Ий-ээ…

Мадумаров муфтиятты тазалайбы?
Көптөн бери көрүнбөй кеткен Мадумаров үн салды. Бул ирет ал сөөмөйүн түз эле муфтиятты көздөй кесеп, Кыргызстандын муфтиятын реформалоо маселесин козгоду.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы дин башкармалыгынан Кыргызстандын мыйзамдары менен жашоону талап кылды. (Э, кокуй эмне, муфтият буга чейин башка мыйзам менен жашап келди беле? - ред.).
Сөзүнүн этегинде динге берилип кеткендердин саны артып бараткандыгын, буга муфтият ырааттуу көзөмөл жүргүзө албай жаткандыгын себеп катары белгиледи. Туура, бир жагынан карасаң дааватчылык деген "териге" жамынып ар кандай иштердин жүргүзүлүп жатышы мүмкүн дегиң келет. Бирок, көшөгөнүн артында Мадумаровдун кандайдыр бир көрүнбөгөн оюндары жеке кимдир бирөөгө болгон укурук ыргытуусу эмеспи? Мисалы, айрым дин багытындагы адамдар Адахамдын минтип сөөмөй кезегенин муфтий Азиретаалы Жумановду ээрден кантип эңип түшүүнүн аракети, анын ордуна өз кишини алып келүү максаты дегендеринде да бир мандем болуп жүрбөсүн? Дагы кызыгы, Коопсуздук Кеңешинин ошол жыйынында эмнегедир УТРКны, анын жетекчилигин да жөөлөп өттү.
Жүйөөсү, УТРК жаштарды тарбиялоодо жакшы иш алып бара албай жатат дейт.


  Эмне дейт, Ия?

Эмдиги жыл Кыргызстан үчүн кыйын болот
Дүйнөлүк валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча жетекчиси Надим Илахинин маалымат жыйынында айтылган пикирине таянсак - 2010-жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө оор жылдардан болот. "Мындай абалда Кыргызстан чет жактык донорлордон жардам (карыз алууга дегени) алууга мажбур болот" деди, ДВФнын эксперти.


  Сот процессинде

Кандай болсо да карала!
"23-июль" чатагы менен арадай көздү чарадай кылган Балыкчыдагы сот процесси улам жаңы "трюктарын" көрсөтүүдө. Кыргыз күйгөндө мындайды "… өтөн зордук" деп койчу беле. Максат - кандай болсо да Кадыров баш болгон "жаңжалчыларды" каралаш керек.
Дал ушул маселелер боюнча мурдагы күнү Балыкчы окуясы боюнча соттолуп жаткандардын адвокаттары сот ишине төрагалык кылып жаткан Болот Дүйшембиевге, мамлекеттик айыптоочу Дөөлөтбек Дооронбаевге ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришти.


  Тилим эле, тилим

Атка минип алып, атым кайра дешкендер
Мурдагы күнү мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болду. Ага өлкө башчысы өзү келип катышты. Тилге байланыштуу көп сөздөр сүйлөндү. Кыргыз тилин башка улуттарга үйрөтүү үчүн көркөм адабияттар менен окуу китептер тартыш болуп жатат дешти. Көп нерселер аткарылбай жатат деп бир тобу трибунада дүңкүлдөдү. Дагы бири, кыргыз тилинин өнүкпөй жатканына ата-энелерди "крайний"кылып чыгышты. Кыскасы, бул жолу деле 20 жыл бою какшап келген "деш керек" деген куру сөздөр менен коштолду, кайран эне тилдин 20 жылдыгы.


  Кадамжай кабар

Губернатор Жумабеков ажого акча чогултканбы?
Гезитибиздин өткөн санында Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташовдун кызматтан алынып калганы, "аны ордуна алып келгиле"- деп 500гө чукул адам пикетке чыкканы жөнүндө кабарлаган элек.
Не себептен Ташов ээлеген ордунан "тайгаланып" кеткенине иликтөө жүргүзүп, анын айтканына кулак төшөсөк, облус губернатору Марат Жумабековдун "райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен бир миң АКШ долларынан жыйнап алып келесиң. Мен аны президенттин туулган күнүнө алып барамын"-деген талабын аткарбай койдум. Экинчиси, андан мурдараак губернатор Кадамжайдан үйлөнгөн кийинки аялын менин батириме суранганынан киргизип койгонмун. Көп өтпөй аялын ал жерден чыгарып, башка үй сатып бер дегенине мен каршы болгом. Ушундай майда барат жеке нааразычылыктардын артынан Ак үйгө мен жөнүндө терс пикирлерди жеткирип, мени кызматтан кетирүүгө жетишти" -дейт. Анан да экс-аким: "губернатор Марат Жумабеков менен иштеш азыркы мезгилде өтө татаал" деп кошумчалады.
Албетте, суроо туулат. Эгер жогорку айтылгандар чын болсо, анда мамлекеттик кыматтык этика, мораль деген түшүнүктөр кайда калган?




  Бир… бир… бирик…

СДП+ "Ата Мекен"=утопия?
БЭКтин өткөн жыйынында "биригүү" деген маселе кайрадан көтөрүлүп, ал тургай 7 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Ары жактан үчөө, "Ата Мекенден" үчөө, плюс жетинчиси болуп БЭКтин атынан А.Бекназаров тандалды. Башчылыгына Ө.Текебаев дайындалды. Бирок, бул аракет кантип ишке ашаары өзүнчө эле чытырман токойго айланып турган кез. Бир тобу СДП менен "Ата Мекендин" биригүүсүн утопия деп айтышууда. Мисалы, СДП "Ата Мекенге" баш оту менен кирсе Жогорку Кеңештеги азыркы мандаттарын тапшырууга туура келет. Ошого да кайыл болсо, баягы парламенттик шайлоодо Байсалов чатагынан СДПнын мойнуна илинген жүз миңдеген карыз түз эле "Ата Мекендин" мойнуна илинет. Дагы, дагы чийки нерселер толтура.
Макул, алар айтып жаткандай "Ата Мекен" социалисттик партиясы "Ата Мекен" социал-демократиялык партиясы" болуп өзгөрдү дейли. Анда, аларың адилет министрлигине жалдырайт. (Себеби, түшүнүктүү да) Министрлик жаңы партияны каттоодон өткөрбөй койсо не болот? Мындай абалда эки партия тең алдыдагы шайлоолорго, мисалы тарайт, тарабайт деп жаткан парламент кокус тарап кетсе, анда алар шайлоого катышуу укугунан ажырайт. Ал эми "Ата Мекен" партиясынын жоюлуп, СДПга кириши түшкө кирбеген жорук. Алдына алтын чачса да Текебаев ага макул болбойт. Бир эле жол, СДП партиясы уставын сейфке салып, көзүрлөрү ал партиядан чыгып, алдыдагы шайлоого "Ата Мекендин" тизмесине тизилип, "Ата Мекендин" туусун көтөрүп, бирге басуу жолу. Бирок, ал жакта да амбициясы күчтүүлөр толтура.
Мындайды уккан оштук "Ата Мекенчилер" кечээ "биз андай кошулууга макул эмеспиз" салам дубасын маалымат сайттары аркылуу жарыялашты. Мисалы, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев бир партияга биригүү демилгесине каршы экенин билдирди. Анын пикиринде : "партиялар амбициясы күч саясий лидерлердин менчиги эмес. Ошондуктан, кайчылаш көз караш күткөндөр менен эсептешпейбиз. Зордоп баш коштуруу жарандар арасында чоң эрегишке айланышы ыктымал" дейт. Кыскасы, СДП менен "Ата Мекен" биригебиз деп жатып, Колумбия адашып Американы ачып калгандай "аңгектен дөңгөккө" кабылышпаса болду.