КурумУшу

"Бороондуу күнү бок кычайт"
Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын эки депутаты Б.Абдрасаков менен А.Салымбеков ойлобогон жерден эле "новатордук" демилге менен чыгып калышпадыбы. Б.Абдрасаков парламенттин пленардык жыйынында кыргыз тилинин 20 жылдык юбилейине карата мындан кийин үч ай бою бир да тынып койбой, парламент менен өкмөттүн жыйындары чылкый мамлекеттик, кыргыз тилинде жүргүзүлүшүн милдеттендирген сунуш киргизди. (Б.Абдрасаков учурунда эмгек жана социалдык коргоо министри Назгүл Ташбаеваны орус тилинде доклад жасагандыгы үчүн "маймыл деле велосипед тепкенди үйрөнөт экен, мамлекеттик тилди үйрөнө албаганыңыз кандай" деп сындаганы менен белгилүү болгон депутат). Экинчи сунушу - Бишкек шаарынын төрт районунун атын өзгөртүп, аларды "Эне-Сай", "Ала-Тоо", "Алтай", "Теңир-Тоо" деп атоо демилгеси болду. Андан көп өтпөй, ат тезеги кургай электе ошол эле "Ак жолдун" дагы бир депутаты А.Салымбеков ( "Дордойдун" кожоюну, базар олигархы) борбор калаанын тутумундагы райондордун атын өзгөртүүнүн кыйгай бышып жетилгенине токтолуп, ал сунушун тиешелүү "оор" аргументтер менен бекемдеп жибергенге чейин барды. "-Мына, Свердлов районун алып көрөлү,-дейт парламенттин алдына чыгып сүйлөгөн айтылуу сөзүндө А.Салымбеков. - Россиянын өзүндө Свердловду ашынган революционер деп баалашып, Свердлов шаарын Екатеринбургга алмаштырышкан. Эмне үчүн биз алардын жасаганындай иш кыла албайбыз?".


Ачыгын айтуу керек, депутаттын келтирген далили ынанымсыз. Бул жерде "казды туурап карганын буту сынганын" эске албаса болбойт. Россияны үлгү тутса болот дечи. Ошо эле кезде жамандыр-жакшыдыр суверендүү өлкө экенибизди, суверендүү мурунга карап бышкырган жөндүү болорун унутпашыбыз да жөн. А.Салымбековдун сунушу көп аялдаган жок, депутат Э.Акрамовдун каршылыгына дуушар болгону бекер жеринен чыккан жок. "Мындай демилгени ишке ашыруу үчүн бюджетте ашык каражат жок экенин унутпоо керек. Каражатты билим берүүнү өнүктүрүү, кары-картаңдар үйлөрүн колдоо сыяктанган социалдык муктаждыктарга жумшаса алда канча пайдалуу болбойбу" дейт Э.Акрамов.
Башынан айкын, депутаттар мезгил-мезгили менен социалдык-экономикалык, саясый реалдуу кырдаалды эске албаган популисттик сунуштар менен чыгып, оюн салып кетмейлери өнөкөткө айланган. Ага таң калып кереги деле жок. Бир мезгилде депутаттардын бир тобу борбор калаанын үч районунун атын өзгөртүү боюнча мыйзам кабыл алуу сунушу менен чыгышканы эсибизде тургандыр. Алар Октябрь районун Исхак Раззаков, Биринчи Май районун Чыңгыз Айтматов, Свердлов районун Төкөлдөш району деп атаса куп эле жарашып калмак дешкен. Асыресе, ал демилге өзүнөн өзү дымып отуруп унуткарылып кеткен эле. Эми ошо унутулуп калган сунуш кайрадан жанданып, жаңы өркүндөтүлгөн варианттары, "тиешелүү өзгөртүүлөрү" менен кайрадан көтөрүлүп жатпайбы. "Жаңы демилгенин" пайда болушуна кандай кырдаал түрткү болду экен? Биздин баамыбызда анын эки себеби болушу мүмкүн.
Биринчиси. "Ак жол" партиясы көзөмөл пакетин колунда кармап турган азыркы парламенттин социалдык-экономикалык саясатка орчундуу таасири жок күчкө айланганы ачык болуп калбадыбы. Депутаттарга негизги иши болгон мыйзам чыгаруу демилгеси буюруп койбосо кантесиң. "Мыйзам токуп чык" десе болгону "машинанын номерлериндеги гербдин үстүнөн тешүүгө тыюу салынат", "Кыргыз Республикасынын гимни ойноло баштаганда оң колуңду сол төш чөнтөгүңдүн тушуна кармашың керек" (аны акча салынган чөнтөк деп жатышса керек) дегендей мыйзам пародиясын түзүүгө эптеп жарашат. Тагдыр чечээр олуттуу мыйзам чыгаруу аларга ишенилип берилбейт. Спикер А.Тагаевдин бир жолу "мыйзам долбоор куржуну какшып калды, өкмөт, тезинен жаңы долбоорду жибербесе парламент ишин токтотушу этимал" дегенинин өзү эле канчага татыйт дейсиз. Парламентти бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы деп атоо деле азыр кыйын болуп калды. "Ак жол" фракциясы "Ак үйдүн" эле оозун карап тураары, өз алдынча аракет кылууну мындай кой, кере дем алганга жөндөмсүз экени белгилүү. Ошондуктан аларды чөнтөк парламент деп аташат эмеспи. Башкасын айтпаганда да СДПК фракциясынын депутаты К.Кадыровду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча жоо кубалап келаткандай шашылыш комиссия түзүшүп, жоо кубалагандай шашылыш чечим кабыл алышып, андан соң "Ак жол" фракциясынын сүрмө топ агрессивдүү аракети менен будамайлап, маселеге чекит коюлушу, Р.Отунбаева айткандай, жогору жактан келип түшкөн тапшырмага болгон жооп катары кабыл алынат. Парламентте "ляппай" психологиясы орногону шек туудурбайт. "Ак жолдун" зомбулугуна жедеп жаны ачып кеткен А.Бекназаров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына, сен башка партиядансың, "сени биз минтип коюбуз" деген мамиледен улам, бул Кыргызстан чынында эле бир үй-бүлөнүн колундагы өлкөгө айланып калганы байкалды. Парламент бир үй-бүлөнүн парламенти экендигин тастыктады"-деп шилекейин күрмөй албай чакап жибергенге чейин барды. Электрондук тапан балдар "Ак үй" К.Кадыровду "ложка" менен алеки заматта "ап" эттирип таштады деп какшыктап жатышат. (Эскерте кетели "Ложка" "Ак жолдун" саясый кличкасы. "Ложканы" тескерисинен окусаң "Ак жол" болуп чыгат эмеспи). Кыскасы, "Ак жол" "Ак үйдүн" чоң оюнундагы пешка экендиги талаш туудурбай калбадыбы. Ал эми бул болсо "Ак жол" фракциясындагы кемтик комплексинин пайда болушун шарттап турган жагдай. Кемтиги бар саясатчылар болсо обу жок долбоорду көтөрүп чыгууга качырып турушаары башынан айкын. Аларың сырты жалтырак, ичи калтырак, ишке маш келишет эмеспи. Анткени бул да болсо ичтен кемирген комплекстен арылуунун бир айла-амалы. ("Ак жолчу" депутат Г.Дербишова бир ирет министрлер салам бербейт деп наалыганы бекеринен болбогондур). Бишкектин райондорунун атын өзгөртүп, кыргызчалатып чыгуу демилгеси жогоруда белгилеген дал ошол популисттик долбоорлорго кирери анык. Популисттик дегенибиздин себеби, долбоор дыкат иштелип чыкпаганында турат. Райондордун атын өзгөртүү кампаниясына канча чыгым кетери, ага канча мөөнөт талап кылынаары, б.а иш качан башталып, качан аяктаары боюнча эсеп-чоту так көрсөтүлгөн механизмдери жок экени айтканыбызга далил.
Бул депутаттарың азыр биз, кыргызстандыктар, терең экономикалык-финансылык кризистин шартында жашап жатканыбызды капарына албаса деле керек деген ойго кетесиң. Экономикалык азыркы кырдаал менен эч тааныштыктары жокпу дейсиң. Негизги оор өнөр жайы иштебей токтоп калганы, калган тармактар деле рецессиялык абалда турганы (экономисттер Америкадагы 30-жылдардын аягындагы "улуу депрессияга" салыштырышып, азыркы глобалдык кризисти "улуу рецессия" деп атап жатышат) тышкы соода кескин кыскарганы (ошол эле А.Салымбеков чоң чыгымдуу долбоорун көтөрүп жатканда "Дордойдо" соода-сатык иши артынан кеткенин кайдан эле байкабай калды экен, тобоо), кымбатчылык белден басканы, БУУнун маалыматы боюнча Кыргызстандын элинин 55%ы тамак-ашка жете албай мукурап турганы менен иши жокпу дейсиң "Ак жолчул" депутаттарыңдын. Башкасын айтпаганда, келерки 2010-жылдын бюджети 5,1%га б.а. 12,65 миллиард сомго чейин өсүп, болуп көрбөгөндөй чоң дефицит менен кабыл алынганы турат. Энергетикалык жана гуманитардык катастрофалардын реалдуу коркунучу пайда болду. Булардын баары "Ак жолчуларды" быш эттирип койбогону таң калтырбай койбос.
Непадам, ач кадырын ток билбейт деген чын. Депутаттарың жакырчылык дегенди угуп көрбөгөн социалдык катмардын катарында турушат эмеспи . Коммунист-депутат И.Масалиевдин "оранжевый каналда" (5-канал) чыгып сүйлөгөнүнө караганда, ЖКнын мурунку чакырылышында бюджеттен 200 миллион сомдун тегерегиндеги каражат чыгымдалып келген экен. Азыр ал 320 миллионго чейин жетиптир. Ал каражаттардын негизги бөлүгү депутаттардын сөөлөттүү жашоосуна, ар бир депутатка 9 аппарат кызматкер туура келген чиновниктердин армиясын багып турууга жумшалат. Мындай акча каражаты менен кандай кризис болбосун ЖК кабыргасы калың чыгып кетери талашсыз. Ырас, парламентти структуралык реформалоо боюнча атайы жумушчу топ түзүлгөнү кабарланган. Жакында 196 штат кыскартылаары жарыяланды. Бирок ал айтылгандарга чоң ишеним артып кереги жок. Азыркы депутаттар бир жагынан штат кыскарса, экинчи жагынан жаңысын ачуунун жапма челек амалын жакшы билишет эмеспи. Деги бир амалын таппай коюшпайт. Буга чиновниктин башын жулуп алсаң ордуна эки баш өсүп чыккан айтылуу Мэрфинин мыйзамы жол ачып берет. Андан кам санабай койсо болор.
Калың элдин таламын талаша албаган, т.а талашкысы келбеген, ал эми өздөрүнө, өз жыргалчылыгына келгенде өнтөлөп жантыгынан түшкөн депутаттардын калк арасында бедели катуу түштү. Кыргызстандын парламентаризминин тарыхында эң суу тумшук парламент ушу болду десек жаңылышпас элек.
Б.Абдрасаков менен А.Салымбековдун капыстан көтөрүп чыгышкан тарыхый-топонимикалык "реформа" демилгелеринин экинчи себеби да болушу мүмкүн. Ал азыркы социалдык-экономикалык көйгөйлүү проблемалардан элди алаксытып, көңүлүн утурумдук топонимикалык жана тил маселесине буруу амалы менен байланышат. Асыресе, эки депутаттын мындай пиар-акцияларынан чоң майнап чыгышы кыйын.Себеп дегенде, күндөн-күнгө жакырлыктын сазына уламдан-улам терең батып бараткан элди сырты жалтырак популисттик демилгелер менен алдоо, сооротуу кыйын. Мүмкүн да эмес.

Үсөн Касыбеков
PS. Эгер "Ак жолчу" депутаттар Кыргызстандагы жерлердин, уюмдардын аттарын өзгөрткүсү келип чыдабай эле баратышса, анда ошол "реформага муктаж" жерлер менен уюмдардын сырткы формасын гана эмес, ички маани-маңызын туюндургандай ат табышканы дурус болор эле. Маселенин ушу жагын эске албаса болбойт. Айталы, ЖКнын имаратын "жатып ичер парламентарийлер сыйынт кылган үй", Бишкек калаасынын кичи райондорун "жакырчылык кичи райондору", Сокулуктагы Петровка айылын "кор болуп, ыза тарткандар айылы", Балыкчыны "күч органдары тайраңдаган шаар", Ысык-Көлдү "ОБОНчулар жердеген обулус", КТРды "жүзү кара жащик" (ЖКЖ) деп атаганга неге болбосун?!