Тагдыр

СЫНГАН бакыт
Кадимки эле жумуш күнү болчу. Тигүүчү машинелер зырылдап иштеп, бул цехтеги тикмечилер Орусияда соода жасаган кайсыдыр бир ишкер айымдын заказын бүткөрүүгө далбастап жатышкан. Венера да машинесинин алдында додолонуп үйүлүп жаткан кофталарды улам бирден алып, жең салып, андан ары узатып жатты.
Аңгыча, цехке булардын бригадири Гүлнар кирди да, түз эле Венеранын жанына келип, кулагына бир нерселерди шыбырады. Ошол замат Венеранын колунан иши түшүп, абдаарып эле Гүлнарды жал-жал тиктеп отуруп калды.
- Эмне отурасың? Тур, эшикте күтүп турат, - деди Гүлнар салтанаттуу үнү менен. Ошондо гана Венера эсине эми келгенсип сыртка жүгүрүп жөнөдү.
- Венера! - деп кучагын жайып жадырап турган жигиттин жанына басып барып:
- Саламатсызбы, - деп өзүн-өзү токтоо кармоого тырышты кыз.
- Оо, чоңоюп калган турбайсыңбы! - деп тиги дагы ыңгайсыз боло түштү белем. Кыздын сунган колун катуу кысып чекесинен өөп койду. Бир аз сүйлөшүп турганда эле бригадир Гүлнар чыга калып:
- Венерочка, келбесең болбойт, кофталар үйүлүп кетти, бүгүн бүтүрүп тапшырышыбыз керек! - деп үн салды. Жаңы эле учурашкан экөө кечинде жолугушууну сүйлөшүп кайра коштошушту.
***
Цехтин ичи шарактап жатты. Бул тикмечилик ишке биротоло дасыгып калган Венеранын колу күндө жасап жүргөн ишин өзү эле аткарып жаткандай. Анын көзү зырылдаган ийнеде болгону менен ою башкада болучу. Көп жылдарды аттап артка серпилген сезиминде өзүнүн балалыгы, бой жетип бараткан курагы термелип турган...
Жаныбек менен жайкы каникулда эле көрүшчү. Венерадан 5-6 жаш улуу болгону менен, таятасынын үйүнө барганда чогуу ойношчу. Бала кезде оюндан өткөн ысык, кызык нерсе барбы? Кээде ойноп эле жатышып кызыл чеке болуп урушуп, таарынып калганы да көп болгон. Бир эле сааттай тултуюп, Жаныбекти көргөн сайын жаман көрүп апасына даттанганы менен, кайра эле кантип аралашып ойноп кеткенин билбей калчу. Андайда апасы:
- Кой кызым, көп чырдабай ойно. Жаныбек сенин бөлөң болот да. Тууганы менен антип урушпайт, өзү да сенден улуу.
- А улуу болсо өзү эмнеге урат! - деп кээде үңүлдөп ыйлап да жиберчү.
Мындайда үйдөгүлөрдүн баары күлүп калышчу. "Али кичинекей да. Эртең эле чоңойсо - чоюлган кыз болот. Өздөрү эле сыйлашып алат"- дешчү. А балалыктан өткөн соң калган өмүрүңдүн кантип жаныңдан "зуу" койгонун сезбей деле калат белемсиң. Венера деле тез эле бой түзөп баш-аягына каранып, күзгүдөн чыкпай калганын апасы да, өзү да сезген жок. Ошондой күндөрдө анын жүрөгүнө адам баласына тиешелүү купуя бир сезим бүлүк салды! Күнү-түнү көз алдына бөлөсү Жаныбектин жаркын элеси тартылып, жүрөгү бир аз ачышып, апкаарып тургансыгандай... Сезими албууттанып келип алкымына кептелип бир нерсеге сүйүнгөндөйбү, кубангандайбы, сагынгандайбы... деги ажырата албайт. Болгону, жүрөгүнүн ар бир кагышы "Жаныбек, Жаныбек" дегендей дүкүлдөйт.
Бир кездеги шамал менен жарыша чуркап топуракка боз - ала болуп ойногон Жаныбек да шыңга бойлуу, кең далылуу, кабагы ачык жадыраган жигит болгон. Айылдагы селкилерге көзү түшүп, сөз ыргытып, жолугушууга чакырып... Анын көзүнө андан алты жаш кичүү бөлөсү Венера али куурчак ойногон кичинекей кыздай көрүнчү.

***
Мезгил токтоп турмак беле. Жаныбек арзышып сүйүп жүрүп өзүнүн айылындагы Дилбарга үйлөндү. "Свадьбага чакырабыз" деген кабар менен бирге алардын сүрөтү келди. Ошол күн - Венера үчүн өмүрүндөгү эң бактысыз күн болду. Үйүнөн качып барып, ээн сайдын ичинде өңгүрөп ыйлады. Балалык сүйүүсү менен коштошту ал күнү. Эртеси эле бул жашоодон, бул сүйүүдөн көңүлү калган адам болуп чыга келди. Апасы аны Жаныбектин үйлөнүү тоюна зордоп да алып баралбады.
Турмуш дегенди бир кылка кылып жипке шурудай тизип койгонго болбойт тура, чиркин! Дилбар менен Жаныбектин ортосундагы сезим көр тириликтин айынан көпкө деле алоолонуп күйө албады. Мобу желкеден басып турган жетишпестиктин айынан кер-мур айтышып отуруп, Дилбар төркүнүнө кете берди...
Эркектин бир бактысы-анын алган жарында эмеспи. Ошол үй-бүлөлүк бактысы талкаланган Жаныбектин эрмеги эми бөтөлкө болду да калды. Эртеден кечке аң уулагансып арак уулайт да жүрөт. Ошондой күндөрдүн биринде дагы бир каргашага кабылды.
- Сен эч жерде иштебей эле бош жүрөсүң го,- деди бир күнү айылдашы Серик. - Акчалуу болгуң келеби?
- Албетте, карызга да батып кеттим,- деп кежигесин чукулады Жаныбек.
Ошол эле күнү Жаныбекке баштыкчага салынган бир нерселерди алып Казакстанга баруу иши тапшырылды. Бул өтө кооптуу иш экенин ал жакта белгиленген бир жерде күтүп турган кишиге гана ал пакеттерди берээрин миң кайталап айткан Серик "Бардыгынан да менттерден сактан, жаман айтпай жакшы жок, эгер колго түшсөң мени сатпа!" деп оң колунун сөөмөйү менен мойнун туурасынан кесе ишаарат кыла көрсөттү. Бул: "Анда өлгөнүң" деген белгиси эле.
Айылдагы энөө бала мындай ишке жараксыз болуп чыкты. Ошол эле күнү Казакстанга жетпей колго түштү Жаныбек. Түшөөр замат болгонун болгондой, айылдашынын аты-жөнүн, туулган жылын, үйүнүн номуруна чейин айтып берди. Ошентип, акчалуу болгусу келип апийим менен кармалган Жаныбектер үчөө-төртөө кошоктолуп абакка кете беришти.

***
Баарынан да Серик Жаныбекке катуу өчөшүп калды. Ал тапкан жаңы "связнойу" бүтүндөй бир банданы сатып кетпедиби. А мындай адамды эч качан кечирүүгө болбойт. Өлбөй өчүн, кетпей кегин алыш керек. Мезгил өтүп, абак мөөнөтү бүтүп Жаныбек эркиндикке чыкты. Айылында деле көпкө тура албады. Бишкекке келип бөлөсү Венераны таап бүгүн ага учурашканы келген...
Ошол эле кечте Венера Жаныбекти өзү жашаган квартирасына чакырды. Бул күндү Венера өмүр бою күтүп келбедиби. Карачы, балдай ууз сүйүүсүн арнап койгон Жаныбеги жадырап маңдайында отурганын. Берерге ашын таппай ары-бери жүгүрүп, өзүнчө эле аптыгып атты кыз.
- Болду, Венерочка отурчу... - деп жалооруй карайт аны Жаныбек. - Андан көрө сүйлөчү, тээ балалыкты эскереличи...
Бирде тымып, бирде шарактап күлүп жиберишип түн бир оокумга чейин отурушту. Экөө сүйүү жөнүндө оозанышпаса да, каректери бири-бирине арбалып, сезимдери чарпылышып турду. Акыры, Венеранын жүрөгүндөгү ууз сезим Жаныбекти багындырды! Таң супа салып келатканда гана Жаныбекке төшөк салып, Венера өзү да уктоого баш койду.
Көзү илинип кеткен экен. Эшиктин "түрс-түрс" эткенинен селт этти Венера. "Бул ким таң атпай?!" деген ой мээсине чагылды.
- Ач эшикти, бул Венерабы?
Өзүнүн атын укканда Венера эшикти ачып жиберди.
- Эмне болду, силер кимсиңер?
- Биз... Жаныбек кайда?!- эшиктен кирген экөө бир ооздон. Венеранын жаны алкымына кептелди.
- Мен билбейм.
- Бул жакка келбедиби?
- Жок!
Венераны ары түртүп төркү бөлмөгө жулунушту. Бейкапар уктап жаткан Жаныбектин мойнуна бычак такалды.
- Тур саткын! Бизди түрмөгө чиритип, эми жыргап жашайм деп ойлобо! Бизге миң доллар таап берсең гана башыңа азат! Андай болбойт экен, азыр өлөсүң!
- Менде андай акча кайдан? Жаныбек өз чындыгын айтты.
- Анда ... Жалаңдаган бычак кекиртекке кайра такалды.
- Коё тургулачы! - деп кыйкырып жиберди Венера. - Мен таап берем...
Жаныбекке төшөк салып берген керебеттин алдынан чемоданын бери тартып кичинекей ачкычын сала бурады. Жаныбекти демиткен экөө дем чыгарбай карап турду. Дал ушул жагдайдан пайдаланган Жаныбек терезеден секирип качып чыгууга үлгүрдү. Бирөө артынан түшүп, жетпей кайра келди. Эми экөөлөп Венераны ортого алышты.
- Кана акчаң?!
- Азырынча ушул... Дагы таап берем. Жаныбекке тийбегиле, - деп жалбарып жиберди Венера. Бирок тиги экөөн кыздын арзыбаган тыйыны алымсындырбады!
***
Жаныбек милиция кызматкерлерин ээрчитип келгенде чачылган жууркан-төшөктөрдүн арасында Венера кырылдап үзүлүп бараткан болучу... Бүгүн эле тапкан бактысы бүгүн эле колунан түшүп сынып калганын карасаң эй, куу дүйнө!

Нурбүбү БӨДӨШОВА




  Деген экен, ов!

Акын сөз
"Акындар эч качан поэзия дүйнөсүн алдаган эмес, алдабайт дагы. Акындар поэзияга аяр мамиле жасагандай саясатчылар дагы саясатка ошондой мамиле кылса, заманыбыз такыр башкача болмок…".

(Шайлообек Дүйшеев)

…Можно покорять
звезды,
Можно покорять
космос,
Можно покорять
Айтматовскую
вершину,
Но трудно
покорять девичье
сердце,
И душу
народа,
На это
способен
только поэт".

(Алик Акималиев)


Уулум, сен ук
Керегем сага айтам
Илгери-илгери хан о дүйнө салаарда уулуна керээзин айтат: "Ар шаардан үйүң болсун, балам".
Жигит атасынын айтканын кылам деп, ар бир шаарга үй сала берет. Акыры болгон байлыгын түгөтүп тынат. Айласы куруп, көп жашап калган бир карыядан кеңеш сурайт. Жигиттин кебин угуп: "Ар шаарга үй сал дегени - ар жерден жоро-жолдош, дос тамыр күт"- дептир карыя...

Бир бүркүм
Коляска
Ош базарында коляска түрткөн жан көп. Кадам сайын жолугасың эски коляскаларды түртүп жүргөн келиндерге, жаш кыздарга, улгайган аялдарга, керек болсо эркектерге…
Бул коляскада бир кезде бала жаткан. Анда жапжаңы эле. Ууз жыттанып, сүт жыттанып турчу а кезде. Жумшак тор үлбүрчөк үстүнөн түшчү эмес, аппак эле анысы да. Терметип турушчу аны. Салкын жерге коюшчу.
Анан эмне болду? Бала чоңойду күн санап. Тентек болду. Чуркап кетет. Кечке ойнойт, оюнга да тойбойт, эй! Баягы ууз жыттанган коляска сарайга чыгып калды.
Бир күнү кошуна аял келип, колясканы сүйрөп кетти. Эртеси таң эрте базарга нан жүктөп алып чыкты ал. Аябай "удобный" экен, жеңил экен сүйрөгөнгө…
Базардагы коляскалардан бала көрө албадым. Нан, майда-чүйдө бир нерселер, керек болсо темир-тезек салып алышат. Эмне, коляска эскирсе эле ушинтип бир нерселерди салчу арабага айланып калабы? А неге? Бала жаткан, бала чоңойгон, бала жыттанган жайды башка нерселерге тартып берип коюшкандай сезилет мага.

Нурбүбү БӨДӨШОВА