биротоло мамилелешип кетет. Анда армия эки жыл болчу. Мөөнөтү бүтүп, Кыргызстанга кетээрде Жаннат апама: "Жүрү мени менен" дейт. Ошентип экөө кол кармашып Кыргызстанга, Ысык-Көлгө кете беришет.
А бирок баары эле жаштардын ойлогонундай болуп чыкпайт. Жаннаттын ата-энеси, айылы менен "каяктагы орусту алып келдиң" дешип каршы болуп туруп алышат. "Мен аны сүйөм, керек болсо Анна күйөөсүн таштап мени ээрчип келди бул жакка, анан мен кантип аны таштайм" деп өз мамилелерин түшүндүргүсү келсе, ого бетер чок баскандай секирип кеткен апасы:
- Кокуй күн! Эмне дейт? Мунуң орус болгону аз келгенсип, эрден чыккан немеби?! Кой, көзүмө көрсөтпөй жогот,-деп албууттанат. Ошол кездеги балдар ата-энесинин сөзүн уккан, а азыркыларга ошентип көр, асынып өлүп албайбы. Жаннат жүрөгүн кармап жыгылган апасын аяп, менин апамды узатып коет. Экөө буркурап ыйлап коштошот.
Апам кайра Новокузнецкиге келгенден намыстанып, республиканын а кездеги борбору Фрунзеде туруп калат. Байпак фабрикасына ишке орношуп, жатаканада жашайт. Көп деле өтпөй кош бойлуу экенин билет. Ого бетер өз тагдыры менен өчөшүп, эч жакка кетпей биротоло Кыргызстанда кала берүүнү чечет. Ошентип, мен Кыргызстанда төрөлүп-өстүм. Апам кыргыз тилин атайын үйрөнүп, тарыхын санжырасына чейин чагат.
А Ысык-Көлгө ар бир жайда барып, Жаннат байкеге жолугуп турчубуз. Ал байке өздөрүнүн айылындагы кызга үйлөнүп, балалуу-чакалуу болуп, бактылуу жашоо кечирчү. Ысык-Көлгө барганда бизди үйүнө чакырат. Менден кичүүрөөк кыздары менен ойноп жакшы эс алып кетчүбүз. Апамдын кыргыз тилин суудай сүйлөп, каада-салтты да билээрине Жаннат байкенин апасы таң калчу. "Ошондо бекер эле кылыптырмын. Орус деп чочугам да, кыргыз болуп калган турбайсыңбы" дегенин өз кулагым менен уккам.
Ошол. Мен чоңоюп, бой жетип турмушка чыккан соң апам негедир жалгызсырай баштады. Бир күнү Новокузнецкиден кат келип, жалгыз эжеси ооруп төшөктө жатканын, аны карай турган адам жоктугуна наалыды. Мен айта койбоймунбу: "Анда сен барып карабайсыңбы" деп. Ансыз да, өзүнчө бук болуп жүрсө керек, мени туура эмес түшүнүп алды.
- Барса - барам, караса - карайм. Эми мен силерге артыкбаш адам болуп калбадымбы" деп эле чемоданын даярдап жөнөп кетсе болобу. А мен кантип апамды оор көрөйүн, эй. Турмуштан жолу болбой калганына өкүттө жүргөн адамдын сезими комуздун кылындай болуп калат белем, кол тийсе эле "дилдир" этип кеткендей. Кийин деле барып турдум, кайра жазылды. Эжеси көз жумгандан кийин: "Эми бул жакка деле көнүп калдым. Кала берейинчи" дегенинен "мейли" дегем. А өткөндө телефон чалып тим эле бир саат сүйлөдү окшойт. Эки сөзүнүн бири эле Кыргызстан, Ысык-Көл… Адам улам улгайган сайын ага жаштыгы кайра бир кайрылып келеби деп калдым. "Сагындым,-дейт,-Ысык-Көлдү". "Анда барып алып келейин",-дедим. "Тезирээк кел",-дейт.
Мына эми баратам, апамы алып келгени. Барып эле кайра тартам. Балдарым менен апамы Ысык-Көлгө алып кетем. А Жаннат байке 3-4 жыл мурун дүйнө салган. Апама айткан деле эмесмин, анын үйүнө да барабыз го…
Экөө тунжурап отуруп калышты. Кайрадан поезддин жадатма үнү кулакка кирди. Така-тука-така-так-так…
А сен эмнеге баратасың?
- Мен…
Жамал өз сапарын баяндаганга ыңгайлашып отурду.

Нурбүбү Бөдөшова