Жоо кеткенден кийин…

Бакыт Бешимов:
"Бизге караңгы бийлик орнотулду"
- 23-июлдагы президенттик шайлоодо түштөн кийин талапкер Алмаз Атамбаевдин маалымат жыйынын өткөрүп байкоочуларды чакыртып алышынын себеби эмнеде? Буга сиздин тиешеңиз барбы?
- 23-июлда шайлоо деген нерсе таптакыр жоюлду. Бакиев бийликти экинчи жолу күчкө салып басып алды. Узурпация болду. Мындан ары Кыргызстанда бийликти тынч жана Конституциялык адилеттүү шайлоо аркылуу алмаштырыш мүмкүн болбой калды. Ушул өтө маанилүү нерсени элдин көпчүлүгү 23-июлда түшкө чейин эле түшүндү. Шайлоо аркылуу эл өкмөттү жана жалпы бийликти алмаштыра албаса эмне кылыш керек?
- Эл арасында Феликс Кулов баштаган 2007-жылы апрель митингисинде оппозициянын "колу- буту" сынса, 23-июлда президенттик шайлоодон СДПнын байкоочуларын чакыртып алышы оппозициянын "омурткасын" сындырып, элдин оппозицияга, келечекке ишенимин, акыркы үмүтүн жоготту деген пикирлер айтылууда. Буга сиздин баамыңыз кандай?
- Оппозицияга жана келечекке ишенимин кетирген адамдар колун жайып отура берсин. Бул дүйнөдө элдердин көбү көп жыл бою күрөшүп, татаал жолдорду басып өтүп, кыйналып эркиндикке жана демократияга жетишкен. А кыргыздын жолу башкача болот дейсиңерби?
- Президенттик шайлоого байланыштуу Балыкчыда айыпталып жаткан карапайым жарандарга карата соттук териштирүүгө жана депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажыратылышына пикириңиз кандай?
- Адилетсиз кадам. Кылмыш. Бул чечим менен ЖК өзүн-өзү жокко чыгарды. Мындай кадамды саясий өзүн өзү өлтүрүү дейт.
- Учурда КСДП менен "Ата Мекен" партиясынын биригүүсү боюнча аракеттер көрүлө баштады. Бул багыттан алганда Кыргызстанда күчтүү оппозициялык партия түзүлөбү же мындан деле майнап чыкпайбы? Деги эле Кыргызстанда оппозициянын келечеги барбы?
- Оппозициянын келечеги элдин колунда. Мыкты саясатчылар асмандан түшпөйт, эл арасынан чыгат.
-"Кыргызстан өз алдынчалуулугун жоготту, тыштан башкарылып калды",-деген пикириңизге негиз барбы?
- Негиз жаныңызда эле жүрөт. Жакшы ойлонуп көрүңүзчү, азыркы мамлекеттик чечимдердин көпчүлүгү канчалык улуттук кызыкчылыкка туура келет? Элибиз ошол чечимдерден утуп жатабы? Улуттук кызыкчылык бул мамлекеттин бекемдиги, элдин жакшы жашоосу. Бакиев кимдин саясатын өткөрүп жатат? Эмне үчүн кыска мөөнөттүн ичинде бир маселе боюнча эки башка чечимдерди кабыл алып жатат? Жакынкы арада баардыгыбыз дагы башка таңгалычтуу нерселерди көрөрбүз. Элдин байлыгы кайда кетип жатат?
- Кыргызстанда азыркы бийликтегилердин башкаруу монополиясы орноду, деген сын-пикирлерге сиздин көз карашыңыз?
- Бакиевдин караңгы бийлиги орнотулду. Улуттук тарыхта бул жылдар эң трагедиялуу жылдар болуп калат окшойт.
Бакиев Кыргызстанды артка түртүп жардан кулатып жатат.
- Кыргызстандын Батыш, Орусия, Борбор Азияга байланыштуу жүргүзүп жаткан тышкы саясатына кандай баа бересиз?
- Бакиевдин тышкы саясаты барбы?

Аманбек Жапаров
"Азаттык"




  Ала-Тоодон алыс жүргөндөр

Эдил Байсалов
Өлкөбүздүн борбору Бишкектин борбордук аянтынан өтүп баратсаң, Мекендин чоң кызыл туусу желбиреп, аны жоокерлер кайтарып турганын көрөсүң. Мекенибиздин мына ошол туусу алдында биз, Кыргызстандын бардык эли бир Мекендин жараны катары көз карашыбызга, саясый ишенимибизге карабастан, бир эл, бир журт болуп жашашыбыз керек эле.
Бирок бүгүнкү күндө андай болбой, өлкөнүн саясый турмушуна өз көз карашы, сын көз карашы бар элибиздин сыймыктуу атуулдарынын бир тобу саясый жагынан куугунтукталып, кай бирлери түрмөгө түшүп, дагы бири өлкөдөн сүрүлүп чыгарылып, ал тургай, өмүрү кыйылып жаткан учурлар кездешет. Элинен алыста, куугунтукта жүргөн ошондой инсандарыбыздан мисал тарталы деген ой менен өткөн саныбызда Кубатбек Байболов тууралуу кеп курсак, бүгүн Эдил Байсалов тууралуу учкай сөз кылып кетели дедик.

Кубатбек Байболовдон айырмаланып, Эдил Байсалов укук коргоочулугу менен кеңири белгилүү. 2005- жылдагы март революциясынын негизги каармандарынан болуп эсептелет. Америкалык улуттук демократиялык институт тарабынан каржыланган 70 коомдук уюмду бириктирген бирикмени жетектеп келген.
2005- жылдагы март окуясынын эртеси француздук "liberasion" маалымат каражатына "Окуянын мындай чечилишин эч ким күткөн эмес" деп көтөрүңкү маанайда интервью берген.
Кийинки кездерде коомчулук Эдил Байсаловду укук коргоочу эмес, саясатчы катары эсептешпей башташты. "Биз бала кезде актар, анан кызылдар деп ойночубуз, Өлкөдөгү саясый кырдаал азыр ошону элестетет" деп Эдилдин айтканы бар. Ошондой "актар" менен "кызылдардын" жүрүшүндө Эдил саясый аренадан сүрүлүп калды. Тактап айтканда, аны өлкөнүн бийлиги мурунтан эле сүрүп таштоого аракет кылып келген. Тээ, 2003-жылы Эдилди Бишкек шаарынын Ленин районунун аскер комиссариаты кайра- кайра чакыртып, коомдук ишинен алагды кылуу үчүн ооруканага медициналык текшерүү үчүн күчтөп жаткырып салган. А чынында Эдилдин көз оорусуна байланыштуу "аскерде кызмат өтөөгө жараксыз" деген бүтүмү колунда болучу. Ал окуядан үч жыл өткөндөн кийин Эдилди көчөдөн белгисиз бирөөлөр сабап кетип, ден соолугуна доо келтирилген. Муну да мурунку бийлик тараптагылардын буйрутма коркутуусу деп эсептеген.
Эдил Байсаловго негизги айып- парламенттик шайлоолор алдында- 2007- жылы, социал- демократтар партиясынын жооптуу катчысы болуп турганында тагылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары парламенттик шайлоо алдында жарыкка чыга элек шайлоо бюллетендерин интернет баракчада жарыялап жибергендиги үчүн Башкы прокуратура тарабынан 139- берененин 2- бөлүгүнүн 2- пункту, шайлоо укукутарына тоскоол келтиргендиги же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоол келтиргендиги үчүн жана 123- берененин 3- бөлүгүнүн 3- пункту, ишенимден пайдаланып мүлктүк чыгым келтиргендиги үчүн деген айыптар тагылган. Күн мурунтан жарыяланып жибергени үчүн жарактан чыккан шайлоо бюллетендеринин 20 млн сом чыгашасын төлөөгө милдеттендирген болучу.
Ушундан улам ал СДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуудан четтетилген. Эдил Байсаловдун өлкөдөн качып кеткендигине байланыштуу делип кылмыш иши токтотулганы маалым.
Ошол эле кезде Эдил Байсалов массалык маалымат каражаттарында берген интервьюларында "Мени издеген деле укук коргоо органдары болбоду. Ал тургай мага укук коргоо органдарына чакырык кагаздары да келбеди" деп айтат. 2007- жылдын 6- декабрында "Ак жол" бажы постунан Эдил Байсалов Казакстанды көздөй кеткен деген маалымат таратылган. Азыр болсо Эдил балдары, келинчеги Жазгүл болуп Швецияда жашап жатканын билдирген.
Байсалов азыр ал Кыргызстандын жаңы тарыхы боюнча китеп жазып жатат. Өзүнүн популярдуу интернет блогу аркылуу өлкөнүн саясый- экономикалык турмушуна баа берип, саясаттан кетпей турганын билдирет.
Салыштырмалуу башка саясатчыларга, оппозициянын башка өкүлдөрүнө караганда жаш экенине байланыштуубу же Борбор Азиялык Америка университетинде окуп, ой- жүгүртүүсү, дүйнө таанымы адаттагыдан башкачараак болгонгобу, айтор саясатта "акты ак караны кара" тартынбай айтканы менен бийлик өкүлдөрүнүн заманасын тарытып келет. Негизгиси- бир адамды экинчиси менен алмаштырууда эмес, системаны алмаштырып, аны жаңыртууда" дейт Эдил Байсалов.

Айкан АБДИЕВА