Концерт алдында…

"Кыз Бурактын" ырлары жана сырлары
Өз эмгеги менен триумфга жетип, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Кыз Бурак" тобу күзгү концертине кызуу даярданып жаткан кези. Алдыга ат салдырбай келаткан бул топтун 33 жылдык тарыхы бар. Артка сереп салсак, Гүлшайыр Садыбакасова чыгармачылыгын урма аспаптан (ударниктен) баштаган. Алгач "Шоола" ансамблинде жүрүп, кийин "Кыз Бурак" тобуна музыкалык жетекчи болуп барган. Талбас эмгеги менен тоодой тоскоолдукту жеңип, "Кыз Буракка" жашоо берип келет.


"Шоола" шоола чачканда…
- "Шоола" ансамбли 1973-жылы түзүлүп, Эркин Курманов жана Чоро Кожомжаровдун демилгеси менен түптөлгөн. Алар Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун алдында уюшулган "Шоолага" ырдаганга, ар бир аспапта ойногонго конкурс жарыялашкан. Конкурска баш-аягы жүздөн ашуун кыз катышкан. Урма аспап боюнча аягында менин атаандашым болуп Аптап деген кыз калды. Экөөбүзгө тапшырма берилди. Түнү менен даярданып, жыйынтыгында жеңүүчү болдум.
Ошентип, он кыздан турган "Шоола" ансамбли түзүлдү. Алгачкы концертибиз аншлаг менен өтүп, Бишкек шаарындагы Панфилов паркындагы жайкы сахнадан тушообуз кесилген. Ал убакта фонограмма деген жок, баары жандуу ойнолуп, жандуу ырдалчу… Элдин көптүгүнөн болгону төрт гана ыр ырдалды. Анткени, көрүүчүлөр сахнага чыгып, бизди басып калышты. Милициялар катарга тизилип, кыздарды колдон колго өткөрүп отурушуп, элдин арасынан араң сууруп чыгышкан. Алардын мындай мамилесине ошондо таң калганым менен азыр ойлосом, кыздардан түзүлгөн ансамбль эл үчүн чоң жаңылык болуп, эстрадада ойногон кыргыз кыздарын көрүүгө ашыгышкан экен…
Ошентип биздин ансамблди ийгилик артынан ийгилик коштой баштады. Бишкекте өткөн студенттердин "Ала Тоо жазы" фестивалындагы баш байгени эки жыл катары берген жокпуз. Москва, Латвия, Литва мамлекеттерине чейин бардык…
1976-жылы таркоого туура келди. Анткени, ал убакта институтту бүтүрүүчүлөр жолдомо менен жиберген жакка кетчүбүз. Айсалкын деген кыз экөөбүз Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайга бөлүндүк.
"Кыз Бурактын" түптөлүшү
- Ошко барсак, Рахман Салмаматов (былтыр көзү өтүп кетти) деген агай кыздар тобун түзүп жаткан экен. Бизди издеп таап, чоң-чоң убадаларды берип, мени музыкалык жетекчи кылып алды. Өзү болсо көркөм жетекчи экен. Түзүлгөн командага ат издеп, конкурс жарыяладык. Жүзгө жакын ат түштү. Ошонун арасынан Жыпар деген кыздын "Кыз Бурак" деп атаган атын тандап алганбыз…
Сүйүү, арзуу каттар…
- "Кыз Бурактын" буралган кыздарына жигиттерден арзуу каттар аябай түштү. Жаштык өзү сулуулук эмеспи… Менин артымдан чуркаган кечеги солкулдаган жигиттердин кээ бирлери ар кандай мансаптуу жерлерде, кээ бири жогорку бийликтин курамында отурушат. Көргөн жерден учурашып, жаш кездеги күндөрдү эстеп күлүп калабыз… Өзгөчө Абдырасул аттуу жигит он жыл аркамдан калбады. Эркек мүнөз болуп калыптанып калгандыктанбы, же чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кеткендиктенби, айтор, эмнегедир эч кимге көңүл бурбай жүрө бердим. 27 жашка келип калганда апам: "турмушка чык" дей берди. Сүйүү кемесинде сүзбөсөм дагы апамдын сөзүн, Абдырасулдун он жыл чуркаган эмгегин эске алып, ага турмушка чыктым.
Турмуш куруу
- Ошентип, 1980-жылы турмуш курууга моюн сундум. Ноокаттын Кайрагач деген айылына келин болдум. Бактылуу өмүр сүрдүк. Абдырасул кызганчаак деле болгон жок. Болгону мени аячу. Анткени, чыгармачыл адам иши үчүн күндүр-түндүр күйүп-бышып жүрө берет эмеспи. Кээде "жардам берчи" деп жолдошумду да ала кетчүмүн. Артисттерде канчалык кыйынчылык болоорун байкап калып: "Өмүрүң төрт дөңгөлөктүн үстүндө өтүп кетеби? Жаныңды аясаң боло. Таштап эле койчу" деп көп айтты. Кежирлигим, көктүгүм бар. Бул кесибимди такыр таштай албай койдум. Үй бүлөмдүн очогунун бузулушуна чыгармачылыгымдын кесепети тийип кеттиби деп да ойлоп кетем. 2004-жылы "өз алдыбызча жашап көрөлү" деп дасторкон үстүндө чайлашып отуруп сүйлөшүп ажыраштык. Ал Россияга кетти. Азыркыга чейин саламыбыз түз.
"Ар кимде бар ар кыял…"
- Өтө шайыр, оптимист, берешен, боорукермин. Анча-мынча нерсеге мокобойм да сынбайм. Мындан 15-20 жыл мурда Бишкектеги ырчылардын 80 пайызы менин үйүмө келип алды бир айлап, арты үч айлап жашай берчү. Бир тыйын акча бербесе да, бир кило эт алып келбесе деле өз акчама багып жүрө берчүмүн. Үйдө жүргөн кыздарымдын жини келчү. Ал адатым дагы эле калган жок. Учурда үйүмдө 24-25 адам жашайт. Алардан келечекте артист чыгабы, чыкпайбы, аларды багып олтура берем. Тамак-ашты килограммдабай каптап алганды атамдан үйрөнгөм. Баштаган ишти таштабайм. Алдаганды жаман көрөм. Эми "ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" дегендей, кежирлигим бар. Өтө талаптуумун. Кыскасы, мас адамды соо кылып койгонго кудуретим жетет.
Ашканада
- Үйдүн улуусу болгондуктан, кичинемден эле сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасап көнүп калгам. Ашканада жакшы айыммын. Тамак-аштын түрүн жасайм. Болгону торт жасай албайм. Ачыгын айтайын, сайма сайып, түймө түйгөнгө, курак кураганга жокмун.
Иште…
- Иш дегенде ичкен ашымды жерге таштайм. Ош облусундагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияны жетектегенди бергенден бери көп нерсени жөнгө салдым. 2000-жылдан бери жетектеп келатам. Мен барганда ал жерде адамдын саны 53 болсо, азыр 120га жетти. Филармонияда таланттуу аксакалдар болбосо көркү болбойт деп залкарлар - Болуш Мадазимовду, Жолболду Алыбаевди, Токон Эшпаевди, Фахридин Баяковду "жаш таланттарга өрнөк болгула" деп алып келгем. Мурунку муун менен жаштар камыр-жумур болуп, жакшы иш алып барышууда.
Чыгармачылыкта…
- Ыр жазып, обон чыгарам. Мындай шык бизге ата-энебизден өтсө керек. Он уул-кызында он өнөр бар. Баарыбыз чогулганда өзүнчө эле концерт болот. Мен анча-мынча комуз чертем, ырдайм. Бирок, туугандар, тели-теңтуштар арасында гана. Атам комузду жакшы чертчү. Апам болсо темир, жыгач ооз комузда жакшы ойнойт. Апам менин колумда. 83 жашка келип калды. Сырдашым да, досум да апам.
Достору
- Аялдардан досторум аз. Алардын 80 пайызы убагында мени сатып кетишкен. Көбүрөөк эркектер менен досмун. Ишенесиңерби, студент кездеги дос балдардын үй бүлөсү менен алигүнчө катташам. Аялдары мени бүгүнкү күнгө чейин аяш дешет.
Байлыгы
- Кабат-кабат үйүм, сан жылкы малым, иштеткен завод-фабрикам жок. Мен материалдык эмес, руханий жактан баймын.
33 жыл ичинде кыргыз элиме 3000ден ашык ыр тартууладык. 279 кызды күйөөгө берип, 700дөй неберем бар. Бир жылда 10 клип тарттырып, 25 ыр жаздырып, Кыргызстанды кыдырып 100гө жакын концерт беребиз. Кыргыз, казак, өзбек жана орус тилин билем. Тил аркылуу коңшу мамлекеттердин жылдыздары менен катышып, чогуу концерт беребиз. Мына ушунун баарын чогултуп келгенде капчыктуулардан өйдө турган бай айыммын.
Сынчысы
- Биздин сынчы - эл. Алардын сынын туура кабыл алып, мүдөөсүн аткарабыз. Кайсы бир жылдары: "Кыздарыңдын киндиги көрүнүп калыптыр" деп апалар айтты. Аны туура кабыл алып, кыздардын киндигин жаптырып койдум. Кыздарымдын заманга жараша кийинип, ырдашым каалайм. Бирок, ошол эле учурда салтыбызды, үрп-адатыбызды карманамын. Дегеле биздин көрүүчүлөр 7 жаштан 70 жашка чейин болуш керек деп ойлойм. Эл бар үчүн, биз барбыз. Кудай ушуну кут кылсын.