"НАЗАР" ПРЕСС БИЛДИРЕТ
АКШда
Чудосапар
"Биздин" Игор Чудинов АКШда болуп, биздин Кыргызстандын маселесин, кыргыз-америка мамилелерин өнүктүрүү аракетин көрүп жүрөт дейт. БУУда сүйлөп, Хиллари Клинтонго да жолугуп...

Ошондо, бүгүн…
Акыр, ой, акыл чөйчөк
"Акыл чөйчөгү кандай экенин билбейбиз, бирок, адам катары, айтылган убадалардын аткарылышы катары сөз боло калганда Акылбек мырза анчейин деле авторитеттүү сөздөргө ээ боло бербейт. Тил сындырган, экономикалык терминдерди жөн коеюн, жөнөкөй эле көрүнүшкө көңүл төшөйлүчү. Экономиканы өнүктүрүү министри Жапаров сүйлөсө тимеле "кой үстүнө торгой жумурткалайт". Аны, бир кезде Кочкордун кышындагы кара шамалына кайыл болуп, "Жапаров, Жапаров!" деп сүрөп, Акылчикти бийликтин даңгыр жолуна салган карапайым кочкорлуктар учурда үй-бүлө бюджетинин бирден-бир таянычы болгон картошкаларын өткөрө албай, алып сатарларга аргасыздан арзан берүүдө.
А-уу, Акыл мырза, кур дегенде ушул маселени карап койсоңуз балким, кадырыңыз жан болсун дээр беле, жердештериң.


Турба, төбөң тийет...пи?
Динараны неге кармады?
Өлкөдөгү "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова кечээ, Стамбулдан Бишкекке келе жаткан жеринен таңкы саат 4тө "Манас" аэропортунда кармалды.
Эмне үчүн мени кармап жатасыңар?-дегенине, чек арачылар "өзүңүз билесиз" жооптору менен УККнын "ориентировкасы"аркылуу иш кылып жаткандарын кыйытышкан. Ана-ан барып, "жаңылып" калгандарын айтышып, кое берип жиберишкен.


Кыргызстанга карай
Орус думасы келди
Тегерек-четти ирээтке келтирип коелу дештиби, жакында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Михаил Залиханов жетектеген депутаттар тобу Орто Азиянын саясий картасында олуттуу жерде отурган Кыргызстанга келишти. Андан ары Канттагы Орусиянын аба базасында болуп, мамлекеттик маанидеги маселелер каралып, андан соң борбордун чок ортосунда жайгашкан Кыргыз-Славян университетинде студенттер менен жолугушту.


Неге?
БШК эл кыдырып жүрөт?
Ушу тапта Борбордук шайлоо комиссиясынын бир топ өкүлдөрү жер-жерлерде элди шайлоого катышуу эрежелерин окутуп жүрүшөт. Шайлоо жаңы эле бүттү го же парламенттик шайлоого даярдыкпы?


Ий-я, кокуй
38-мектепте 59 окуучу камалды
Себеби неде? Дегеле бүгүнкү күндө окуу системасы кандай абалда? Бул туурасында кеңири материал кийинки санда.


сурнай
"Эл тажаса да элчибейдин баласы тажабайт"
"Илгери", тэ-ээ Акаев доорунда, жаңылбасак ал кездеги мамкатчы О.И.Ибраимов Топчуке жөнүндө тамаша-чынга алмаштырып минтип айтып калаар эле: "Бу Тургуналиевдин башын өзүнчө алып барып текчеге коюп койсоң да эки күн сүйлөйт" деп. Тамаша кеп. Бирок, анын сыңарындай "эл тажаса да Элчибейдин баласы тажабайт" дегендей, Топчукең бүгүнкү саясаттан тажаар түрү жок. Учурда болсо "БЭК бир партия болсун!" деп жүргөн кези.


Спикер-үстөл
Айтибай Азербайжанда
29-сентябрда, бийлик атадан балага калган өлкө болгон Азербайжанда түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясынын биринчи жыйыны болот. Ага Кыргызстандын атынан ЖК төрагасы "Алга, Кыргызстан" ой, "Ак жолчу" Айтибай Тагаев катышат.
Баса, спикер А.Тагаевдин ордун, уулуна К.Бакиевди өкүл ата кылыптыр деген вице-спикер Кубанычбек Исабеков ээлейт экен деген имиш күндөн-күнгө күч алып барат.


о, петровка
Эркиндикте эмес, "эркиндер"
Бөлөктөрдөн айырмаланып, бул жигит ошол эле петровкалыктардын тили менен айтканда "бөлбөгөн жерден күнөөлөнүп" отурат. Эркин мырзага эмнеге эле мынча асылып калышканын кай бирлер "Петровка чатагы жиптин бир учу, экинчи жагы таптакыр башка жакта. О-уу, ал жакка үңүлсөң күрд… аңгилик эмес баңгилик жөнүндө шумдуктар буруксуйт. Э.Булекбаев ошолорду билсе керек?.. Эгер иш болбосо. Баса, Э.Булекбаев, С.Аргынбаев, У.Рыскуловго байланыштуу соттук териштирүү 30-сентябрда Петровка айылында улантылат.