Орозо айттын алдында

Темир САРИЕВ, "Акшумкар" партиясынын төрагасы:
"Кыргызстанда бүгүнкүдөй күчтүү оппозиция эч качан болгон эмес"
- Темир Аргембаевич, шайлоо алдындагы кырдаалды бир эскере кетсек, айрым бир адамдар сизди "бийликтин долбоору" деп айтып келишпедиби. Бүгүн буга эмне деп жооп берет элеңиз?
- Мен ойлойм буга убакыт жооп берди. Биз ошондо эле бардыгына убакыт тараза болорун айтканбыз. Шайлоо учурунда кээ бир гезиттерге каралаган материалдар эмне себеп менен, кандай максатта жазылгандыгы ачыкка чыга баштады. (Алдыда дагы бир топ маселелер белгилүү болчудай-З.Б)
Шайлоо учурунда биздин шайлоо штабыбыз аягына чейин күрөштү деп мен бүгүн ачык айталам. Биз ошол үгүт мезгилинде болсун, шайлоо жүрүп жатканда болсун акыр аягына чейин турдук. Кыргыз элинин астында, бизди жактаган, бизге ишенген адамдардын астында жүзүбүз жарык. Анткени, дагы бир жолу чоң сыноодон татыктуу өтө алдык. Биз шайлоодо акыр аягына чейин таза иштедик. Шайлоо учурунда бийликке да, кечээки эле оппозициядагы өнөктөштөрүбүзгө да гезит аркылуубу, башка жердеби туура эмес сөз, ушак айтып жамандаган жокпуз. Бул биздин шайлоо учурундагы тандап алган тактикабыз болучу. Ал эми баягы кепилдик алып, кыйын болуп жаткандардын баары бүгүн өз ордуларына отуруп калды деп ойлойм. Биз бир нерсени жылмайып эстегенге аргасызбыз. Шайлоодон кийин көп адамдар чалышып, "биз мелдешип, тайга чейин утуп алдык, союп этин берип жиберелиби" дегендер болду. "Утуп алганыңарды өзүңөр эле жей бергиле" деп айттым аларга. Бизди колдогон, бизге ишенген ошол адамдарга дагы ырахмат.

- Жакында эле президент Курманбек Бакиев өз реформасынын долбоорун сунуш кылды. Бул кардиналдуу өзгөрүүлөргө алып келеби?
- Эгерде ушул айтылган сөздөр толугу менен ишке ашып аткарылчу болсо, албетте өзгөрүүлөр болот. Бирок, реформаны реформа үчүн кылбаш керек. Реформанын түпкү маңызы, биринчи, эффективдүү ачык жана таза бийлик системасын орнотуу болуш керек.
Экинчи, элдин күнүмдүк турмушун жакшыртуу. Үчүнчүсү, келечекке чоң үмүт, ишеним бериш керек. Ушул үч нерсе камтылса, ал реформа натыйжасын берет. Булар камтылбаса, анда анын жыйынтыгын айтыш кыйын.
Мындан тышкары, реформа жүргүзөм дегенде, анын мөөнөтүн тактап, эмнеден баштап, кандай кылып жыйынтыктаарын да билиш керек. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин анын мөөнөтү , этаптары боюнча маалымат алалекпиз. Күтө туралы, ошо жыйырма экиси, жыйырма бештери деп жатышат. Дагы убакыт бар, күтүп көрөйүк. Бирок, жүргүзүлө турган реформа мөөнөтүнөн узарып кетсе, анын эффективдүүлүгү жоголуп кетет. Мынча чоң сөздөр айтылып, үмүт берилгенден кийин, муну иш жүзүндө аткарбаса, бул өзүнүн терс таасирин бере баштайт. Мына, бүгүн терс таасири тие баштаганын да көрүп жатабыз.

- Жакында эле, "Акшумкар" партиясы башка партиялардан айырмаланып, эртелеп жыйналыш өткөрдү, бул парламенттик шайлоого болгон даярдык эмеспи? Анткени, партиянын негизги максаты шайлоого катышуу экенин сиз өзүңүз дагы айтып жүрөсүз?
- Шайлоодон кийин биз биринчи жолу саясий кеңешме өткөрүп, партиянын саясий иштерин, учурдагы саясий акыбалды карап чыктык. Саясий партия ар дайым шайлоого даяр туруш керек, эгерде ал чын эле саясий чөйрөдө, саясий талаада активдүү болом десе. Биз ошолорду тактап, ал жыйында октябрь айынын башында "Акшумкар" партиясынын конференциясын өткөрөлү деген чечим кабыл алдык. Анда дагы бир топ маселелер талкууланат,ошонун ичинде партиянын уюштуруу иштери, аймактык бөлүмдөрү жөнүдө маселелер каралат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндөгү мамлекетте болуп жаткан саясий кырдаалды да талкуулап, өзүбүздүн баабызды беребиз.


- Президент Жогорку кеңеште сүйлөгөн сөзүндө парламентти таркатпайм деген эле. Ага болбой эле парламент тарайт-таркабайт деген сөздөрдүн аягы басылбай келет. Сиздин пикириңизде азыркы парламенттин келечеги кандай болот?
- Президент бир топ сунуштарын өзүнүн кайрылуусунда айтты. Менин оюмча ошол иштер иш жүзүндө аткарылгандан кийин парламент өзүнүн миссиясын аткарып бүтөт. Андан кийин аны таратуу же өзүн-өзү таратуу жөнүндө сөз болушуш мүмкүн. Азыр болсо, аны таратууга жүйөлүү себептер жок. Анткени, бүгүнкү парламент бийликти толук канааттандырат.

- Президенттик шайлоого катышып, аягына чейин турдуңуздар. Эмнени утуп, эмнени уттурдуңуз?
- Биринчиден "Акшумкар" партиясы өз алдынча саясий күч болуп, президенттик шайлоого чыкканы-бул чоң утуш. Экинчиден, "Акшумкар" партиясы өзүнүн программасын, багыттарын алып чыгып элдин элегине койду, ал болсо, колдоо таап отурат. Бул бизге күч-кубат берет жана биздин багытыбыз, көздөгөнүбүз, максатыбыз туура нукта баратканын көргөздү. Бул дагы биз үчүн чоң утуш. Жеке өзүм боюнча айтсам, инсан катары, албетте президенттикке аттанып чыгуу-бул күрөшкө чыгуу. Биз бул күрөшкө аттанып, өзүбүздүн ага даяр экенибизди эл менен жолугууда көрсөттүк. Кыргызстандын төрт бурчун толук кыдырдык. Көп жерлерде чоң колдоого ээ болдук. Албетте, өзүбүздүн жаңы күйөрмандарыбызды, колдоочуларыбызды таптык. Ошонун ичинде партиянын мүчөлөрүнүн катарын да бекемдеп алдык. Ачыгын айтыш керек, көп адамдарга үмүт бердик. Бул дагы мен үчүн чоң утуш деп эсептейм.
Ал эми уттурган жагыбызды айтсам, эң чоң уттуруу- бул шайлоону уттурдук. Албетте, бул абдан өкүнүчтүү жана аянычтуу. Дагы бир уттурганыбыз, жалпы мамлекетте таза шайлоону өткөрө албагандыгыбыз. Муну дагы чоң утулуш деп эсептейм. Бирок, биздин келечекте үмүтүбүз, ишенимибиз чоң, бул бир гана биздин эмес, элдин дагы ишеними бар. Биз ошол багытта иштегенге даярбыз.

- Жакындан бери Бириккен Элдик Кыймыл бир партияга айлануу аракеттерин көрүп жатат. Муну сиз кандай баалап жатасыз?
- Мен аларга ийгилик гана каалайм.

- Акыркы кездерде, айрыкча шайлоодон кийин, азыркы оппозиция карып калды, саясий аренадан кетиш керек деген сөздөр болууда. Сиздин пикириңиз?
- Акыркы учурларда оппозиция алсыз деп көп айтылып жатат. Жок, оппозиция күчтүү. Күчтүү болгон үчүн акыркы төрт жылда абдан чоң иштерди көргөздү. Ачыгын айтыш керек, Кыргызстанда мынчалык күчтүү оппозиция эч качан болгон эмес. Мен ушул оппозициянын ичинде жүрүп, анын башчыларынын бири болгонума сыймыктанам. Анткени, бүгүн оппозиция болуш оңой иш эмес. Ошол сынап аткан адамдар өздөрү оппозициянын кейпин кийип, жок дегенде он күн жашап көрүшсүн, ошондо кандай экенин билет.Турмуш бул күрөш.Бийлик андан да чоң күрөш. Бийлик үчүн күрөшүү өтө оор жана опурталдуу болот. Анын ысык-суугу бар. Ошонун баарына чыдаш керек. Албетте, биз таптакыр акпыз деп айтпайбыз, бизде да чоң катачылыктар болду, аны моюнга алышыбыз керек. Бирок, негизгиси ошолорду оңдоого да даяр экенибизди көргөзүшүбүз зарыл. Оппозиция кетирген катачылыктардан арылууга аракет кылышыбыз керек. Биз бир нерсени билип коюшубуз кажет. Башка оппозицияны сырттан алып келалбайбыз. Каалайбызбы, каалабайбызбы оппозиция, башка көз караштагы адамдар, бийликке сын пикир айткандар бул өзүбүздүн ичибизден гана жаралат. Албетте, оппозиция иргелет, элдин элегинен өтөт жана текшерилет. Анан учуру келгенде, элдин колдоосуна ээ болот. Бүгүнкү оппозиция эртең бийлик болушу мүмкүн, бийлик болсо, оппозиция болушу толук мүмкүн. Бир нерсени баарыбыз билишибиз керек, ушул күрөш мыйзам чегинде, таза болушу зарыл. Абсалюттук таза күрөш болбойт, бирок, ошол негизги мыйзамдарды, эрежелерди, кээбир жазылбаган эрежелерди да сакташыбыз зарыл.

- Шайлоодон кийин Атамбаев менен Назаралиев президенттик шайлоону легитимсиз деп таанууга чакырышкан эле.Алардын аракетин кандай бааладыңыз?
- Мен бул маселе боюнча өзүмдүн шайлоодон кийин өткөргөн маалымат жыйынымда кенен айтып бергем.

- Темир Сариевди бийликке кызматка келет экен деген кептердин канчалык чындыгы бар?
- Эми ар түрдүү сөздөр айтылып жүрөт Мен айтып коюшум керек, көп учур биздин аброюбузга шек келтиребиз, тоскоол кылабыз деп айтылган сөздөр бар. Партиянын башында тургандан кийин биз бийлик үчүн күрөшүп жатабыз. Саясий партиянын негизинен бийликке болгон умтулуусу болуш керек. Партиянын табияты ушундай. Аны туура түшүнүш керек. "Бийликке келет, келбейт" деген сөздөрдү көп чыгарып жүрүшөт. Биз бир нерсени, мамлекеттин келечеги жана элдин турмушу ар бир саясатчынын жоопкерчилигине жараша болорун унутпасак. Анткени, көп учурларда биздин чыгарган чечимдер сөзсүз саясатка таасир этет. Бир нерсени тактап айтып койоюн, эгер кандайдыр бир чечимдерди кабыл ала турган болсок, ал чечимди башында сөзсүз түрдө коомчулукка түшүндүрүп, андан кийин гана иш аракеттерди кылабыз.

Суроо салган:
Заирбек Бактыбаев




  Сот собол

Азимбек Бекназаров:
"Бул жөн гана саясий заказ"
Балыкчыда шайлоо күнү митингге чыкканы үчүн камалган адамдарды бошотуу үчүн БЭКтин лидерлери Президент К. Бакиевди сүйлөшүүгө чакырууда. Бул жөнүндө "Азаттыкка" БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.

- Балыкчыдагы сот жараяны канчалык деңгээлде мыйзамдын чегинде өтүп атат?
- Балыкчыдагы соттолуучулар мыйзамсыз кармалышкан. Саясий заказ деп койсок болот. Ошого байланыштуу сот процесси да, тилекке каршы, ошол эле нукта кетип баратат. Күн өткөн сайын ушунчалык мыйзам бузуучулук оркоюп көрүнүп калууда.

- Азимбек мырза? Балыкчы окуясы боюнча кармалгандардын арасында ачык түрдөгү учук менен ооруган жана бөйрөгү катуу ооруган адамдар бар экендиги айтылууда. Сиз жактоочу катары кармоочу жайга кирип алардын ал-акыбалын өз көзүңүз менен көрүп чыктыңызбы?
- Булар соттук териштирүү болгонго чейин эле расмий документтерин шаардык прокуроруна, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысына, тийийштүү органдардын баардыгына тапшырган экен.
Дарыгерлер дагы ошондой экенин тастыктап, булар сөзсүз СИЗОдон чыгарылыш керек, бөгөт коргоо чарасын камактан башка түрүнө алмаштыруу керек деген тыянактар берилген экен.
Кечээ соттук иликтөө учурунда дагы бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүш керектиги айтылды. Айрыкча төрт адам катуу ооруп жатканы байланыштуу документтер толугу менен көрсөтүлдү.
Атүгүл Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Дегенбаев дагы соттолуучуларды колдоп, сиз адилетсиздик кылдыңыз, жок дегенде төртөөнүн бөгөт коюу чарасын өзгөртүшүңүз керек эле деген дооматтарын айтты.
Документтер, далилдердин келтирилгенине карабай прокурордун өзгөртүүсүз калтырылыш керек деген сөзүнө жетектелип, сот бөгөт коюу чарасын өзгөртпөй жатат.

- Аларга медициналык жардам көрсөтүлүптүрбү?
- Медициналык жардам сөзсүз көрсөтүлүш керек деген тыянактар бар экен. Бирок, тилекке каршы, укол берүүдөн башка эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй жатыптыр.

- Айрым талдоочулар бийлик элдин үшүн алыш үчүн ушундай Балыкчы окуясына катышкандарды жоопко тартып атат деген пикирлерди да айтышууда. Эгерде ушул 19 киши жоопко тартылып кете турган болсо бул маселе боюнча БЭК президент менен жолугууга аракет кылабы?
- Мындай маселе эми түшүнүктүү да, бийлик адамдардын баарын кыңк эттирбей баш ийдирүү, коркутуп-үркүтүү саясатын, дегеле кыргыз элинин үнүн чыгарбай, кыңк эттирбей бир үй-бүлөгө баш ийдире турган саясатын аягына чейин жеткирүү максатында ушул ишти жасап атат.
БЭК буларды бошотуп алуу үчүн, алардын ак экенин, саясий куугунтукка кабылып гана жатканын далилдөө үчүн баардык иш- аракеттерди жумшайбыз. Ошондуктан БЭКтин бир топ жетекчилери Алмаз Шаршенович баш болуп соттук териштирүүлөргө катышып атабыз.
Керек болсо биз бийлик тарабына мурда эле кат жөнөткөнбүз, бир эле Балыкчыдагы эле эмес, дегеле саясий куугунтукка кабылган БЭКтин лидерлери боюнча, сөз эркиндиги боюнча, камалгандар боюнча. Президент менен сүйлөшүүгө даяр экендигибиз жөнүндө биз ачык пресса аркылуу да кайрылганбыз.
Бирок президент диалогго барам деп туруп эле кылган иши теңирден тескери болуп жатпайбы. Бүгүнкү күнгө чейин биз дагы эле ошондой саясий куугунтук менен жаткандар боюнча президент менен сүйлөшүүгө барууга биз макулбуз, бирок биз ишенбейбиз. Президент сүйлөшкөндө дагы мурдагыдай адатынча башкача аракеттерди жасап коюшу мүмкүн.

Аманбек Жапаров,
"Азаттык"