Айтыңар маарек болсун!

Сүйүн ажы Кулуев, Муфтийдин 1-орун басары:
"Айт намазы борбордук эски аянтта саат сегизде окулат"
- Сүйүн ажы, мына, ошентип Орозо айттын босогосунда турабыз, бул күндүн өзгөчөлүгү неде?
- Бисмиллахир рахманир рахийм, Кудайга шүгүр, Кыргызстанда орозо кармагандардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул жылы да көптөгөн адамдар орозо кармап, өздөрүнүн мусулмандык парздарын аткарып жатышат. Биринчиден Аллах Таала алардын кармаган орозолорун кабыл кылсын. Орозо айт Аллах Тааланын улуу рамазан айынын аякташы менен боло турган ыйык майрамы. Бул мусулмандар үчүн маанилүү болгон улуу эки майрамдын бири. Бирөөсү Курман айт болсо, бири ушул Орозо айт. Ал эми, 20-сентябрь орозо айт болсун деп Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинде кабыл алынган. Бардык мусулмандар бири-бирине зыярат кылып, конокко барыша турган жана Алла Таалага жалынып-жалбарып, мамлекет үчүн, эл үчүн дуба кыла турган улуу күн.
- Быйылкы айт намаздын окулушу тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?
- Быйыл орозо айт саат сегизде башталат. Бишкек шаарында канча мечит бар болсо, ошонун баарында айт намаздары окулат. Мындан тышкары, мамлекет жетекчилеринин уруксаты менен айт намазы жылдагыдай эле Бишкектеги борбордук эски аянтта да окулат. Айт намаздары тууралуу маселе учурда Азрети муфтийдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен толук чечилген.
-Кыргызстандын аймактарында айт намазын аянттарда окуу болобу? Мисалы, былтыр Ноокатта элдер аянтка намаз окуйбуз дешкен эле. Аягында эмне менен бүткөнүн өзүңүз билесиз да?
- Жок, айт намазды аянтта окуу бир гана Бишкек шаарында болот. Аянтта окуганыбыздын себеби дагы намаз окуган адамдардын көптүгүнөн улам келип чыккан маселе. Ар бир мечитте намаз окулгандан тышкары дагы эски аянтка 80-90 миң адам келип намаз окушат. Ал эми аймактарда болсо, жалаң гана мечиттерде окулат.
- Бишкектеги жаңы мечиттин курулушу тууралуу жалпы маалымат бере кетсеңиз?
- Жибек-жолу көчөсүнө салынуучу Борбордук чоң мечиттин курулушу башталып жатат. Учурда алдын казуу иштери жүрүүдө. Бул чоң мечитти салуу намаз окуган инсандарыбызыдын көбөйүп, мечиттерге батпай калгандарынан улам болууда.
- Жалпы чыгымы 3 миллион доллар деп жатышты эле, бул жагы чечилгенби?
- Мечиттин курулушуна кетүүчү жалпы чыгымдын 70 пайызын Кувейт мамлекетиндеги демөөрчүлөр өз моюндарына алышууда. Калганын Муфтият өзү табууга аракеттенип жатат. Бул боюнча марафон уюштурулуп, мекендештерибизден дагы акча чогултулган. Жардам беребиз дегендер көп.
- Буйруса, курулуш аягына чыгат экен да, качан бүткөрүлөт?
- Кудай буйруса, мечиттин курулушун сөзсүз аягына чыгарабыз. 2-3 жылдын аралыгында бүтүп калат го деп турабыз.
- Мусулмандарга каалооңуз?
- Учурдан пайдаланып, баардык мусулмандарды 20-сентябрь ыйык орозо айт майрамдары менен чын дилимден куттуктайм. Ар дайым Аллах Тааладан кыргыз элине, жерине тынчтык, ынтымак жана биримдик беришин чын дилимден сурайм.
- Маегиңизге чоң ырахмат.

Заирбек БАКТЫБАЕВ




  ЭСТУТУМ

АТАМ, ИНИМ ЖАНА АЙТ НАМАЗ
"Быйыл орозодон кийин айт намазга өз дитим менен барам" деп ниет коюп жүрчү элең. Бир күндөн кийин айт намаз. Эки жыл мурда "намаз окуп башта" деп эртерээк мажбурлап койгон окшойм. Жашаган үйүм мечиттин жаны. Беш убак болбосо да 2-3 маал азан айтылганын угуп, дайыма эске түшөсүң, бир боорум. Тирүү болгонуңда "айт намазга бармакпыз" деп айылга шашмакмын. Айла канча, түмөн эл менен түртүшүп, ийин тийиштирип бу сапар Бишкектин борборундагы намазга балам менен барам да.
Атабызды айылдыктар "китеп кармаган киши" деп коюшчу.Анын көзү өткөндөн кийин окуп жүргөн Куран китептерин сага беришкен эле. Сен ал китептерди ак матага ороп, 33 жыл таза сактап келдиң. Эми аны мага беришкен. Даап ача элекмин. Буйруса балам экөөбүз айт намаздан кийин ачабыз.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ