АКШ
Клинтон Ельцин тууралуу кеп айтты
АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон, британиялык журналистке интервью берип жатып, Россиянын мурунку президенти Борис Ельцин тууралуу көшөгө артында калган окуяларды ачыкка чыгарды. The Clinton Tapes: Wrestling History With the President аттуу журналисттин макаласында Борис Ельцин 1995-жылы Америкада болгон сапарында аябай мас болуп алып, Ак үйдүн астына жарым жылаңач болуп чыгып, такси тоскондугу айтылат. Ошондо президентти Американын атайын кызматтагы адамдары Пенсильвания авеню көчөсүнөн тапкандыктары белгиленет. Ал эми журналист Моника Левински тууралуу суроо узатканында, Клинтон суроого жооп кайтарбоону туура көрдү.

Эстония
Премьер-министр эстеликке каршы
Эстониянын Нарва шаарында орусиялык император ПетрI эстелик орнотуу маселеси каралып жатат. Бирок, өлкөнүн премьер-министри Андрус Ансип эстеликти орнотууга каршы пикирин кескин билдирип, "ПетрI-бул кылмышкер адам, убагында анын алкышы менен, менин кичи мекеним болгон Тарту шаарында адамдар куугунтукка алынып, кырылган. Ал адам өлтүргүч, кылмышкер адам болгон" деп айыптоодо. Ал эми Нарва шаарынын мэри Михаил Стальнухин эстеликти орнотууда премьер-министрдин пикири эске алынбай тургандыгын айтып, шаар жетекчилиги бул маселеге өзү чекит коерун белгиледи.

Нигерия
Нигерия дүйнөдөгү кооптуу өлкө
Африканын бул өлкөсүн дүйнөлүк коомчулукка, медицина дүйнөсүнө белгисиз оору каптоодо. Азырынча белгисиз оорунун кесепетинен 71 адам көз жумса, 746 адам медициналык жардамга кайрылышкан. Бул ооруну аныктоо үчүн АКШ жана Франция медицина кызматкерлери Нигерияга келишип, иштешүүдө. Белгилей кетсек, Нигерия дүйнөдөгү ар кандай илдеттүү оорулар боюнча алдыңкы орундарда турат. Бир гана СПИД оорусунан соңку жылдары 260 миң адам көз жумса, илдетти жаңы жуктургандардын саны 350 миңге жеткен.

Италия
Үй жаныбарына айланган крокодил
Римдин чет жакасында жайгашкан виллалардын биринде полиция кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүп жатып, кызыктуу бир окуяга туш болушкан. Алар белгилүү "каморра" мафиялык группасынын жетекчиси Антонио Кристофаронун короосуна киргенде узундугу 1,7 метр болгон крокодилге туш болушкан. Ал кадимки үй жаныбарындай, темир чынжырга байланып, кожоюнун кайтарганга үйрөтүлгөн экен. Ошондой эле жаныбар кайра калыбына келтирүү борборуна жеткирилгенде ашказанынан наркотикалык зат табылып, бир азуусу бриллиант менен капталганы белгилүү болгон. Кожоюну болсо Антонио Кристофаро крокодилден табылган заттарга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Гренландия
Муздар тез ылдамдык менен эрүүдө
Британиялык окумуштуулардын айтымында, аба ырайынын кескин түрдө жылышынын кесепети айкын билине баштады. Алардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Грендландия аралында муздардын эрүүсү күч алууда. Соңку он жылдыктын ичинде эле муздар 19 метрге жукарып, анын ордуна кадимки кургак жерлер пайда болгон. Мындай маалыматты алар космостон алган сүрөттөргө таянып билдиришүүдө. Эгерде дүйнөдөгү өнөр-жайлуу өлкөлөр атмосферага бөлгөн көмүр кычкыл газын азайтышпаса, анда дүйнөлүк коомчулук үчүн терс кесепеттерин тийгизмекчи деп маалымдашты.

германия
"Раиса жок үй бош"
СССРдин мурунку президенти Михаил Горбачев жакында айрым маалымат булактарына интервью берип, Германияда дарыланып жаткандыгын билдирди. Ага сентябрь айынын этегинде көзүнө операция жасалып, азыркы күндө абалы жакшы. Ошондой эле экс-президент жубайы Раиса Горбачеванын дүйнө салгандыгынын 10 жылдыгына карата эскерүү өткөргөндүгүн айтты. Эскерүүдө "Раисанын көз жумгандыгына биз азыркы күнгө чейин ишенбей келебиз. Бизге ал жетишпей жатат, экөөбүз Крымдагы Форос дачасында көп эс алчу элек, ал жок мен дачабызга да барбай калдым, Раисасыз үй бош өңдөнөт" деп кайгылуу сөздөрдү сүйлөдү.

Даярдаган
Данияр Өсөров