Өй

Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн
Жаныш Рүстөнбеков
"Назар" гезитинин өткөн сандарында кабарлаганыбыздай, "чүйлүк 18 комиссар" президенттик шайлоо алдында президент Курманбек Бакиевге опол- тоодой добуш алперебиз деп "алтын шилекейин" чачыратканы маалым. Ким канча добуш алпергенин коомчулук өзү таразалап алаар.
Баса, айтмакчы, окурмандарыбызга биз ошол комиссарларыбыздын бейнесин көз алдыга келтирип көрөлү деп гезиттин өткөн сандарында Бакирдин Субанбеков, Чубак Абышкаев тууралуу сөз козгосок, бүгүн Жаныш Рүстөнбеков тууралуу сөз таштайлы дедик.


Эл арасында Жаныш мырзаны бекеринен "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" кадр деп эсептешпейт. Аскар Акаевдин бийлигинин учурунда ал "майлуу- сүттүү, мамык" орундуу кызматтарда иштеп келсе, Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да "ат үстүнөн" кыйшайган жок. Ар тарабынан эч кимге чендетпеген кадрбы же андан башка да себеби барбы, айтор, кандай кызмат болсо да ага сунушталып келет: президенттик администрациянын башчысы, мамлекеттик катчы, өзгөчө кырдаалдар министри, токой чарбасынын башчысы, Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси. Эл өкүлдөр жыйынына депутат да болуп шайланган.
Аскар Акаевдин адвокаты болуп жүргөн Акин Токталиев Жаныш Рүстөнбеков Акаевдин бийлиги учурундагы аткаминер кезинде Асанкул Акаевге суусар тебетей кийгизип , Чоң-Кемин токой чарбасынын жөндиректорунан гендиректорлугуна көтөрүүгө салым кошкондордун бири болгону тууралуу жазган. Ал эми Аскар Акаев бийликтен кол жууганда жаңы бийликке жан тарткандардын катарынан калбаганын да кошумчалай кеткен.
Жаныш Рүстөнбеков өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турганда ал жетектеген мекеменин артынан бюджеттик акчаларды "жеп койду" деген сөздөр жүргөн. Депутат Мурат Жураев "Менин колумда ушул министрлик (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги-ред.) 50 млн. сомду "менчиктеп" алганы тууралуу документтер турат" деп Жогорку Кеңештин заседаниесинде маселе көтөргөн.
Жаныш мырза "мен эч убакта оппозиция тарапта болбойм" деп көтөрүңкү маанайда сүйлөп келет. Өзү министрлик кызматта иштеп туруп бийликке келген мамлекет башчысынын "татыктуу башкарып жаткандыгын" ачыктан ачык айтуудан тартынбаган сапаттарын байкайбыз.
Жаныш Рүстөнбеков өзгөчө кырдаалдар министри учурунда парламенттик башкаруу системасын кийирүүгө каршы чыккан. " Бизге бир президенттин ордуна 75 "кичи президенттин" эмне кереги бар? Мен министр катары эмес, Бакиевге добуш берген шайлоочу катары спикер Текебаевдин жүрүм- турумуна жаным кашайып атат. Президент өлкөнү татыктуу башкарып жатат жана мындан ары да татыктуу башкара бермекчи" деп журналисттер алдында тартынбастан чыгып сүйлөгөн жайы бар.
Азыр болсо Жаныш Рүстөнбеков Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилик кызматын аркалап келет. Кээде элчи экенин эске албастан, балп эттирип сүйлөп алмайын кармата коюп жүрөт. Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун саммити өтө электе эле ошол саммитте Кыргызстанда дагы бир россиялык базанын ачылыш маселеси чечиле турганын жар салып жиберди. Ал айтканын электрондук басылмалардын баары бирдей басып чыгышты. Элчинин өлкөнүн жетекчисинен да озунуп айтып жибергенине ыңгайсыз абалда калган өлкө башчысы "россиялык ал базанын максаты бир аз башкачараак болору күтүлүүдө" деп элчинин сөзүн оңдоп сүйлөөгө аргасыз болду.
Гезиттердин "Жылдын 100 бай адамы" тизмесинде Жаныш Султанкуловичтин аты эбактан бери эле келатат. 2003- жылы "Фергана" гезити аны өлкөнүн бай адамдарынын бири деп атаган.
Жаныш Рүстөнбеков жакында өткөн президенттик шайлоодо "президентке Чүй өрөөнүнөн опол- тоодой добуш алперебиз деп "алтын шилекей чачыраткан" " 18 комиссардын" бири болгон.
РЕДАКЦИЯДАН: Гезитибиздин кийинки санында сөз "биздин" генерал Ф.Кулов жөнүндө болмокчу.

Айжан Айтышева




  Көйгөй

Сулайман тоо
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинен чыгып калбайбы?
Ушул жылдын июнь айында Испаниянын Севиль шаарында Сулайман тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген . Бүгүнкү күндө Сулайман тоо ал тизмеден чийилип калуу коркунучуна кептелди.
Өкмөттүн алдындагы ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Жыпар Жекшеев жакында "Аки- пресс" агенттигиндеги пресс- конференцияда шаар бийлиги Сулайман тоонун жанына куруп жаткан курулуштан улам Бүтдүйнөлүк мурас тизмесинен чыгып калаары тууралуу тынчсыздануусун билдирди.
"Ыйык Сулайман тоо" долбоорунун координатору Бакыт Аманбаева Бүтдүйнөлүк маданий- жаратылыш мурасын сактоо боюнча ЮНЕСКОнун талабы- маданий мурастар алгачкы калыбынан жазбай сакталууга жана корголууга тийиш экендигин эскертип өттү.
Кыргыз Илимдер академиясынын тарых жана маданий мурасты сактоо институтунун директору Жеңиш Жунушалиев ЮНЕСКОнун Бүтдүйнөлүк мурас тизмесине кирүү ондогон жылдарды талап кылган машакат менен коштолгонун кошумчалады.
Эскерте кетсек, Бүтдүйнөлүк мурас тизмесине кирүү долбооруна адегенде 100 өлкөдөн 1400 маданий- тарыхый эстеликтер көрсөтүлгөн. Комиссия тарабынан анын 320сы калтырылып, анын ичинен 20 мурас тандалып алынган.
Севилден кубанычтуу кабар алып келген маданият министри Султан Раев дүйнөлүк мурас болуп калган Сулайман тоо мындан ары калыбынан жазбай, бүлүнүп кеткен жерлери калыбына келтирилүүгө тийиш экендигин моюнга алат. Бирок шаардык бийлик маданият министрлиги фонтан курууга уруксат берген деп айтышат.
Оштогу Сулайман тоо Мекке жана Мединадан кийинки мусулмандар ыйык туткан шаар экендиги анын тарыхынан белгилүү. Уламыштарда Александр Македонский Индияга сапар тартып баратып, Сулайман тоонун жанынан өткөн, ошондой эле Сулайман пайгамбар ал жерде бир түнөп кеткен деп айтылат. Айтылуу Захриддин Бабур өзүнүн "Бабур наме" китебинде Сулайман тоого сөрүлүү имарат курдурганын жазган. Сулайман тоодо азыр Бабурдун резиденциясы, Алымбек датканын медресеси, Асаф-ибн-Бурхи мавзолейи жана башка байыркы кылымдардагы эстелик жайлары жолугат. Карапайым калк Сулайман тоону мазар сыяктуу , балалуу боло албай жүргөндөргө бала берген, багы жокторго бак берген ыйык жай катары көрүп келишет
Дүйнөлүк мурас жайларына кирүү маданий, тарыхый , жаратылыш эстеликтери бүткүл дүйнөлүк деңгээлде корголууга, кылымдан кылымга алгачкы калыбында сакталып турууга, аны коргоо боюнча инвестиция тартууга көмөк берет. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 890 объект дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген. КМШнын башка өлкөлөрү бул тизмеге мурда эле киргизилген. Россиядан эле 23 обьект: Кремль, Кызыл аянт, Петербург шаары, Алтай тоолору, Карель токойлору, Байкал көлү ж.б. объекттер киргизилген. Кыргызстан болсо жалгыз Сулайман тоону киргизүүгө жетише алган. Ал эми Кыргызстанда Бурана, Ысык- Көл, Өзгөн, Саймалуу-Таш, Таш-Рабат, Кыргыз Ала-Тоосу ж.б. маданий- тарыхый эстеликтер аз эмеси белгилүү.
Кыргызстандан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген жалгыз Сулайман тоо болсо да, анын жанына курулуш, фонтан куруп, тизмеден чыгып калуу коркунучу болуп турат. ЮНЕСКОнун бүтдүйнөлүк мурас тизмесинен чыгып калган мисалдар дүйнөдө аз эмес. Көпүрө куруп койгондугу үчүн Германиянын Дрезден шаары, Эльба өрөөнү дүйнөлүк мурас тизмесинен чыгып калган. Ошондой эле Камбоджадагы Ангхора, Омандагы Форт-Бахла, Угандадагы Монт Рувен-Зори, Азербайжандагы "Ичери Шехер" дүйнөлүк мурас комитетинин чечими менен тизмеден чыгарылып ташталган. Азыр Россиянын Петербург шаарында көп кабаттуу бийик имараттар курулуп, тизмеден чыгып калуу коркунучу турат.
Коомчулук, тиешелүү адистер, ЮНЕСКО өкүлдөрү азыр өлкөнүн Президентине Сулайман тоону тарыхый калыбында сактоого чара көрүү боюнча кайрылып жатышат.

Айгүл Бакеева