Кыргыз жери пирогбу?

"Битта кадам артка жылмайбыз, жеримизди бермаймыз"
№ 23-саныбызда жаштарыбыз ар ишембиде учур маселесин талкуулап тегерек үстөлгө чогуларын, ага байкоочу-эксперттерибиз кеп-кеңешин берип турарын кулак кагыш кылган элек. 19-сентябрдя, ишемби күнү жер маселесин талкуулоого чогулушту. Бул талкууга конок катары "Мен ишенбейм" кыймылынын мүчөсү Мирсулжан Намазалиев жана "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Максат Исмаилов келишти. Эксперт-байкоочулар катарын белгилүү саясат таануучу Марс Сариев толуктады. Каркыра, Ак-Сай, Арпа, Жетим тоосу жөнүндө кызуу талкуу болду.

Гүлшайыр АБДЫРАСУЛОВА:
- Жер маселеси боюнча бардык архивди көтөрүп чыга алган жокмун. Колумда 1996-жылдан берки материалдар турат. Ошол фактыларга таянсам, мурунку берилип кеткен жерлер боюнча Жогорку Кенештен кандай өткөнүн, президент жактан кандай берилгени боюнча мыйзам бузуулар болгон экен. Депутаттар толук катышкан эмес жана келишимдер жашыруун кабыл алынган. Мыйзам бузуулардан эч ким кабардар болбогондуктан, бийлик өз билгенин кылып жатат. Ошондуктан артка кайрылып, "ошол кабыл алынган келишимдер легитимдүүбү?" деген маселелерди кабыргасынан коюп, азыркыны да айтып чыгыш керек. Ошондо гана коншу мамлекеттер жер сураганга аракет кылбай калышат деп ойлойм.
Артка кылчайсак, коңшу мамлекеттерге жерди берерде майрамга туш келип калып жатат. Мына, 2002-жылы Аскар Акаевич Казакстан эгемендүүлүгүн белгилеп жатканда Үзөңгү-Куушту алып берди. Былтыр болсо Курманбек Салиевич Нурсултан Назарбаевдин чогулушуна Каркыраны, ага кошуп төрт пансионатты берди. Мыйзамда "Союз убагында курулган обьектилер кайсы жерге курулса, ошол жерде калат" деп жазылган экен. Ошол казактарга берилген пансионаттар казактардын курулуш материалдары менен курулуптур. "Ошон үчүн эле берип жатсак, анда казактар машина менен келип, кирпичтерине чейин жүктөп кетсин. Бирок, жерибизди ордуна калтырышсын!" деген талапты коюп чырылдаганбыз. Биздин үндү эч ким уккан жок. "Манастан Чубак кем бекен" деп өзбектер дагы эки пансионтты сурап, бүгүнкү күндө иштетип жатат. Айтор, өз жерибизди башка улуттарга тепсетип, аларды кожоюн кылып койдук. Өзүбүздүн жерде туруп, казак менен өзбекке акча төлөп көлгө түшүп жатабыз.
Бүгүнкү күндө мен бир гана жолду көрүп турам. Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстандын президенттери чогулуп, талашта турган жердин картасын ортого салып салыштырып, бир келишимге келишпесе болбойт.

Максат ИСМАИЛОВ:
- Туура айтасың, Гүлшайыр, тарыхты тастыкташ үчүн артка кайрылыш керек. Үзөнгү-Кууш Акаевдин убагында болгон. "Биз антип атабыз, минтип атабыз деп эле бүгүнкү бийлик мактанып, 14 жыл мурун болгон окуяларды айтып, Акаевди жамандап бүтүшпөдү. Үзөңгү-Кууш кетип жатканда Бакиев премьер-министр болчу. Өзү президент болгондон бери канча деген жерди берди. Мына былтыр Каркыраны казактарга карматтык. Быйыл болсо улуу урматтуу президентибиз Курманбек Салиевич "Ак-Сай, Арпа маселеси боюнча мен билбептирмин. Ушул маселени көтөрүп чыккан атбашылык туугандарга ырахмат" деп телевизордон айтып жатат. Анан Бабановду жиберсе, чын эле кытайлар чек арадан 60 км бери кирип алмак түгүл, беш үй салганга жетишиптир. Бул эмне деген шумдук?! Президент айта турган сөз беле?! Жер маселесин, чек арага ким кирип, ким кетип жатканын президент билбесе, анда биз кайдан билебиз? Эми Жетим тоосуна токтолсок, кытайлар 6 км жолду асфальттап, алюминий ж.б. кен байлыктарды тартып жатышат. Бул маселе боюнча биздин балдарда далилдер бар. Ошол жерге барып сүрөткө тартып келишкен. Биз, кыргыздар, качан ойгонобуз?! Бөлүнгөн огородубузга жарты метр кирип кеткендер болсо, "уятың барбы, ары жыл?!" деп урушабыз. А эмне үчүн Кыргызстандын жерин ошол огородчо көрбөйбүз? Кандайдыр бир жолдор менен кайра шайланып алган жаңы президентибиз эмне үчүн ушуларды дыкаттык менен карабайт? Мен бир гана түндүк жактагы маселеге күйүп жаткан жокмун, түштүк тараптагы өзбек, тажиктерге кетип жаткан жерлерге да кейийм. Кыргызстандын атуулу катары күйүп жатам. Биз азыр "түндүк-түштүк" деп бөлүнбөшүбүз керек, Ата мекенибиз канчалык коркунучта экенин гана ойлошубуз керек.

Мирослав НИЯЗОВ:
- Ак-Сай, Арпанын берилгени чынбы? Ал такпы? Булар расмий түрдө "берилген жок" деп айтып жатышпайбы. Эгер так маалымат болбой калса, анда туура эмес болуп калат. Андыктан, эң биринчи - маалыматты тактап алышыбыз керек. Бул маселенин чын-төгүнүн тезинен билиш керек. Эгер чын болсо, анда эртенкиге калтырбай, бүгүнтөн башташ керек. Бабырбек Субанович, сиздерде бул маселе боюнча кандай маалыматтар бар?

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ:
- Бизде эки маалымат бар. Биринчиси - Арпа, Ак-Сай жерлери, экинчиси - Жетим тоосу боюнча. Арпа, Ак-Сай маселеси жаңы көтөрүлгөндө Торугартка чейин барып, бардык нерсени өз көзүм менен көрүп келгем. Сүрөткө тартып, гезитке чыгарганбыз. Кытайлар биздин чек арадан 60 км бери жылып, үй сала баштаганы чын. Бул факт. Кытайдын курулуш материалдарынан салынган, жадакалса кирпичтерине чейин кытайлардыкы. Курулушчулары дагы кытай жумушчулары. Заставада иштеп жаткан прапорщик балдар - кыргыздар. Алардан сурасак, "биз билбейбиз" дейт. Шектүү болуп атат. Бул көйгөйлүү маселе боюнча Кален Субанов бир учурда жерди арендага берүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп, келишимге ошол кездеги чоңдор, чек арачылар кол койгону жөнүндө жазды. Бирок, эч кимден эч кандай реакция болгон жок. Эгер келишим түзүлбөсө, анда бирөө жарым "туура эмес" деп үн катат эле да. Бул жерде чыркыраган чындык бар. А бийлик болсо: "Ал жерге кытайлар келип, бажыкана терминалын курмак" деп атат.
Ал эми Жетим Тоо жөнүндө сөз кыла турган болсок, муну да кытайларга жерди чалгындоо иштери үчүн келишим менен арендага берип койгону чын. Жети-Өгүздүн акими "34 гана гектар бергенбиз" десе, Турсунбек Акун андан чоң цифраны айтууда. Болгону - бул жерде канча жер берилгени талаш болуп турат.

Мирослав НИЯЗОВ:
- Эгер бийлик ачык айтпай жатса, анда бул жерде жашыруун бир нерсе болуп жатса керек… Жетим тоосу боюнча дагы кайталап айтып коеюн. Жетим тоосунда 10 млрд. тонна темир кени бар. Ал жерден темир рудаларын алып, металл чыгарсак болот.

Максат ИСМАИЛОВ:
- Бүгүн мен "улуу урматтуу" Курманбек Салиевичке тийишким келип жатат. Бакиев "кытайлардан сурасак, ал жердегилерге кислород жетпей калат экен" дейт. Союз убагынан бери кислород жетип келаткан элге бүгүн кислород жетпей калыптырбы? Аба жетпей кыйналгандыктан, биз ылдый жылып, кытайларга беришибиз керек экен да. Кытайлар кислородду көтөрөт экен. Бул жөн эле шылтоо деп ойлойм.

Мирослав НИЯЗОВ:
- Кислород жетпей жатканы туура. Жашоо оор, кар, муздун үстүндө жашап жатышат. Бирок, буга шылтоолоп жерди жылдыруунун кереги жок. Мен Жалал-Абадда иштеп турганда кыргыз, өзбек 7 гектар жерди бөлө албай талашышкан. Ошондо өзбектердин "битта кадам артка жылмайбыз. Жеримизди бермайбиз" деп эмгектеген баласынан өмгөктөгөн чалына чейин тикесинен тик туруп беришкен. Кыргыздар болсо төрт абышка, төрт жигит гана чогулуптур. Жаш жигиттери тамекини колуна чычайта кармап алып: "Энеңди урайын десе өзбектер. Балдарга үч күндө кабар бергиле, аттансын, буларды бир күндүн ичинде чаап салалы" дейт. "Темирди кызуусунда чап" дегендей, ар бир нерсени өз убагында чечпесек, эртең кеч болуп калат. Биздин ажайып жайыттарыбызга, бай кендерибизге өзбек, тажиктер качантан бери эле көз артып келатышпайбы. Алардан сакташыбыз керек.

Гүлшайыр
АБДЫРАСУЛОВА:
- Президентке, премьер-министрге жана башка дагы тиешелүү жетекчилердин ар биринин дарегине жер маселеси боюнча кайрылууну сиздердин гезит аркылуу жөнөтсөк кандай болот? "Кимге канча жер берилген? Ал жер канча жылга берилди? Аны ким берди?" деген суроолорго алар мыйзам боюнча бир айда жооп бериши керек да. "Окубай калыптырбыз" деген шылтоо кийин болбосун үчүн Акүй, Көкүйгө жеткирип бере аласыздарбы?

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ:
- Тиешелүү жерге жеткирүү боюнча кам санабай эле койгула. Почта аркылуу жиберебиз же жеткирип беребиз. Менде бир сунуш бар. Тышкы иштер министрлиги тарабынан "төрт пансионат маселесин козгойбуз" деген сөздөр чыга баштады. Бирок, алигүнчө баштай элек. Ушул маселени да козгосок кандай болот?..

(Уландысы кийинки санда)

Назира СААЛИЕВА